Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдар интернетти колдонууда—Ата-энелер эмнелерди билиши керек?

Балдар интернетти колдонууда—Ата-энелер эмнелерди билиши керек?

Балдар интернетти колдонууда—Ата-энелер эмнелерди билиши керек?

БУГА чейин балдар Интернетти колдонууда коркунучтарга кабылбашы үчүн, зыяндуу, шектүү веб-сайттарга кирбеши үчүн, компьютерди көзгө көрүнүктүү жерге коюу эле жетиштүү деп эсептелип келген. Бул ыкма азыр деле натыйжалуу. Балдардын Интернетти өздөрүнүн бөлмөсүндө жалгыз колдонушуна жол бербөө керектигине баары эле кошулат. Бирок бул баланы Интернеттин зыяндуу таасиринен толугу менен коргобойт. Анткени байланыш тармагындагы азыркы жетишкендиктер балдарга каалаган жеринен Интернет тармагына кошулууга шарт түзүүдө. Атүгүл көптөгөн чөнтөк телефондор аркылуу Интернетке туташууга болот. Анын үстүнө, азыр Интернет-кафелер, Интернет-киосктор, китепканалар көп. Же балдар, жок эле дегенде, досунукунан Интернетке чыга алат. Ушу сыяктуу мүмкүнчүлүктөр көп болгондуктан, балдар Интернетти кантип колдонуп жүргөнүн ата-энесинен оңой эле жашырып коюшу ыктымал.

Келгиле анда, жаштарды Интернеттен эмнелер кызыктырарын жана алардын коркунучтуу жактарын карап көрөлү.

ЭЛЕКТРОНДУК БИЛДИРҮҮ

Ал эмне? Электрондук почта аркылуу жиберилүүчү кат-кабар.

Ал эмнеси менен кызыктырат? Электрондук почта аркылуу достор, үй-бүлө мүчөлөрү менен тез аранын ичинде, көп акча кетирбей эле кабарлашууга болот.

Ал жөнүндө эмнелерди билишиңер керек? Кат алуучунун макулдугусуз эле жөнөтүлө берилүүчү, көп учурда «спам» деп аталган маалыматтар тажатып эле тим болбойт. Адатта, аларда уят нерсенин чети чыгарылат же ачык эле адеп-ахлаксыздык камтылат. Андай каттарды алгандар, анын ичинде ишенчээк балдар андагы шилтемелерге кайрылуу менен өздөрү жөнүндө маалымат берип коюшу ыктымал, ал эми бул алардын жеке маалыматынын уурдалышына алып келиши мүмкүн. Андай электрондук билдирүүлөргө жооп берүү, атүгүл андай каттарды жөнөтпөөнү талап кылып жазуу да электрондук даректин активдүү экенин көрсөтөт. Мунун аркасында кат алуучунун макулдугусуз эле жөнөтүлүүчү каттар ого бетер көп келиши мүмкүн.

ВЕБ-САЙТ

Ал эмне? Уюмдар, билим берүү мекемелери, компаниялар жана жеке адамдар тарабынан түзүлүп, колдоо көрсөтүлүп турган электрондук барактардын жыйындысы.

Ал эмнеси менен кызыктырат? Миллиондогон сайттар жаштарга бир нерсе сатып алууга, изилдөө жүргүзүүгө, достору менен баарлашууга, ар кандай оюндарды ойноого, музыка угууга жана аларды көчүрүп алууга чексиз мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Ал жөнүндө эмнелерди билишиңер керек? Веб-сайттарды ар кандай бузуку адамдар колдонот. Сайттардын көбүндө ачык эле секс чагылдырылат, ошондуктан Интернетти колдонуп жаткандар байкабай эле андай сайттарга урунушу мүмкүн. Маселен, Кошмо Штаттарда 8—16 жашка чейинки жаштарды сурамжылашканда, алардын 90 пайызы Интернетти колдонууда байкабай эле порнографияга кабылганын жана ага көбүнчө үй тапшырмасын аткарып жатканда туш болгонун айтышкан.

