Өсүмдүктөрдүн таң калтырарлык түзүлүшү
Өсүмдүктөрдүн таң калтырарлык түзүлүшү
КӨПТӨГӨН өсүмдүктөрдөн спираль түрүндө буралган сызыктарды байкадың беле? Мисалы, ананастын бир жакка багытталган — 8 спираль сызыгы, ал эми карама-каршы жагына багытталган 5 же 13 спираль сызыгы болот. (1-сүрөттү карагыла.) Эгерде күнкараманын себетчесиндеги данектерин карап көрө турган болсоң, бири-бири менен кесилишкен 55 жана 89 сызыкты (же андан да көп сызыктарды) байкайсың. Түстүү капустада да ушундай эле буралган сызыктар бар. Аларды байкагандан кийин жашылча-жемиш сатылган дүкөнгө же базарга баруу алда канча кызыктуураак болот. Өсүмдүктөрдөгү мындай «сайманын» пайда болушун эмне шарттайт? Буралган сызыктардын саны кандайдыр бир мааниге ээби?
Мындай түзүлүш кантип пайда болот?
Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн сабактары, жалбырактары менен гүлдөрү меристема деп аталган өсүү конусунан, борбордогу абдан кичинекей ткандан, өсүп чыгат. Жаңы пайда болгон ар бир түйүлдүк — примордий — борбордон өсүп чыгып өрчүйт. Ал өзүнчө багыт алып, мурунку пайда болгонунан белгилүү бир бурчта жайгашат *. (2-сүрөттү карагыла.) Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн жаңы түйүлдүктөрү мурункуларына карата өзгөчө бурчта жайгашкандыктан, буралган сызыктар, «саймалар», пайда болот. Ал эмне болгон бурч?
Мисалы, сен гүл жасамакчы болдуң дейли. Ан үчүн түйүлдүктөрдү өсүү конусун тегерете, бош жер калтырбай жайгаштырышың керек. Ар бир жаңы түйүлдүктү мурунку түйүлдүктөн 2,5 градустук бурчта жайгаштырууну чечтиң дейли. Анда ар бир бешинчи түйүлдүк бир эле жерден, бир эле багытта өсүп чыкмак. Андай болсо, алар катар-катары менен жайгашып, катарлардын ортосунда боштук калат. (3-сүрөттү карагыла.) Кандай гана жөнөкөй бөлчөктү негиз кылып алба, ал баары бир катарларды пайда кылмак. Демек, себетчени бош орун калтырбай толтуруу мүмкүн
эмес болмок. Түйүлдүктөрдүн тыгыз, туура жайгашышына болжол менен 137,5 градуска барабар «алтын бурч» гана шарт түзөт. (5-сүрөттү карагыла.) Бул бурчтун өзгөчөлүгү эмнеде?«Алтын бурч» — баарынан ылайыктуу бурч. Себеби аны жөнөкөй бөлчөк катары берүү мүмкүн эмес. 5/8 бөлчөгү ошол бурчтун чоңдугуна жакын, 8/13 андан да жакын, 13/21 абдан жакын болсо да, мындай жөнөкөй бөлчөктөр «алтын» катышты түзө албайт. Ошондуктан меристемада жаңы түйүлдүк мурункусуна карата алиги так белгиленген бурч боюнча жайгашса, эки түйүлдүк эч качан бирдей багытта өрчүбөйт. (4-сүрөттү карагыла.) Натыйжада түйүлдүктөр радиус боюнча эмес, спираль түрүндө жайгашат.
Өсүү конусунан чыккан түйүлдүктөрдүн компьютерде жасалган үлгүсүнөн алардын ар биринин ортосундагы бурч абдан так болгондо гана спираль пайда болору көрүнөт. «Алтын бурчтан» 0,1 градуска эле четтеп кетүү «сайманын» бузулушуна алып келет. (5-сүрөттү карагыла.)
Гүлдүн канча желекчеси бар?
Кызыктуусу, ар бир жаңы түйүлдүгү мурункусуна карата «алтын бурч» боюнча жайгашкан өсүмдүктөрдөгү спиралдардын саны Фибоначчинин сандарына барабар. Ал удаалаш сандарды алгач XIII кылымдын математиги Леонардо Фибоначчи түшүндүргөн. Айтылган сандардын катарындагы биринчи сандан кийинкиси мурунку эки сандын кошундусуна барабар: 1, 1, 2, 3, 5, 8, 13, 21, 34, 55...
Спираль түрүндөгү сызыгы бар өсүмдүктөрдүн көбүнүн гүлүнүн желекчелеринин саны Фибоначчинин удаалаш сандарына барабар. Адатта, байчечекейдин — 5, канада бөрү таманынын — 8, күрөң оттун — 13, астранын — 21, кадимки талаа маргариткасынын — 34, жапайы астранын 55 же 89 желекчеси болот. (6-сүрөттү карагыла.) Айрым мөмө-жемиштердин да түзүлүшүнөн Фибоначчи сандары байкалат. Мисалы, банан 5 кырдуу.
«Ал бардык нерсени... сонун кылып жасады»
Сүрөтчүлөр, скульпторлор жана архитекторлор «алтын» катыштын кооз көрүнөрүн эчак эле байкашкан. Өсүмдүктөрдүн түйүлдүгү эмнеге ушул сырдуу бурч боюнча пайда болот? Көптөр аны тиричиликтин жаралышы үчүн аң-сезим талап кылынганынын дагы бир далили деп эсептешет.
Жердеги бардык тирүү организмдердин кандайча түзүлгөнү, жаратылыш дүйнөсүнүн адамды канчалык кубантары жөнүндө ой жүгүрткөндөрдүн көбү анын баарын жашоодон ыракат алышыбызды каалаган Жараткандын кол эмгеги деп билет. Ыйык Китепте Жараткан тууралуу: «Ал бардык нерсени өз убагында сонун кылып жасады»,— деп айтылган (Насаатчы 3:11).
[Шилтемелер]
^ 4-абз. Таң калыштуусу, күнкараманын данекке айлана турган гүлдөрүнүн буралган сызыктардан турган «саймасы» себетченин ортосунан эмес, четинен башталат.
[24-беттеги сүрөт]
Меристема (чоңойтулган)
White flower: Thomas G. Barnes @ USDA-NRCS PLANTS Database