Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1881-жылы генерал Гордон таптым деп ойлогон Эйден багы, Праслин аралы

Жер бетиндеги бейиш куру кыялбы?

Жер бетиндеги бейиш куру кыялбы?

Саякатты жакшы көргөндөр үчүн чыгарылган кооз китепчелер көптөрдү алыскы бир жактагы бейишке окшогон жерге барып, бардык кыйынчылыктарын унутуп, эс алып келүүгө азгырат. Бирок жыргал күндөр бүтүп, үйгө кайтканда баягы эле көр оокат менен алпурушмай башталарын баары эле жакшы билет.

Бейиш жөнүндө укканда кимдин болбосун бүйүрү кызыйт. Ушундан улам: «Бейиш тек гана таттуу кыялбы? Эгер ошондой болсо, эмне үчүн ага баары эле кызыга беришет? Бейиштеги жашоо жөнүндөгү кыялыбыз чын эле орундалабы?» — деген суроолор туулат.

БЕЙИШТИН «БАШАТЫ»

Бейиш жөнүндөгү ой тээ эзелтен бери эле адамдардын кызыгуусун арттырып келет. Көптөр буга Ыйык Китептеги: «Кудай чыгышка, Эйденге, бак отургузду»,— деген сөздөрдөн улам кызыгып калышкан. Ал бак эмнеси менен өзүнө тартып турган? Ыйык Китепте: «Жахаба Кудай жерден мөмөсүн жегенге боло турган, көрүнүшү жакшы ар кандай дарактарды өстүрдү»,— деп жазылган. Ал бак көздүн жоосун алган, ыракат тартуулаган жай болгон. Баарынан да кызыгы, бактын ортосунда «өмүр дарагы» да болгон (Башталыш 2:8, 9).

Мындан тышкары, Башталыш китебинде ошол бактан төрт дарыя агып чыкканы жазылган. Алардын экөө бүгүнкү күндө Тигр (Хидекел) жана Евфрат (Эфрат) деп белгилүү (Башталыш 2:10—14, шилтеме). Ал эки дарыя байыркы Персиянын бөлүгү болгон азыркы Ирак аркылуу агып өтүп, Перс булуңуна куят.

Андыктан жер бетиндеги бейиш багы Персиянын маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү болгону таң калыштуу эмес. Мисалы, Филадельфия искусство музейинде (Пенсильвания, АКШ) байыркы перстердин 16-кылымга таандык бир килеминде бак-дарактар, гүлдөр өскөн жана дубал менен курчалган бакчанын сүрөтү түшүрүлгөн. Кызыктуусу, перс тилиндеги «дубал менен курчалган бакча» деген сөз айкашы «бейиш» дегенди да билдирет. Ал килемде Ыйык Китепте айтылган миң түркүн өсүмдүктөр өскөн Эйден багы сүрөттөлгөн.

Бейиш жөнүндөгү уламыштар дүйнө жүзү боюнча тили, маданияты ар кандай көптөгөн элдерде бар. Анткени адамдар жердин булуң-бурчуна тарай баштаганда өздөрү менен кошо Эйдендеги бейиш багы жөнүндөгү окуяны да ала кетишкен. Бирок кылымдар оошкон сайын ал окуяга жергиликтүү калктын диний көз карашы, уламыштары кошулуп кеткен. Атүгүл бүгүнкү күндө да көптөр абдан кооз жерди көргөндө шак эле бейиш деп айтышат.

БЕЙИШТИ ИЗДӨӨ АРАКЕТИ

Жер кезген изилдөөчүлөрдүн айрымдары бейиш багын таптык деп ойлошкон. Алсак, британиялык генерал Чарлз Гордон 1881-жылы Сейшель аралдарына барып, ал жердеги учурда Бүткүл дүйнөлүк мураска кирген Валле-де-Мэ деген бакчаны көргөндө аябай суктанган. Ошондо ал Эйден багы ушул жер деп ойлогон. Ал эми 15-кылымда Христофор Колумб деген италиялык деңиз саякатчысы азыр Доминикан Республикасы жана Гаити деп аталган Эспаньола аралына барганда Эйден багын таптым окшойт деген.

