Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай жөн гана кудуреттүү күчпү?

Кудай жөн гана кудуреттүү күчпү?

Кудай жөн гана кудуреттүү күчпү?

Көптөр эмне дешет?

«Кудай — бардык жерге таралган күч».

▪ «Кудай — баарынан жогору турган аң-сезим. Ал — баарын кармап турган кудуреттүү күч».

Иса пайгамбар эмне деген?

▪ «Атамдын үйүндө орун көп» (Жакан 14:2). Иса пайгамбардын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Кудайдын каймана маанидеги үйү, башкача айтканда, жашай турган жери бар.

▪ Ошондой эле ал Кудайдын бардык жерде жүрө берген күч эмес, белгилүү бир жерде жашаган Кудай экенин көрсөтүп: «Мен дүйнөгө Атамдан келгем. Азыр болсо дүйнөнү калтырып, Атама баратам»,— деген (Жакан 16:28).

ИСА ПАЙГАМБАР Кудайды эч качан кандайдыр бир күч катары эсептеген эмес. Тескерисинче, ал Кудайга дайыма тиленип, аны менен кадимкидей сүйлөшчү. Ал Кудайга: «Ата»,— деп кайрылчу. Мындан анын Кудай менен тыгыз мамиледе болгонун байкоого болот (Жакан 8:19, 38, 54).

Ооба, «Кудай — Рух» жана аны «бир да адам көргөн эмес» (Жакан 1:18; 4:24). Бирок бул анын эч кандай денеси жок дегенди билдирбейт. Ыйык Китепте: «Эгерде табигый дене бар болсо, рухий дене да бар»,— делет (1 Корунттуктар 15:44). Демек, Кудайдын рухий денеси бар десек болобу?

Ооба. Иса тирилтилгенде «Кудайдын алдында туруу үчүн... асмандын өзүнө кирген» (Эврейлер 9:24). Ушул аяттан Кудай жөнүндө эки нерсени билүүгө болот. Биринчиден, анын жашай турган жери бар. Экинчиден, ал — жөн гана күч эмес, асмандагы чыныгы Кудай.

Эгер Кудай бардык жерге таралган күч болбосо, анда ал кантип бүт ааламды башкарып турат? Ал ыйык рухун, тактап айтканда, иш-аракеттүү күчүн ааламдын бардык жерине жибере алат. Атасы баласын жетелеш үчүн же сооротуш үчүн ага колун сунгандай эле, Кудай да ой-ниетин аткарыш үчүн ыйык рухун колдонот (Забур 103:30; 138:7).

Кудай жансыз аң-сезим же бардык жерге таралган күч болбогондуктан, анын сезимдери бар. Ал жактырган да, жактырбаган да нерселер болушу мүмкүн. Алсак, Ыйык Китепте анын өз элин сүйөрү, жасаган ишинен канааттануу алары, бурканга сыйынуучулукту жек көрөрү жана жамандыкты көргөндө кайгырары айтылат (Башталыш 6:6; Мыйзам 16:22; 1 Падышалар 10:9; Забур 103:31). 1 Тиметей 1:11-аяттан анын «бактылуу Кудай» экенин билебиз. Ооба, Иса айткандай, биз бүт жүрөгүбүз менен Кудайды сүйүүгө үйрөнө алабыз (Марк 12:30) *.

[Шилтемелер]

^ 12-абз. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 1-бөлүмүн карагыла.

[5-беттеги кыстырма]

Атасы баласына колун сунгандай эле, Кудай ой-ниетин аткарыш үчүн ыйык рухун колдонот