Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Баланын дени сак болушу энеден

Баланын дени сак болушу энеден

Баланын дени сак болушу энеден

ЖАҢЫ эле жарык дүйнөгө келген дени сак ымыркай мээримдүү эненин алпештеген колунда эч нерседен бейкапар уктап жатат. Атасынын жүзүнөн нур жанып, өзүнчө сыймыктанып турат. Жыл сайын миллиондогон үй-бүлөлөр сөз менен айтып жеткиргис ушундай кубанычка бөлөнүшөт. Бир карасаң, дүйнөдөгү бардык эле балдар аман-эсен төрөлүп жаткандай сезилет. Анткени ымыркайдын төрөлүшү — табигый процесс. Бирок тынчсызданууга кандайдыр бир себеп барбы?

Энелер көп учурда аман-эсен көз жарып алышат, бирок дайыма эле андай эмес. Ошондуктан болочок ата-энелердин төрөткө байланыштуу кыйынчылыктардын алдын алуу үчүн тийиштүү чара көргөнү эстүүлүккө жатат. Мисалы, төрөткө байланыштуу кыйынчылыктарга эмнелер себеп болорун билип, адистерге кайрылышы керек, ошондой эле боюнда бар кезде жана төрөт учурунда өмүргө коркунуч туулбаш үчүн керектүү чараларды көргөнү абзел. Анда, келгиле, ушуларга кененирээк токтололу.

Кыйынчылыктарга эмнелер себеп болушу мүмкүн?

Кыйынчылыктардын негизги себептеринин бири — эненин боюнда бар кезинде өзү үчүн да, баласы үчүн да жетиштүү түрдө кам көрбөгөнүндө. Уэльс принцинин Гонконгдогу клиникасында неонатолог болуп иштеген Чунг Камлау мындай дейт: «Боюнда бар аял төрөткө даярдык көрбөсө, өмүрүнө коркунуч туулушу мүмкүн. Көптөгөн аялдар дени сак, тоголок жүздүү бала төрөгүсү келет, бирок дайыма эле ойдогудай боло бербейт».

Эненин өмүрүнө коркунуч туудура турган себептер тууралуу бир медициналык журналда: «Аялдын төрөт учурунда каза болушуна кандын көп кетиши, баланын туурасынан келиши, кан басымынын жогорулашы жана инфекция жуктуруп алышы себеп болот»,— делет. Бактыга жараша, мындай кыйынчылыктарды догдурлар чече алат жана бул үчүн көп учурда, аталган журналда белгиленгендей, «татаал медициналык аппараттардын деле кереги жок» («Journal of the American Medical Women’s Association»).

Ымыркайдын аман-эсен төрөлүшүнө өбөлгө түзгөн көптөгөн жөнөкөй ыкмалар бар. «БУУнун хроникасы» билдиргендей, «эгер болочок энелерге жана алардын балдарына эч кандай татаал аппаратсыз эле жөнөкөй, анча кымбат эмес медициналык жардам көрсөтүлгөндө өлүү төрөлгөн үч баланын экөөнүн өмүрүн сактап калууга болмок». Өкүнүчтүүсү, «Филиппинс ньюс» белгилегендей, көптөгөн болочок энелер төрөт тууралуу маанилүү нерселерди билишпейт, төрөткө даярдык көрүүгө да шалаакы мамиле кылышат.

Төрөткө чейин даярдык көрүү

«БУУнун хроникасы» белгилегендей, «ден соолугу чың эненин баласынын да дени сак болот». Ошол эле журналда аял төрөткө чейин, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин тийиштүү медициналык жардам албаса, бул баласынын да ден соолугуна таасир этпей койбойт делет.

Бирок айрым өлкөлөрдө боюнда бар аялдардын тийиштүү жардам алышы кыйынга турат. Алсак, аларга догдурга көрүнүш үчүн узак жол жүрүүгө туура келиши же медициналык чыгымдарды төлөөгө чамасы жетпеши мүмкүн. Ошентсе да болочок эне эң зарыл медициналык жардамды алууга аракет кылышы керек. Бул, өзгөчө, ыйык китептик принциптерге ылайык жашаган аялдар үчүн абдан маанилүү. Анткени Кудайдын көз алдында ар бир адамдын, анын ичинде төрөлө элек баланын да өмүрү ыйык (Чыгуу 21:22, 23 *; Мыйзам 22:8).

