Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чыгарган чечимиме өкүнбөйм

Чыгарган чечимиме өкүнбөйм

Чыгарган чечимиме өкүнбөйм

Айтып берген — Соня Акуна Кьюведо

Мага банктан мурункудан да жакшыраак жумуш сунуш кылышты. Барк десең — барк, акча десең — акча. Бирок дал ошол учурда алыстагы жыйналыштардын бирине жалпы пионер болуп кызмат кылууга чакырылган элем. Андан бери отуз эки жыл өттү. Ошондо чыгарган чечимиме азыр кымындай да өкүнбөйм.

АПАМ рим-католик динин тутса да, чиркөөнүн окуулары менен макул эмес эле. Ал адамдар эмне үчүн сөлөкөттөргө — колдон жасалган нерселерге — сыйынышы керектигин түшүнчү эмес. Чындыкты издеп, улам бир чиркөөгө барып жүрдү, бирок эч жерден суроолоруна жооп таба алган жок.

Биз Тустла (Мексика) шаарында турчубуз. Күндөрдүн биринде апам эшиктин алдында эс алып отурганда, Жахабанын Күбөсү кабар айтып келет. Ал апамдын суроолорунун баарына Ыйык Китептин негизинде жооп берет. Бул апама абдан таасир эткендиктен, аны менен кайра жолугууга макул болот. Күбө бир нече күндөн кийин кайра келгенде, үйдө апам менен чогуу адвентист дининин жетекчиси, католик дин башчысы жана назарян дининин өкүлү күтүп отурган эле. Апамдын ишемби тууралуу мыйзамды сактоого байланыштуу суроосуна Ыйык Китептин негизинде Күбө гана канааттандырарлык жооп берет. Кызыктуусу, Ыйык Китепти Күбөдөн башка эч ким ала келбептир. Ошентип, апам Ыйык Китепти алты ай изилдеген соң, 1956-жылы чөмүлтүлүп, Жахабанын Күбөсү болот. Анда мен сегиз жашта элем.

Атамдын тынчсызданышы

Атам апамдын Ыйык Китепти изилдеп жатканына каршы эмес болчу. Бирок апам төртөөбүз менен — эки уулу жана эки кызы менен — Ыйык Китепти изилдеп, баарыбызды жыйналышка алып бара баштаганда, атам адабияттын баарын жок кылып салган. Күбөлөр Кудайдын ысмы Жахаба деп өздөрү жазып алып, бизди адаштырып жатат деп ойлогон атам өзүнүн оюнун тууралыгын католиктердин Ыйык Китебин колдонуп далилдөөгө аракет кылат. Апам ага ошол китептен Кудайдын ысмын көрсөткөндө, атам аябай таң калат. Ошондон кийин ал Жахабанын Күбөлөрүнө болгон көзкарашын өзгөртөт (Забур 82:19).

Мексикада кыздар 15 жашка чыкканда, туулган күн өзгөчө белгиленет. Бирок туулган күндү белгилөө Кудайга жакпаарын билген соң, мен аны белгилебөөнү чечтим *. Ошентсе да атам болбой эле белек берем деп туруп алды. Мен ага: «Мени менен Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйынына барсаң, бул мен үчүн чоң белек болот»,— дедим. Ал макул болду. Ошондон тартып анын Ыйык Китепке болгон кызыгуусу өсө баштады.

Бир жолу түнүчүндө катуу шамалдан кийин атам жерде жаткан электр зымынан токко урунуп, ооруканага жатып калат. Ошондо жергиликтүү жыйналыштагы Жахабанын Күбөлөрү ага 24 саат бою кам көрүшөт. Алардын көрсөткөн биртуугандык сүйүүсү атама абдан таасир берген. Кийинчерээк атам кабар айтуу кызматына катыша баштады. Андан кийин өзүн Жахабага арноону чечти. Өкүнүчтүүсү, ал 1975-жылы 30-сентябрда, чөмүлтүлөрүнө бир ай калганда, көз жумду. Биз атам тириле турган убакты чыдамсыздык менен күтүп жатабыз (Элчилер 24:15).

Үйбүлөдөгү маанай

Кармэн, менин эжем, толук убакыттагы кызматты дайыма жогору баалачу. 1967-жылы чөмүлтүлгөнүнөн көп өтпөй эле, ал жалпы пионер болуп, ай сайын 100 сааттай кабар айтчу. Кийинчерээк ал Борбордук Мексикадагы Толука шаарына көчүп барат. Мен болсо мектепти бүткөндөн кийин банкта иштеп калдым. 1970-жылы 18-июлда өзүмдү Жахабага арнап, чөмүлтүлдүм.

Кармэн жалпы пионер болуп кызмат кылуудан чоң кубаныч алчу. Мени да өзү кызмат кылган Толука шаарына чакырып, кызматымды кеңейтүүгө үндөчү. Бир жолу бир баяндамада Ыйсанын жолдоочулары өздөрүнүн рухий мурасын Кудайды даңктоо үчүн колдонушу керектиги тууралуу айтылган. Ошол баяндама мага аябай таасир этти (Матай 25:14—30). «Мага берилген рухий белектерди толук пайдаланып жатамбы?» — деп ойлондум. Бул мага Жахабага көбүрөөк кызмат кылууга түрткү берди.

Маанилүү чечим чыгаруу

1974-жылы мен башка жыйналышка пионер болуп кызмат кылууга дайындалдым. Андан көп өтпөй эле жумушума Толукадан бир аксакал телефон чалып: «Биз сени күтүп жатабыз. Эмне үчүн келбей жатасың?» — деп сурады. Көрсө, мен Толука шаарына атайын пионер болуп кызмат кылууга дайындалыптырмын, бирок ал тууралуу кат мага жетпей калыптыр. (Атайын пионерлер өз ыктыяры менен Жахабанын уюму дайындаган жерде кызмат кылышат.)

Мен ошол замат деректириме барып, жумуштан чыгарымды билдирдим. Анда ал колундагы кагазды көрсөтүп: «Соня, коё турсаң,— деп сөзүмдү бөлдү да,— биз сага жети талапкердин ичинен деректирдин жардамчысы болуп шайланганыңды айталы дегенбиз. Буга чейин биздин компанияда мындай жоопкерчилик аял кишиге берилген эмес. Эми ушундай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарасыңбы?» — деди. Башында айтканымдай, макул болсом, баркка да, байлыкка да ээ болмокмун. Бирок мен деректириме ыраазычылык билдирип, Кудайга көбүрөөк кызмат кылууну чечкенимди айттым. «Андай болсо мейли, бирок кайра иштейм десең, сен үчүн эшик дайыма ачык»,— деди. Ошентип, эки күндөн кийин Толукага жөнөдүм.

Мексикада атайын пионер болуп кызмат кылуу

Толукада Кармэн менен чогуу кызмат кыла баштадым. Анын ал жерде атайын пионер болуп кызмат кылганына эки жыл болгон. Экөөбүз кайрадан бирге кызмат кыла баштаганыбызга абдан кубандык! Бирок кызматташуубуз көпкө созулган жок. Мен ал жакка барганыма үч ай болгондо, апам кырсыкка учурап, аны кароого туура келди. Филиал менен байланышып кеңешкен соң, апама Кармэн кам көрмөй болду. Ал апамды 17 жыл бою карады. Ошол убакта Кармэн жалпы пионер болуп кызмат кылгандыктан, апамды кароосуз калтырбоо үчүн ыйык китептик изилдөөлөрдү үйдөн өткөрүүгө аракет кылчу.

1976-жылы Текамачалко шаарында кызмат кыла баштадым. Шаардын бир бөлүгүндө кедей-кембагалдар, ал эми экинчи бөлүгүндө жалаң байлар турушчу. Ошол шаардан жашы өр тартып калган, турмуш курбаган бир аял менен таанышып, Ыйык Китепти изилдей баштадым. Анын иниси абдан бай эле, ал ошонун үйүндө турчу. Бир күнү ал инисине Жахабанын Күбөсү болорун айтат. Ошондо иниси аны үйдөн кууп чыгам деп коркутат. Бирок ал момун аял ага карабай чөмүлтүлөт. Акыры иниси айтканындай эле эжесин үйүнөн кууп чыгат. 86 жашта болсо да, ал толугу менен Жахабага таянган. Ишенимдүүлүгүн сактаган ал апанын өмүрүнүн акырына чейин жыйналышындагылар ага кам көрүшкөн.

Гилат мектебине, андан кийин Боливияга

Текамачалкодо эң сонун күндөр өттү. Ал жакта беш жыл кызмат кылгандан кийин Мексикада биринчи жолу өткөрүлгөн Гилат мектебине чакырылдым. Адатта, андай мектеп Нью-Йоркто гана өткөрүлөт. Апам менен Кармэн менин ал жакка барышымды аябай каалашты. Ошентип, мен Мехико шаарындагы филиалда он жума окудум. Бул жашоомдогу эң сонун учурлардын бири болду. 1981-жылы 1-февралда окуубуз аяктаган соң, мен Энрикетта Айяла (азыр Фернандес) менен Боливиянын Ла-Пас шаарына кызмат кылууга дайындалдым.

