Орозо күнөөлөрдөн тазалайбы?
Орозо күнөөлөрдөн тазалайбы?
«Орозо учурунда Кудай жөнүндө ой жүгүртүп, жашоодо оокат-дүнүйө эң негизги нерсе эмес экенин түшүнөсүң» (Католик динин туткан аял).
«Орозо Кудай менен биригүүгө жардам берет» (Иудей равини).
«Биздин динде ар бир киши орозо кармашы керек. Анткени орозо аркылуу гана Кудайга болгон берилгендигибизди жана ыраазычылыгыбызды билдире алабыз. Мен Кудайды сүйгөндүктөн орозо кармайм» (Бахаизм динин туткан аял).
БУДДИЗМДЕ, индуизмде, ислам дининде, жайнизмде, иудаизмде жана башка көптөгөн диндерде орозо кармоо парзы бар. Алар белгилүү бир убакытка тамак ичпей коюу менен күнөөлөрдөн тазаланабыз деп ойлошот.
Силер да ушундай ойдосуңарбы? Сөзсүз орозо кармашыңар керекпи? Кудай Сөзүндө орозо тууралуу эмне делет?
Байыркы убакта орозону эмне үчүн кармашкан?
Байыркы убакта жашаган адамдар орозону ар кандай себептер менен кармашчу жана алардын орозосун Кудай кабыл кылчу. Маселен, айрымдар кайгы-капага батканда же кылган күнөөсү үчүн өкүнгөндө орозо кармашчу (1 Шемуел 7:4—6). Башкалары орозону Кудайдан ырайым тилеп же андан жетекчилик сурап кайрылганда кармашчу (Башкаруучулар 20:26—28; Лука 2:36, 37). Ошондой эле орозо кармоонун дагы бир себеби Кудай жөнүндө терең ой жүгүртүү менен байланышта болчу (Матай 4:1, 2).
Бирок Ыйык Китепте орозосун Кудай кабыл кылбаган адамдар жөнүндө да айтылат. Алсак, Шабул падыша көзү ачыкка барарда орозо кармаган (Лебилер 20:6; 1 Шемуел 28:20). Изебелге жана элчи Пабылды өлтүрүүнү көздөгөндөргө окшогон жаман кишилер да орозо кармашкан (1 Падышалар 21:7—12; Элчилер 23:12—14). Биринчи кылымдагы жүйүт диний жетекчилери орозо кармаганы менен таанымал болушкан (Марк 2:18). Бирок алардын кылганы Кудайга жаккан эмес, Иса пайгамбар да аларды айыптаган (Матай 6:16; Лука 18:12). Ошондой эле Жахаба Кудай жүрүм-туруму жаман, ниети бузук ысрайылдыктардын орозосун кабыл кылган эмес (Жеремия 14:12).
Жогорудан көрүнүп тургандай, орозо кармоонун өзү эле Кудайдын алдында адил иш болуп эсептелбейт. Анткен менен Кудай ага чын ниеттен кызмат кылгандардын орозосун кабыл кылган учурлар болгон. Анда Исанын жолдоочулары орозо кармашы керекпи?
Исанын жолдоочулары сөзсүз орозо кармашы керекпи?
Кудайдын Муса пайгамбар аркылуу берген мыйзамына ылайык, эврейлер милдеттүү түрдө жылына бир жолу, Күнөөдөн арылуу күнүндө, «орозо кармашчу» (Лебилер 16:29—31; Забур 34:13). Жахаба элине ошол орозону гана кармоого буйрук берген *. Мусанын мыйзамы боюнча жашаган ысрайылдыктар Жахабанын орозого байланыштуу буйругуна баш ийиши керек эле. Бирок Исанын жолдоочуларынан Мусанын мыйзамына кармануу талап кылынбайт (Римдиктер 10:4; Колосалыктар 2:14).
