Акылың үчүн күрөштө жеңүүчү бол
САГА туш-туштан сокку урулуп жатат! Башкы душманың Шайтан сага каршы өтө коркунучтуу куралын колдонууда. Ал эмне болгон курал? Үгүт. Анын бул куралы денеңе эмес, акылыңа каршы багытталган.
Элчи Пабыл Шайтандын үгүтү канчалык зыяндуу экенин жакшы билген. Бирок Иса Машаяктын жолдоочуларынын баары эле андан сак боло берген эмес. Алсак, Корунт шаарындагы айрым бир туугандар чындык жолунда абдан бекем турабыз, андан эч качан чыкпайбыз деп, өздөрүнө өтө эле ишенип алышса керек (1 Кор. 10:12). Ошондуктан Пабыл алар үчүн тынчсызданып, мындай деген: «Жылан куулугу менен Обону азгырып кеткендей, силердин да ой жүгүртүүңөр бурмаланып, Машаяк татыктуу болгон ак ниеттик менен тазалыктан четтеп кетпесеңер экен деп корком» (2 Кор. 11:3).
Бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, эч качан өзүбүзгө таянбашыбыз керек. Эгер акылың үчүн күрөштө жеңүүчү болгуң келсе, Шайтандын үгүтүнүн канчалык кооптуу экенин түшүнүп, андан коргонушуң кажет.
ҮГҮТ КАНЧАЛЫК КОРКУНУЧТУУ?
Үгүт деген эмне? Бул контекстте ал адамдардын ой жүгүртүүсүн, иш-аракетин башкарып алуу үчүн бурмаланган, адаштырган маалыматты колдонууну билдирет. Айрымдар аны «калп айтуу, бурмалоо, амалкөйлүк кылуу, башкарып алуу, башын айландыруу, психологиялык күрөш» менен бирдей деп эсептешет жана «адилетсиз, этикага жатпаган, зыяндуу айла-амалдар» менен байланыштырышат («Propaganda and Persuasion»).
Үгүт канчалык кооптуу? Ал, көзгө көрүнбөгөн, жытсыз, уулуу газга окшоп, билинбей акылыбызга таасир эте берет. Кээде кайсы бир нерсенин үгүт экенин билбей калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан адамдардын жүрүм-турумун изилдеген Ванс Пакард деген адис: «Көбүбүз [үгүттүн] таасирине өзүбүз
ойлогондон да көбүрөөк алдырып, жетеленип жатабыз»,— деген. Бир окумуштуу айткандай, үгүттүн таасири менен эркектер да, аялдар да «таптакыр акылга сыйбаган, төбө чачты тик тургузган иштерди оңой эле кылып коюшат». Андай иштерге геноцид, согуш, расалык жаңжал, диний жек көрүүчүлүк жана наадандыкка жаткан башка көптөгөн иш-аракеттер кирет («Easily Led —A History of Propaganda»).Эгер адамдардын эле үгүтү ушунчалык таасир этип жатса, Шайтандыкы жөнүндө эмне айтууга болот? Ал адам баласынын жүрүм-турумуна алар жаралгандан бери эле байкоо салып келет. Ошондой эле бүт дүйнө анын бийлиги астында жатат. Андыктан өзүнүн калпын жайылтыш үчүн ал дүйнөдөгү каалаган нерсесин колдоно алат (1 Жкн. 5:19; Жкн. 8:44). Шайтан адамдардын «акылын сокур кылууга» ушунчалык маш болгондуктан азыр «бүт жер жүзүн адаштырууда» (2 Кор. 4:4; Аян 12:9). Канткенде анын үгүтүнө каршы тура аласың?
ЖАКШЫЛАП КОРГОН
Иса пайгамбар: «Чындыкты таанып-билесиңер. Чындык силерди эркин кылат» — деп, Шайтандын үгүтүнө каршы туруунун жөнөкөй жолун көрсөткөн (Жкн. 8:31, 32). Бирок согушта адатта биринчи кезекте чындык бурмаланат. Андыктан майдандагы жоокер сыяктуу эле, сен да душмандын калпына алданып калбаш үчүн ишеничтүү, туура маалымат алып турушуң керек. Андай маалыматты Жахаба берет. Анын Сөзүнөн Шайтандын үгүтүнө каршы күрөшүү үчүн зарыл маалыматтын баарын таба аласың (2 Тим. 3:16, 17).
