Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет»

«Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет»

«Гезит окубаган адам акылсыз, ал эми кайсы бир маалыматка гезитте жазылганы үчүн эле ишене берген адам андан да акылсыз» (Август фон Шлёцер, немис тарыхчысы жана публицист, 1735—1809-ж.).

ЭКИ ЖҮЗ жылдан ашуун убакыт мурун адамдар гезитте жазылгандардын баарына эле ишене бербесе, анда бүгүнкү күндө, 21-кылымда, Интернеттеги маалыматтардын баарына ишене берүү акылдуулукка жатабы? Учурда техника өнүгүп жаткандыктан, маалыматтын көптүгүнөн башың чаташат. Алардын арасында чыны менен жалганы, пайдалуусу менен пайдасызы, зыянсызы менен зыяндуусу да бар. Андыктан эмнени окуп, эмнени көрүп жатканыбызга маани берип, ылгай билгенибиз маанилүү. Бул жагынан, өзгөчө, Интернетти жаңыдан колдоно баштагандар сак болушу зарыл. Алар элди уу-дуу кылган же башкалардан бөтөнчөлөнгөн кайсы бир маалыматка аны Интернеттен окуганы үчүн эле же электрондук почта аркылуу досу жөнөткөнү үчүн эле ишенип калышы мүмкүн. Ыйык Китепте: «Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет, ал эми баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— деп бекеринен айтылган эмес (Накыл 14:15).

«Баамчыл» болуп, ойдон чыгарылган, апыртылган, жалган маалыматты ажырата билгенге эмне жардам берет? Адегенде: «Бул расмий, ишеничтүү сайттанбы же ар ким өз оюн жаза берген сайттан же белгисиз булактан алынганбы? Чын-төгүнүн текшере турган сайтта төгүнгө чыгарылганбы? *» — деп ой жүгүртүп көрүү керек. Андан соң акылдуулук менен иш кылуу зарыл (Накыл 7:7). Маалымат шектүү сезилсе, ал чын эле жалган болушу мүмкүн. Андан тышкары, бирөөгө көө жабуу максатында чыгарылган маалымат окуп калсак: «Муну башкаларга таратсам, кимге пайда алып келет? Аны жарыялагандар жашыруун максатты көздөп жаткан жокпу?» — деп ойлонуп көргөнүбүз оң.

МААЛЫМАТТЫ ДАРОО ЖӨНӨТКӨНГӨ АШЫКПАЙСЫҢБЫ?

Өзүнө көңүл бурдурууну көксөгөндөр жаңылыкты биринчилерден болуп жарыялагысы келгендиктен анын тактыгын текшербей же кесепетин ойлобой, тааныштарына жөнөтүүгө ашыгышат (2 Шем. 13:28—33). Бирок «баамчыл» болсок, ал маалыматты таратуу кимдир бирөөнүн же кайсы бир уюмдун аброюн түшүрүп, зыян алып келиши мүмкүн экени жөнүндө ойлонобуз.

Маалыматты текшерүү көп күч-аракетти талап кылат. Ошондуктан маалымат жөнөткөн киши аны текшерип отурбай, алган киши өзү текшерип алат деген ойдо жөнөтүп жиберет. Бирок ал маалыматты алган кишинин канча убактысы кетиши мүмкүн? Анын да убактысы баалуу (Эф. 5:15, 16). Андыктан: «Шектүү болсо, башкага жөнөтүп сал»,— деп эмес: «Шектүү болсо, жок кылып сал»,— деп ойлонгонубуз жакшы.

Мындай суроолор жөнүндө ой жүгүртүп көргөнүбүз дурус: «Жаңылыкты дайыма биринчи жарыялаганга шашамбы? Маалымат такталбаган, атүгүл жалган экени айкын болуп, тааныштарыман кечирим сураган учурум болду беле? Электрондук почта аркылуу бир нерсе жибербешимди суранышты беле?» Сени менен электрондук почта аркылуу кат жазышып жүргөндөр да Интернетке кире аларын жана сен жөнөтпөсөң да кызыккан нерселерин көрүп-биле аларын эсиңден чыгарба. Алар деле күлкүлүү окуяларды окуп, видеороликтерди, слайд-шоуларды калтырбай көрүшү мүмкүн. Ошондой эле Ыйык Китепке негизделген баяндамалардын жаздырууларын, көчүрмөлөрүн таратуу да акылсыздыкка жатарын унутпашыбыз керек *. Андан тышкары, изилденген кайсы бир материалды, Ыйык Китептен алынган аяттардын түшүндүрмөсүн же жыйналышта талкууланган материалдын жоопторун жиберсек, адамдын өз алдынча изилдөө жүргүзүп, көбүрөөк пайда алышына бөгөт койгон болобуз.

