Жан Креспиндин «Азапкечтер жөнүндөгү китеби»
Жан Креспиндин «Азапкечтер жөнүндөгү китеби»
ФРАНЦИЯНЫН Меакс провинциясында 1546-жылы 14 киши чиркөөнүн догмаларына карама-каршы келген көз карашка карманганы үчүн күнөөлүү деп табылган жана аларга тирүүлөй өрттөө өкүмү чыгарылган. Алардын кылмышы эмнеде эле? Алар жеке үйлөрдө чогулушкан, тиленишкен, Исанын өлүмүнүн эскерүү кечесин өткөрүшкөн жана «Папанын буркандарын» кабыл албасын билдиришкен.
Жаза жүзөгө ашырылар күнү рим-католик окутуучусу Франсуа Пикард алардын Исанын өлүмүн эскерүүгө байланыштуу ишенгендерин сынга алып, аларга ар кандай суроолорду берген. Алар ага жооп кылып, ал кечеде колдонулган шарап менен нан кереметтүү түрдө Исанын денеси менен канына айланат деген католик окуусунун тууралыгын талашка салышкан. Өлүмгө кыйылган ал кишилер: «Нандын даамы эттикиндейби? Же шараптын даамы кандыкындайбы?» — деп сурашкан.
Буга Франсуа Пикард эч нерсе деп жооп бере албай калган. Ошентсе да 14 киши мамыларга байланып, тирүүлөй өрттөлгөн. Алардын ичинен тилдери кесилбегендери забурларды ырдашкан. Ал эми жазаланып жаткандарды тегеректеп турган дин кызматчылар катуураак ырдап, алардын үнүн басууга аракет кылышкан. Эртеси ошол эле жерден Пикард 14 киши тозокто түбөлүккө кыйналат деп жарыялаган.
1500-жылдары Европа чөлкөмү чиркөөнүн көз караштарына макул болбогондор үчүн кооптуу жер болчу. Чиркөөдө кабыл алынган ой-түшүнүктөргө сын пикир айткандардын көпчүлүгү диний каршылаштарынын колунан көрбөгөн азапты көрүшкөн. Андай кыйноолор тууралуу маалыматтын бир булагы — Жан Креспиндин 1554-жылы Швейцариянын Женева шаарында басылып чыккан «Ле Ливре де мартер» («Азапкечтер жөнүндөгү китеп») деген китеби. Ал китеп «Иствар де мартер» деген аталыш менен да белгилүү *.
Юристтин Реформацияга кошулушу
1520-жылы азыр Франциянын түндүгүнөн орун алган Аррас шаарында жарык дүйнөгө келген Креспин Бельгиянын Левен шаарында юриспруденция илимин окуган. Так ошол жерден ал реформаторлук идеялар менен таанышса керек. 1541-жылы Креспин Парижге барып, бир атактуу юристтин катчысы болуп иштей баштайт. Болжол менен ошол убакта ал Париждин Мобер аянтында Клод ле Пенкре деген жигиттин чиркөөгө каршы чыкканы үчүн өрттөлгөнүнө күбө болот. Креспин өзү айткандай, «ата-энесине жана досторуна чындыкты жарыялаганы» үчүн жазаланган ал жаш зергердин ишеними ага терең таасир калтырган.
Чамасы, ошол маалда Креспин Арраста юрист болуп иштей баштайт. Бирок көп өтпөй ал жаңы тапкан ишениминен улам чиркөөнүн каршылашы катары айыпталат. Ошондо ал куугунтуктан качып, Страсбургда (Франция) баш калкалайт, кийинчерээк Женевада (Швейцария) жашап калат. Ал жакта Креспин Реформацияны колдогондор менен тыгыз кызматташат жана юристтик ишин таштап, адабият басуу ишине киришет.
