47-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ
103-ЫР: Койчулар — адам түрүндөгү белектер
Ага-инилер, аксакал болгонго умтулуп жатасыңарбы?
«Ким көзөмөлчү болуп кызмат кылууга умтулуп жатса, ал жакшы ишти каалап жатат» (1 ТИМ. 3:1).
МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ
Бул макалада аксакал болуп кызмат кылгысы келгендер Ыйык Китепте айтылган кандай талаптарга жооп бериши керектигин талкуулайбыз.
1, 2. Аксакалдар кандай иштерди аткарат?
ЭГЕР бир канча убакыттан бери кызмат жардамчысы болуп келатсаңар, аксакалдарга коюлган талаптарга жооп бергенге аракет кылып жатсаңар керек. Ушундай «жакшы ишке» умтулуп, ишенимдештериңерге көбүрөөк кызмат кылгыңар келеби? (1 Тим. 3:1).
2 Аксакалдардын кызматы өз ичине эмнени камтыйт? Аксакал кабар айтуу ишинде демилгени колго алат. Жахабанын койлоруна кам көргөнгө жана аларды окутканга көп күч жумшайт. Ошондой эле жыйналыштагыларга сөзү менен да, иши менен да дем-шык берет. Ошол себептен Ыйык Китепте күжүрмөн эмгектенген аксакалдар «адам түрүндөгү белектер» деп аталат (Эф. 4:8).
3. Аксакал болуп кызмат кылыш үчүн эмне кылсаңар болот? (1 Тиметей 3:1—7; Тит 1:5—9).
3 Аксакал болуп кызмат кылыш үчүн эмне кылсаңар болот? Негизи, аксакал болуп кызмат кылууну кайсы бир жумушка орношууга салыштырып болбойт. Адатта, кайсы бир жумушка жөндөмдүү болсоң эле, жумуш берүүчүлөр ошонуңа карап ишке ала берет. Андан айырмаланып, эгер аксакал болуп кызмат кылгыңар келсе, кабар айтууга, окутууга жөндөмдүү болгонуңар эле жетишсиз. Ан үчүн Ыйык Китептеги 1 Тиметей 3:1—7 жана Тит 1:5—9-аяттардагы аксакалдарга коюлган талаптарга жооп беришиңер керек. (Аяттарды окугула.) Бул макалада аксакалдарга коюлган талаптардын үч негизги тармагы тууралуу сөз жүрөт. Алар — жыйналыштагылардын жана башкалардын алдында жакшы атка ээ болуу, үлгүлүү үй-бүлө башчысы болуу жана ишенимдештерине кызмат кылууга дайым даяр болуу.
ЖАКШЫ АТКА ЭЭ БОЛУУ
4. «Эч ким айыптай албагандай» болушу керек деген эмнени билдирет?
4 Аксакал болуп кызмат кылгысы келгендер «эч ким айыптай албагандай» болушу кажет. Башкача айтканда, жыйналышта үлгүлүү жүрүм-туруму менен белгилүү болушу зарыл. Андан тышкары, «жыйналыштан сырттагылардын арасында да жакшы атка ээ болушу керек». Албетте, Жахабага сыйынбагандар ишенген нерселериңерди сынга алышы мүмкүн. Бирок алар силердин чынчыл, жакшы адам экениңерге эч качан шектенбеши керек (Дан. 6:4, 5). Андыктан: «Мен ишенимдештеримдин арасында да, Жахабанын Күбөсү эместердин арасында да жакшы атка ээминби?» — деп ойлонуп көргүлө.
5. «Жакшылык кылууга умтуларыңар» эмнеден көрүнөт?
5 Эгер «жакшылык кылууга умтулсаңар», башкалардын жакшы жактарын байкап, мактайсыңар. Ошондой эле башкалар күтпөсө да, жакшылык кылганга аракет кыласыңар (1 Тес. 2:8). Аксакалдардын «жакшылык кылууга умтулганы» эмне үчүн абдан маанилүү? Анткени ошондо гана алар баалуу убактысын Кудайдын оторун кайтарганга жана тапшырмаларын аткарганга жумшай алат (1 Пет. 5:1—3). Ушундай иштерди кылганга көп күч жумшаса да, алар башкаларга жардам бергени үчүн кубанышат (Элч. 20:35).
6. «Меймандос» болуу деген эмнени билдирет? (Еврейлер 13:2, 16; сүрөттү да карагыла.)