Интернет тармагында өспүрүмдөр кумар оюндарын ойноого мүмкүнчүлүк түзгөн сайттарга да оңой эле кире алышат. Канадада жүргүзүлгөн бир сурамжылоодо 10, 11-класста окуган эркек балдардын дээрлик ар бир төртүнчүсү андай сайттарга киргенин айткан. Адистердин буга тынчсызданып жатышканы таң калыштуу эмес, себеби Интернеттеги кумар оюндарын ойногондор ага көз каранды болуп калышат. Андан тышкары, анорексияны жактаган сайттар да аз эмес *. Ошондой эле диний же этностук топторду жек көрүүгө үндөгөн сайттар бар. Кээ бир сайттар бомба жасоого, уу даярдоого жана террордук чабуул жүргүзүүгө үйрөтөт. Ал эми Интернеттеги электрондук оюндар барып турган мыкаачылыкка, кан төгүүгө жык толгон.

ЧАТ

Ал эмне? Кайсы бир темада кимдир бирөө менен текст аркылуу түздөн-түз пикир алышууга шарт түзгөн веб-сайттардагы электрондук орун.

Ал эмнеси менен кызыктырат? Балаңар чат аркылуу өзү тааныбаган, бирок кызыккан нерселери окшош адамдар менен аңгемелеше алат.

Ал жөнүндө эмнелерди билишиңер керек? Ниети бузук адамдар балдарды Интернет аркылуу же атүгүл бетме-бет кезигип, жыныстык катнашта болууга азгыруу үчүн чаттарды колдонушат. «Балдарыңар Интернетте эмне менен алек болуп жатат?» аттуу китептин бир жазуучусу Интернетти колдонуунун кооптуу жактарын изилдеп жатып, эмнеге туш болгонун карап көрөлү. Изилдөө жүргүзүп жатканда ал өзүн 12 жашар кыз кылып көрсөтүп, чатка кирген. «Дароо эле,— делет ал китепте,— кимдир бирөө аны жеке чатка чакырган. Ал ошол чатка кантип кирүүнү билбей турганын айтканда, „жаңы досу“ ага кирүүнүн жолун көрсөтүп берген. Анан ал киши андан [Интернет аркылуу] жыныстык катнашта болууну каалаар-каалабасын сураган» («What in the World Are Your Kids Doing Online?»).

ФОРУМ

Ал эмне? Эки же андан көп кишинин ортосундагы жазуу түрүндөгү түздөн-түз пикир алышуу.

Ал эмнеси менен кызыктырат? Форумдар колдонуучуга өзү түзгөн тизмедеги досторунун каалаганы менен байланышууга өбөлгө түзөт. Канадада жүргүзүлгөн изилдөө көрсөткөндөй, ал жактагы 16—17 жаштагы улан-кыздардын 84 пайызы форумдарда достору менен аңгемелешүүгө күнүнө бир сааттан ашык убакыт коротушат.

Ал жөнүндө эмнелерди билишиңер керек? Форумдардагы маектешүүлөр балдарыңарды сабак окуудан же көңүл коюуну талап кылган башка иштерден алаксытат. Анын үстүнө, кызыңардын же уулуңардын ким менен сүйлөшүп жатканын билбейсиңер, алардын эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканын да уга албайсыңар.

БЛОГ

Ал эмне? Электрондук күндөлүк.

Ал эмнеси менен кызыктырат? Электрондук күндөлүккө жаштар өздөрүнүн ойлорун, сезимдерин, эмне менен алек болуп жаткандарын жаза алышат. Блогдордун көбү алардын жазгандарына карата башка окурмандарга ойлорун билдирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошон үчүн көптөгөн балдар аларга башкалардын кандай жооп жазганын билүүгө куштар болушат.