Тийиштүү жардам алуу деген жума сайын догдурга көрүнүп турууну билдиреби? Сөзсүз деле андай эмес. Боюнда бар кезде жана төрөт маалында эмнелер кыйынчылыктарды туудурушу мүмкүн экенин изилдеп чыккандан кийин Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДССУ) «боюнда бар кезинде догдурга төрт эле жолу көрүнгөн аялдын көрсөткүчтөрү он эки же андан көп жолу көрүнгөн аялдыкындай эле болорун аныктаган».

Догдурлардын жардамы

Болочок эненин жана баланын ден соолугуна кам көрүүдө догдурлар, өзгөчө, акушерлер төмөнкүлөрдү кыла алышат:

▪ алар аялдын медициналык карточкасын карап чыгып, анын же курсакта жаткан баласынын саламаттыгына коркунуч туудура турган факторлорду аныкташат.

▪ Кандын жана зааранын анализин текшерип, эне менен баланын резустарынын дал келер-келбесин, аз кандуулук, инфекция же дагы башка оорулардын бар-жогун аныкташат. Башка ооруларга диабет, кызамык, жыныстык жол менен жугуучу оорулар жана кан басымынын жогорулап кетишине алып келген бөйрөк оорулары кирет.

▪ Эгер себептер бар болсо, алар кош бойлуу аялга резустардын дал келбесине, сасык тумоого жана селеймеге каршы вакцина алууну кеңеш кылышат.

▪ Ошондой эле витаминдерди, айрыкча, фоли кислотасын ичүүнү сунуш кылышы мүмкүн.

Догдурлар кандайдыр бир кыйынчылыктар тууларын байкап, тийиштүү чара көрүшсө, төрөт ойдогудай өтөт.

Төрөт ойдогудай өтүшү үчүн...

БДССУнун генералдык директорунун мурунку орун басары Жой Пумапи: «Эң коркунучтуу учур — төрөт маалы»,— дейт. Эненин жана баланын өмүрүнө коркунуч туулбашы үчүн кандай чараларды көрүүгө болот? Ал чаралар жөнөкөй эле, бирок алдын ала жасалышы керек *. Бул, өзгөчө, ыйык китептик принциптерге бек кармангандыктан же кан аркылуу кандайдыр бир оору жугузуп алууну каалабагандыктан кан куйдурбагандар үчүн маанилүү (Элчилер 15:20, 28, 29).

Алар догдурунун же акушеринин кан куйдуруунун альтернативаларын колдонуу боюнча билими, тажрыйбасы бар экенине ынанышы керек. Ошондой эле төрөт үйүндөгү башка догдурлар да бул жагынан алар менен кызматташууга даяр экенине ынанганы акылдуулукка жатат *. Догдурга: «Эне же бала көп кан жогото турган болсо же дагы башка кыйынчылыктар пайда болсо, кандай иш-аракет кыласыз? Төрөт учурунда сиз жок болуп калсаңыз, кандай чаралар көрүлөт?» — деген суроолорду берип көрүүгө болот.

Болочок эне төрөткө чейин канынын көрсөткүчтөрү жакшы экенине ынануу менен кыраакылык көрсөтөт. Кандагы гемоглобиндин деңгээлин көтөрүш үчүн догдур фоли кислотасын, В тобундагы витаминдерди, ошондой эле курамында темир бар препараттарды жазып бериши мүмкүн.

Догдур башка нерселерди да эске алышы кажет. Балким, кош бойлуу аялдын ден соолугуна байланыштуу көз жаздымда калтырбаш керек болгон кандайдыр бир көйгөйлөр бардыр. Ага көп баспай, көбүрөөк жатканы жакшыраак болоттур. Кичине салмак кошушу же тескерисинче, арыкташы керектир. Балким, көнүгүүлөрдү жасашы керектир. Өздүк гигиенага, өзгөчө, ооздун гигиенасына олуттуу көңүл бурушу зарылдыр.

Изилдөөлөр бүйлө оорулары боюнда бар аялды преэклампсия оорусуна чалдыктырышы мүмкүн экенин көрсөттү *. Ал — кан басымынын кескин түрдө жогорулашы, катуу баш оорулары жана шишик басуу менен коштолгон олуттуу оору. Преэклампсия аялдын мөөнөтүнөн эрте төрөшүнө, атүгүл эненин да, баланын да каза болушуна алып келет. Мындай көрүнүш өнүгүп келаткан өлкөлөрдө көп байкалат.

Андыктан тажрыйбалуу адис болочок эненин инфекция жуктуруп алганын байкаса, ага көз жумуп койбойт. Аялдын толгоосу мөөнөтүнөн эрте башталса, догдур ага тезинен ооруканага жатууну кеңеш кылат. Анткени мындан аялдын жана баласынын өмүрү көз каранды болушу мүмкүн.