Албетте, үгүтчүлөрдүн ана башы Шайтан муну жакшы билет. Ошон үчүн бизди Ыйык Китепти окуп-изилдөөдөн алаксытып, каалообузду өчүрүү үчүн өзүнүн дүйнөсүн колдонот. Анын айла-амалдарына алданба (Эф. 6:11). Чындыкты терең, толук түшүнгөнгө умтула бер (Эф. 3:18). Бул көп күч-аракетиңди талап кылат. Бирок Ноам Хомский деген илимпоз айткан маанилүү ойду унутпа. Ал: «Эч ким чындыкты сенин мээңе куюп бербейт. Аны өзүң издеп табышың керек»,— деп таамай айткан. Ошондуктан «Ыйык Жазманы күн сайын кылдат изилдеп», чындыкты издеп таба бер (Элч. 17:11).
Шайтан сенин тунук ой жүгүртүшүңдү, баарын жакшылап талдашыңды каалабайт. Эмне үчүн? Себеби, бир эмгекте жазылгандай, эгер адамдар кылдат таразалап ой жүгүртпөсө, Накыл 14:15). Чындыкка болгон ишенимиңди бекемдеш үчүн Кудай берген ой жүгүртүү жөндөмүңдү, акылыңды колдон (Накыл 2:10—15; Рим. 12:1, 2).
үгүт «абдан натыйжалуу болору бышык» («Media and Society in the Twentieth Century»). Андыктан уккан нерсеңе ойлонбой туруп эле ишене бербе (ЫНТЫМАГЫБЫЗДЫ ЫДЫРАТЫШЫНА ЖОЛ БЕРБЕ
Согуш ыкмаларын мыкты билгендер кас тараптагы жоокерлердин кайратын качырып, ындынын өчүрүш үчүн үгүт жүргүзүшү мүмкүн. Алсак, алардын ортосуна жик салышы же аскер курамынан обочолонууга түртүшү ыктымал. Айрым маалыматтарга ылайык, бир немис генералы Биринчи дүйнөлүк согушта жеңилип калышканынын бир себеби элдин, «жыланга арбалган коёнго окшоп, душмандын үгүтүнө арбалып калганында» болгонун айткан. Шайтан да Кудайдын кызматчыларын бөлүп-жарып, жеңишке жетүү үчүн ошондой ыкманы колдонот. Мисалы, алардын ортосуна от жакканга аракет кылат. Ошондой эле айрымдарды адилетсиздиктей сезилген нерселерден же таарынычтан улам уюмдан алыстап кетүүгө түртөт.
Ага алданба! Кудайдын Сөзүнө жетектел. Маселен, ортобуздагы биримдик сакталышы үчүн, Ыйык Китеп бизди бири-бирибизди айкөлдүк менен кечирүүгө, таарынычтарды тезирээк чечүүгө чакырат (Кол. 3:13, 14; Мт. 5:23, 24). Анда жыйналыштан обочолонбошубуз керектигине байланыштуу да олуттуу эскертүү берилет (Накыл 18:1). Өзүңдүн Шайтандын үгүтүнө канчалык каршы туруп жатканыңды текшер. Ан үчүн: «Акыркы жолу ушундай жагдайга кабылганда кандай иш-аракет кылдым? Кудайдын рухуна жетектелдимби же дүйнөнүн рухунабы?» — деп ойлонуп көр (Гал. 5:16—26; Эф. 2:2, 3).
ИШЕНИМИҢДИ СОЛГУНДАТЫП САЛБАСЫН
Башчысына болгон берилгендиги солгундап калган жоокер жакшы согушпайт. Ошондуктан душмандар жоокерлерге башчыларын ишеничтен кеткен кишидей кылып көрсөтүүгө аракет кылышат. Алар: «Жол башчыларыңарга ишенбегиле! Аларга таянсаңар, башыңарга балээ үйөсүңөр!» — деген сыяктуу сөздөрдү айтышы мүмкүн. Анан сөзү салмактуу болушу үчүн, амалкөйлүк менен ошол жетекчилердин кайсы бир ката-кемчиликтерине көңүлүн
бурдурушу ыктымал. Шайтан да так ошондой кылат. Ал сенин Жахаба дайындаган жооптуу бир туугандарга болгон ишенимиңди солгундатууга багынбай аракет кыла берет.Кантип коргонсоң болот? Жахабанын уюму менен дайыма тыгыз байланышта бол. Жетекчилик кылууга дайындалган бир туугандарды, кандай кемчиликтери болбосун, берилгендик менен колдо (1 Тес. 5:12, 13). Чындыктан четтегендер жана башка алдамчылар уюмга каршы сокку урганда, алардын айткандары канчалык туурадай көрүнбөсүн, ой жүгүртүүңдүн «бурмаланып калышына жол бербе» (2 Тес. 2:2; Тит 1:10). Андайда Тиметейге берилген кеңешке ылайык иш кыл. Башкача айтканда, өзүң үйрөнүп-билген чындыкка бекем карман жана аны каяктан үйрөнгөнүңдү унутпа (2 Тим. 3:14, 15). Жахаба бизди чындык жолунда жетектөө үчүн жүз жылдай убактан бери колдонуп келаткан акылдуу кулга ишеним артсаң болоруна көптөгөн далилдер бар (Мт. 24:45—47; Евр. 13:7, 17).
