Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кызматыбызда тапкычтык жана ийилчээктик көрсөтө билели

Кызматыбызда тапкычтык жана ийилчээктик көрсөтө билели

Кызматыбызда тапкычтык жана ийилчээктик көрсөтө билели

«Жок дегенде, кээ бирөөлөрүн куткарып калыш үчүн, бардыгы үчүн бардыгы сыяктуу болдум» (1 Корунттуктарга 9:22).

1, 2. а) Кандайча элчи Пабыл натыйжалуу кызматчы болгон? б) Пабыл өзүнө берилген тапшырмага кандай мамиле жасаган?

АЛ ИЛИМ-БИЛИМДҮҮЛӨР менен да, чатыр жасап эмгектенген жөнөкөй адамдар менен да оңой тил табыша билген. Анын сөздөрү Римдин бийлик башчыларына да, Фригиянын карапайым адамдарына да таасирдүү болгон. Каттары эркин ойлуу гректерди да, салттарга бекем карманган жүйүттөрдү да таасирленткен. Жүйө-далилдери төгүндөлгүс, чакырыктары күчтүү болгон. Ал өзүнүн жана маектештеринин ортосунда кандай жалпы нерсе бар экенин аныктоого аракеттенген. Ошентип, кээ бирөөлөрдүн Ыйсага ишенишине өбөлгө түзгөн (Элчилер 20:21).

2 Ал адам элчи Пабыл болгон. Анын натыйжалуу, жигердүү кызматчы болгонунда шек жок (1 Тиметейге 1:12). Ага Ыйса «жөнүндө элдердин, падышалардын жана Ысрайыл элинин алдында жарыялоо» тапшырмасы берилген (Элчилер 9:15). Бул тапшырмага ал кандай мамиле кылган? Пабыл: «Жок дегенде, кээ бирөөлөрүн куткарып калыш үчүн, бардыгы үчүн бардыгы сыяктуу болдум. Жакшы Кабарда үлүшүм болсун деп, ушунун баарын Жакшы Кабар үчүн кылып жатам»,— деп айткан (1 Корунттуктарга 9:19—23). Биз андан эмнелерге үйрөнө алабыз? Бул бизге кабар айтуу жана окутуу ишинде дагы көбүрөөк натыйжалуу болууга кандай жардам берет?

Өзгөрүлгөн адамдын оңой эмес тапшырманы ийгиликтүү аткарышы

3. Чындыкты тааныганга чейин Пабыл Ыйсанын жолдоочуларына кандай мамиле кылган?

3 Пабыл башынан эле өзүнө берилген тапшырмага татыктуу, атап айтканда, эбегейсиз чыдамдуу, башкалардын сезимин эске ала билген адам болгонбу? Жок. Диний фанатизмден улам Шабул (кийин Пабыл деп аталып калган) Машайактын жолдоочуларын катуу куугунтуктаган. Жаш кезинде ал Степандын өлтүрүлүшүн жактаган. Андан кийин Ыйсанын жолдоочуларына бут тосуу максатында аларды мыкаачылык менен куугунтукка алган (Элчилер 7:58; 8:1, 3; 1 Тиметейге 1:13). Ал дагы деле Ыйсанын «шакирттерин коркутууну жана өлтүрүүнү каалап» жүргөн. Шабул Иерусалимдеги шакирттерди куугунтуктаганына алымсынбай, Ыйсанын жолдоочуларын жек көрүндү кылуу үчүн, түндүктү көздөй бет алып, Дамаскка чейин барган (Элчилер 9:1, 2).

4. Берилген тапшырманы аткаруу үчүн Пабыл кайсы жагынан өзгөрүлүүгө тийиш болгон?

4 Пабылдын Ыйсанын жолдоочуларын аябай жек көргөнүнө, сыягы, алардын ишеними иудаизмди чоочун ой-түшүнүктөр менен бузат деп ойлогону себеп болгон. Анткени Пабыл мурун «фарисей» эмес беле (бул сөз «ажыратылган» деген маанини туюнтат) (Элчилер 23:6). Пабыл бутпарастарга Машайак жөнүндө кабар айтууга бардык адамдардын ичинен өзүнүн тандалып алынганын билгенде, уккан кулагына ишенбей аябай таң калганын элестетсеңер! (Элчилер 22:14, 15; 26:16—18). Себеби фарисейлер өздөрү күнөөкөр деп эсептеген адамдар менен жадагалса тамак ичүүдөн жийиркенчү (Лука 7:36—39). Ошондуктан өз көзкараштарын кайрадан карап чыгып, ой жүгүртүүсүн бардык адамдардын куткарылышын каалаган Кудайдын эркине ылайык келтирүү үчүн Пабылга көп күч-аракет жумшоого туура келгени талашсыз (Галатиялыктарга 1:13—17).

