Кудай сени соороткондой, сен да башкаларды соорот
Жеткилең эмес болгондуктан баарыбыз эле ооруйбуз, айрымдарыбыз атүгүл катуу ооруга чалдыгабыз. Ушундай кыйынчылык башыбызга түшкөндө, аны көтөрүп кетүүгө эмне жардам берет?
Андайда үй-бүлөбүздүн, досторубуздун, ишенимдештерибиздин соороткону чоң жардам болот.
Ырас, досубуздун жылуу сөздөрү бизге жан сергиткен, дартка даба бальзамдай таасир этет (Накыл 16:24; 18:24; 25:11). Бирок Кудайдын кызматчылары башкалардын аларды сооротушун эле каалашпайт. Кудай аларды кандай сооротсо, алар да ар кандай кыйынчылыкка дуушар болгондорду ошондой сооротууга умтулушат (2 Кор. 1:4; Лк. 6:31). Мексикадагы облустук көзөмөлчү Антонио муну өз башынан өткөргөн.
Анын кандын рагынын бир түрү лимфома менен ооруй турганы аныкталганда, таманындагы жер көчүп кеткендей эле болгон. Ошентсе да ал терс сезимдерин жеңгенге аракет кылган. Кантип? Ал Падышалыктын ырларын ырдап, анын сөздөрүнүн үстүнөн ой жүгүртчү. Үн чыгарып тиленүү жана Ыйык Китепти окуу да аны абдан жубаткан.
Бирок Антонио ишенимдештеринин да абдан чоң жөлөк-таяк болгонун айтат. Ал мындай дейт: «Жубайым экөөбүз аябай тынчсызданганда, аксакал болуп кызмат кылган тууганыбызды чакырып, биз менен тиленишин суранчубуз. Бул бизди жубатып, көңүлүбүздү жайына келтирчү». Ал: «Үй-бүлөбүздүн жана ишенимдештерибиздин көмөгү менен салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде эле терс сезимдерибизден арыла алдык»,— деп кошумчалайт. Ошондой боорукер, камкор досторуна ал кандай гана ыраазы болгон!
Кыйын кезеңде Кудай убада кылган ыйык рухтун да жардамы чоң. Элчи Петир анын белек экенин айткан (Элч. 2:38). Бул б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында көптөгөн адамдар майланганда айкын болгон. Бирок ал белек майлангандарга эле эмес, кеңири мааниде баарыбызга берилет. Ал эч качан түгөнбөйт, ошондуктан Кудайдан аны мол беришин сурасак болот (Ыш. 40:28—31).
КЫЙНАЛГАНДАРГА ЧЫН ДИЛДЕН КАМ КӨР
Элчи Пабыл далай кыйынчылыкты башынан кечирген, атүгүл кээде өлүм менен беттешкен (2 Кор. 1:8—10). Бирок ал өз өмүрүн ойлоп корккон эмес, анткени Кудайдын жардам берерине бекем ишенген. Ал: «Мырзабыз Иса Машаяктын Кудайы жана Атасы даңкталсын. Ал — боорукердиктин Атасы жана ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай»,— деп жазган (2 Кор. 1:3, 4). Пабыл кыйынчылыктардан улам көңүлүн чөгөргөн эмес. Кайра боорукер, сезимтал болууга үйрөнгөн жана кыйналып жаткан бир туугандарына мурдагыдан да көбүрөөк жардам бере алган.
Антонио сакайгандан кийин кайрадан кыдыруучулук ишти аткара баштаган. Ал мурун эле ишенимдештерине дайыма көңүл буруп турчу, бирок кийин жубайы экөө ооруп жаткан бир туугандарга барып, кайраттандырууга өзгөчө аракет кыла башташкан. Алсак, катуу илдети менен күрөшүп келаткан бир ишенимдешине барганда Антонио анын жыйналышка баргысы келбей калганын байкаган. Антонио анын себебин түшүндүрүп: «Ал Жахабаны же бир туугандарды жакшы көрбөгөндүктөн эмес, катуу ооруп, өзүн керексиз сезип калгандыктан жыйналышка баргысы келбей жүргөн»,— деген.
Антонио аны бекемдеш үчүн андан жакында боло турган достук жолугушууда башкалардын атынан тиленип коюшун суранган. Ал бир тууган өзүн татыксыз сезсе да, макул болгон. «Ал ушунчалык сонун тиленди, ошондон кийин такыр башка адам болуп калгандай туюлду. Ал кайрадан өзүн керектүү сезип калды»,— дейт Антонио.
Ооба, аздыр-көптүр баарыбыз кыйынчылыктарды баштан кечиребиз. Бирок, Пабыл айткандай, мунун аркасында муктаж болгондорду сооротууга үйрөнөбүз. Андыктан, келгиле, кыйналып жаткан бир туугандарыбызга боор ооруй билели жана Кудайыбызды туурап, аларды соорото берели.