БДССУнун боюнда бар аялдарга кам көрүү департаментинин директору Кази Монирул Ислам: «Эне бирөөгө өмүр бериш үчүн өз өмүрүн тобокелге салат»,— деген. Бактыга жараша, аялдарга боюнда бар кезинде, төрөт учурунда жана андан кийин зарыл медициналык жардам көрсөтүүнүн аркасында көптөгөн кыйынчылыктардан качууга жана төрөт учурунда өлүмдүн азыраак болушуна шарт түзүлүүдө. Бирок, эң негизгиси, болочок эне өзү да ден соолугуна жакшы кам көрүшү керек. Анткени мындан баланын ден соолугу көз каранды.

[Шилтемелер]

^ 10-абз. Түп нускада бул аяттарда эненин же курсакта жаткан баланын өлүп калышы мүмкүн болгон жагдай тууралуу айтылган.

^ 20-абз. « Төрөткө даярдык көрүү» деген кутучаны карагыла.

^ 21-абз. Жахабанын Күбөлөрү алдын ала Ооруканалар менен байланышуу комитетине (ОБК) кайрыла алышат. Ал комитеттин мүчөлөрү догдурларды кансыз дарылоо ыкмалары тууралуу маалыматтар менен камсыз кылышат. ОБКнын мүчөлөрү ошондой эле бейтаптын укугун сыйлаган, кансыз дарылоо ыкмаларын колдонуу жагынан тажрыйбасы бар догдурларды табууга жардам беришет.

^ 24-абз. Бүйлө оорулары боюнда бар аялды преэклампсия оорусуна чалдыктырышы мүмкүн экени толук далилдене элек болсо да, ооз көңдөйүнө жана тиштерге жакшы кам көрүү акылдуулукка жатат.

[27-беттеги кыстырма]

2007-жылдын октябрь айындагы билдирүүгө ылайык, төрөттөн болжол менен минутасына — бир аял, жылына 536 000 аял каза табат (Бириккен Улуттар Уюмунун элдик фонду).

[28-беттеги кыстырма]

«Жыл сайын 3,3 миллион бала өлүү төрөлсө, 4 миллиондон ашууну 28 күндүн ичинде чарчап калат» («БУУнун хроникасы»).

[29-беттеги кутуча]

 ТӨРӨТКӨ ДАЯРДЫК КӨРҮҮ

1. Алдын ала баарын таразалап, кайсы төрөт үйүндө төрөөрүңдү, кайсы догдурга көрүнөрүңдү аныктап ал.

2. Догдуруңа дайыма барып көрүнүп тур. Аны менен достук мамиле өрчүт.

3. Ден соолугуңа жакшылап кам көр. Зарыл болсо, догдур кеңеш кылган витаминдерди ичип тур. Бирок догдур уруксат бермейинче ар кандай дары-дармектерди (догдурдун уруксатысыз ичүүгө болгон дарыларды да) ичүүдөн сак бол. Спирт ичимдиктерин такыр ичпей эле койгонуң оң. Ичимдикти кыянат пайдалануу жана аракечтик боюнча Америка улуттук институту билдиргендей, «ичимдикти көп ичүү түйүлдүккө коркунуч туудурары баарына маалым болсо да, канча өлчөмдөгү ичимдик курсактагы балага коркунуч туудурбай турганы так аныктала элек».

4. Толгооң мөөнөтүнөн эрте башталса (37 жумага жетпей), тезинен догдуруңа кайрыл. Андайда көрсөтүлгөн тез жардам мөөнөттөн эрте төрөөнү жана аны менен байланышкан кыйынчылыктардын алдын алууга жардам берет *.

5. Дарылоо ыкмаларына байланыштуу чечимдериңди документ түрүндө жазып кой. Маселен, көптөр алдын ала толтурулган «Эрк билдирүү» документин жанына алып жүрүүнүн пайдалуу экенине ынанышкан. Сен жашаган өлкөдө юридикалык күчкө ээ дагы кандай чараларды көрүүгө болорун билип ал.

6. Төрөттөн кийин өзүңдүн жана балаңдын ден соолугуна жакшылап кам көр. Бул, өзгөчө, баласы ара төрөлгөндөр үчүн абдан маанилүү. Кандайдыр бир көйгөйдү байкасаң, дароо педиатрга кайрыл.

[Шилтеме]

^ 41-абз. Ай күнүнө жетпей төрөлүп, организми эритроциттерди жетиштүү түрдө бөлүп чыгара албагандыктан аз кандуулукка чалдыккан балдардын ата-энелерин догдурлар балага кан куйдуруу зарыл деп мажбурлашы мүмкүн.