МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ДҮЙНӨ ОҢОЛБОЙ КАЛДЫБЫ?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Дүйнөнүн ушундай үрөй учурарлык абалга келип кептелери кылымдар мурун эле Ыйык Китепте айтылган. Баарынан кызыктуусу, анда адамзатты жаркын келечек күтүп турганы да жазылган. Ыйык Китепти дароо четке какканга шашпагыла, анткени андагы алдын ала жазылган көптөгөн пайгамбарлык сөздөр майда-баратына чейин аткарылган жана аткарылып жатат.
Мисалы, төмөнкү пайгамбарлык сөздөргө көңүл бурсаңар:
-
«Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт, жер-жерлерде ачарчылык, жер титирөө болот» (Матай 24:7).
-
«Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил. Себеби адамдар өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн, мактанчаак, бой көтөргөн, акарат кылган, ата-энесинин тилин албаган, жакшылыкты билбеген, ишенимсиз, жакындарын сүйбөгөн, эпке-сөзгө келбеген, жалаа жапкан, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген, чыккынчы, өз дегенин бербеген, текебер, Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн... адамдар болушат» (2 Тиметей 3:1—4).
Ушул сөздөрдө барган сайын башкарылгыс болуп бараткан дүйнө таамай сүрөттөлгөн. Дүйнө чындап эле адамдардын колунан чыгып баратат. Ыйык Китепте көйгөйлөрдү чечүүгө адам баласынын акылы да, кудурети да жетпей турганы айтылган. Муну төмөнкү аяттардан көрүүгө болот:
-
«Адамга түз болуп көрүнгөн жол бар, бирок акырында ал өлүмгө алып барат» (Накыл сөздөр 14:12).
-
«Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келерин түшүндүм» (Насаатчы 8:9).
-
«Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт» (Жеремия 10:23).
Адамдарды өз эркине коюп койсо, дүйнөнүн жакында астын-үстүн болору шексиз. Бирок мындай нерсе эч качан болбойт! Эмне үчүн? Ыйык Китепте мындай делет:
-
Кудай «жерди бекем пайдубалга орноткон», «ал кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө козголбойт» (Забур 104:5).
-
«Бир муун өтүп, бир муун келет, жер болсо түбөлүктөн түбөлүккө турат» (Насаатчы 1:4).
-
«Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат» (Забур 37:29).
-
«Дан жер бетинде мол болот, тоолордун чокусу эгинге толот» (Забур 72:16).
Галатиялыктар 6:7). Ошентсе да дүйнө зуулдап жүрүп бараткан, башкарылгыс болуп калган жана акыры кырсыкка учурай турган поездге окшош эмес. Кудай адамдардын өздөрүн өздөрү орду толгус зыянга учуратышына эч качан жол бербейт (Забур 83:18; Еврейлер 4:13).
Бул аяттарда жогорудагы суроого так-айкын жооп камтылган. Адамзат табияттын булгануусунан, тамак-аштын, суунун жетишсиздигинен, дүйнөнү кучагына алган эпидемиядан, дүйнөлүк ядролук согуштан жок болуп кетпейт. Эмне үчүн? Анткени планетабыздын келечеги Кудайдын колунда. Албетте, ал адам баласына чечим чыгаруу эркиндигин берген. Бирок адамдар чечимдеринин кесепетинен кача албай турганын унутпашы керек (Кудай ушуну менен чектелбейт. Ал «мол тынчтык» өкүм сүргөн заман алып келет (Забур 37:11). Бул макалада айтылган жакшы нерселер миллиондогон Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти изилдөө аркылуу билген жаркын келечектин чети эле.
Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунда ар кайсы улуттан чыккан, ар кандай курактагы адамдар бар. Алар, Ыйык Китепте ачылып берилгендей, ысмы Жахаба деген бир гана жалгыз чыныгы Кудайга сыйынышат. Алар эртеңки күнү эмне болуп кетет деп коркушпайт, анткени Ыйык Китепте: «Асманды жараткан, жерди калыптап жасаган, аны бекем орноткон, куру бекер эмес, эл отурукташышы үчүн жараткан чыныгы Кудай Жахаба мындай дейт: „Мен Жахабамын, менден башка эч ким жок“»,— деп жазылганын билишет (Ышая 45:18).
Бул макалада келечегибизге жана планетабызга байланыштуу Ыйык Китепте эмне делери кыскача айтылды. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган жана www.jw.org/ky сайтында камтылган «Кудайдан келген жакшы кабар» деген китепченин 5-бөлүмүн карагыла.
www.jw.org/ky сайтынан «Кудай жерди кандай ой-ниет менен жараткан?» деген тасманы да көрсөңөр болот (Жолу: АДАБИЯТТАР > ВИДЕОТАСМАЛАР)