Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЫЙЫК КИТЕПТИН КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

Кантип баштаса болот?

Кантип баштаса болот?

Ыйык Китепти окуу кызыктуу да, пайдалуу да болушу үчүн эмне кылыш керек? Келгиле анда, көптөргө жардам берген 5 кеңешке токтололу.

Ылайыктуу жер. Окуганга тынч жерди тандагыла. Көңүл топтой алышыңар үчүн эч нерсе алаксытпай тургандай кылгыла. Жарык, жакшы желдетилген жерде окуганыңар да маанилүү.

Туура көз караш. Ыйык Китепти Кудай жаздырган. Андыктан мээримдүү атасынан көп нерсеге үйрөнүүгө дилгир болгон кичинекей баладай болсок, аны окуудан көп пайда ала алабыз. Эгер Ыйык Китепке карата терс пикирде болсоңор, андан арылганыңар абзел. Ошондо гана Кудайдын кеп-кеңешин туура кабыл алып, көп нерсени үйрөнө аласыңар (Забур 25:4).

Окуур алдында Кудайдан тиленүү. Ыйык Китепте Кудайдын ойлору камтылгандыктан, аны түшүнүү үчүн Кудайдын жардамына муктажбыз. Ал андан «сурагандарга ыйык рухун» берерин убада кылган (Лука 11:13). Ыйык рух Кудайдын ойлорун түшүнүүгө жардам берет. Анын көмөгү менен бара-бара «Кудайдын терең сырларын да» түшүнө баштайсыңар (1 Корунттуктар 2:10).

Түшүнүп окуу. Жөн эле окуп койбостон, ой жүгүртүп окуганга аракеттенгиле. Окуп жатканда: «Бул окуядагы кишинин кайсы сапаттарын байкадым? Бул окуядан эмнени үйрөнсөм болот?» — деп ойлонуп көргүлө.

Максат коюп окуу. Ыйык Китептин пайдасы тийиш үчүн, андан жашооңорду байыта тургандай бир нерсе билүүгө аракет кылгыла. Маселен, Кудай жөнүндө көбүрөөк билүүнү же канткенде жакшы адам, жакшы күйөө же жакшы зайып боло аларыңарды билүүнү максат кылып окугула. Андан соң ушул максатыңарга жетүүгө жардам бере турган аяттарды тандап алгыла *.

Ушул беш кеңеш силерге Ыйык Китепти окуудан пайда алууга жардам берет. Бирок канткенде аны окуу кызыктуураак болот? Бул тууралуу кийинки макалада сөз жүрөт.

^ 8-абз. Кайсы аяттар жардам берерин билбей жатсаңар, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот.