Кудайга жакпаган каада-салттардан сак болгула
Кудайга жакпаган каада-салттардан сак болгула
АФРИКАНЫН мээ кайнаткан ысыгында чакан короодо табыт турат. Өлгөн адам менен коштошууга келгендер кайгысын билдирип, анын жанынан өтүп жатышканда, бир карыя токтоп калат. Көздөрү кайгыга толгон ал киши маркумдун жүзүнө үңүлүп, минтип сүйлөй баштайт: «Бизден кетериңди эмне үчүн айткан жоксуң? Эмнеге мени ушинтип калтырып кеттиң? Эми барар жериңе баргандан кийин да мага жардам бере бересиңби?»
Африканын башка бир бурчунда ымыркай төрөлөт, бирок ата-энеси аны эч кимге көрсөтпөйт. Башкалар баланы бир канча күндөн кийин ат коюу каадасында гана көрө алышат.
Өлгөн киши менен сүйлөшүү же жаңы төрөлгөн баланы башкалардан жашыруу кээ бирөөлөргө таң калыштуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок айрым маданияттарда адамдардын өлүмгө жана баланын төрөлүшүнө байланышкан көзкараштарына, иш-аракеттерине өлгөндөр чындыгында тирүү жана аң-сезиминен айрылбайт деген өтө күчтүү ишеним таасир этет.
Бул ишеним ушунчалык күчтүү болгондуктан, жашоонун дээрлик бардык тармактарына байланышкан каада-салттар менен үрп-адаттардын өзөгүн түзүп турат. Мисалы, миллиондогон адамдар жашоонун төрөлүү, жыныстык жетилүү, үй-бүлө куруу, бала төрөө жана өлүү сыяктуу маанилүү баскычтарын ата-бабалардын арбагы жашаган дүйнөгө алып баруучу өткөөлдүн бөлүктөрү деп эсептешет. Алар өлгөн адам тирүүлөрдүн жашоосуна таасир тийгизе берет жана кайра төрөлүү аркылуу жашоосун үзгүлтүксүз айланмада уланта берет деп ишенишет.
Бул айланманын бардык баскычтары жылмакай өтүшү үчүн, көп сандаган салттар жана үрп-адаттар аткарылат. Андай каада-салттар өлгөндөн кийин денеден бөлүнүп чыккан бир нерсе жашоосун уланта берет деген ишенимден улам пайда болгон. Ыйсанын чыныгы жолдоочулары мындай ишенимге байланышы бар салттардын баарынан качышат. Эмне үчүн?
Өлгөндөр кандай абалда болот?
Ыйык Китепте өлгөндөрдүн абалы төмөнкүчө айкын жана жөнөкөй сүрөттөлөт: «Тирүүлөр өлө турганын билишет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билишпейт... Алардын сүйүүсү да, жек көрүүсү да, кызганчаактыгы да эми жок болду... Сен бара турган мүрзөдө жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандуулук да жок» (Насаатчы 9:5, 6, 10). Кудайдын чыныгы кызматчылары Ыйык Китептеги бул чындыкты көптөн бери билишет. Алар өлбөс жан жок экенин, жан өлөрүн жана жок болорун түшүнүшөт (Жезекиел 18:4). Ошондой эле алар өлгөндөрдүн арбагы болбой турганын билишет (Забур 145:4). Байыркы убакта Жахаба өз элине өлгөндөр аң-сезимин жоготпойт жана тирүүлөргө таасир эте алат деген ишенимге негизделген салттардан же үрп-адаттардан алыс болууну буйруган (Мыйзам 14:1; 18:9—13; Ышайа 8:19, 20).
Ыйсанын I кылымдагы жолдоочулары да жалган диндин окууларына байланышкан салт-санаа, үрп-адаттардан алыс болушкан 2 Корунттуктарга 6:15—17). Бүгүн Жахабанын Күбөлөрү, расасы, уруусу же тек-жайы кандай болбосун, адам өлгөндөн кийин анын ичиндеги бир нерсе жашоосун уланта берет деген жалган окууга байланышкан каада-салттарга катышышпайт.