5. Пабылды кызматыбызда кантип туурай алабыз?

5 Биз Пабылдан үлгү алсак болот. Аймагыбыздан башка тилдерде сүйлөгөн ар кайсы улуттагы адамдар улам көбүрөөк кездешип жатса, биз аларга карата кандай маанайда экенибизди текшерип көрүүгө жана бейкалыс ойлордон арылууга аракеттенишибиз керек (Эфестиктерге 4:22—24). Өзүбүз байкайбызбы, жокпу, коомчулук жана чөйрө ой жүгүртүүбүзгө чоң таасир тийгизет. Натыйжада бизде бейкалыс, терс көзкараштар пайда болушу мүмкүн. Кой мүнөздүү адамдарды табууда жана аларга жардам берүүдө ийгиликке жетүүнү кааласак, андай көзкараштардан арылышыбыз керек (Римдиктерге 15:7). Пабыл ошенткен. Ал өз кызматын кеңейтип, оңой эмес тапшырманы аткарууга киришкен. Сүйүүнүн түрткүсү менен ал окутуу жөндөмдүүлүктөрүн өрчүтүп, бизге жакшы үлгү калтырган. «Бутпарастардын элчиси» катары таанылган Пабылдын кызматын изилдөө аркылуу биз анын кабар айтуу жана окутуу ишинде адамдардын өзгөчөлүктөрүн эске алууга, ийилчээктик жана тапкычтык көрсөтүүгө умтулганын көрө алабыз * (Римдиктерге 11:13).

Түрдүү жагдайларга ылайыкташа билген кызматчы

6. Пабыл маектештеринин тек-жайын кантип эске алган жана натыйжасы кандай болгон?

6 Пабыл кабар айтууда маектештеринин көзкараштарын жана тек-жайын эске алган. Ал падыша Агрипа II менен сүйлөшүп жатканда анын «жүйүттөрдүн бардык каада-салттарын жана талаш суроолорун билерин» айткан. Пабыл Агрипанын эмнелерге ишенерин билгендиктен, кыраакылык көрсөтүп, падыша абдан жакшы түшүнгөн нерселер жөнүндө талкуу жүргүзгөн. Анын логикасы ушунчалык айкын жана ынандырарлык болгондуктан, Агрипа: «Бир аз убакыттан кийин сен мени машайакчы болууга көндүргүң бар го!» — деген (Элчилер 26:2, 3, 27, 28).

7. Пабыл Листрадагы элге кабар айтып жатканда кантип ийилчээктик көрсөткөн?

7 Пабыл ийилчээктик да көрсөтө билген. Листра шаарында Пабыл аны жана Барнабаны кудайлар деп эсептеп алган элди аларга сыйынбоого көндүрүүгө аракеттенип жатканда башкача ыкманы колдонгонун байкасаңар. Кээ бирөөлөрдүн айтымында, лукония тилинде сүйлөгөн ал адамдар билими аз жана ырым-жырымдарга жакын эл болгон. Элчилер 14:14—18-аяттарга ылайык, Пабыл алардын көңүлүн чыныгы Кудайдын улуулугун күбөлөндүрүп турган жаратылган нерселерге жана табияттагы молчулукка бурган. Анын айткан ою түшүнүктүү болгон жана бул, сыягы, элди Пабыл менен Барнабага курмандык чалбоого ынандырган.

8. Кээде Пабылды күчтүү сезимдер ээлегенине карабастан, ал кантип ийилчээктик көрсөткөн?

8 Албетте, Пабыл жеткилең болгон эмес жана кээде аны күчтүү сезимдер ээлеп алчу. Мисалы, бир жолу Анания аттуу жүйүт аны кемсинтип, адилетсиз түрдө атырылганда, Пабыл ага ачуусу менен бир тийген. Бирок башкы ыйык кызмат кылуучуга тил тийгизгенин айтышканда, Пабыл ошол замат кечирим сураган (Элчилер 23:1—5). Афинде да ал «шаардын буркандарга толгондугун көрүп», адегенде кыжырдана түшкөн. Бирок Марс дөбөсүнө келип сөз сүйлөгөндө, андай сезим көрсөткөн эмес. Тескерисинче, ал жерде афиндиктерге кайрылганда, Пабыл алардын «Белгисиз кудайга» деген жазуусу бар курмандык чалынуучу жайы тууралуу сөз кылып жана акындарынын бири айткан сөздөрдөн үзүндү келтирип, өзүнүн жана угуучуларынын ортосундагы жалпылыкка басым койгон (Элчилер 17:16—28).