Элди уу-дуу кылган бул маалыматты... башкаларга жөнөтүшүм керекпи?

Интернеттен Жахабанын уюмун каралаган маалымат көрүп калсак, эмне кылышыбыз керек? Аны дароо жаап салганыбыз маанилүү. Айрымдар муну башкалар да билип, өз оюн билдириши керек деген ойдо аларга жөнөткүсү келиши мүмкүн, бирок андай кылса, уюм жөнүндөгү жалган маалыматтын таралышына шарт түзүп коюшу ыктымал. Эгер Интернеттен көргөн кайсы бир маалымат бизди бушайман кылып жатса, Жахабадан акылмандык сурап, жетилген бир туугандарга кайрылсак болот (Жкп. 1:5, 6; Жүй. 22, 23). Иса Машаяк жерде жүргөндө аны каралагандар көп болгон. Ал жолдоочуларына душмандары аларды да куугунтуктап, «ар кандай жалган жалаа жабарын» айткан (Мт. 5:11; 11:19; Жкн. 10:19—21). Андыктан «бузуку сөздөрдү сүйлөп», «арамзалык менен жашагандардын» тузагына түшүп калбаш үчүн «ой жүгүртүү жөндөмүбүздү» колдонуп, «кыраакы» болушубуз керек (Накыл 2:10—16).

БАШКАЛАРДЫН УКУГУН СЫЙЛА

Кимдир бирөө рухий мазмундагы жаңылыктарды жазып жибергенде да сак болушубуз керек. Маалымат туура болгон күндө да, аны бирөөгө жөнөтүүнүн зарылдыгы жок. Кээде кайсы бир маалыматты, ал чын болсо да, башкаларга жиберүү туура эмес болуп калат, сүйүүгө да жатпайт (Мт. 7:12). Алсак, кимдир бирөө жөнүндөгү маалымат чын болгон күндө да, аны жайсак, ага сүйүү көрсөткөн болбойбуз, бекемдеген да болбойбуз (2 Тес. 3:11; 1 Тим. 5:13). Айрым жаңылыктар купуя болушу мүмкүн, ошол себептен аларды тийиштүү адамдар өз учурунда тийиштүү жол менен ачыкка чыгарганга чейин күтө туруп, укугун сыйлашыбыз керек. Маалыматты өз убагынан эрте жаюу залакалуу болушу ыктымал.

Бүгүнкү күндө жалган же чын, пайдалуу же пайдасыз, зыянсыз же зыяндуу маалыматтарды бир заматта эле жайып жиберүү мүмкүн. Бир баскычты бастың дегиче кайсы бир электрондук маалыматты бүт дүйнөгө таратып жибересиң. Ошо себептен ойлонбой туруп маалыматты башкаларга жөнөтүп жибергенге ашыкпа. Сүйүү баарына ишенет, бирок ишенчээк эмес. Андыктан элди уу-дуу кылган кабарларды окуп калганда ушуну эстен чыгарба. Баарынан маанилүүсү, сүйүү «жалгандын атасы» Шайтан Ибилистин кулдары болгон адамдардын Жахабанын уюмун жаманаттылаган, бир туугандарга көө жапкан маалыматтарына ишенбейт (Жкн. 8:44; 1 Кор. 13:7). Ой жүгүртүү жөндөмү менен акыл-эстүүлүк «кыраакы» болгонго жана барган сайын көбөйүп жаткан, күн сайын алып жаткан маалыматты талдай билүүгө жардам берет. Ыйык Китепте айтылгандай, «тажрыйбасыздар энчисине акылсыздык алышат, ал эми баамчылдар билим таажысын кийишет» (Накыл 14:18).

^ 4-абз. Жалган экени далилденген маалыматтар жана уламыштар анча-мынча өзгөртүлүп, кайрадан чыгарылышы мүмкүн экенин унутпа.

^ 8-абз. Кара: «Падышалык кызматыбыз», 2010-жыл, апрель, «Суроолор кутусу».