«Учма мээлей» көрдүңөр беле?
«Учма мээлей» көрдүңөр беле?
ФИНЛЯНДИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН
ТЫЙЫНЧЫЧКАН жер шарынын көп бөлүгүн мекендейт. Ал эми тыйын сымалдар тукумуна кирген сибирь абырганы сейрек кездешет *. Аны айрым элдерде «учма мээлей» деп атап коюшат. Бул кичинекей кемирүүчү чынында эле учабы? Ал эмне болгон жаныбар жана эмне үчүн көп көрүнбөйт?
Ал кантип учат?
Бактан бакка секиргенди, дегинкиси, тыйынчычкан аттуунун баары билет. Анткен менен алыска секирүү боюнча алардын бири да абырганга тең келе албайт. Ал 80 метрдей алыстыкка секирет! Кантип?
Абыргандын, кандай инженер-аэродинамикти болбосун, таңыркатарлык жаргагы бар. «Жаргагынын чети салааларына туташ кемирчектер менен тирелип турат,— деп айтылат „Жаныбарлар дүйнөсү“ аттуу китепте.— Бир караганда, жаргагы териден гана тургандай көрүнгөнү менен, ичинде жука булчуңу болот. Ал абырганга конуу үчүн каалгый учуп келатканда аэродинамикалык күчтөрдү эсепке алып багытын өзгөртүүгө мүмкүндүк берет».
Учуп бараткан абырган денеси керилип, өзү жалпак көрүнгөндүктөн, чынында эле, мээлейге окшошуп калат. Ал эми бутакта олтурса, алда канча кенен боз тон кийип алгандай көрүнөт!
Ал эмне үчүн учуп баратканда эч нерсени сүзүп албайт? Анткени денесине куйругу менен багыт берип турат. Бутакка келип конордо денесин парашют катары жазып жиберет да, тик кармайт. Андыктан эсебинен жаңылып кулап кеткен учурлары чанда гана.
Бул жумшак жүндүү «батпирек» жеңил дагы. Чоңдорунун орто салмагы 150 граммга жетип-жетпейт, узундугу болсо, куйругун
эсептебегенде, 20 сантиметрге барат. Кулагы кичине, узун чачысы жок болгондуктан, учканда тоскоолдук кылбайт.«Түнкү учкуч»
Абыргандын көзү укмуш: чоң кара берметчелик бар. Башка тыйын сымалдуулардан айырмаланып, бу жаныбар күүгүмдө жанданат. Андыктан кайыңдын жана башка өсүмдүктөрдүн жалбырагын, сөйкөчөсүн, ийне жалбырактуу бактардын бүчүрлөрүн таап жеш үчүн, көзү курч болушу керек да. Кышкысын азык аз болгондуктан, күзүндө бактын шак-бутактарына, коңулдарына кампача куруп, азык топтойт.
Жазында абыргандар оюн сала башташат. Андайда түштөн кийин чырм этип алууну да унутуп коюшат. Бул маалда алар, негизинен, «тукум улоо» менен алек. Таасирдүү учушу менен эркеги ургаачысынын жактыруусуна ээ болгон соң, экөө уя издөөгө өтүшөт. Алар канаттуулардын бош уясында же бактын коңулунда жашай беришет. Адатта, абыргандардын бир нече уясы болот. Айрымдары кампасы болсо, башкалары — кошумча жатагы. Кээси сарайларга да уя салып алат.
Бирок, башка тыйын сымалдуулардан айырмаланып, алар шаарлардан жаа бою качышат.Жаз аяктап, жай баш багып калганда, абырган-эне эки-үчтү тууйт. Эненин күндүзгү бирден-бир убарасы — балдарын тойгузуу. Туулганда тырмактай гана болгон мөндөлөйлөрү күзүндө уядан учканга жарап калышат.
Көзгө илинбеген жаныбар
Эмне үчүн абырган көп көрүнбөйт? Бир себеби ал — түнкү жаныбар. Бутактан-бутакка дабышсыз секиргендиктен да оңой менен байкалбайт. Анын үстүнө, ал түндүктөгү аралаш токойлорду, Балтика деңизинин жээгинен тартып Орусиянын тайга токойлорунан ары Тынч океанга чейин мекендейт.
Кең токойлуу Сибирде абыргандар өзүлөрүн коопсуз сезет көрүнөт. Ошентсе да токойдун кыйылуусунан улам уя салууга ыңгайлуу орундар азайгандыктан, абыргандар, бактын коңулунда жашаган башка жаныбарлар сыяктуу эле, зыян тартууда. Абыргандар Финляндияда, мекендеген жерлеринин батыш тарабында, Европа Союзунун жарлыгы боюнча, коргоого алынды. Эгер кайсы бир аймактан абырган жолугуп же кыгы табылып калса, кандай курулуш долбоору болбосун, токтотулушу же толук жабылышы ыктымал.
Албетте, абыргандар калтырган кыгы мынчалык жыйынтык берерин аңдашпайт дагы, беймарал жашай беришет. Түндүк токойлорун күүгүм чалганда, кыл мурутун кыбыратып миңдеген майда мурундар бактардын коңулунан кылтыят. Улам бир жерге шамдагай секирип-конуп, оюн салып, абыргандар бир тигинде, бир мында бутак кыймылдатып калышат...
[Шилтеме]
^ 3-абз. Бул тыйын сымалдууларга кирген учуучу жаныбарлардын 30дан ашуун түрүнүн бири гана. Көбү, алардын ичинде көлөмү мышыктыкындай келген абырган — тагуан — да Түштүк-Чыгыш Азиянын токойлорун мекендейт. Африкада жашаган тыйынчычкандардын бир түрү сыртынан абырганга окшош болгону менен, адатта, абырган деп эсептелбейт. Алардын башкы айырмасы — куйругунун учу менен түп жагында гана бир аз жүн өсөт.
[29-беттеги сүрөт]
Сөйкөчөлөр — абыргандардын «чүйгүн тамагы».
[24-беттеги сүрөт]
Сибирь абырганынын мөндөлөйү.
[22-беттеги сүрөттүн булагы]
Ilya Lyubechanskii/BCIUSA.COM
[23-беттеги сүрөттүн булагы]
Squirrels: Benjam Pöntinen
[24-беттеги сүрөттүн булагы]
Squirrels: Benjam Pöntinen