(Кайсы бир салтты тутууга болор-болбосун чечүүдө Ыйсанын жолдоочулары катары эмнеге жетектелсек болот? Биз ал салттын Ыйык Китепке карама-каршы келген окууларга, мисалы, арбактар тирүүлөрдүн жашоосуна таасир этет деген ишенимге байланышы жокпу деп жакшылап ойлонуп көрүшүбүз керек. Ошондой эле мындай каада-салтка катышканыбыз Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнелерге ишенерин билген адамдарды мүдүрүлтпөйбү, ошол жөнүндө ойлонгонубуз абзел. Ушуларды эске алып, баланын төрөлүшүнө жана өлүмгө байланыштуу каада-салттарды карап көрөлү.
Баланын төрөлүшүнө жана ат коюуга байланышкан каада-салттар
Баланын төрөлүшүнө байланышкан каада-салттардын көптөрүнүн эч жаман жери жок. Бирок төрөлүү ата-бабалардын арбагы жашаган чөйрөдөн адамзат коомуна өтүү деп эсептелген жерлерде Ыйсанын чыныгы жолдоочулары этият болушу керек. Мисалы, Африканын кээ бир жерлеринде белгилүү бир убакыт өтмөйүн жаңы төрөлгөн баланы сыртка алып чыгууга жана ага ат коюуга болбойт. Андай күтүү маалы ар кайсы жерде ар кандай убакка созулат. Ал мөөнөт аяктаганда, ат коюу каадасы аткарылат да, баланы сыртка алып чыгып, тууган-туушкандар менен досторго көрсөтүшөт. Ошондо баланын ысмы баарына ачык жарыяланат.
Бул ырым-жырымдын мааниси бир китепте мындайча түшүндүрүлөт: «Өмүрүнүн алгачкы жети күнүндө ымыркай арбактардын дүйнөсүнөн жердеги жашоого өтүп жаткан „конок“ деп эсептелет. [...] Адатта, аны сыртка алып чыгууга жана үй-бүлөнүн мүчөсү болбогон адамдарга көрсөтүүгө болбойт» («Ghana—Understanding the People and Their Culture»).
Ат коюу каадасы аткарылганга чейин эмне үчүн убакыт өтүшү керек? Дагы бир китепте: «Сегизинчи күнгө чейин бала адам деп эсептелбейт. Ал өзү келген башка дүйнө менен аздыр-көптүр байланышта болот»,— деп түшүндүрүлөт. Андан ары китепте мындай деп айтылат: «Баланы адам катарына кошкон нерсе ысмы болгондуктан, балабыз чарчап калбаса экен деп корккон жубайлар, адатта, анын жашай турганына көздөрү жетмейинче ат коюуну создуктура турушат. [...] Андыктан кээде баланы элге көрсөтүү деп аталган бул ырым-жырымдын балага жана анын ата-энесине тийгизген таасири зор деп эсептелет. Бала адамдардын чөйрөсүнө же дүйнөсүнө ошол каададан кийин кошулат» («Ghana in Retrospect»).
Адатта, мындай кааданы жакын туугандарынын улуусу өткөрөт. Аны ар кайсы жерде ар кандай өткөрүшсө да, көп учурда анын ичине ата-бабалардын арбагына багыштап арак-шарап куюу, баланын аман-эсен келгени үчүн аларга ыраазычылык билдирип тиленүү жана башка ырым-жырымдар кирет.
Баланын ысмын жарыялоо ал кааданын негизги бөлүгүн түзөт. Балага атты ата-энеси койсо да, көп учурда туугандары ысымдын тандалышына чоң таасир эте алышат. Кээ бир ысымдар жергиликтүү тилде «кетип, кайра келди», «апам экинчи жолу келди» же «атам кайтып келди» деген сыяктуу маанилерди туюнтушу мүмкүн. Дагы башкалары ата-бабаларды жаңы төрөлгөн баланы тиги дүйнөгө кайра алып кетип калуудан айнытуу үчүн коюлуп, ошондой маанилерди камтыйт.
