Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ИНДОНЕЗИЯ

Асмандагы филиал

Асмандагы филиал

31-кабаттагы кеңселер

2008-жылы Индонезиядагы жарчылардын жогорку саны 21 699га жеткен. Филиалда кызмат кылгандар да көбөйүп отуруп, имараттар тардык кыла баштаган. Анын үстүнө, филиал тыюу салынган маалда курулгандыктан, жердин жети түбүндө болчу. Ошондуктан Жакартага жакын жерге филиал куруу зарыл болгон.

Ошондон эки жылдай өткөндөн кийин мурунку филиал жайгашкан жерден кыйла айырмаланган жерди — Жакартага жакын жайгашкан, кеңселер орун алган 42 кабаттуу заманбап имараттын 31-кабатын — толугу менен сатып алышкан. Андан соң жакын жердеги имараттын 12 кабатын сатып алып, 80ден ашуун бейтелдикти жайгаштырышкан. Ошондой эле Бейтелдеги ар кайсы бөлүмдөр үчүн беш кабаттуу имарат сатып алышкан.

Бейтелдиктер жашаган бөлмөлөр 12 кабатта жайгашкан

Чет өлкөлөрдөн келген куруучулар жергиликтүү куруучулар менен бирге эмгектенип, кеңселерди, батирлерди оңдоп-түзөшкөн. «Жахаба чечилбечүдөй көрүнгөн кыйынчылыктарды чечүүгө жардам берди,— дейт курулуштун көзөмөлчүсү Дарен Берг.— Мисалы, заманбап үлгүдөгү саркынды сууну чыпкалаган курулма орнотобуз дегенде, бийлик өкүлдөрү андай технологияны билбегендиктен уруксат бербей коюшкан. Анан жергиликтүү инженер бир тууган жогорку даражалуу бийлик өкүлү менен сүйлөштү. Ал дароо эле өтүнүчүбүздү орундатып, биздин сунушубуздун жакшы экенине толук ишенерин айтты».

«Азыр филиалыбыз элден жашыруун эмес. Баары Жахабанын Күбөлөрүн жакшы билет. Биз аябай эле белгилүү болуп калдык»

Жаңы филиал 2015-жылдын 14-февралында Кудайга арналган. Арноо аземиндеги баяндаманы Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Энтони Моррис айткан. «Филиалыбыз Индонезиядагы көрүнүктүү бирикмелер жайгашкан белгилүү райондон орун алган,— дейт филиалдын комитетинин мүчөсү Винсент Уитанто Ипикусума.— Азыр филиалыбыз элден жашыруун эмес. Баары Жахабанын Күбөлөрүн жакшы билет. Биз аябай эле белгилүү болуп калдык».

Филиалдын комитети, солдон оңго: Буди Синтоза Лим, Винсент Уитанто Ипикусума, Лотар Михаңк, Хидеюки Мотои

«Бул жерде кабар айтуу өзүнчө эле ыракат!»

Акыркы жылдары Индонезияга дүйнө жүзүнөн көп бир туугандар көчүп барган. «Муктаждык боюнча келгендердин биздикиндей өлкөлөр үчүн кошкон салымы зор,— дейт Лотар Михаңк.— Алардын тажрыйбасы, жетилгендиги, ынтызарлыгы жыйналыштарды байытат жана бир туугандардын бүткүл дүйнөлүк боордоштукка болгон ыраазычылыгын арттырат». Аларга көчүп барууга эмне түрткү берүүдө? Алар кантип кызмат кылып жатышат? Келгиле, айрымдарынын оюн угуп көрөлү.

Муктаждык боюнча баргандар

1. Жэнин менен Дэн Мур

2. Мэнди менен Стюарт Уилиямс

3. Кейси менен Жейсон Гиббс

4. Мэри (алдыда оңдо) менен Такахиро Акияма (артта оңдо)

Жейсон менен Кейси Гиббс деген жубайлар Кошмо Штаттарынан болот. Алар мындай дейт: «„Жылдык китептеги“ отчёттон бир жарчыга канча жарчы туура келерин көрсөткөн тилкени карап, Индонезиянын көрсөткүчү жогору экенин байкадык. Муктаждык көп жерде кызмат кылган досторубуз да Индонезияда жарчылар аябай аз экенин айтышты. Ошол себептен Индонезиядагы филиалга чалып, сурадык. Алар бизге Балиге барууну сунуш кылышты. Ал кезде Индонезияда англис тобу жаңы эле уюшулуп жатыптыр, ошондуктан биз ал топтун тез өсүшүнө жардам бере аларыбызды түшүндүк. Башында бир эле жылга деп барганбыз, бирок үч жылга калып калдык. Кабарга кулак каккандардын көбү мурда Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө такыр укпаптыр. Бул жер, чынында эле, жемиштүү аймак!»

