Кудай тилегибизди кабыл кылабы?
Кудай мени угабы деп ойлонгон учуруңар болду беле? Эгер ошондой болсо, силер жалгыз эмессиңер. Көптөр Кудайдан кыйынчылыктарын чечип беришин суранса да, алар чечилбей келет. Бул Кудайдын тиленүүбүздү укпай турганын билдиреби? Жок. Кудайдын Сөзүндө айтылгандай, эгер Кудайга туура жол менен кайрылсак, ал бизди угат. Анда Кудайдын Сөзүндө эмне делерин карап көрөлү.
КУДАЙ ТИЛЕГИҢЕРДИ УГАТ
«Оо, тиленүүлөрдү Угуучу, сага ар кандай адамдар келет» (Забур 65:2).
Айрымдар тиленүүсүн эч ким укпайт деп ойлошот. Ошентсе да өздөрүн жакшыраак сезиш үчүн тилене беришет. Бирок тиленүү өзүбүздү жакшы сезип, кыйынчылыктарыбыз менен күрөшкөнгө жардам берчү эле нерсе эмес. Ыйык Китепте мындай деп жазылган: «Жахаба a Өзүн чакыргандардын баарына, чындык боюнча чакыргандардын баарына жакын. Ал... [алардын] зарлаган үндөрүн угат» (Забур 145:18, 19).
Ошондуктан Жахаба Кудайдын өзүнүн кызматчыларынын тиленүүсүн угарына толук ишенсек болот. Ал мээримдүүлүк менен: «Силер мени чакырып, мага келесиңер, менден тиленесиңер, ошондо мен силерди угам»,— деп айткан (Жеремия 29:12).
КУДАЙ АНДАН ТИЛЕНИШИҢЕРДИ КААЛАЙТ
«Тиленгениңерди токтотпогула» (Римдиктер 12:12).
Ыйык Китепте «үзгүлтүксүз тиленгиле», «ар дайым... тиленгиле» деп айтылат. Демек, Кудай биздин тиленишибизди каалайт (Матай 26:41; Эфестиктер 6:18).
Ал эмне үчүн андан тиленишибизди каалайт? Мисалы, кичинекей баласы: «Ата, жардам берип коюңузчу» — деп суранса, атасы кандай сезимде болот? Албетте, ал баласына эмне керек экенин, анын сезимдерин жакшы билет. Бирок баласынын жардам сураганын укканда ал аябай сүйүнөт. Анткени бул баласынын ага таянарын, ага ынак экенин көрсөтүп турат. Ошол сыяктуу эле, Кудайдан тиленгенибизде ага таянарыбызды, аны менен ынак болгубуз келгенин көрсөтөбүз (Накыл сөздөр 15:8; Жакып 4:8).
КУДАЙ СИЛЕРГЕ КАМ КӨРӨТ
«Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт» (1 Петир 5:7).
Кудай бизди жакшы көрөт, бизге кам көрөт. Ошон үчүн андан тиленишибизди каалайт. Ал биздин кыйынчылыктарыбызды, эмнелерге тынчсызданып жатканыбызды жакшы билет жана жардам бергиси келет.
Дөөтү пайгамбар дайыма Жахаба Кудайдан жардам сурап тиленчү. Ага өзүнүн ой-сезимдерин айтып турчу (Забур 23:1—6). Кудай ага карата кандай сезимдерди туйган? Ал Дөөтүнү жакшы көрчү. Анын көп тиленүүлөрүн уккан (Элчилер 13:22). Кудай биздин да тилегибизди угат, анткени бизге кам көрөт.
«МЕН ЖАХАБАНЫ ЖАКШЫ КӨРӨМ, АНТКЕНИ АЛ ҮНҮМДҮ... УГАТ»
Бул сөздөрдү Ыйык Китепти жазууга катышкан бир пайгамбар айткан. Ал Кудайдын анын тиленүүсүн угарынан эч шектенген эмес. Бул ага көп жагынан жардам берген. Мисалы, ал өзүн Кудайга жакын сезген. Ошондой эле жашоосундагы ар кандай кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө күч-кубат алган (Забур 116:1—9).
Эгер Кудайдын бизди угарынан күмөн санабасак, андан дайыма тиленебиз. Мисалга Испаниянын түндүгүндө жашаган Педрону алалы. Анын 19 жаштагы уулу жол кырсыгынан каза болуп калган. Күйүткө баткан Педро жүрөгүндөгүсүнүн баарын Кудайга төгүп, андан сооротушун, күч беришин сурап тилене берген. Анан эмне болгон? «Ишенимдештерибиз аялым экөөбүздү сооротуп, жөлөк-таяк болуп жатышты. Жахаба мага ушинтип жооп берди»,— дейт Педро.
Уулу тирилип кетпесе да, тиленүү Педро менен үй-бүлөсүнө аябай чоң жардам берген. Аялы Мария Кармен мындай деп эскерет: «Тиленүү мага күйүттү көтөрүп кеткенге күч берди. Жахаба Кудайдын мени түшүнүп жатканын сезип жаттым. Анткени тиленгенде жан дүйнөм тынч алып калып жатты».
Ыйык Китептен жана айрымдардын башынан өткөн окуялардан көрүнүп тургандай, Кудай бизди угат. Бирок Ыйык Китепте анын бардык эле тиленүүлөрдү уга бербей турганы да жазылган. Ал эмне үчүн айрым тиленүүлөрдү укпайт?
a Жахаба — Кудайдын аты (Забур 83:18).