55-САБАК
Жахабанын периштеси Хискияны коргогон
Ашур империясы он уруудан турган Ысрайыл падышалыгын басып алган. Эми Ашур падышасы Сенхейрип эки уруудан турган Жүйүт падышалыгына көз арта баштаган. Ал Жүйүт жериндеги шаарлардын улам бирин багындырып келаткан. Бирок анын көздөгөнү Иерусалим шаары болчу. Ал Иерусалимди Жахаба өзү коргоп турарын билген эмес.
Сенхейрип Иерусалимден чегиниши үчүн, Жүйүт падышасы Хиския ага көп акча берген. Бирок аны алгандан кийин да Сенхейрип Иерусалимге сокку уруш үчүн кубаттуу аскерин жөнөткөн. Ашурлуктар жакындап келаткандыктан, шаардын тургундарынын жүрөгү түшө баштаган. Хиския болсо аларды: «Коркпогула. Ашурлуктар күчтүү болсо да, Жахаба бизди алардан алда канча күчтүү кылат»,— деп бекемдеген.
Элди шылдыңдашы үчүн, Сенхейрип падыша Иерусалимге кабарчысын — рапшакты — жиберген. Рапшак шаарга жакын барып: «Жахаба силерге жардам бере албайт. Хискияга алданбагыла. Силерди биздин колубуздан бир да кудай куткара албайт»,— деп кыйкырган.
Ошондо Хиския Жахабадан эмне кылышты сураган. Жахаба ага: «Рапшактын айткандарынан коркпо. Сенхейрип Иерусалимди ала албайт»,— деген. Көп өтпөй Хиския Сенхейриптен бир нече кат алган. Анда: «Багынып бер. Жахаба сени сактай албайт»,— деген сыяктуу сөздөр жазылган болчу. Катты алганда Хиския: «Жахаба, сенин жалгыз чыныгы Кудай экениңди баары билиши үчүн, бизди куткара көр»,— деп тиленген. Жахаба ага: «Ашур падышасы Иерусалимге келбейт. Мен шаарымды коргойм»,— деп жооп берген.
Сенхейрип: «Иерусалим жакында сөзсүз меники болот»,— деп ойлогон. Бирок Жахаба бир жолу түндө анын шаарды тегерете жайгашкан кошуунуна
периштесин жиберген. Периште анын 185 000 жоокерин кырып салган! Ошентип, Сенхейрип күчтүү жоокерлеринен айрылып, жеңилген. Анын үйүнө кайткандан башка айласы калган эмес. Жахаба сөзүнө туруп, Хиския менен Иерусалимди коргогон. Эгер ошол убакта Иерусалимде жашасаң, сен да Жахабага таянат белең?«Жахабанын периштеси Андан корккондорду коргоп турат, аларды куткарат» (Забур 34:7)