9. Пабыл ар кандай адамдарга кабар айтканда кантип тапкычтык көрсөтө билген?

9 Пабыл ар кандай адамдарга кабар айтууда ар кандай ыкмаларды колдонуп, укмуштай тапкычтык көрсөтө билген. Ал алардын ой жүгүртүүсү кандай маданияттын жана айлана-чөйрөнүн таасири менен калыптанганын эске алган. Пабыл Ыйсанын Римдеги жолдоочуларына кат жазганда, алардын эң күчтүү, бийлиги зор империянын борбор шаарында жашап жатышканын жакшы билген. Андыктан ошол катта бийлик, күч жөнүндө көп жазып, Машайактын куткаруу тартуулаган күчү Адам атанын күнөөсүнүн өлүмгө алып баруучу күчүн жеңгенин баса белгилеген. Пабыл римдик биртуугандарына жана ошол тегеректе жашагандарга жүрөктөрүнө таасир эткидей сөздөр менен кайрылган (Римдиктерге 1:4; 5:14, 15).

10, 11. Пабыл мисалдарын угуучуларына кантип ылайыкташтырган? (Шилтемени да карагыла.)

10 Угуучуларына Ыйык Китептеги терең чындыктарды түшүндүрүүгө келгенде, Пабыл эмне кылган? Татаал келген рухий ойлорду айкын-ачык берүү үчүн, ал баарына түшүнүктүү, жөнөкөй мисалдарды колдоно билген. Мисалы, Пабыл бүт Рим империясына жайылган кулчулук Римде жашагандарга тааныш нерсе экенин билген. Айта кетчү нерсе, ал кат аркылуу кайрылган адамдардын бир тобу, сыягы, кулдар болгон. Ошондуктан Пабыл адамдын же күнөөгө, же адилдикке баш ийүүгө эрктүү экенин жүйө менен бышыктоо үчүн кулчулукту мисалга алган (Римдиктерге 6:16—20).

11 Бир маалымдама эмгекте: «Римдиктердин убагында кожоюн кулду качан кааласа коё берип жиберчү. Ошондой эле кул кожоюнуна акы төлөө менен эркиндикке чыга алчу. Андан тышкары, кожоюндун кул ээлөө укугу кудайга өткөрүлүп берилгенде да, кул боштондук ала алчу»,— деп айтылат. Эркиндикке чыккан кул, кааласа, кожоюнуна андан ары да кызмат кыла алган. Мындай учурда ага акы төлөнмөк. Пабыл адамдын кайсы кожоюнга — күнөөгө же адилдикке — баш ийүүнү өзү тандаары жөнүндө жазганда, кыязы, кулдун ошол мүмкүнчүлүгүн мисал катары келтирген көрүнөт. Ыйсанын Римдеги жолдоочулары күнөөнүн кулчулугунан бошотулуп, башка кожоюнга, Кудайга, баш ийип калышкан эле. Эми алар Кудайга кызмат кылууга же каалашса, кайрадан күнөөгө — мурунку кожоюнга — кызмат кылууга эрктүү болушкан. Ушул жөнөкөй, баарына тааныш мисал Римдеги биртуугандарга өздөрүнөн: «Мен кайсы кожоюнга кызмат кылып жатам?» — деп суроого түрткү бермек *.

Пабылдан үлгү алуу

12, 13. а) Жакшы кабарды ар кандай адамдардын жүрөгүнө жеткире алышыбыз үчүн кандай күч-аракет жумшоо зарыл? б) Ар кандай адамдарга кабар айтууда кандай ыкмалардын натыйжалуу экенин байкадыңар?

12 Пабылга окшоп, жакшы кабарды ар кандай адамдардын жүрөгүнө жеткире алышыбыз үчүн, алардын өзгөчөлүктөрүн эске алып, ийилчээктик жана тапкычтык көрсөтө билишибиз керек. Маектештерибизге жакшы кабардын маанисин түшүнүүгө жардам берүү үчүн, алар менен үстүртөн эле сүйлөшүү, даяр сунуштоолорду айтуу же ыйык китептик адабият калтырып коюу эле жетишсиз. Биз алардын муктаждыктарын жана тынчсызданууларын, жактырган-жактырбаган нерселерин, ошондой эле эмнелерге кооптонуу менен же бейкалыс, терс көзкараш менен карай турганын билүүгө аракеттенишибиз керек. Бул көп күч-аракет жумшоону, ой жүгүртүүнү талап кылса да, бул жагынан Падышалыктын жарчылары дүйнө жүзү боюнча дилгирлик көрсөтүшүүдө. Мисалы, Жахабанын Күбөлөрүнүн Венгриядагы филиалы: «Биртуугандар башка улуттагы адамдардын салттарына жана жашоо мүнөзүнө урмат көрсөтүп, алардын жергиликтүү салттарга ыңгайлашуусун күтүшпөйт»,— деп билдирет. Күбөлөр бардык жерде ошондой маанай көрсөтүүгө умтулушат.