6 «Меймандос» экениңер досторуңарга эле эмес, башкаларга да сый көрсөткөнүңөрдөн көрүнөт (1 Пет. 4:9). Бир эмгекте меймандос кишинин «үйүнүн да, „жүрөгүнүн“ да эшиги чоочундарга ачык болору» айтылган. Минтип ойлонуп көргүлө: «Башкалар мени жүрөгүн кенен ачкан, сыйчыл киши катары эсептешеби?» (Окугула: Еврейлер 13:2, 16.) Меймандос киши башкаларга, анын ичинде колунда жокторго, жыйналышка келген баяндамачыларга жана райондук көзөмөлчүлөр сыяктуу күжүрмөн эмгектенген ишенимдештерине колунан келишинче сый көрсөтөт (Башт. 18:2—8; Накыл 3:27; Лк. 14:13, 14; Элч. 16:15; Рим. 12:13).
7. Аксакал болгусу келгендердин «акчаны сүйбөй» турганы эмнеден көрүнөт?
7 «Акчаны сүйбөйт». Аксакал болгусу келгендер акчага, дүнүйө-мүлккө байланбайт. Колунда барбы, жокпу, Падышалыктын иштерин жашоосунда биринчи орунга коёт (Мт. 6:33). Убактысын, күчүн жана башка нерселерин Жахабага сыйынганга, үй-бүлөсүнө кам көргөнгө жана ишенимдештерине кызмат кылганга жумшайт (Мт. 6:24; 1 Жкн. 2:15—17). Минтип ойлонуп көргүлө: «Акчага тең салмактуу караймбы? Колумда болгонуна топук кыламбы? Эси-дартымдын баары эле акча табуу жана дүнүйө-мүлк топтоо эмеспи?» (1 Тим. 6:6, 17—19).
8. «Бардык нерсенин чегин билип», «[өзүңөрдү] карамай билериңер» эмнеден көрүнөт?
8 Эгер «бардык нерсенин чегин билип», «[өзүңөрдү] кармай билсеңер», бардык учурда тең салмактуу болосуңар. Мисалы, өтө көп ичип-жебейсиңер. Кийген кийимиңер жана сырткы көрүнүшүңөр адептүү болот. Көңүл ачканда да аша чаппайсыңар. Ошондой эле моданын кулу болуп калбайсыңар (Лк. 21:34; Жкп. 4:4). Башкалар ачууңарга тийсе да, өзүңөрдү кармап, сабыр сактайсыңар. Андан тышкары, аксакал болгусу келгендер «ичкиликке жакын» болбошу керек. Башкалар да силерди көп ичет деп айыптай албагыдай болушу кажет. Андыктан минтип ойлонуп көргүлө: «Мен „бардык нерсенин чегин билген“, „өзүн карамай“ алган кишиминби?»
9. «Акыл-эстүү» жана «жыйнактуу» болуу деген эмнени билдирет?
9 Эгерде «акыл-эстүү» болсоңор, кандай жагдай болбосун, Ыйык Китептеги принциптердин негизинде ой жүгүртөсүңөр. Ошонун аркасында жагдайды жакшыраак түшүнүп, туура чечимдерди чыгарасыңар. Бир нерсени шашып эле чечип салбай, кылдат ойлонуп, көбүрөөк маалымат топтойсуңар (Накыл 18:13). Натыйжада Жахабанын көз карашын чагылдырган чечим чыгарасыңар. Ал эми «жыйнактуу» киши иштерин пландаштыра билет жана так жүрөт. Башкалар силерди ишеничтүү жана аксакалдар кандай иш тапшырбасын, көрсөтмөгө ылайык аткарат деп билиши керек. Ушул бөлүмчөдө талкууланган сапаттарды өрчүтсөңөр, бул силерге жакшы атка ээ болгонго жардам берет. Эми аксакал болгусу келген үй-бүлө башчыларына Ыйык Китепте кандай талаптар коюларын талкуулайлы.
ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ БАШЧЫСЫ БОЛГУЛА
10. Канткенде үй-бүлө башчысы «үйүндөгүлөрүн жакшы башкара билет»?
