Талма оорусу жөнүндө эмнени билип алуу абзел?
ТААНЫШЫҢАР бир заматта эле жерге кулап түшөт да, эс-учун жоготуп коёт. Денеси карышып, башы, колу-буту титирей баштайт. Эгер анын талмасы кармап калганын билсеңер, ага жардам көрсөтүлгөнгө чейин, тийиштүү иш-аракеттерди кыла аласыңар. Келгиле анда, көптөр туура түшүнө бербеген бул ооруга байланыштуу айрым нерселерге токтололу.
Талма деген эмне? Талма — мээнин ишинин бузулушунан улам пайда болгон, заматта кармаган оору. Талманын кармашы, адатта, беш мүнөткө жетпеген убакытка созулат. Макаланын башында айтылып өткөн жагдайда оор талманын кармашы сүрөттөлгөн.
Талма эмнеден улам кармайт? Изилдөөчүлөрдүн айтымында, талма мээнин клеткаларынын ортосундагы электрдик активдүүлүктүн бузулушунан пайда болот. Бирок ал эмнеден улам бузулары азырынча белгисиз.
Оор талма кармаганда, адамга кантип жардам бере алам? Мээ жана мээнин оорулары жөнүндө жазылган бир энциклопедияда: «Талмасы кармап калган кишиге, талмасы токтогуча, тийбей эле койгон жакшы, бирок денесине зыян келтире турган эч нерсе жок экенине жана дем алып жатканына ынангыдай болгула»,— делет. Ошондой эле: «Калтырап-титирегени 5 мүнөттөн ашып баратса, кайра кармаса же титирегени токтогонунан бир нече мүнөт өтсө да, эсине келбей жатса, тез жардам чакыруу зарыл»,— деп кошумчаланат («The Encyclopedia of the Brain and Brain Disorders»).
Талмасы кармап жаткан учурда эмне кылышым керек? Башына жумшак бир нерсе жаздап, тегерек четинде учтуу же кесип кете турган нерселер болсо, алып кою зарыл. Калчылдаганы токтогондон кийин, 13-бетте көрсөтүлгөндөй, кырынан жаткырып койсоңор болот.
Эсине келгенде, эмне кылсам болот? Алгач, аны баары жайында экенине ынандыргыла. Анан тургузуп, кичине эс алып алганга боло турган жерге алып баргыла. Талмасы токтогондон кийин, көптөр эмне болуп кеткенин түшүнбөй калат жана уйку-соонун ортосундагыдай абалда болот. Айрымдар бат эле эсине келип, талмасы кармаганга чейин кылып жаткан ишин уланта берет.
Талмасы кармаганда адам дайыма эле калтырап-титирейби? Жок. Айрымдар кыска эле убакытка эс-акылын жоготот, бирок жерге жыгылбайт. Бул жеңил талма деп аталат. Жеңил талманын кармашы, адатта, бир аз убакытка созулуп, оор талма кармагандагыдай зыян келтирбейт. Айрым учурларда жеңил талма узак убакытка, бир канча мүнөткө, созулат. Андайда адам бөлмөдө ары-бери баса берет, кийимин тарткылайт же дагы башка ушу сыяктуу кызыктай нерселерди кылат. Талмасы өтүп кеткенден кийин, башы айланышы мүмкүн.
Талмасы бар адамдар өздөрүн кандай сезет? Көптөр качан, кайсы жерден талмасы кармап каларын билбегендиктен коркуп жашашат. Элге уят болгусу келбегендиктен көпчүлүктөн качып калышат.
Андай оорусу бар кишиге кантип жөлөк-таяк боло алам? Ичиндегисин жашырбай айтканга үндөсөңөр болот. Сүйлөп жатканда, кунт коюп угуу маанилүү. Талмасы кармап калганда, эмне кылышыңарды каалай турганын сурап алгыла. Андай адамдардын көбү машине айдабагандыктан, балким, машинеңер менен бир жакка чогуу барып келүүнү же бир нерсе алып келип берүүнү айтаттырсыңар.
Талманын кармашын азайтуу же алдын алуу мүмкүнбү? Стресс жана уйкунун жетишсиздиги сыяктуу нерселер талманын кармашына себеп болушу ыктымал. Андыктан адистер талмасы бар адамдарга стрессти чыгарып туруш үчүн жетиштүү эс алууну, көнүгүүлөрдү дайыма жасоону кеңеш кылышат. Айрым учурларда дары-дармектерди да колдонуу талманын кармашын алдын алууга жакшы жардам берет.