7-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
15-ЫР: Жахабанын Туңгучун тосуп алгыла!
Жахабанын кечиримдүүлүгүн толук түшүнөсүңөрбү?
«Аларды чындап кечиресиң» (ЗАБ. 130:4).
МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ
Ыйык Китепте Жахабанын кантип кечирерин көрсөткөн көптөгөн каймана сөздөр бар. Алар бизге Жахабанын кечиримдүүлүгүнө ого бетер ыраазы болгонго жардам берет.
1. Эмне үчүн кээде кечирдим деген сөздүн аркасында эмне жатканын билиш кыйын?
«МЕН СЕНИ КЕЧИРДИМ». Биз көңүлүн оорутуп алган бирөө ушинтип айтса, кадимкидей жеңилдей түшмөкпүз! Бирок, чынында, бул сөздүн аркасында эмне жатканын аңдаш оңой эмес. Муну менен ал биз мурункудай эле доспуз дегиси келдиби? Же экинчи бул тууралуу сөз кылбай эле коёлучу дегиси келдиби? Чынында эле, кимдир бирөө: «Кечирдим»,— деп айтканда, анын эмне дегиси келгенин түшүнүш кыйын.
2. Жахабанын кечиримдүүлүгү Ыйык Китепте кандайча сүрөттөлгөн? (Шилтемени да карагыла.)
2 Жахабанын жеткилең эмес адамдарды кечиргени биз башкаларды кечиргенден кыйла айырмаланат. Эч ким Жахабадай кечире албайт. Бул тууралуу забурчу: «Адамдар сени кастарлап турушу үчүн, аларды чындап кечиресиң»,— деп жазган a (Заб. 130:4). Ооба, Жахаба кечиргенде «чындап кечирет». «Чындап кечирүү» деген эмне экенин бир гана Жахабадан үйрөнсөк болот. Еврей Жазмаларынын кээ бир аяттарында Ыйык Китепти жазгандар Жахабанын кечиргенине карата бир сөз колдонушкан. Бирок ал сөздү адамдардын бири-бирин кечиргенине байланыштуу эч качан колдонушкан эмес.
3. Жахаба кантип кечирет? (Ышая 55:6, 7).
3 Жахаба кимдир бирөөнү кечиргенде анын күнөөсүн өчүрүп салат. Ошондуктан ал адам кайрадан Жахаба менен дос боло алат. Жахабанын бизди кайра-кайра айкөлдүк менен кечиргенине кандай гана ыраазыбыз! (Окугула: Ышая 55:6, 7.)
4. Жахаба «чындап кечирүү» деген эмне экенин түшүндүрүш үчүн эмнелерди колдонгон?
4 Эгер Жахабанын кечиримдүүлүгү биздикинен айырмаланса, биз — жеткилең эмес пенделер — анын «чындап кечиргени» эмнени билдирерин кантип түшүнө алабыз? Муну түшүндүрүш үчүн Жахаба Ыйык Китепке айрым каймана сөздөрдү жаздырып койгон. Бул макалада ошолорго токтолобуз. Алардан Жахаба күнөөбүздү кантип алып таштаарын, ошол эле учурда бузулуп калган мамилени кантип калыбына келтирерин билебиз. Аларды карап жатканда Жахабанын бизди кантип кечирерин тереңирээк түшүнөбүз. Ошонун аркасында мээримдүү Атабызга ого бетер ыраазы болуп калабыз.
ЖАХАБА КҮНӨӨЛӨРҮБҮЗДҮ АЛЫП ТАШТАЙТ
5. Жахаба бизди кечиргенде эмне кылат?
5 Ыйык Жазмада күнөө көбүнчө оор жүккө салыштырылат. Дөөтү падыша да: «Кылмыштарым башыман ашып, көтөрө алгыс оор жүктөй салмагын салды»,— деп жазган (Заб. 38:4). Бирок Жахаба өкүнгөндөрдүн күнөөлөрүн кечирет (Заб. 25:18; 32:5). Еврей тилинен «кечирүү» деп которулган сөз көбүнчө «көтөрүү» же «алып таштоо» дегенди билдирет. Мындайча айтканда, Жахабаны үстүбүздөн оор жүктү көтөрүп, алып таштаган күчтүү кишиге салыштырсак болот.