КОРКУНУЧКА АЛДЫРБА
Эске алчу нерсе, Шайтан дайыма эле тымызын үгүт жүргүзбөйт. Ал кээде коркутуп-үркүтөт. Бул — «үгүттүн эң байыркы түрү» («Easily Led — A History of Propaganda»). Алсак, британиялык профессор Филип Тейлор жазгандай, ашурлуктар «үгүт жүргүзүү менен бирге коркутуп-үркүтүп», душмандарына үстөмдүк кылышчу. Шайтан да сени багындырып, Жахабага кызмат кылуудан баш тарттырыш үчүн адамдан коркууну, куугунтуктан коркууну, өлүмдөн коркууну жана коркуу сезиминин дагы башка ушу сыяктуу түрлөрүн колдонот (Ыш. 8:12; Жер. 42:11; Евр. 2:15).
Шайтандын коркутуп-үркүтүп, ындыныңды өчүрүшүнө же кынтыксыздыгыңдан тайдырышына жол бербе. Иса: «Денени өлтүрүп, бирок андан башка эч нерсе кыла албай тургандардан коркпогула»,— деген (Лк. 12:4). Жахабанын өз убадасына туруп, сага көз салып турарына, «адаттан тышкаркы күч» берерине жана сени багындырыш үчүн кандай аракеттер жасалбасын, туруктуу болууга көмөк кыларына эч шектенбе (2 Кор. 4:7—9; 1 Пет. 3:14).
Албетте, кээде жүрөгүңдүн үшүн алган, шаабайыңды сууткан жагдайларга кабылышың мүмкүн. Андай учурда Жахабанын Жашыяга: «Кайраттуу, бекем бол. Коркпо, үрөйүң учпасын, анткени кайда барбагын, Жахаба Кудайың сени менен болот»,— деп айткан бекемдээрлик сөздөрүн эсиңден чыгарба (Жаш. 1:9). Тынчсызданганда дароо Жахабага кайрылып, ичиңдегинин баарын төк. Ошондо Шайтандын бардык үгүтүнө каршы тура алышың үчүн, Кудайдын тынчтыгы жүрөгүң менен акылыңды сактайт (Флп. 4:6, 7, 13).
Ашур падышасынын өкүлү рапшактын Кудайдын элине каршы кандай үгүттү колдонгону эсиңдеби? Ал, мындайча айтканда: «Силерди Ашурдан эч ким, эч нерсе коргой албайт. Атүгүл Жахаба Кудайыңар да эчтеке кыла албайт. Жахаба бизге бул жерди талкала деп өзү айтты»,— деп ишенимдүү сүйлөгөн. Бирок Жахаба эмне деген? «Өзүң уккан сөздөрдөн, Ашур падышасынын кызматчыларынын мени кордогон сөздөрүнөн коркпо»,— деген (2 Пад. 18:22—25; 19:6). Андан кийин периштесин жиберип, бир түндүн ичинде ашурлуктардын 185 000 жоокерин кырып салган (2 Пад. 19:35).
АКЫЛДУУ БОЛУП, ДАЙЫМА ЖАХАБАНЫ УК
Кино көрүп отуруп кимдир бирөөнүн башка бирөөнү алдап, өз кызыкчылыгына колдонгону жатканын көргөн учуруң болду беле? Ошондо: «Ага ишенбе! Сени алдап жатат!» — деп чый-пыйың чыкты беле? Анын сыңарындай, периштелердин да сага: «Шайтандын калпына ишенбе!» — деп күйүп-бышып жатканын элестетсең.
Андыктан Шайтандын үгүтүнө кулак төшөбө (Накыл 26:24, 25). Бардык иштериңде Жахабаны угуп, ага таян (Накыл 3:5—7). Анын сүйүү менен айткан: «Уулум, акылдуу бол, жүрөгүмдү кубант»,— деген чакырыгына ылайык иш кыл (Накыл 27:11). Ошентсең, акылың үчүн күрөштө жеңишке жетесиң!