Окурмандардын суроолору
Ышая 60:1деги «аял» деген ким? Ал кандайча «ордунан турат» жана «жаркырайт»?
Ышая 60:1де: «Оо, аял, ордуңан тур, жаркыра, анткени жарыгың келди, Жахабанын даңкы сага жарык чачты»,— деп жазылган. Аяттын контекстине ылайык, «аял» Сионду же ошол учурдагы Жүйүттүн борбор шаары болгон Иерусалимди билдирген (Ыш. 60:14; 62:1, 2). Ал эми Иерусалим бүт ысрайыл элин билдирген. Ышаянын сөздөрүн окуганда төмөнкүдөй 2 суроо туулат: Биринчиси, Иерусалим качан жана кантип «ордунан» турган жана «жаркыраган»? Экинчиси, Ышаянын сөздөрү бүгүнкү күндө да чоңураак масштабда аткарылып жатабы?
Иерусалим качан жана кантип «ордунан» турган жана «жаркыраган»? Жүйүттөр Бабылда 70 жыл туткунда жүргөн кезде Иерусалим жана андагы ибадаткана талкаланган бойдон жаткан. Мадайлыктар менен персиялыктар Бабылды басып алганда, ысрайылдыктар эркиндикке чыккан. Эми алар мекенине кайтып барып, чыныгы сыйынууну калыбына келтире алмак (Эзра 1:1—4). Б. з. ч. 537-жылдын башында 12 уруудан чыккан ишенимдүү калдык так ошондой кылган (Ыш. 60:4). Алар Иерусалимден Жахабага курмандыктарды чалып, майрамдарды белгилеп, ибадаткананы кайра кура баштаган (Эзра 3:1—4, 7—11; 6:16—22). Ошондо Жахабанын даңкы Иерусалимдин, тагыраак айтканда, кайтып барган элинин үстүнөн кайрадан жаркырай баштаган. Ошентип, алар рухий жактан караңгылыкта жүргөн элдерге жарыктын булагы болуп калган.
Бирок Ышаянын пайгамбарлыгы байыркы Иерусалимдин үстүнөн толугу менен аткарылган эмес. Анткени ысрайылдыктар көп өтпөй эле Кудайга баш ийбей калган (Нек. 13:27; Мал. 1:6—8; 2:13, 14; Мт. 15:7—9). Кийинчерээк атүгүл убадаланган Иса Машаякты четке кагышкан (Мт. 27:1, 2). Ал эми б. з. 70-жылы Иерусалим жана андагы ибадаткана экинчи жолу талкаланган.
Ошондой болорун Жахаба алдын ала айткан (Дан. 9:24—27). Демек, Жахаба Ышая 60-бөлүмдөгү кайра калыбына келтирүү жөнүндөгү пайгамбарлыктын толугу менен жердеги Иерусалимде аткарылышын ниет кылган эмес.
Ышаянын сөздөрү бүгүнкү күндө да чоңураак масштабда аткарылып жатабы? Ооба, бирок каймана маанидеги башка аялга карата аткарылып жатат. Ал — «жогорку Иерусалим». Элчи Пабыл аны: «Ал — биздин энебиз»,— деп атаган (Гал. 4:26). «Жогорку Иерусалим» Жахабанын уюмунун ишенимдүү периштелерден турган асмандагы бөлүгүн билдирет. Ал эми балдары — Иса жана анын майланган 144 000 жолдоочусу. Майлангандар, Пабылга окшоп, асманда жашаганга үмүттөнүшөт. Алар «ыйык элди» — «Кудайдын Ысрайылын» — түзүшөт (1 Пет. 2:9; Гал. 6:16).
«Жогорку Иерусалим» кантип «ордунан» турган жана «жаркыраган»? Жердеги майланган балдары аркылуу. Алардын эмнелерди кылганын Ышая 60-бөлүмдө жазылган пайгамбарлыктар менен салыштырып көргүлө.
Алдын ала айтылгандай, б. з. 2-кылымында чындыктан четтөөчүлүктүн отоо чөбү Машаяктын майланган жолдоочуларын басып салган. Ошонун айынан майлангандар рухий караңгылыкка түшүп калган. Ошондуктан алар ордунан «турушу» керек болгон (Мт. 13:37—43). Ошентип, жалган диндин дүйнөлүк империясы — Улуу Бабыл — аларды туткундап алган. Майлангандар 1914-жылы «дүйнө түзүлүшүнүн аяк чени» башталганда дагы деле кулчулукта жүрүшкөн (Мт. 13:39, 40). Андан көп өтпөй эле, 1919-жылы, алар эркиндикке чыгышкан жана дароо эле жакшы кабар таратып, рухий жарыкты жаркырата баштаган a. Жылдар өткөн сайын бардык улуттагы адамдар, анын ичинде Ышая 60:3тө жазылган «падышалар» ошол жарыкка келишкен (Аян 5:9, 10).
Келечекте Машаяктын майланган жолдоочулары Кудайдын жарыгын болуп көрбөгөндөй деңгээлде жаркыратышат. Кандайча? Жердеги жашоосу аяктагандан кийин алар «жаңы Иерусалимге» кошулат. Башкача айтканда, 144 000 падышадан жана дин кызматчыдан турган Машаяктын колуктусу болуп калышат (Аян 14:1; 21:1, 2, 24; 22:3—5).
Жаңы Иерусалим Ышая 60:1дин аткарылышында маанилүү роль ойнойт. (Ышая 60:1, 3, 5, 11, 19, 20-аяттарды Аян 21:2, 9—11, 22—26-аяттар менен салыштыргыла.) Байыркы Ысрайылдын башкармалыгы Иерусалимде жайгашкан. Ошол сыңары, жаңы Иерусалим менен Машаяк жаңы дүйнөнүн башкаруу борбору болот. Жаңы Иерусалим «асмандан, Кудайдан түшүп келет» деген эмнени билдирет? Бул анын жерде жашагандарга таасир эте турган иштерди кыларын билдирет. Бардык улуттардан чыккан Кудайдан корккон адамдар «анын жарыгында жүрүшөт». Алар атүгүл күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан эркиндикке чыгышат (Аян 21:3, 4, 24). Натыйжада Ышая жана башка пайгамбарлар алдын ала айткандай, «баары калыбына келтирилет» (Элч. 3:21). Ошол укмуштуудай калыбына келтирүү мезгили Машаяк падыша болгондо башталган жана анын Миң жылдык башкаруусунун соңунда бүтөт.
a 1919-жылы калыбына келтирилген таза сыйынуу жөнүндө Жезекиел 37:1—14 жана Аян 11:7—12-аяттарда да жазылган. Жезекиел Машаяктын бардык майланган жолдоочуларынын көп жылдар бою рухий кулчулукта жүргөндөн кийин рухий жактан кайра жанданарын алдын ала айткан. Аян китебинде болсо жетекчиликти колго алган майлангандардан турган чакан топтун кайра ишке киришери жөнүндө айтылган. Ага чейин алар адилетсиз түрдө түрмөгө камалып, Жахабага кыска убакытка кызмат кыла албай калган болчу. 1919-жылы алар «ишенимдүү жана акылдуу кул» катары дайындалышкан (Мт. 24:45; карагыла: «Акыры калыбына келтирилген таза сыйынуу», 118-б.)