Креспин Жан Кальвин, Мартин Лютер, Жон Нокс жана Теодор Беза сыяктуу реформаторлордун
диний эмгектерин басып чыгарган. Ошондой эле Ыйык Китептин Жаңы Келишим деп белгилүү болгон грек тилиндеги бөлүгүн жана Ыйык Китепти толугу менен же анын айрым бөлүктөрүн англис, француз, италян, испан тилинде чыгарган. Бирок Креспиндин атагын чыгарган эмгеги «Азапкечтер жөнүндөгү китеби» болгон. Анда ал 1415—1554-жылга чейин чиркөөнүн окууларына макул болбогону үчүн өлүмгө кыйылган көптөгөн кишилер жөнүндө баяндаган.Азапкечтер жөнүндө жазганынын максаты
Реформаторлор чыгарган адабияттардын көбү католик чиркөөсүнүн аттуу-баштууларынын мыкаачылыгынын бетин ачкан. Ал эмгектерде протестант азапкечтеринин «эрдиги» Кудайдын байыркы учурдагы кызматчылары, анын ичинде Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары тарткан азаптарынын уландысы катары көрсөтүлүп, адамдарды кайраттандыруу максатында жазылган. Креспин протестант ишенимдештери үлгү алсын деп, ишеними үчүн азаптуу өлүмгө дуушар болгондор тууралуу маалыматтарды кагаз бетине түшүргөн *.
Креспиндин китеби — кыйноолор, инквизициялык иштер жана аларга күбө болгондордун айтып бергендери, ошондой эле айып тагылгандардын түрмөдө отурганда жазгандары жөнүндөгү билдирүүлөрдүн жыйындысы. Анда абакта отургандарга дем-күч берүү максатында жазылган жана айрымдарында Ыйык Китептен аябагандай көп цитата келтирилген каттар да камтылган. Креспин андай адамдардын ишеними «түбөлүккө эскерүүгө татыктуу» деп эсептеген.
Креспиндин китебиндеги диний окууларга байланышкан материалдардын көбүндө католиктер менен протестанттардын ортосундагы көпчүлүккө белгилүү талаш-тартыштарга көңүл бурулган. Алсак, куугунтуктоочулар менен куугунтукталгандар сыйынууда сөлөкөт-сүрөттөрдү колдонууга, күнөөдөн тазалануучу жайга, өлгөндөр үчүн тиленүүгө, Исанын курмандыгы католик Мессасында кайталанган-кайталанбаганына жана Рим папасынын Кудайдын өкүлү катары кызмат кылар-кылбасына байланыштуу талашышкан.
«Азапкечтер жөнүндөгү китепте» ырайымсыздык күч алган ошол кездеги чыр-чатактар жана диний фанатизм жөнүндө ачыктан-ачык эле жазылган. Ооба, Креспин католиктердин протестанттарды куугунтукка алганына басым жасаган. Анткен менен протестанттардын да католиктерди ошондой эле мыкаачылык менен куугунтуктаганын унутпоо керек.
Тарых бою жалган дин «пайгамбарлардын, ыйыктардын жана жер жүзүндө өлтүрүлгөндөрдүн баарынын канына» забын болуп келген. Арийне, Кудай ишенимдүү деп эсептеген азапкечтердин каны өч алууну талап кылып боздоп жатат (Аян 6:9, 10; 18:24). Жан Креспиндин күндөрүндө ишеними үчүн азап чегип, өлүмгө дуушар болгондордун айрымдары диний чындыкты табууга чын дилден умтулганы шексиз.
[Шилтемелер]
^ 5-абз. Креспиндин эмгегинин бир аталышы мындайча которулат: «Азапкечтер жөнүндөгү китеп же Ян Густан тартып үстүбүздөгү 1554-жылга чейин Мырзабыз Иса Машаяктын ысмы үчүн өлүмгө кыйылган азапкечтер жөнүндөгү жыйнак». Ал эмгектин ар кандай аталыштагы жана мазмундагы кайра иштетилип чыккан жана кеңейтилген бир нече басылмасы Креспиндин көзү тирүүсүндө, башкалары көзү өткөндөн кийин жарык көргөн.
^ 11-абз. 1554-жылы Креспиндин азапкечтер жөнүндөгү дагы эки эмгеги жарык көргөн. Ошол эле жылы ал «Азапкечтер жөнүндөгү китебин» Людвик Рабустун жардамы менен немис тилинде, Жон Фокстун жардамы менен латын тилинде басып чыгарган.
[12-беттеги сүрөт]
Креспиндин «Азапкечтер жөнүндөгү китеби» (1564-жылкы басылышы)
[13-беттеги сүрөт]
Франция падышасы Генрих IIнин жана анын сотунун алдында протестанттардын жазаланышы
[13-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]
Images, both pages: © Société de l’Histoire du Protestantisme Français, Paris