Мээримдүү Алла Тааланын батасына ээ боло аласыңар
Согуштун, зордук-зомбулуктун жана уруш-талаштын жок болушун эңсеп келесиңерби?
Оору-сыркоо, азап-кайгы жана өлүм-житим болбой турган заманды самап келесиңерби?
Сарсанаадан, тынчсыздануулардан арылууну тилеп келесиңерби?
Табигый кырсыктар зыян келтирбеген жерде жашоону каалайсыңарбы?
Жерди укмуш кооз кылып жараткан мээримдүү Кудайыбыз адамзатка бейкуттукта түбөлүккө бактылуу жашай турганын убадалаган. Бул тек гана куру кыял эмес.
Кийинки макалалардан булар тууралуу биле аласыңар:
Жаратканыбыз адам баласын жакшы көрөбү?
Кудайдын Сөзүндө биз үчүн кандай кабар камтылган?
Ал пайгамбарларга өзү убада кылган жакшы нерселер тууралуу эмнелерди ачып берген?
Алла Таала бизге азыр да, келечекте да бактылуу өмүр сүрүшүбүз үчүн кантип жардам берет?
Келгиле, Жаратканыбыздын адам баласын канчалык жакшы көрөрүн көрсөткөн айрым нерселерди карап чыгалы.