13 Ыраакы Чыгыштагы бир өлкөдө адамдардын көбүн денсоолукка, бала тарбиялоого жана билим алууга байланышкан маселелер тынчсыздандырат. Ал жердеги жарчылар дүйнө жүзүндөгү жагдайдын начарлап баратышы же социалдык олуттуу көйгөйлөр жөнүндө сөз кылбастан, адамдарды кызыктырган маселелерге көбүрөөк басым коюуга аракеттенишет. Ошо сыяктуу эле, АКШнын бир чоң шаарындагы жарчылар белгилүү бир аймакта жашаган адамдарды коррупция, автомобилдердин тыгыны жана кылмышкерлик сыяктуу көйгөйлөр тынчсыздандырарын байкашкан да, бул темалардын жардамы менен ыйык китептик талкууларды ийгиликтүү жүргүзө башташкан. Кандай гана тема тандалбасын, натыйжалуу окутуучулар Ыйык Китептеги принциптерди иш жүзүндө колдонуу эмнеси менен пайдалуу экенин жана адамдарга кандай сонун келечек сунуш кылынып жатканын баса белгилеп, оң маанай чагылдырууга жана бекемдээрлик нерселерди айтууга умтулушат (Ышайа 48:17, 18; 52:7).

14. Адамдардын муктаждыктарына жана жагдай-шартына кантип ылайыкташа алабыз?

14 Адамдардын маданияты, билим деңгээли жана дини ар башка болгондуктан, кызматыбызда ар кандай ыкмаларды колдонгонубуз маанилүү. Ыйык Китепке ишенбеген, бирок Жараткандын бар экенине ишенген адамдарга кабар айтууда бир ыкманы колдонсок, Кудай жок деп эсептеген адамдар менен сүйлөшүүдө башка ыкманы колдонобуз. Диний адабияттардын баары үгүт жүргүзүүнүн куралы деп ойлогон кишиге карата колдонгон сунуштообуз Ыйык Китепте айтылгандарды туура көргөн адамга карата колдонгон сунуштообуздан айырмаланат. Ошондой эле билим деңгээли ар башка адамдар менен сүйлөшүүдө ийилчээктик көрсөтө билишибиз зарыл. Жөндөмдүү окутуучулар адамдар менен талкуулашууга умтулуп, жагдайга ылайыктуу мисалдарды колдоно билишет (1 Жакан 5:20).

Жаңы кызматчыларга жардам берүү

15, 16. Жаңы жарчыларды кызматка үйрөтүү эмне үчүн зарыл?

15 Пабыл өзүнүн эле окутуу ыкмаларын жакшыртууга кызыкдар болгон эмес. Ал Тиметей жана Тит сыяктуу жаш биртуугандарды натыйжалуу кызматчылардан болууга үйрөтүү, даярдоо зарыл экенин түшүнгөн (2 Тиметейге 2:2; 3:10, 14; Титке 1:4). Бүгүн да башкаларды кызматка үйрөтүү өтө зарыл.

16 1914-жылы дүйнө жүзү боюнча 5000дей жарчы болсо, азыр апта сайын 5000дей адам чөмүлтүлөт! (Ышайа 54:2, 3; Элчилер 11:21). Чындыкка жаңы келгендер жыйналыш менен пикирлешип, кызматка катышууну каалай баштаганда окутууга жана жетекчиликке муктаж болушат (Галатиялыктарга 6:6). Аларга жардам берүүдө Устатыбыз Ыйсанын ыкмаларын колдонгонубуз маанилүү *.

17, 18. Жаңыларга ишенимдүү түрдө кабар айтууга кантип жардам бере алабыз?