Албетте, баланын төрөлгөнүнө сүйүнүүнүн эч жаман жери жок. Аны кимдир бирөөнүн атынан атоо жана ага төрөлгөн учуруна байланышкан шарт-жагдайды чагылдырган атты берүү — жакшы эле салт. Ошондой эле баланын атын
качан коюу керектигин да ар бир үй-бүлө өзү чечет. Бирок Кудайга жагууну каалаган Ыйсанын жолдоочулары жаңы төрөлгөн бала ата-бабалардын рухий дүйнөсүнөн тирүүлөрдүн дүйнөсүнө өтүп жаткан «конок» деген көзкарашты чагылдырган салттар менен үрп-адаттардан качышат.Андан тышкары, ат коюу каадасы маанилүү ырым-жырым деп эсептелген жерлерде Ыйсанын жолдоочулары башкалардын абийирин эске алып, ишенимдеш эмес адамдардын кандай ойдо калышы мүмкүн экенин ойлошу керек. Мисалы, эгер Ыйсаны жолдогон үй-бүлө жаңы төрөлгөн баласын ат коюу каадасы өткөрүлмөйүн башкаларга көрсөтпөсө, кээ бирөөлөр кандай тыянак чыгарышы мүмкүн? Же ыйык китептик чындыкты окутабыз деп ырастап, бирок балдарына ага карама-каршы келген аттарды коюшса, башкалар кандай ойдо болор эле?
Ошондуктан Ыйсанын жолдоочулары балдарына качан жана кандай ат коюуну чечүүдө башкаларды мүдүрүлтпөөгө, «баарын Кудайды даңкташ үчүн кылууга» умтулушат (1 Корунттуктарга 10:31—33). Алар өлгөндөрдү урматтоого байланышкан «салттарды сактоо үчүн Кудайдын осуятын четке кагышпайт». Тескерисинче, тирүү Кудай Жахабаны урматтап, ага даңк алып келишет (Марк 7:9, 13).
Өлгөндөн кийинки жашоо тууралуу түшүнүк
Көп адамдар өлүмдү, төрөлүү сыяктуу эле, бир абалдан экинчи абалга өтүү деп эсептешет. Алар өлгөн адам көзгө көрүнгөн дүйнөдөн арбактардын көзгө көрүнбөгөн чөйрөсүнө барат деп ойлошот. Сөөк коюуга байланышкан белгилүү бир каада-салттарды жана үрп-адаттарды сактабоо тирүүлөргө зыян келтирүүгө же жардам берүүгө кудуреттүү арбактарды каардантат дегенге көп адамдар ишенишет. Бул ишеним сөөк коюу каадаларынын кандайча уюштурулуп, кандайча өткөрүлөрүнө чоң таасир этет.
Өлгөндөрдүн көңүлүн алуу үчүн өткөрүлгөн сөөк коюу каадалары, адатта, түрдүү сезимдер менен коштолот: маркумдун алдында буркан-шаркан түшүп ыйлап, өкүрүп-бакыруу сөөктү койгондон кийин тойлор менен алмашылат. Өлгөн адамга арналган мындай аземдер көп учурда ооздукталбаган той-топурлар, арак ичүү жана музыканы катуу коюп бийлөө менен өзгөчөлөнөт. Сөөк коюуга ушунчалык чоң маани берилгендиктен, адатта, эң жакыр үй-бүлөлөр да кыйынчылыктарга жана карызга батып отуруп каларына карабай, тапкан-тергенин баарын жакын адамын «тийиштүү түрдө көмүүгө» жумшашат.
Көп жылдан бери Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепке карама-каршы келген сөөк коюу каада-салттарын тийиштүү түрдө ашкерелеп келишет *. Мындай каада-салттардын ичине табыттын жанында түнү бою уктабай отуруу, анын урматына арак-шарап куюу, өлгөн адам менен сүйлөшүү жана ага өтүнүч менен кайрылуу, ошондой эле аш өткөрүү жана башка салттар кирет. Алардын баары өлгөндөн кийин адамдын ичиндеги бир нерсе жашоосун уланта берет деген ишенимге негизделет. Кудайды жаманатты кылган мындай каада-салттар — «таза эмес нерселер», Кудайдын Сөзүндөгү чындыкка эмес, «адамдардын ылакаптарына» негизделген «жалган түшүнүктөр» (Ышайа 52:11; Колостуктарга 2:8).
