Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОКУРМАНДАРДЫН СУРООЛОРУ

Рождествону белгилешибиз керекпи?

Рождествону белгилешибиз керекпи?

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар Рождествону Исанын туулган күнү катары майрамдашат. Бирок силер Иса Машаяктын 1-кылымдагы шакирттери жана элчилери Рождествону белгилешкенби деп ойлонуп көрдүңөр беле? Ыйык Китепте туулган күн жөнүндө эмне деп айтыларын билесиңерби? Булар тууралуу билүү менен: «Рождествону белгилешибиз керекпи?» — деген суроого жооп ала аласыңар.

Биринчиден, Ыйык Китепте Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын, анын ичинде Исанын туулган күндү белгилегени айтылбайт. Анда эки кишинин гана туулган күндү белгилешкени жөнүндө жазылат. Экөө тең Ыйык Китептин Автору болгон Жахаба Кудайга сыйынышкан эмес, ошондой эле экөөнүн тең туулган күнү каргашалуу болуп бүткөн (Башталыш 40:20; Марк 6:21). «Британ энциклопедиясына» ылайык, туулган күндү жалган кудайларга сыйынгандар белгилеген жана Исанын алгачкы жолдоочулары андай каада-салттардан оолак болушкан.

Иса Машаяк качан төрөлгөн?

Ыйык Китепте Исанын кайсы күнү төрөлгөнү так айтылбайт. Макклинток менен Стронгдун энциклопедиясында: «Ж[аңы] К[елишимден] же башка булактардын эч биринен Машаяктын туулган күнүн так аныктоо мүмкүн эмес»,— деп жазылган. Эгер Иса жолдоочуларынын анын туулган күнүн белгилешин кааласа, алардын ошол күндү так билишине кам көрмөк.

Экинчиден, Ыйык Китепте Исанын же анын шакирттеринин Рождествону майрамдашканы жазылган эмес. «Жаңы католик энциклопедиясына» ылайык, Рождествону белгилөө жөнүндө биринчи жолу Филокалустун байыркы билдирүүсүндө айтылат. Рим альманахы деп эсептелген ал эмгек б.з. 336-жылына таандык булакка негизделген. Мындан айкын көрүнгөндөй, Рождествону Ыйык Китеп жазылып бүткөндөн жана Иса жерде жашаган убактан кылымдар өткөндөн кийин гана белгилей башташкан. Ошол себептен Макклинток менен Стронгдун энциклопедиясында: «Рождествону белгилөөнү Кудай негиздеген эмес, ал майрам Ж[аңы] К[елишимге] да негизделбейт»,— делген *.

Иса жолдоочуларына кайсы күндү белгилөөнү буйрук кылган?

Улуу Окутуучу катары Иса шакирттеринин эмнелерди кылышын каалаарын билдирип, так-айкын көрсөтмөлөрдү берген. Алардын баары Ыйык Китепте жазылган. Ал көрсөтмөлөрдүн арасында Рождествону белгилөөгө байланыштуу эч кандай көрсөтмө жок. Мугалим окуучуларынын өзү үйрөткөн нерселерден четтеп, башка нерселерге карманышын каалабагандай эле, Иса да шакирттеринин Ыйык Жазмада «жазылгандан четтеп» кетишин каалабайт (1 Корунттуктар 4:6).

Бирок Исанын алгачкы шакирттери жакшы билген абдан маанилүү бир кече бар. Ал — Иса Машаяктын өлүмүн эскерүү кечеси. Аны качан жана кантип белгилеш керектигин Иса шакирттерине өзү түшүндүрүп берген. Анын ошол көрсөтмөлөрү жана өлгөн күнүнүн так датасы Ыйык Китепте жазылган (Лука 22:7, 19; 1 Корунттуктар 11:25).

Жогорудан билгенибиздей, Рождество — туулган күндү белгилөөгө байланышкан майрам жана Исанын алгачкы жолдоочулары жалган кудайларга сыйынгандар белгилеген ал майрамга катышкан эмес. Андан тышкары, Ыйык Китепте Исанын же дагы башка бирөөнүн Рождествону белгилегени айтылбайт. Ушундай маалыматтардын негизинде Иса Машаяктын дүйнө жүзүндөгү миллиондогон жолдоочулары Рождествону белгилебеши керектигин түшүнүшкөн.

^ 6-абз. Рождествого байланыштуу көптөгөн каада-салттардын каяктан келип чыкканы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн бул журналды карагыла: «Күзөт мунарасы», 2014-жыл, 1-декабрь, «Окурмандардын суроолору. Рождествону майрамдоонун эмнеси жаман?».