Стюарт менен Мэнди Уилиямс Австралиядан барышкан. Орто жаштагы ал жубайлар мындай деп ой бөлүшөт: «Биз чындыкка суусаган адамдарды жолуктурууну аябай самачубуз, ошондуктан Индонезияга барууну чечтик. Чыгыш Яванын Маланг шаарынан англисче сүйлгөн, кабарды кызыгып уккан жүздөгөн студенттерди жолуктурдук. Аларга jw.org сайты аябай жагат! Бул жерде кабар айтуудан жөн эле ыракат аласың!»

Такахиро менен Мэри Акияма Жокьякартада (Ява аралы) пионер болуп кызмат кылышат. Алар: «Жапонияда жүргөндөгүгө караганда бул жерден өзүбүздү коопсузураак сезебиз. Бул жактын эли сылык, сыпайгер келет. Көптөрү, өзгөчө, жаштары башка диндерге аябай кызыгышат. Бир жолу адабият үстөлүнүн жанынан 5 сааттын ичинде эле 2 600дөй журнал таратканбыз»,— дейт.

Дэн менен Женин Мур деген жубайлардын жашы 50дөн ашып калган. Алар мындай дейт: «Кабар айтып жүргөндө, эл бизди тегеректеп калат. Жылмайганыбызда, алар да жылмайышат. Башында жөн эле кызыкчылык үчүн угушат, анан чындап эле кызыгып кетишет, андан соң уккандарына аябай кубанып жатканын байкайсың. Ыйык Китептен аят окуп бергенибизде: „Жазып алсам болобу?“ — деп сурагандар да болот. Алар Ыйык Китептеги даанышман кеңештерге аябай суктанышат. Бул жакка келгенибизге бир жыл болду, мурда эле келбегенибизге өкүнүп кетебиз. Биз жакшы кабар айтыла элек аймактарды издечүбүз, акыры, ошондой аймакты таптык!»

Миша менен Кристина Бииринс Индонезияга 2009-жылы миссионер болуп дайындалышкан. Азыр кыдыруучулук кызматты аркалап жатышат. Алар: «Атүгүл калкынын басымдуу бөлүгү мусулман болгон Чыгыш Яванын Мадура аралында да кабарды жакшы угушат. Кээде машинесин токтотуп, журнал сурагандар да болот. Алар: „Мен мусулманмын, бирок журналыңар аябай жагат. Дагы бергилечи, досторума да ала барайын“,— деп айтышат. Бул жерде кабар айтуу өзүнчө эле ыракат!» — дейт.

Түшүм оруп-жыюуга даяр болуп калды

Фрэнк Райс Жакартага 1931-жылы барганда, Индонезиядагы калктын саны 60 000 000го жакын болчу. Учурда 260 000 000го жетип калды. Индонезия калкынын саны боюнча дүйнө жүзүндө 4-орунду ээлейт.

Индонезиядагы Жахабанын Күбөлөрү да күн санап өсүүдө. 1946-жылы, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, ал жерде он ишенимдүү жарчы бар болчу. Азыркы тапта жарчылардын саны 26 000ден ашты. Бул — Жахабанын аларга батасын төгүп жатканынын айкын далили. 2015-жылы Эскерүү кечесине 55 864 кишинин келгени ал жакта дагы өсүш болорунан кабар берүүдө.

Иса пайгамбар: «Ооба, түшүм көп, ал эми жумушчулар аз. Ошондуктан, оруп-жыюуга жумушчуларды жибериши үчүн, оруп-жыюу ишинин Кожоюнуна жалынгыла»,— деп айткан (Мт. 9:37, 38). Жахабанын Индонезиядагы эли ушул сөздөргө ылайык иш кылышат. Алар бул аралда Жахабанын ысмын даңктоо үчүн күжүрмөн эмгектене берүүгө чечкиндүү (Ыш. 24:15).