Рухийлик
Биринчи макалада айтылгандай, көптөр Ыйык Китепти диний китеп катары көргөндүктөн бедел тутушат. Алар Ыйык Китепти окуп, анда жазылган кеңештерди колдонуунун аркасында Кудайга жакындаганын байкашкан жана жашоонун маңызы эмнеде экенин түшүнүшкөн.
Ыйык Китепке ылайык, рухий адам — Кудай менен болгон мамилесин баалаган адам — анын көз карашын эске алып, ага жаккандай жашоого умтулат. Өз каалоосуна жетеленген адам болсо өз көз карашына таянып, өзүнө жаккандай иш кылат (Жүйүт 18, 19; Эфестиктер 5:1).
ҮМҮТ
ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү ындының өчсө, алдан-күчтөн таясың» (Накыл сөздөр 24:10).
БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Ындыныбыз өчсө, кыйынчылыктар менен күрөшүүгө күчүбүз калбай калышы мүмкүн. Үмүт болсо багынбаганга дем-шык берет. Көйгөйлөрүбүздүн убактылуу экенин билгенибиз бизди жубатат. Чынында, оор кыйынчылыктан кийин жакшы нерсе болушу ыктымал.
ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ? Келечекке оң маанай менен карагыла. Эмне болушу мүмкүн экенин ойлоп тынчсызданбай же баары ойдогудай болгуча күтүп отура бербей, койгон максатыңарга ылайык иш кылгыла. Албетте, «күтүлбөгөн жагдайга кабылып» калышыңар мүмкүн (Насаатчы 9:11). Бирок көп учурда биз ойлогондон да жакшы болуп калышы ыктымал. Ыйык Китепте мындай мисал келтирилет: «Үрөнүңдү эртең менен сеп да, колуңду кечке чейин тындырба. Анткени кайсынысы өнүп чыгарын, мунусубу же тигинисиби, же экөө тең өнүп чыгабы, билбейсиң» (Насаатчы 11:6).
ЖАШООДОГУ МААНИЛҮҮ СУРООЛОРДУН ЖООБУ
ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Мага түшүнүк бер... Сенин сөзүңдүн маңызы — чындык» (Забур 119:144, 160).
БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ? Ыйык Китепте ар бир адамды түйшөлткөн суроолордун жообу камтылат. Алардын айрымдары булар:
-
Биз кантип жаралганбыз?
-
Эмне үчүн жаралганбыз?
-
Адам өлгөндөн кийин эмне болот?
-
Келечегибиз кандай болот?
Миллиондогон адамдар Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында ушул жана башка суроолорго жооп алып, жашоосун жакшыртышты.
ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ? Ыйык Китепти изилдеп көргүлө. Жахабанын Күбөлөрүнөн Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам беришин сурансаңар болот. Биздин jw.org/ky веб-сайтыбызга да кирип көргүлө. Же жолугушууларыбызга келсеңер болот. Аларга баары катыша алат жана кирүү акысыз.
ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ БАШКА ПРИНЦИПТЕР
РУХИЙ МУКТАЖДЫГЫҢАРДЫ КАНААТТАНДЫРГЫЛА.
«Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу» (МАТАЙ 5:3).
ЫЙЫК КИТЕПТИ ЖАЗДЫРГАН КУДАЙ ЖӨНҮНДӨ КӨБҮРӨӨК БИЛГИЛЕ.
«Кудай адамдардын аны издешин,.. табышын каалайт... Ал ар бирибизге жакын» (ЭЛЧИЛЕР 17:27).
ЫЙЫК КИТЕПТИ ОКУП, ОЙ ЖҮГҮРТКҮЛӨ.
«Ал Жахабанын * мыйзамынан ырахат алат, Анын мыйзамын күнү-түнү ой жүгүртүп окуйт... Эмне иш кылбасын, ийгиликке жетет» (ЗАБУР 1:2, 3, шилтеме).
^ 23-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.