24-САБАК
Алар убадасын аткарышкан эмес
Жахаба Муса пайгамбарга: «Тоого, мага чыгып кел. Мен мыйзамдарымды таш лоокторго жазып, сага берем»,— деген. Муса пайгамбар тоого чыгып, ал жакта 40 күн, 40 түн болгон. Ошол убакта Жахаба эки таш лоокко Он осуятты жазып, ага берген.
Бир нече убакыттан кийин ысрайылдыктар Муса пайгамбар аларды таштап кетти деп ойлоп, Арундан: «Бизди баштап жүрө турган бирөө керек. Бизге кудай жасап бер!» — деп талап кылышкан. Арун: «Алтындарыңарды мага бергиле!» — деген. Ал чогулган алтынды эритип, музоо жасаган. Эл: «Ушул музоо — бизди Мисир жеринен алып чыккан кудайыбыз!» — деп, ага сыйынып, ырдап-бийлей баштаган. Бул туура эмес болгонбу? Ооба, анткени алар Жахаба Кудайга гана сыйынабыз деп убада беришкен болчу. Эми болсо убадасын бузуп жатышат.
Жахаба баарын көрүп турган. Ошондуктан Муса пайгамбарга: «Ылдый түшүп, элге бар. Алар тилимди албай, жалган кудайга сыйынып жатышат»,— деген. Муса пайгамбар эки лоокту алып, элди көздөй жөнөгөн.
Конушка жакындаганда ал ырдагандардын үнүн уккан. Анан алардын бийлеп, музоого таазим кылып жатканын көргөн. Ошондо ачууланып, колундагы лоокторду жерге чаап, талкалап салган. Анан дароо алтын музоону талкалаган. Ал Арундан: «Кантип ушундай жаман ишти кылганга макул болдуң?» — деп сураган. Арун: «Мырзам ачууланбаса экен. Бул элдин кандай экенин өзүң жакшы билесиң. Алар кудай жасап бер дешти. Ошондуктан алтынын алып, отко салсам, ушул музоо чыкты!» — деген. Арун андай кылбашы керек болчу. Муса пайгамбар кайра тоого чыгып, Жахабага жалбарып, элди кечиришин суранган.
Жахаба ага баш ийгиси келгендерди кечирген. Ысрайыл элинин Муса пайгамбардын жетекчилигине ылайык иш кылганы абдан маанилүү болгонун байкадыңбы?
«Кудайга убада берсең, аны кечиктирбей аткар, анткени акылсызды эч ким жактырбайт. Берген убадаңды аткар» (Насаатчы 5:4)