Иса Мыйзамдын негизинде орозо кармаса да, башкаларга орозо кармагандыгы менен белгилүү болгон эмес. Ал шакирттерине, эгер алар орозо кармоону чечишсе, эмне кылуу керектигин айткан, бирок аларга эч качан орозо кармоону буйрук кылган эмес (Матай 6:16—18; 9:14). Анда эмне үчүн ал кийин, өзү өлгөндөн кийин, шакирттеринин орозо кармаарын айткан? (Матай 9:15). Бул анын орозо кармоону буйрук кылганын билдирбейт. Муну менен Иса шакирттеринин анын өлүмүнө ушунчалык кайгыргандыктан тамакка табити тартпай, тамактануудан баш тартарын айткысы келген.
Ыйык Китепте туура ниет менен орозо кармоо Кудайга жагарын көрсөткөн эки окуя баяндалат. Экөөндө тең Исанын биринчи кылымдагы жолдоочулары жөнүндө айтылат (Элчилер 13:2, 3; 14:23) *. Ошол учурда Исанын жолдоочулары орозо кармоого милдеттүү эмес болчу. Бирок кимдир бирөө орозо кармоону чечсе, айрым нерселерден сак болушу зарыл.
Эмнелерден сак болуу зарыл?
Орозо кармоодо өзүн такыбаа көрсөтүүдөн сак болуу керек. Ыйык Китепте «калп эле момунсунуудан» качуу керектиги айтылат (Колосалыктар 2:20—23). Иса пайгамбардын мисалынан дайым орозо кармаганы үчүн эле өзүн башкалардан адил эсептеген фарисейге окшогон адамдар Кудайдын алдында ырайым таппаарын айкын көрүүгө болот (Лука 18:9—14).
Ошондой эле орозо кармаганыңды башкаларга жарыя кылуу же бирөө айткандыктан эле орозо кармоо туура эмес болуп калар эле. Матай 6:16—18-аяттарда Иса пайгамбар орозо кармоо ар бир адамдын жеке иши болушу керектигин айткан. Ал жөнүндө өзүңдөн жана Кудайдан башка кимдир бирөөнүн билишинин зарылдыгы жок.
Орозо кармап бардык күнөөлөрүмдөн арылам деп ойлоо чоң жаңылыштык. Орозобузду Кудай кабыл кылсын десек, анын мыйзамдарына баш ийишибиз кажет (Ышайа 58:3—7). Ошенткен күндө да күнөөлөрүбүз орозо кармаганда эмес, чын жүрөктөн өкүнгөндө гана кечирилет (Жоел 2:12, 13). Ыйык Китепте Кудайдын ырайымына Иса Машаяктын куткаруу курмандыгынын негизинде ээ болорубуз баса белгиленет. Андыктан орозо кармап же дагы башка кандайдыр бир иштерди кылуунун аркасында күнөөдөн тазалануу мүмкүн эмес (Римдиктер 3:24, 27, 28; Галатиялыктар 2:16; Эфестиктер 2:8, 9).
Ышайа 58:3тө орозого байланыштуу дагы бир кеңири таралган жаңылыштык айкын көрсөтүлгөн. Ысрайыл эли орозо кармап Кудайга жакшы иш кылып жатабыз деп ойлогондуктан, Кудай аларга бир нерсе берүүгө милдеттүү деп эсептешчү. Алар: «Эмне үчүн биз орозо туттук? Сен болсо көрбөйсүң. Эмне үчүн биз жаныбызды кыйнадык? Сен болсо билбейсиң»,— деп наалышкан. Бүгүнкү күндө да көптөр ошондой ойдо. Алар орозо кармагандыгы үчүн, Кудайдан бир нерсе алууну үмүтөтүшөт. Биз эч качан алардай болбойлу.
