Купуялуулук жөндөөлөрү

Сайтты колдонуу ыңгайлуу болушу үчүн биз cookie файлдарын жана башка ушу сыяктуу программаларды колдонобуз. Айрым cookie файлдары веб-сайтыбыз тийиштүү түрдө иштеши үчүн зарыл жана алардан баш тартууга болбойт. Сиз сайтыбызды жакшыртууга шарт түзгөн кошумча cookie файлдарын колдонууга макулдугуңузду бере аласыз же алардан баш тарта аласыз. Биз чогулткан маалыматтар эч качан сатылбайт, маркетинг үчүн колдонулбайт. Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Cookie файлдарын жана ушу сыяктуу программаларды колдонуу боюнча бүткүл дүйнөлүк саясат» деген макаланы окуңуз. Каалаган учурда «Купуялуулук жөндөөлөрүнө» кирип, cookie файлдарын өзүңүзгө ылайыктап жөндөп койсоңуз болот.

Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бул китепти баары окуп чыкса кана!»

«Бул китепти баары окуп чыкса кана!»

«Бул китепти баары окуп чыкса кана!»

Бир кыз «Жахабага жакында» деген китепти окуп чыккандан кийин ушул сөздөрдү жазууга түрткү алган. Анан: «Азыр мен Жахаба сүйүүсүн кандай жолдор менен көрсөтөрүн айкын түшүндүм. Ошондуктан мен да башкаларга көбүрөөк сүйүү көрсөткүм келет»,— деп кошумчалаган. Ушул китеп үчүн ыраазы болгон дагы бир окурман мындай деген: «Бул адабиятты окуудан кандай көп пайда, ырахат алганымды сөз менен айтып жеткире албайм... Аны окуу мага дем-шык берди».

«Жахабага жакында» китеби төрт чоң бөлүктөн турат. Аларда Жахабанын негизги төрт сапаты — күчү, адилеттиги, акылмандыгы жана сүйүүсү — талкууланат. «Бул китеп мага асмандагы Атамдын эң сонун сапаттары жөнүндө билүүгө жардам берди. Ошондой эле Анын ыйык рухунун жашоомо таасир этишине жол берсем, мен да ал сапаттарды өрчүтө аларымды түшүндүм»,— дейт бир окурман.

«„Кечирүүгө даяр“ Кудай» деп аталган 26-бөлүмүн окуган соң, Жоанна аттуу польшалык кыз: «Бул китептен баалуу кенчтей ойлорду таптым. Алар мен үчүн чоң ачылыш болду»,— деген.

Силер да 320 беттен турган бул китептен көп пайда, сооротуу аларыңарга ишенебиз. Аны алууну кааласаңар, төмөндөгү купонду толтуруп, журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине салып жиберсеңер болот.

□ Бул китепти ... тилинде алууну каалайм.

□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.