Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Түбөлүк жашаш үчүн жаралганбыз

Түбөлүк жашаш үчүн жаралганбыз

КИМИБИЗДИН ЭЛЕ бакытка бөлөнүп, узак өмүр сүргүбүз келбейт? Денибиз сак болуп, жыргап-куунап, түбөлүк жашасак, кандай гана сонун болмок! Анда жакындарыбыз менен көп убакыт өткөрүп, жер-сууну кыдырып, жаңы өнөр өздөштүрүп, акылмандыгыбыз артып, өзүбүз кызыккан, жүрөгүбүзгө жаккан нерселердин баарын үйрөнмөкпүз.

Эмне үчүн адам баласы өмүргө тойбой келет? Себеби Ыйык Жазмада андай каалоону жүрөгүбүзгө Жараткандын өзү салганы айтылат (Насаатчы 3:11). Ошондой эле анда: «Кудай — сүйүү»,— деп жазылган (1 Жакан 4:8). Муну эске алганда, мээримдүү Кудайдын жүрөгүбүзгө түбөлүктүүлүктү салып, бирок анын кол жеткис кыял бойдон калышына жол бергени калыстыкка жатат беле?

Ырас, чынында, адам баласы үчүн өлүм — жат нерсе. Ыйык Китепте өлүмдүн «душман» экени айтылат (1 Корунттуктар 15:26). Ажал жашты да, карыны да иргебейт. Андан эч ким качып кутула албайт. Көптөр өлүм тууралуу кеп кылгысы келбейт, атүгүл коркушат. Ал душман качандыр бир убакта жок болобу? Аны жеңүү мүмкүнбү?

ҮМҮТТӨНҮҮГӨ НЕГИЗ БАР

Кудайдын адамдардын өлүшүн ниет кылбаганын билсеңер, таң калат белеңер? Ал бизди жер бетинде түбөлүк жашаш үчүн жараткан. Буга Ыйык Жазмада айтылгандар далил. Жахаба Кудай жерди адамдар ырахаттанып жашагыдай кылып даярдаган. Анан биринчи кишини, Адам атаны, жаратып, бейишке — Эйден багына — жайгаштырган. «Кудай өзү жараткан нерселердин бардыгы эң сонун экенин көрүп», кубанган (Башталыш 1:26, 31).

Кудай Адам атаны жеткилең кылып, өзүнө окшоштуруп жараткан (Мыйзам 32:4). Адам атанын аялы Обо эненин да эч кандай кемтиги болгон эмес: анын акылы да, денеси да жеткилең болгон. Жахаба аларга: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула, аны иштеткиле жана деңиздеги балыктарга, асманда учкан канаттууларга, жер бетиндеги бардык тирүү жандыктарга бийлик кылгыла»,— деп айткан (Башталыш 1:28).

Жер бети алардын урпактарына толушу үчүн, убакыт талап кылынмак. Обо эне балдарды төрөмөк; балдары чоңоюп, алар да балалуу болушмак. Ошентип, Кудай ниет кылгандай, жер адамдарга толмок (Ышая 45:18). Эгер Адам ата менен Обо эне балдарын, ашып кетсе, неберелерин көргөнгө чейин эле жашап, Кудайдын ой-ниетинин аткарылганын көрбөй турган болсо, анын аларга ушундай тапшырма бергени туура болот беле?

Жахабанын Адам атага жаныбарларга «бийлик кылууну» буйруганы тууралуу да ойлонуп көрсөңөр. Ал ага жаныбарларга ат коюуну тапшырган. Буга убакыт кетмек (Башталыш 2:19). Бирок жаныбарларга бийлик кылуу ушуну менен эле чектелмек эмес. Ал аларга кылдат байкоо салып, кам көрүүнү үйрөнүшү керек болгон. Буга андан да көп убакыт кетмек.

Арийне, Кудайдын алгачкы түгөйгө жерди толтурууну, жаныбарларга бийлик кылууну айтканы алардын узак жашаш үчүн жаралганын көрсөтүп турат. Адам ата, чынында эле, көп жыл жашаган.

КУДАЙ АДАМДАРДЫН ЖЕР БЕТИНДЕГИ БЕЙИШТЕ ТҮБӨЛҮК ЖАШАШЫН НИЕТ КЫЛАТ

УЗАК ӨМҮР СҮРГӨНДӨР

Адам ата, 930 жыл

Матушал, 969 жыл

Нух пайгамбар, 950 жыл

Бүгүнкү күндөгү адамдар, 70-80 жыл

Ыйык Китептен байыркы мезгилде адамдардын азыркыга караганда узак өмүр сүргөнүн көрүүгө болот. Мисалы, анда: «Адам 930 жашка чыгып көз жумган»,— деп айтылат. Андан кийин 900 жылдан көп жашаган 6 киши тууралуу айтылат. Алар Шет, Энош, Кенан, Жарет, Матушал жана Нух болгон. Ал кишилердин баары Нухтун учурунда болгон Топон сууга чейин жашаган. Ал эми Нух Топон сууга чейин 600 жыл жашаган (Башталыш 5:5—27; 7:6; 9:29). Алар эмнеден улам узак жашашкан?

Алардын баары Адам ата менен Обо эне жеткилең болгон учурдан көп өтпөй төрөлүшкөн. Балким, ушундан улам узак жашагандыр. Жеткилеңдиктин адамдын көп жашаганы менен кандай байланышы бар? Өлүмдү кантип жеңүүгө болот? Бул суроолорго жооп алыш үчүн: «Адамдар эмне үчүн карыйт жана өлөт?» — деген суроону карап чыгышыбыз керек.