Ла-Паска келгенибизде бизди тосуп алчу биртуугандар жок экен. Убактыбызды бекер коротпойлу деп, аэропорттон кабар айта баштадык. Элдер абдан жакшы угушту. Үч сааттан кийин тосуп алчу биртуугандар келишти. Көрсө, алар шаарда карнавал болуп, машинелердин көптүгүнөн өтө албай кечигип калышыптыр.

Булуттардын үстүндө

Ла-Пас деңиз деңгээлинен 3625 метр бийиктикте жайгашкан. Ошол себептүү көпчүлүк учурда булуттар тээ ылдыйда калат. Ал жактын абасында кычкылтек аз болгондуктан, дем ала албай, бир аз баскандан кийин эле чарчап калчумун. Андай бийиктикке бир жылга чейин көнө албай жүрдүм. Бирок Жахабанын берген баталары бардык кыйынчылыктарымдан ашып түштү. Бир жолу эртең менен, 1984-жылы, бийик тоонун үстүндөгү үйгө бардым. Араңдан зорго жетип, эшигин тыкылдатсам, бир аял чыкты. Аны менен жакшы маектешкен соң, бир нече күндөн кийин кайра келеримди айттым.

«Келе албайсың го...» — деп шектенди ал. Бирок мен сөзүмө турдум. Кайра барганымда ал аял кызы менен Ыйык Китепти изилдөөнү суранды. «Бул ата-эненин милдети, бирок кааласаңыз мен сизге жардам бере алам»,— дедим. Ал макул болуп, аны менен да ыйык китептик изилдөө баштадым. Ал аял сабатсыз болгондуктан, ушундай адамдар үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Окууга жана жазууга машык» деген китепчени окуй баштадык.

Убакыттын өтүшү менен ал аял сегиз балалуу болду. Мен алардыкына барып, кайра кетеримде балдары бири-бири менен кармашып алып, мага тоодон ылдый түшүүгө жардам беришчү. Бара-бара үйбүлөсүнүн баары: атасы, апасы жана сегиз баласы Жахабага кызмат кыла башташты. Азыр үч кызы пионер, бир баласы жыйналышта аксакал болуп кызмат кылат. Күйөөсү болсо, 2000-жылга чейин, өмүрүнүн аягына чейин, жыйналышта кызмат жардамчы болуп кызмат кылган. Ал үйбүлөнүн Кудайга болгон берилгендигин эстеген сайын кубанам. Аларга жардам берүүгө мени колдонгону үчүн Жахабага абдан ыраазымын.

Кайрадан чогуубуз

1997-жылы апам каза болгондон кийин, Кармэн кайрадан атайын пионер болуп кызмат кыла баштады. 1998-жылы Боливиянын Кочабамба шаарына, мен кызмат кылган жерге, миссионер катары дайындалды. Ошентип, он сегиз жылдан кийин Кармэн экөөбүз кайрадан бирге кызмат кыла баштадык. Кочабамбада эстен кеткис күндөр өттү. Ал жердин абарайы да абдан жагымдуу эле. Бүгүнкү күндө биз Боливиядагы бийик өрөөндө жайгашкан, калкынын саны 220 000ге жеткен Сукре деген кооз шаардабыз. Католик чиркөөлөрүнүн көптүгүнөн мурун кичине Ватикан делген ал шаарда азыр Жахабанын Күбөлөрүнүн беш жыйналышы бар.

Кармэн экөөбүз биригип 60 жылдан ашуун убакыттан бери толук убакытта кызмат кылып келатабыз. Биз жүздөн ашуун кишиге Кудайга кызмат кылууга жардам бере алдык. Ооба, Жахабага жан-дилиң менен кызмат кылсаң, өмүр бою анын үзүрүн көрөрүң шексиз (Марк 12:30).

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Ыйык Китепте эки гана туулган күн жөнүндө айтылат. Аларды бутпарастар белгилеген жана андай күндөр жаман иштер менен коштолгон (Башталыш 40:20—22; Марк 6:21—28). Кудай Сөзү белектерди кимдир бирөөнүн таасири алдында эмес, чын жүрөктөн тартуулоого үндөйт (Накыл сөздөр 11:25; Лука 6:38; Элчилер 20:35; 2 Корунттуктарга 9:7).

[19-беттеги сүрөт]

Ушул үйбүлө менен изилдөө өткөрүү үчүн бийик тоого чыкчумун

Кармэн (оң жакта) экөөбүз кызматта жүргөндө