Ал тууралуу эмнелерди билишиңер керек? Блогдорду кеңири окурмандар окуй алышат. Кээ бир жаштар байкабай эле үй-бүлөсү, мектеби же үйүнүн дареги тууралуу маалымат берип коюшат. Андан тышкары, блогдор адамдын, анын ичинде блог ээсинин беделин түшүрүшү мүмкүн. Мисалы, айрым жумуш берүүчүлөр кимдир бирөөнү жумушка алардан мурун анын блогун карап чыгышат.

КООМДУК ИНТЕРНЕТ ТАРМАКТАРЫ

Ал эмне? Жаштарга веб-барактарын түзүүгө жана аларга сүрөттөрдү, видеолорду жана блогдорду киргизүүгө мүмкүндүк берген сайттар.

Ал эмнеси менен кызыктырат? Веб-барагын жаратуу жана аны ар кандай жолдор менен жакшыртуу жаштарга өздөрүнүн шык-жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүүгө өбөлгө түзөт. Коомдук Интернет тармактарынан улан-кыздар көптөгөн жаңы «досторду» табышат.

Ал жөнүндө эмнелерди билишиңер керек? «Интернеттеги коомдук тармактарды отуруштарга салыштырууга болот,— дейт Жоанна аттуу кыз.— Аларга кара ниет кишилер да келиши мүмкүн». Коомдук тармактардагы жеке маалыматтарды ыймансыз жаштар да, чоңдор да өз кызыкчылыгына колдонушу ыктымал. Ошол себептен Интернетти колдонуунун коопсуздугун изилдеген Перри Афтаб деген адистин андай сайттарды «башкаларды жыныстык ыпыластыкка азгырган адамдарга каалаганын сатып алууга мүмкүндүк берген чоң дүкөнгө» салыштырганы жөндүү.

Андан сырткары, Интернеттеги достук мамилелер, адатта, жасалма эле болот. Айрым жаштар башкалардын алдында кыйын көрүнүш үчүн эле веб-барактарына өздөрү эч качан бетме-бет жолукпаган адамдардын байланыш маалыматтарын топтой беришет. Кендис Келси өзүнүн китебинде балдардын «адамдын кадыр-баркын аны жактыргандардын саны менен гана аныктап калышканын» жазган («Generation MySpace»). Ал: «Мындай көз караш балдарыбызды кандай жол менен болбосун көбүрөөк дос табууга түртүп, адамдык сапаттардан ажыратууда»,— деп кошумчалаган. Ошондуктан «Балдарыңар Интернетте эмне менен алек болуп жатат?» деген китепте мындай жүйөлүү суроо берилген: «Интернет дүйнөсү балдарга тез эле жаңы адамдар менен таанышып, кайра бат эле мамилесин үзүүгө жол берип жатса, аларды сезимтал, боорукер болууга кантип үйрөтөсүң?» («What in the World Are Your Kids Doing Online?»).

Булар бүгүнкү күндө улан-кыздарды Интернеттен кызыктырган нерселердин алтоо гана. Эгер балдарыңар бар болсо, аларды Интернетти колдонуудагы коркунучтардан кантип коргой аласыңар?

[Шилтеме]

^ 12-абз. Андай сайттардын жана уюмдардын көбү анорексияга үндөбөйбүз деп ырасташат. Анткен менен алардын айрымдары анорексияны оору катары эмес, кадимки эле жашоо мүнөзү катары көрсөтүшөт. Ал сайттарда балдардын ата-энесинен чыныгы салмагын жана туура тамактанбай жүргөнүн кантип жашырса болоруна байланыштуу маалыматтар берилет.

[4-беттеги кыстырма]

Индияда Интернетти колдонгондордун саны кескин түрдө, бир эле жылдын ичинде 54 пайызга, өстү. Алардын көбү — жаштар

[7-беттеги кыстырма]

«Ата-энелер веб-камера* балдарга достору, туугандары менен жөнөкөй, арзан жол менен баарлашууга шарт түзөт деп эсептеши мүмкүн, бирок ниети бузук адамдар үчүн ал — балдардын бөлмөсүнө кенен ачылган терезе».

Роберт Мюллер ІІІ, Федералдык тергөө бюросунун директору