10 Эгер үй-бүлө башчысы болсоңор, үй-бүлөңөрдүн аброю аксакал болушуңарга таасир этет. Андыктан үйүңөрдөгүлөрдү «жакшы башкара билишиңер» керек. Башкалар силерди камкор, жоопкерчиликтүү үй-бүлө башчысы катары билиши зарыл. Бул өз ичине үй-бүлө менен сыйынууну дайыма өткөрүүнү, үйүңөрдөгүлөрдүн баарынын жыйналышка катышып жаткан-жатпаганына көз салып турууну жана кабар айтуу ишине ынталуу катышышына көмөк кылышыңарды камтыйт. Бул эмне үчүн аябай маанилүү? Анткени элчи Пабыл: «Өз үйүндөгүлөрүн башкарганды билбесе, анда Кудайдын жыйналышына кантип кам көрөт?» — деген (1 Тим. 3:5).
11, 12. Балдарынын жүрүм-туруму аксакал болгусу келгендерге кандай таасир этет? (Сүрөттү да карагыла.)
11 Эгер жашы жете элек балдарыңар болсо, алар силерге «урмат-сый менен баш ийиши» керек. Аларды сүйүү менен насааттап, тарбиялагыла. Албетте, бардык балдардай эле, алар ойноп-күлгөндү жакшы көрүшү мүмкүн. Бирок силер аларды тилиңерди алганга, башкаларды сыйлаганга жана өзүн жакшы алып жүргөнгө үйрөтүшүңөр керек. Ошондой эле балдарыңарга Жахаба менен ынак мамиле өрчүткөнгө, Ыйык Китептеги принциптерге ылайык жашаганга жана өмүрүн Жахабага арнаганга жардам бериш үчүн колуңардан келгендин баарын кылгыла.
12 «Ишеним жолундагы балдары жаман жолго түшүп же ээн баш болуп, сөзгө калбашы керек». Эгер сыймыктуу жоопкерчиликти аркалаган бир туугандын чөмүлгөн же чөмүлөйүн деп жүргөн жашы жете элек баласы олуттуу күнөө кылса, бул атасына кандай таасир этет? Эгер атасы баласын тарбиялап, оңдоп-түзөгөнгө олуттуу маани бербей жүргөн болсо, анда ал аксакал катары кызмат кылганга жарактуу болбой калышы мүмкүн. (Карагыла: «Күзөт мунарасы», 1996-ж., 15-окт., 21-б., 6, 7-абз., ор.)
ЖЫЙНАЛЫШТАГЫЛАРГА КЫЗМАТ КЫЛУУ
13. «Эстүү», «өз билгенин жасабашы керек» деген эмнени билдирет?
13 Исанын жолдоочуларына мүнөздүү жакшы сапаттарды чагылдырган ага-инилер жыйналышка жакшы жардам бере алышат. «Эстүү» киши жыйналышта тынчтык болушуна өбөлгө түзөт. Ошондой эле башкаларды укканга даяр болуп, алардын ой-сезимин түшүнгөнгө аракет кылат. Аксакал болуп, аксакалдар менен бир маселени талкуулап жатканыңарды элестетсеңер. Анан алар чыгарган чечим силерге жакпай калса, бирок Ыйык Китептеги принциптерге каршы келбесе, аларды колдойт белеңер? «Өз билгенин жасабашы керек» деген кайсы бир нерсе «мен айткандай болушу керек» деп туруп албашыңар керектигин билдирет. Тескерисинче, андайда кеңешчилердин көп болгонуна ыраазы болосуңар (Башт. 13:8, 9; Накыл 15:22). Ошондой эле «урушчаак», «ачуусу чукул» болбошуңар керек. Ан үчүн орой сүйлөбөй, талашып-тартышпай, жумшак болгонуңар маанилүү. «Тынчтыкты сүйгөн» киши оор болсо да, жагдайды жөнгө салып, тынчтыкты сактап калат (Жкп. 3:17, 18). Жылуу-жумшак сүйлөгөндүктөн башкаларга, анын ичинде каршылаштарга да оюн өзгөрткөнгө түрткү бериши ыктымал (Бий. 8:1—3; Накыл 20:3; 25:15; Мт. 5:23, 24).
14. «Ишенимди жаңы кабыл алгандардан болбосун» жана «берилгендигин сактаган» деген сөздөр эмнени билдирет?
14 Аксакал болууга умтулган киши «ишенимди жаңы кабыл алгандардан болбошу» керек. Албетте, бул чөмүлгөнүңөрдөн көп жыл өтүшү керектигин билдирбейт. Негизгиси, Машаяктын жетилген жолдоочусу болушуңар кажет. Аксакал болгусу келгендер, Исага окшоп, момун, чыдамдуу болуп, Жахаба сыймыктуу жоопкерчиликти тапшырганга чейин маанайын суутпай күтөт (Мт. 20:23; Флп. 2:5—8). Берилгендигиңерди сактаарыңарды Жахабага ишенимдүү бойдон калып, анын адил талаптары боюнча жашап жана анын уюму берген көрсөтмөлөргө бекем карманып көрсөтө аласыңар (1 Тим. 4:15).
