Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Депрессия болгондор өздөрүн кандай сезишет?

Депрессия болгондор өздөрүн кандай сезишет?

Депрессия болгондор өздөрүн кандай сезишет?

«БИР жолу эртең менен туруп, керебетимдин четине отуруп алып: „Өлүп эле алсамбы?“ — деп ойлондум. Анда мен 12 жашта элем»,— деп эскерет Жеймс *. Ал ошондо оор депрессиядан кыйналып жүргөн экен. Андан бери 30 жыл өтсө да: «Жан дүйнөмдү кыйнаган, мээмди чарчаткан бул дарт менен күнүгө күрөшүп келем»,— дейт Жеймс. Жаш кезинде өзүн ушунчалык эч нерсеге татыксыз сезгендиктен, ал бала чагындагы сүрөттөрүн айрып таштаган. «Өзүм жөнүндө эстелик калтырууга да татыксызмын деп ойлогом»,— дейт ал.

Баарыбыздын эле кез-кезде көңүлүбүз чөгөт. Ошондуктан депрессия деген эмне экенин жалпы жонунан билебиз деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок депрессия менен ооругандар чынында өздөрүн кандай сезишет?

Ырайымсыз жоо

Жүзүбүзгө көлөкө түшүп, эч нерсеге көңүлүбүз чаппай калган учурлардын баарын эле депрессия деп айтууга болбойт. Депрессия — адамга күнүгө эле кылып жүргөн иштерин өзүнчө эле опол тоого айланткан олуттуу оору.

Альваро 40 жылдан бери «коркуу сезиминен, чар-жайыт ойлордон, кыжырдануудан, жанга баткан кайгыдан» кыйналып келет. Ал мындай дейт: «Депрессиянын айынан башкалардын сөздөрүн жүрөгүмө өтө жакын ала берем. Туура эмес нерсенин баары эле менин айыман болуп жаткандай сезиле берет». Альваро депрессияны мындайча сүрөттөйт: «Бир жериң сыздап жаткандай сезилет, бирок кайсы жериң экени белгисиз. Өзүнчө эле коркунуч баса берет, бирок эмне үчүн андай болуп жатканын түшүнбөйсүң. Баарынан жаманы, андай сезимдериң тууралуу эч кимге айткың келбейт». Эмне себептен кыйналып жатканын түшүнгөндө Альваро бир аз жеңилдей түшкөн. «Мындай дарт менен башкалар да күрөшүп жатканын билгенде мурдагыдай кыйналбай калдым»,— дейт ал.

Бразилияда жашаган 49 жаштагы Мариянын депрессиянын айынан уйкусу качат, жан дүйнөсү сыздайт, кыжырданат. Ага «көңүлү эч качан көтөрүлбөчүдөй» сезилет. Жан кейиткен азабынын аты бар экенин билгенде Мариянын көңүлү тынчый түшкөн. «Бирок айрымдардын депрессия эмне болгон оору экенин анча түшүнө бербегени, аны уяттуу оорудай көрүшкөнү жараатымды ого бетер ырбатат»,— дейт ал.

Себеп жок болсо деле...

Кээде депрессия кандайдыр бир белгилүү себептерден улам өрчүйт. Бирок көп учурда ал адамдын жашоосуна эшик чертпей эле, капысынан кирип келет. «Эч кандай себепсиз эле кайгынын кара булуту каптап кирет,— деп сезимин билдирет түштүк африкалык Ричард.— Эч ким өлбөсө деле, эч кандай алаамат иш болбосо деле өзүңөн өзүң зээниң кейип, баарына кайдыгер карап, көңүлүң чөгө берет. Ал кара булут эч качан тарабачудай сезилет. Баарын таштап, качып кеткиң келет, бирок эмне үчүн экенин түшүнбөйсүң».

Депрессия менен ооруган адамдын уялышына эч кандай деле себеп жок. Бирок бразилиялык Анна өзүнүн депрессия менен ооруп жатканын билгенде аябай уялган. «Сегиз жыл өтсө да, ооруман дагы деле уялып, кысынам»,— дейт ал. Көп учурда Анна көкүрөгүнө толуп, жан дүйнөсүн эзген сезимдерин башкара албай кыйналат. Ал: «Кээде эркиме баш ийбеген ойлор ушунчалык күч алганда, тула боюм ымыр-чымыр болуп, сай-сөөгүм сыздагансыйт»,— деп бөлүшөт. Андай учурларда анын төшөктөн баш көтөрүүгө дарманы жетпей калат. Кээде анын токтоно албай ыйлай берген учурлары да болот. «Өксөп ыйлай берип, шайым ооп калат, ошондо денемде кан жүгүрбөй калгандай сезилет»,— дейт Анна.

Ыйык Китепте көңүл чөгүүнүн кооптуу экени айтылат. Муну билгендиктен элчи Пабыл бир кишиге тынчсызданып, «кайгыга чөгүп кетпеши үчүн» ага жардам көрсөтүлүшү керектигин айткан (2 Корунттуктар 2:7). Айрымдар депрессиядан ушунчалык кыйналгандыктан, өлүмдү эле самап калышат. Аларга Жунус пайгамбардыкындай: «Жашагандан көрө, өлгөнүм артык»,— деген сыяктуу ойлор келиши мүмкүн (Жунус 4:3).

Депрессия менен кантип күрөшүүгө болот?

[Шилтеме]

^ 2-абз. Бул катар макалаларда ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[3-беттеги кыстырма]

«Эч кандай себепсиз эле кайгынын кара булуту каптап кирет»