Төгөрөктүн төрт бурчунда
Төгөрөктүн төрт бурчунда
Грузия өлкөсүндө «акыркы он жылдын ичинде ажырашкандардын саны дээрлик эки эсе өскөн». Ажырашып кеткендердин көбү 20 жашка чыга электер («ФАЙНЭНШЛ», ГРУЗИЯ).
Ирландияда 11 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүм балдардын 17 пайызы «өздөрү тааныбаган бирөөлөргө Интернет аркылуу аты-жөнүн жазышкан». 10 пайызы болсо «сүрөтүн, электрондук почтасынын дарегин, уюлдук телефонунун номурун» беришкен (БАЛДАРГА ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК КӨРСӨТҮҮНҮ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ИРЛАНДИЯ КООМУ).
Табигый себептерден улам өрттөнгөн токойлор 4 пайызды гана түзөт. Калган учурларда токойлордун өрттөнүшүнө адамдардын же атайын, же кокусунан кылып алган иш-аракеттери себеп болот («ПРЕССЕПОРТАЛ», ГЕРМАНИЯ).
Бир билдирүүгө ылайык, ар бир онунчу америкалык киши [12 жаштан өйдө] мыйзам тарабынан тыюу салынган баңгизаттарды, анын ичинде марихуананы, кокаинди, героинди, галлюциногендерди (психикалык бузулууну пайда кылуучу заттарды), баңгизатка кирген дары-дармектерди дайыма колдонушат жана жыты өткүр зыяндуу заттарды жытташат («Ю-ЭС-ЭЙ ТУДЕЙ», АКШ).
Өзүн-өзү кармай билүүнүн пайдасы
«Тайм» журналында, бир изилдөөгө ылайык, «кичинекейинен өзүн-өзү кармай билүүгө үйрөнбөгөн баланын ден соолугунан эрте эле ажырай турганы, акчага байланышкан көйгөйлөрү болору, кылмыш ишине барары» аныкталганы жазылган. Жүргүзүлгөн изилдөөгө 1000ден ашуун киши катышкан. Адистер алардын 32 жашка чейинки жашоосун изилдешкен. «Кичинесинен тартып өзүн-өзү кармай албаган, тез ачууланган, каалаганына дароо жеткиси келген, кезегин күткүсү келбеген балдардын» ден соолугу чоңойгондо башкалардыкына караганда үч эсе начар болгон, ошондой эле акчасын туура колдоно албаганынын азабын тартышкан, балдарын жалгыз тарбиялап-өстүрүшкөн же кылмыш кылышкан. Ошол эле журналда адамдар өзүн-өзү кармай билүүгө үйрөнө алары баса белгиленип, мындай делген: «Өздөрүн башкара билүүгө мектептен болобу, же үйдөн болобу, үйрөтүлгөн балдар аң-сезими туура өрчүп, туруктуу адамдардан болуп чоңоюшат».
Айдоочуларды «тарбиялоо» чарасы
Индия бийлик башчылары жол эрежесин бузгандарды «тарбиялоо» боюнча жаңы ыкманы колдонушууда. Ал ыкма боюнча, жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери айдоочуларды өздөрү менен чогуу иштегенге мажбурлашат. Ыкманын максаты — аларга жол эрежеси бузулганынын айынан пайда болгон баш аламандыкты жоюу канчалык кыйын экенин көрсөтүү. Эми Индиянын Гургаон шаарында жол көзөмөлдөө кызматкерлери жол эрежесин бузгандарды токтотуп, айып пул төлөткөндөн тышкары, бери дегенде, жарым саат бою жол кыймылын көзөмөлдөп, өздөрү менен бирге иштөөнү талап кылууда. Айрым айдоочулар ошондон кийин көп нерсени түшүнгөнүн айтышкан. Жол көзөмөлдөө кызматынын башчысынын орун басары Бхарти Арора мындай дейт: «Гургаондо күнүгө миңдей айдоочу жол эрежесин бузганы үчүн айып пул төлөйт. Демек, бизге күнүгө ошончо киши „жардам“ берет».