Айрымдар орозо кармагандан тышкары, өзүн өзү сабап же дагы башка жолдор менен өзүн кыйнап, Кудайдан кечирим алам деп ойлошот. Кудайдын Сөзүндө «денени кыйноо» туура эмес экени айтылып, анын «дене кумарлары менен күрөшүүдө пайдасыз» экени баса белгиленет (Колосалыктар 2:20—23).
Тең салмактуу көз караш
Ыйык Китепте орозо кармоо талап кылынбайт, ошол эле учурда анын туура эмес экени да айтылбайт. Айрым учурларда орозо кармоо пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок сак болушубуз керек болгон нерселерди эске алуу зарыл. Эске алчу нерсе, Кудайга сыйынууда орозо кармоо негизги орунду ээлебейт. Жахаба «бактылуу Кудай» жана кызматчыларынын да бактылуу болушун каалайт (1 Тиметей 1:11). Анын Сөзүндө: «Адамга өз өмүрүндө кубануудан жана жакшылык кылуудан артык эч нерсе жок экенин түшүндүм. Эгерде адам ичип-жеп, ар бир ишинин үзүрүн көрүп жатса, анда бул — Кудайдын белеги»,— делет (Насаатчы 3:12, 13).
Ооба, Кудайга кызмат кылуу бизге кубаныч тартуулашы керек. Ал эми Ыйык Китепте орозо кармоонун кубаныч тартуулары айтылбайт. Андан тышкары, көпкө чейин тамактанбай жүрө берүү ден соолукка зыян жана күчтү алып, алсыратат. Андыктан ал кабар айтуу ишине катышууга залакасын тийгизиши мүмкүн.
Орозо кармайбызбы, же жокпу, башкаларды соттогондон алыс болушубуз абзел. Исанын чыныгы жолдоочуларынын арасында ушул маселеге карата талаш-тартыштар болбошу керек. Анткени «Кудайдын падышалыгы — тамак же суусундук эмес, ыйык рух берген кубаныч, тынчтык жана адилдик» (Римдиктер 14:17).
[Шилтемелер]
^ 12-абз. Ыйык Китепте айтылган Эстер ханыша орозону Пурим майрамынын (эврейлердин майрамы) алдында Кудай талап кылгандыктан кармаган эмес, бирок анын орозосун Кудай кабыл кылган дешке болот.
^ 14-абз. Ыйык Китептин айрым котормолоруна орозо кармоого байланыштуу түп нускада — грек кол жазмаларында — жок ойлор кирип кеткен (Матай 17:21; Марк 9:29; Элчилер 10:30; 1 Корунттуктар 7:5, «ҮН»).
[19-беттеги кутуча]
Кырк күндүк орозо деген эмне?
Ыйык Китепте Иса пайгамбардын кырк күн орозо кармаганы айтылат. Ошондон улам кырк күн орозо тутуу керек деп эсептелип калган көрүнөт. Бирок Иса пайгамбар эч качан шакирттерине аны туурап кырк күн орозо кармагыла деген эмес жана алардын ошенткени жөнүндө эч жерде айтылбайт. Пасах майрамынын алдында тутула турган кырк күндүк орозо тууралуу биринчи жолу Афанасийдин (чиркөө кызматкери) эмгегинде сөз кылынат. Аны эмгеги б.з. 330-жылына таандык.
Айрым диндерде орозону Пасах майрамынын алдында кармаганы кызык. Себеби Иса пайгамбар орозону өлөр алдында эмес, чөмүлтүлгөндөн кийин кармаган болчу. Эске аларлык нерсе, байыркы Вавилондо, Египетте жана Грецияда жылдын биринчи жарымында кырк күндүк орозо кармашчу. Кыязы, орозо кармоо парызы «христиан дүйнөсүнө» ошолордон келген.
[18-беттеги сүрөт]
Фарисейлер орозо кармап жатканда калп эле момунсунушчу
[19-беттеги сүрөт]
«Кудайдын падышалыгы — тамак же суусундук эмес... кубаныч, тынчтык жана адилдик»