15. Аксакал тилинен чаң чыккан баяндамачы болушу керекпи? Түшүндүргүлө.
15 Ыйык Китепте аксакалдардын «окутууга жөндөмдүү» болушу керектиги айтылат. Бул тилиңерден чаң чыккан баяндамачы болушуңар керектигин билдиреби? Жок. Аксакалдардын баары эле сөзмөр баяндамачы эмес. Бирок алар кабар айтканда же кайтаруучулук жолугууга барганда Ыйык Китепти колдонуп жакшы окута алышат жана ишенимдештерин бекемдей алышат. (Салыштыргыла: 1 Корунттуктар 12:28, 29; Эфестиктер 4:11.) Кандай болбосун, окутуу жөндөмүңөрдү дайыма өрчүтө бергиле. Бул жагынан кантип жакшыра аласыңар?
16. Канткенде мыкты окутуучу боло аласыңар? (Сүрөттү да карагыла.)
16 «Кудайдын ишенимдүү сөзүнө бек кармангыла». Жакшы окутуучу болуш үчүн баяндамаңарды жана кеп-кеңешиңерди Кудайдын Сөзүнө негиздегиле. Ыйык Китепти, адабияттарды жакшы изилдегиле (Накыл 15:28; 16:23). Кайсы аятты кантип колдонсо болорун билиш үчүн адабияттарыбызда алардын кандай түшүндүрүлгөнүнө кылдат көңүл бурула. Окутуп жатканда угуучуларыңардын жүрөгүн козгогонго умтулгула. Жакшы окутуучу болгуңар келсе, тажрыйбалуу аксакалдардан кеңеш сурап, аларды колдонгула (1 Тим. 5:17). Аксакалдар ишенимдештерин «үндөшү», башкача айтканда, бекемдеши керек. Анткен менен зарыл учурларда кеңеш бериши же атүгүл «ашкерелеши» да талап кылынат. Андайда муну жумшактык менен кылган жакшы. Жумшак, мээримдүү болсоңор жана айткандарыңарды Кудайдын Сөзүнө негиздесеңер, Исадай мыкты окутуучу болосуңар (Мт. 11:28—30; 2 Тим. 2:24).
МЫНДАН АРЫ ДА УМТУЛА БЕРГИЛЕ
17. а) Кызмат жардамчыларына аксакал болгонго умтула бергенге эмне жардам берет? б) Кепилдеме берерде аксакалдар эмнени эсинен чыгарбашы керек? (« Кепилдеме берерде эмнени эске алыш керек?» деген кутучаны карагыла.)
17 Аксакалдарга коюлган талаптарды карап чыккандан кийин айрым кызмат жардамчылары: «Мен бул талаптарга эч качан жооп бере албайт окшойм»,— деп ойлошу мүмкүн. Бирок Жахаба да, анын уюму да ушул талаптарга жеткилең түрдө жооп беришиңерди күтпөөрүн эсиңерден чыгарбагыла (Жкп. 3:2). Андан сырткары, Жахабанын кубаттуу ыйык руху силерге бул жагынан жардам берет (Флп. 2:13). Балким, кайсы бир жактан жакшырышыңар керектигин байкагандырсыңар. Анда ушул тууралуу Жахабадан тиленгиле. Анан изилдөө жүргүзгүлө. Ал жагынан кантип жакшырсаңар болорун аксакалдардан да сурап көргүлө.
18. Бардык кызмат жардамчылары эмне кыла бергенге чакырылат?
18 Ага-инилер, анын ичинде аксакал болуп кызмат кылып келаткандар да бул макалада айтылган талаптарга жооп бергенге мындан ары да аракет кыла бергиле (Флп. 3:16). Эгер кызмат жардамчысы болсоңор, андан ары да ийгилик кыла бергиле. Жахабадан анын жана жыйналыштын керегине жарай бериш үчүн окутуп-үйрөтө беришин сурангыла (Ыш. 64:8). Жахаба аксакал болуш үчүн кылып жаткан аракетиңерге батасын мол төгө берсин!
101-ЫР: Биримдикте кызмат кылабыз