«Бейиштин картага түшүрүлүшү» деген азыркы тарыхый бир китепте 190дон ашык байыркы карта камтылат. Алардын көбүндө Адам ата менен Обо эне жүргөн Эйден багы көрсөтүлгөн. Алардын арасында Беат Лиебанскийдин 13-кылымга таандык кол жазмасынан алынган өзгөчө бир картанын көчүрмөсү бар. Ал картанын өйдө жагында ортосунда бейиш багы жайгашкан кичинекей төрт бурчтук тартылган. Ошондой эле ал бактан «Тигр», «Евфрат», «Пишон» жана «Гихон» деген жазуусу бар төрт дарыя төрт бурчтуктун төрт бурчун көздөй агып турганы көрсөтүлгөн. Алар христианчылыктын жердин төрт бурчуна тарашын билдирген көрүнөт. Ушу сыяктуу сүрөттөр, Бейиш багынын анык жайгашкан жери белгисиз бойдон калса да, ал жөнүндөгү уламыштардын муундан муунга өтүп келгени адамдардын дагы деле бейишти эңсеп келерин көрсөтүп турат.

Жон Милтон деген 17-кылымда жашаган англиялык акын «Жоготулган Бейиш» деген чыгарма жазган. Анын чыгармасы Ыйык Китептин Башталыш китебиндеги Адам атанын күнөө кетирип, Эйденден куулуп чыгарылганы жөнүндөгү окуяга негизделген. Ал ошол чыгармасында «ошондо бүт жер бети бейишке айланат» деп жазып, Кудай убада кылгандай, жер жүзүндөгү бардык адамдардын кайрадан түбөлүк жашаарын баса белгилеген. Милтон кийинчерээк жогорудагы чыгарманын уландысы катары «Калыбына келтирилген Бейиш» деген дагы бир чыгарма жазган.

БЕЙИШТИН АСМАНГА «КӨЧҮШҮ»

Ооба, жер бетиндеги бейиш багы жөнүндөгү түшүнүккө элдин кызыгуусу тарых бою тараган эмес. Бирок ал түшүнүк учурда четке кагылууда. Мунун себеби эмнеде? «Бейиштин картага түшүрүлүшү» деген китепте айтылгандай, буга, негизинен, «диний окумуштуулардын бейиштин жайгашкан жерине байланыштуу маселеден „жүзүн тескери буруп“ кеткени» себеп болууда.

Чиркөөлөрдүн көбүндө адамдын акыры барар жери жер бетиндеги бейиш эмес, асман деп үйрөтүшөт. Бирок Ыйык Китепте: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— деп жазылган (Забур 37:29). Азыркы биз жашап жаткан дүйнөнү эч ким бейиш деп айта албайт. Анда жогорудагы Кудайдын берген убадасынын чын эле аткарыларына кандай кепилдик бар? *

КУРУ КЫЯЛ ЭМЕС

Эйдендеги Бейиш багын жараткан Жахаба Кудай аны кайрадан калыбына келтирерин убада кылган. Иса пайгамбар шакирттерин Кудайдан: «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Матай 6:10). Исанын колуна тапшырылган ошол Падышалык — жердеги бардык падышалыктарды талкалап, бүт дүйнө жүзүн башкара турган өкмөт (Даниел 2:44). Ал өкмөт бийлик кыла баштаганда, Кудайдын эрки аткарылып, бүт жер бети бейишке айланат.

Адамзатты азапка салган бардык кыйынчылыктар чечиле турган убада кылынган Бейиштин кандай болорун Ышая пайгамбар да Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен сүрөттөп жазган (Ышая 11:6—9; 35:5—7; 65:21—23). Биз силерди ошол аяттарды Ыйык Китептен окуп көрүүгө чакырабыз. Ошондо Кудайга баш ийген адамдарды кандай жашоо күтүп турарын биле аласыңар. Ал жашоону көргөндөр Адам ата кол жууп калган нерсеге, бейишке да, Кудайдын ырайымына да, ээ болушат (Аян 21:3).

Жер бетинде Бейиштин болору куру кыял эмес экенине эмне үчүн ишенсек болот? Анткени Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китепте: «Асман Жахабага таандык, жерди болсо ал адам баласына берген»,— деп жазылган. Жер бетине Бейишти орноторун «жалган сүйлөй албаган Кудай мурун эле убада кылган» (Забур 115:16; Тит 1:2). Ырас, Ыйык Китепте кандай гана сонун келечек тууралуу айтылган!

^ 15-абз. Кызыктуусу, Куран китебинин «Анбия» («Пайгамбарлар») деп аталган 21-сүрөсүнүн 105-аятында да: «(Бейиштин) жерине менин саалих пенделерим мураскор болушат»,— деп жазылган.