17 Элчилерин кабар айтууга жөнөтөрдүн алдында Ыйса аларды кызматка даярдаган. Ал адегенде кабар айтуунун зарылдыгын баса белгилеп, аларды бул иш тууралуу дайыма тиленүүгө чакырган. Андан соң Ыйса үч негизги нерсеге: ким менен, каерде жана эмне жөнүндө кабар айтуу керектигине кам көргөн (Матай 9:35—38; 10:5—7; Марк 6:7; Лука 9:2, 6). Биз да ошентсек болот. Кимге жардам бербейли: балабызгабы, жаңы жарчыгабы же кайсы бир убактан бери кызматка катышпай жүргөн жарчыга болобу, Ыйсага окшоп, аларды кабар айтууга даярдашыбыз керек.

18 Жаңы жарчы Падышалык жөнүндөгү кабарды ишенимдүү түрдө айтууга үйрөнүш үчүн башкалардын көмөгүнө абдан муктаж. Ага жөнөкөй, кызыктуу сунуштоо даярдоого, анан чогуу кайталап көнүгүүгө жардам бере аласыңарбы? Кабарга чыкканда адегенде бир нече үйгө сунуштоону өзүңөр айтып, аны үлгүңөр менен үйрөткүлө. Бул жагынан жанындагы жоокерлерине: «Мени карап, мен кылганды кылгыла»,— деп айткан Гидонду туурасак болот (Башкаруучулар 7:17). Анан жаңы жарчыга кезек бергиле. Жасаган аракети үчүн мактап, зарыл болсо, кайсы жагынан жакшыруу керектигине карата кыскача кеңеш айткыла.

19. «Кызматыбызды аягына чыгарууга» умтулууда биз эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

19 «Кызматыбызды аягына чыгаруу» үчүн, көбүрөөк ийкемдүүлүк көрсөтүүгө чечкиндүү болуп, жаңы кызматчыларды да ошого үйрөтүшүбүз керек. Биздин максат — куткарууга алып бара турган Кудай жөнүндөгү билимди адамдардын жүрөгүнө жеткирүү. Мунун канчалык маанилүү экенин түшүнгөндүктөн, биз «жок дегенде, кээ бирөөлөрүн куткарып калыш үчүн, бардыгы үчүн бардыгы сыяктуу болууга» мындан ары да бүт күч-аракетибизди жумшайбыз (2 Тиметейге 4:5; 1 Корунттуктарга 9:22).

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Пабылдын ушундай сапаттарды кызматында кантип чагылдырганы төмөнкү аяттарда көрсөтүлөт: Элчилер 13:9, 16—42; 17:2—4; 18:1—4; 19:11—20; 20:34; Римдиктерге 10:11—15; 2 Корунттуктарга 6:11—13.

^ 11-абз. Ошо сыяктуу эле, Кудайдын жана анын рух менен майланган «балдарынын» ортосунда пайда болгон жаңы мамилени түшүндүрүүдө Пабыл Рим империясындагы окурмандарына жакшы тааныш болгон укуктук түшүнүктү колдонгон (Римдиктерге 8:14—17). «Асырап алуу салты, негизинен, римдиктерге мүнөздүү болуп, алардын үй-бүлө жөнүндөгү түшүнүктөрү менен тыгыз байланышта болгон»,— деп айтылат бир китепте («St. Paul at Rome»).

^ 16-абз. Азыркы учурда «Пионерлер башка жарчыларга жардамдашат» аттуу программа Жахабанын Күбөлөрүнүн бардык жыйналыштарында ишке ашууда. Бул программага ылайык, толук убакыттуу кызматчылар тажрыйбасы аз жарчыларды кабар айтууга үйрөтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

Элчи Пабыл кабар айтуу жана окутуу ишинде адамдардын өзгөчөлүктөрүн эске алууга, ийилчээктик жана тапкычтык көрсөтүүгө умтулган

Ыйса үч негизги нерсеге: шакирттеринин ким менен, каерде жана эмне жөнүндө кабар айтышы керектигине кам көргөн

Эсиңердеби?

• Кызматыбызда Пабылды кантип туурай алабыз?

• Ой жүгүртүүбүздө кандай өзгөрүүлөрдү жасоо зарыл болушу мүмкүн?

• Кызматыбызда кантип оң маанай чагылдыра алабыз?

• Жаңы жарчылар ишенимдүү түрдө кабар айта алышы үчүн эмнеге муктаж болушу мүмкүн?

[Изилдөө суроолору]

[30-беттеги сүрөт]

Натыйжалуу кызматчылар адамдардын маданиятын эске алышат.

[31-беттеги сүрөт]

Тажрыйбалуу кызматчылар жаңы жарчыларга кызматка даярданууга жардам беришет.

[32-беттеги сүрөт]

Пабыл ийилчээктик көрсөтүп, ар кандай адамдарга кабар айта алган.