Салттарды сактоого кысым көрсөтүлгөндө
Каада-салттарга аралашуудан баш тартуу кээ бирөөлөр үчүн оңойго турбайт. Айрыкча, өлгөндөрдү урматтоо өтө маанилүү деп эсептелген жерлерде бул чоң кыйынчылык туудурат. Жахабанын Күбөлөрү андай салттарды сактабагандыктан, 1 Петир 3:14). Башкалары бул салттар биздин маданиятыбызга таандык жана алардан толугу менен оолак болуу мүмкүн эмес деп эсептешкен. Дагы башкалары салтты сактоодон баш тартуу Кудайдын элин жек көрүндү кылышы мүмкүн деп ой жүгүртүшкөн.
башкалар аларга шек саноо менен карап, аларды коомчулуктан бөлүнгөн жана өлгөндөрдү сыйлабаган адамдар деп айыпташкан. Сын-пикирлердин жана катуу кысымдын айынан кээ бирөөлөр, Ыйык Китептеги чындыкты туура түшүнүшсө да, башкалардан айырмалануудан коркуп калышкан (Биз башкалардын сезимин кордоону каалабайбыз. Бирок, Ыйык Китепте эскертилгендей, чындык боюнча жашоого белсенгендер Кудайдан алыстаган дүйнөнүн каршылыгына дуушар болушат (Жакан 15:18, 19; 2 Тиметейге 3:12; 1 Жакан 5:19). Биз рухий караңгылыкта жүргөндөрдөн айырмаланып турушубуз керектигин билгендиктен, чындыкка бекем карманууга чечкиндүүбүз (Малахия 3:18; Галаттыктарга 6:12). Ыйса Кудайга жакпаган нерсени кылууга чакырган Шайтанга каршы тургандай, биз да Кудай жактырбаган нерселерди кылууга кысым көрсөтүлгөндө бекем турабыз (Матай 4:3—7). Ыйсанын чыныгы жолдоочулары адамдан коркуу сезимине алдырбай, биринчи кезекте Жахаба Кудайга жагууга жана аны чындыктын Кудайы катары урматтоого умтулушат. Муну алар таза сыйынууга байланышкан ыйык китептик нормаларды эч бир кысымга карабай сактоо менен көрсөтүшөт (Накыл сөздөр 29:25; Элчилер 5:29).
Өлгөндөргө болгон көзкарашыбыз менен Жахабаны урматтоо
Жакын адамыбыздан айрылганда жандүйнөбүз жабыркап, катуу кайгыга батышыбыз табигый нерсе (Жакан 11:33, 35). Аны эскерүү жана сый менен көмүү ага болгон сүйүүбүздү орундуу түрдө көрсөткөндүк болуп саналат. Бирок Жахабанын Күбөлөрү күйүттү жеңүүдө Кудайга жакпаган каада-салттарга аралашышпайт. Өлгөндөрдөн коркуу күчтүү болгон маданиятта өсүп-чоңойгондор үчүн бул оңойго турбайт. Орду толгус жоготуунун айынан катуу кайгырып турганда теңсалмактуулукту сактоо кыйын болушу мүмкүн. Ошентсе да андай учурларда Ыйсанын ишенимдүү жолдоочулары Жахабадан, «сооронуунун булагы болгон Кудайдан», күч-кубат алып, ишенимдештеринин сүйүү менен көрсөтүлүүчү колдоосуна ээ (2 Корунттуктарга 1:3, 4). Кудайдын эстутумунда сакталып, аң-сезимсиз абалда жаткан маркумдардын келечекте тирилерине болгон күчтүү ишенимдин негизинде Ыйсанын чыныгы жолдоочулары тирилүүнүн болорун жокко чыгарган сөөк коюу каадаларына такыр аралашышпайт.
Бизди «караңгылыктан Өзүнүн ажайып жарыгына чакырып алганы» үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! (1 Петир 2:9). Баланын төрөлгөнүнө сүйүнгөнүбүздө же оор жоготуунун айынан кайгыга батканыбызда, туура иштерди кылууга болгон күчтүү каалообуз жана Жахаба Кудайга болгон терең сүйүүбүз дайыма бизге «жарыктын балдары катары жашоого» түрткү берсин. Кудайга жакпаган каада-салттардан улам рухий жактан булганып калышыбызга эч качан жол бербейли (Эфестиктерге 5:8).
[Шилтемелер]
^ 23-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Арбактар. Алар пайда же зыян келтире алабы? Алар чынында эле барбы?» (ор.) жана «Түбөлүк өмүргө алып баруучу жолду таптыңбы?» (англ.) деген китепчелерди карагыла.