Жөнөкөй жашоо кубаныч тартуулайт
ДЭНИЕЛ МЕНЕН МИРИЯМ 2000-жылдын сентябрь айында баш кошуп, Испаниянын Барселона шаарына отурукташышкан. Дэниел: «Биз жакшы турчубуз. Айлыгыбыз кымбат ресторандардан тамактанууга, чет өлкөгө саякаттаганга, сапаттуу кийимдерди сатып алууга кенен жетчү. Ошондой эле кабар айтуу ишине үзгүлтүксүз катышчубуз»,— дейт. Бирок кийин алардын жашоосу өзгөргөн.
2006-жылы өткөн жыйындагы бир баяндама Дэниелдин жүрөгүн козгогон. Ал баяндамада: «„Өлүм алдында тургандарга“ түбөлүк өмүргө алып бара турган жолго түшүүгө жардам бериш үчүн колубуздан келгендин баарын кылып жатабызбы?» — деген суроо берилген (Накыл 24:11). Ошондой эле анда Ыйык Китептеги өмүрдү сактап кала турган кабарды жарыялоого милдеттүү экенибиз баса белгиленген (Элч. 20:26, 27). «Ошондо Жахаба мага сүйлөп жаткандай эле сезилген»,— деп эскерет Дэниел. Баяндамада көбүрөөк кызмат кылуу кубанычыбызды арттырары да айтылган. Дэниел муну жакшы билчү. Анткени Мириям ага чейин эле пионердик кызматты баштап, көп кубаныч алып жаткан.
Дэниел: «Мен үчүн 180 градуска бурула турган убакыт келгенин түшүндүм»,— деп ой бөлүшөт. Анан жашоосун өзгөртө баштаган. Ал жумушун кыскартып, пионер болгон жана жубайы экөө муктаждык бар жерде кызмат кылышса кандай кубаныч алышары жөнүндө ойлонгон.
КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР ЖАНА КУБАНЫЧТУУ КАБАР
2007-жылы майда Дэниел менен Мириям жумушунан бошонуп, мурда өздөрү барып келген Панама өлкөсүнө бет алышкан. Алардын жаңы аймагы Кариб деңизиндеги Бокас-дель-Торо архипелагына кирген бир нече аралды камтыган. Ал аралдардын тургундарынын басымдуу бөлүгүн нгабе деген индей эли түзөт. Дэниел менен Мириям топтоп койгон акчасы менен Панамада сегиз айдай жүрө алышарын эсептеп чыгышкан.
Алар аралдарды кайык, велосипед менен кыдырышкан. Биринчи саякаты такыр эстен кеткис болгон: куйкалаган күндүн ысыгында тик дөңдөр менен велосипедчен 32 чакырымдай жол жүрүшкөн. Ушунчалык катуу чарчагандыктан Дэниел эс-учун жоготуп коё жаздаган. Бирок жолдон жолуккан нгабе уруусундагы үй-бүлөлөр аларды, өзгөчө, жергиликтүү тилде бир нече сөз үйрөнүп алышкандан кийин жылуу тосуп алышкан. Көп өтпөй алар 23 ыйык китептик изилдөө өткөрө башташкан.
Топтогон акчасы түгөнгөндө, жубайлар кайгырышкан. «Испанияга кайтып барарыбызды ойлогондо, көзүбүзгө жаш тегерене түшчү. Биз менен Ыйык Китепти изилдеп жаткандарды таштап кетерибизге ичибиз аябай ачышты»,— деп эскерет Дэниел. Бирок бир айдан кийин алар жүрөк толкуткан кабар алышкан. Мириям: «Биз атайын пионер болуп дайындалдык. Кызмат кылып жаткан жерибизде калганыбызга аябай кубандык!» — деп кошумчалайт.
ЭЧ НЕРСЕГЕ САЛЫШТЫРЫЛГЫС КУБАНЫЧ
2015-жылы уюмда болгон өзгөрүүлөрдүн натыйжасында Дэниел менен Мириям кайрадан үзгүлтүксүз пионер болушкан. Ошондо эмне кылышкан? Ал жубайлар Забур 37:5теги: «Жолуңду Жахабага тапшыр, ага таян, ошондо ал өзү иш-аракет кылат»,— деген убадага бекем ишенишкен. Алар пионер болуп кызмат кылганга шарт түзгөн жумуш табышкан. Учурда Панаманын Верагуас провинциясындагы бир жыйналышта кызмат кылышат.
Дэниел мындай дейт: «Испаниядан кеткенге чейин жөнөкөй жашоо өткөрө аларыбызга көзүбүз жетчү эмес. Азыр болсо жөнөкөй жашап жатабыз жана эч бир зарыл нерседен өксүгөн жокпуз». Алар эмнени эч нерсеге салыштырылгыс кубаныч деп эсептешет? Өздөрү айткандай, алар үчүн «момун адамдарга Жахабаны таанып-билүүгө жардам берүүдөн артык кубаныч жок!»