6. Жахаба күнөөлөрүбүздү канчалык алыстатат?
6 Жахабанын биздин күнөөлөрүбүздү канчалык алыс алып таштарын көрсөткөн дагы бир каймана сөзгө токтололу. Забур 103:12де: «Батыштан чыгыш канчалык алыс болсо, ал кылмыштарыбызды бизден ошончолук алыстатты»,— делет. Батыштан чыгыш аябагандай алыс. Ал эки жер эч качан бирикпейт. Башкача айтканда, Жахаба күнөөлөрүбүздү бизден биз элестете алгандан да алыс алып кетет. Бул бизди кандай гана сооротот!
7. Ыйык Китепте Жахабанын күнөөлөрүбүздү эмне кылары кантип сүрөттөлгөн? (Микей 7:18, 19).
7 Жахаба күнөөлөрүбүздү алыс алып кетсе да, аларды жанында алып жүрө береби? Жок. Хиския падыша Жахаба жөнүндө: «Күнөөмдүн баарын артыңа ыргыттың»,— деп жазган (Ыш. 38:9, 17). Бул Жахабанын, эгер өкүнсөк, күнөөлөрүбүздү көз алдынан алып таштап, кайра карабай турганын билдирет. Башкача айтканда, Хискиянын сөздөрүн: «Күнөөлөрүмдү кылынбагандай эле эсептедиң»,— деп да берсе болот. Микей 7:18, 19да ушул ой дагы башка каймана сөздөр менен баса белгиленген. (Аяттарды окугула.) Ал жакта Жахаба күнөөлөрүбүздү «деңиздин түбүнө ыргытып жибергендей» сүрөттөлгөн. Байыркы учурда деңиздин түбүнө түшкөн нерсени кайра алып чыгыш мүмкүн эмес болчу.
8. Буга чейин айтылгандардан эмнени билдик?
8 Жогорудан Жахаба бизди кечиргенде күнөөнүн оор жүгүн алып таштаарын билдик. Чынында эле, Дөөтү айткандай, «мыйзамсыз иштери кечирилип, күнөөлөрү жуулгандар бактылуу. Жахаба күнөөсүн эстебеген адам бактылуу» (Рим. 4:7, 8). Мына, «чындап кечирүү» деген ушуну билдирет.
ЖАХАБА КҮНӨӨЛӨРҮБҮЗДҮ ӨЧҮРҮП САЛАТ
9. Жахабанын бизди толугу менен кечирери дагы кантип сүрөттөлгөн?
9 Жахаба өкүнгөндөрдүн күнөөлөрүн кундун аркасында өчүрө аларын көрсөтүш үчүн дагы бир каймана сөз колдонгон. Ыйык Китепте Жахаба күнөөлөрүбүздү жууп, тазалап салары жазылган. Мунун натыйжасында күнөөкөр таптаза болуп калат (Заб. 51:7; Ыш. 4:4; Жер. 33:8). Жахаба өзү бул тууралуу: «Күнөөлөрүңөр ачык кызыл болсо, кардай агартылат; кочкул кызыл кездемедей болсо, жүндөй агарат»,— деп айткан (Ыш. 1:18). Кездемеге түшкөн кызыл так оңой менен кетпейт. Бирок Жахаба ушундай сөздөр аркылуу күнөөлөрүбүздү такыр көрүнбөй тургандай кылып тазалап коё аларына ынандырат.
10. Жахаба бизди айкөлдүк менен кечирерин дагы эмнеге салыштырган?
10 Буга чейинки макалада сөз кылынгандай, күнөөнү карызга да салыштырса болот (Мт. 6:12; Лк. 11:4). Биз төрөлгөндөн тартып эле Жахабага карызбыз. Күнөө кылган сайын ошол карызыбыз көбөйө берет. Бирок Жахаба бизди кечиргенде карызыбызды толугу менен кечип салгандай эле болот. Аларды кайра төлө деп талап кылбайт. Кимдир бирөө көп карызыбызды кечсе, тим эле жеңилдеп, аябай сүйүнмөкпүз. Жахаба бизди кечиргенде да так эле ушундай сезимде болобуз.
11. Жахабанын күнөөлөрүбүздү өчүрүп салары эмнени билдирет? (Элчилер 3:19, шилтеме).
11 Жахаба күнөөлөрүбүздү же карыздарыбызды кечкенден тышкары, аларды өчүрүп да таштайт. (Окугула: Элчилер 3:19, шилтеме.) Силер карыз алган киши кагаздан карызыңарды чийип салганын элестетсеңер. Чийип салган күндө да, канча карыз болгонуңар баары бир көрүнүп турат. Бирок бир нерсени өчүрүп салуу деген такыр башка. Муну түшүнүш үчүн байыркы учурда сыя кантип жасалганына токтололу. Аны көө, суу жана чайыр сымал илешчээк заттардын аралашмасынан жасашчу. Андай сыя менен жазылгандарды ным чүпөрөк менен оңой эле өчүрүп коё алышмак. Демек, ошондой сыя менен жазылган карыз өчүрүлсө, ал толугу менен жуулуп калчу. Ал жакта ага чейин эмне деп жазылганын эч ким көрө алчу эмес. Ошентип, кагаз эч нерсе жазылбагандай таптаза болуп калчу. Жахабанын күнөөлөрүбүздү жөн эле кечирип койбой, аларды толугу менен өчүрүп саларын билгенибиз кандай гана жүрөк жылытат! (Заб. 51:9).
12. Булут жөнүндөгү каймана сөздөн эмнени биле алабыз?
12 Жахаба күнөөлөрүбүздү кантип өчүрөрүн дагы башка каймана сөз менен түшүндүргөн. Ал: «Кылмыштарыңды булут менен жапкандай жабам. Күнөөлөрүңдү коюу булуттардын артына жашырам»,— деген (Ыш. 44:22). Жахаба бизди кечиргенде күнөөлөрүбүздү өзүбүз да, ал да көрбөшү үчүн коюу булут менен жапкандай жаап салат.
13. Жахаба бизди кечиргенде эмне деп ойлобошубуз керек?
13 Жогоруда айтылгандардан эмнени билсек болот? Жахаба бизди кечиргенден кийин күнөөнүн тагы калып калгандай болуп, өзүбүздү өмүр бою жеп өтпөшүбүз керек. Себеби ал Исанын каны аркылуу «карыздарыбызды» толугу менен жокко чыгарган. Атүгүл аларга эч качан кылынбагандай карайт. Күнөөлөрүбүз үчүн өкүнгөндө, Жахаба дал ушинтип кечирет.
ЖАХАБА ОРТОДОГУ МАМИЛЕНИ КАЙРА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРЕТ
14. Жахаба толугу менен кечирет деп эмне үчүн ишенсек болот? (Сүрөттөрдү да карагыла.)
14 Жахаба бизди кечиргендиктен аны менен кайрадан жакшы мамиледе боло алабыз. Биз өзүбүздү жемелей бербешибиз керек. «Жахаба мага кек сактап жүрөт, ыгы келсе, мени жазалайт болуш керек»,— деп коркпой эле койсок болот. Эч качан мындай болбойт. Буга эмне үчүн ишенсек болот? Жеремия пайгамбар Жахабанын айткандарын минтип кайталаган: «Мен алардын кылмышын кечирем, күнөөсүн экинчи эстебейм» (Жер. 31:34). Элчи Пабыл да: «Мен алардын. . . күнөөлөрүн экинчи эстебейм»,— дегенде ушул сөздөрдү цитата кылган (Евр. 8:12). Бул чынында эмнени билдирет?
15. Жахаба кандай мааниде күнөөлөрүбүздү эч качан эстебейт?
15 Ыйык Китепте «эстөө» деген сөз бир нерсени унутпай же ошол нерсе жөнүндө ойлонуп жүрүү дегенди эле билдирбейт. Бул иш-аракет кылууну да билдириши мүмкүн. Алсак, Исанын жанында устунга кадалган кылмышкер: «Иса, падыша болгонуңда мени эстей көр»,— деп суранган (Лк. 23:42, 43). Ал Исадан ал жөнүндө ойлонуп коюшун эле эмес, иш-аракет кылышын өтүнгөн. Ошондуктан Иса аны тирилтерин айткан. Демек, Жахабанын күнөөбүздү эч качан эстебейм дегени бизге каршы иш-аракет кылбайм дегенин билдирет. Жахаба кечиргенден кийин келечекте кайра жазалабайт.
16. Ыйык Китепке ылайык, биз кимдерге окшошпуз?
16 Жахаба бизди кечиргенде, туткундан бошонгондой эле болобуз. Ыйык Китепте буга байланыштуу дагы бир каймана сөз жазылган. Күнөөкөр пенде болгондуктан жана табиятыбыздан жамандыкка тартылып тургандыктан бизди «күнөөнүн кулуна» салыштырса болот. Бирок Жахаба кечиргендиктен, «күнөөнүн кулчулугунан бошонгонбуз» (Рим. 6:17, 18; Аян 1:5). Ооба, бизди кечирип, азаттыкка чыгарганы үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз!
17. Жахабанын кечиргенинин натыйжасы кандай болот? (Ышая 53:5).
17 Окугула: Ышая 53:5. Эми акыркы каймана сөзгө токтололу. Күнөөкөр пенде болгондуктан бизди айыккыс ооруга чалдыккан кишиге салыштырса болот. Жахаба биз үчүн Уулун берип, каймана мааниде бизди айыктырган (1 Пет. 2:24). Күнөө кетиргенде Жахаба менен болгон мамилебиз бузулат. Бирок кундун аркасында Жахаба бизди кечире алат жана биз аны менен кайрадан жакшы мамиледе боло алабыз. Олуттуу оорусунан айыккан адам сүйүнгөндөй эле, Жахаба бизди кечиргенде кайрадан анын ырайымына ээ болуп, рухий жактан айыкканыбызга сүйүнөбүз.
ЖАХАБАНЫН КЕЧИРИМДҮҮЛҮГҮ БИЗГЕ ЭМНЕ КЫЛГАНГА ТҮРТКҮ БЕРЕТ?
18. Жахабанын кечиримдүүлүгү жөнүндөгү айтылгандардан эмнелерди билдик? («Жахаба бизди кантип кечирет?» деген кутучаны да карагыла.)
18 Жахабанын кечиримдүүлүгү жөнүндөгү айтылгандардан эмнелерди билдик? Жахаба кечирсе, толугу менен, биротоло кечирет. Күнөөлөрүбүздү кайра эч качан эстебейт. Ошонун аркасында асмандагы Атабыз менен жакшы мамиледе боло алабыз. Ошол эле учурда Жахабанын кечиргени белек экенин унутпашыбыз керек. Буга Жахабанын адамзатка болгон сүйүүсү, чексиз ырайымдуулугу түрткү берет. Жахаба бизди татыктуу болгонубуз үчүн эмес, ырайымдуу болгону үчүн кечирип жатканын унутпайлы (Рим. 3:24).
19. а) Эмнеге ыраазы болушубуз керек? (Римдиктерге 4:8). б) Кийинки макалада эмнени талкуулайбыз?
19 Окугула: Римдиктерге 4:8. Жахабанын «кечиримдүү» Кудай болгонуна кандай гана ыраазыбыз! (Заб. 130:4). Бирок анын бизди кечиришин кааласак, бир маанилүү нерсени эсибизден чыгарбашыбыз керек. Иса бул тууралуу: «Эгерде башкалардын күнөөлөрүн кечирсеңер, асмандагы Атаңар да силерди кечирет»,— деп айткан (Мт. 6:14, 15). Ошондуктан Жахабаны туурап кечиримдүү болгонубуз абдан зарыл. Бирок канткенде кечиримдүү боло алабыз? Кийинки макалада ушул тууралуу сөз жүрөт.
46-ЫР: Ыракмат сага, Жахаба
a Еврей Жазмаларынын түп нускасында ушуга окшогон башка сөздөр да колдонулат. Алар «күнөөлөрдү толугу менен бир гана Жахаба кечире алат» деген маанини да камтыйт. Ыйык Китептин башка көптөгөн котормолорунда Забур 130:4тө ушул маанилүү ой кездешпейт.