Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

65-ЫР: Алгалай бер!

Жигиттер, Марк менен Тиметейден үлгү алгыла

Жигиттер, Марк менен Тиметейден үлгү алгыла

«Маркты ала кел, анткени Кудайга кылган кызматымда анын жардамы керек» (ТИМ. 2-К. 4:11).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Марк менен Тиметейдин үлгүсү жигиттерге Жахабага жана жыйналышындагы бир туугандарга көбүрөөк кызмат кылыш үчүн керектүү сапаттарды өрчүткөнгө жардам берет.

1, 2. Марк менен Тиметейге башкаларга көбүрөөк кызмат кылганга эмнелер тоскоол болушу мүмкүн эле?

 ЖИГИТТЕР, Жахабага көбүрөөк кызмат кылып, жыйналышыңардагыларга көбүрөөк жардам бергиңер келеби? Ошенткиңер келери шексиз. Арабыздагы көптөгөн жаштардын башкаларга жардам бергенге даяр турганын көрүү кандай гана жагымдуу! (Заб. 110:3). Анткен менен бул дайыма эле оңой эмес. Балким, Жахабага көбүрөөк кызмат кылсам, андан аркы жашоом эмне болот деп тынчсызданаттырсыңар. Же аткара албайм деп ойлогондуктан, кызматтын кайсы бир түрүнөн баш тарткандырсыңар. Эгер ушинткен болсоңор, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө, башкалар да ошенткен учурлар болгон.

2 Марк менен Тиметей да ушундай сезимде болушкан. Бирок алар белгисиздиктен коркуп же тажрыйбам жок деп отуруп калбай, Жахабага көбүрөөк кызмат кылууну чечишкен. Элчи Пабыл менен Барнаба 1-миссионердик сапарына Маркты чакырганда, ал апасы менен бүт шарттары бар үйдө жашап жүрсө керек (Элч. 12:12, 13, 25). Ошентсе да Марк жылуу-жумшак ордун таштап, Жахабага көбүрөөк кызмат кылганга аттанган. Алгач ал Антиохияга көчүп барган, андан кийин Пабыл менен Барнабаны коштоп алыс жерлерге чейин барган (Элч. 13:1—5). Тиметей да, Пабыл аны өзү менен кошо кабар айтканга чакырганда, ата-энеси менен жашап жүргөн көрүнөт. Жаш жана тажрыйбасыз болгондуктан Тиметей мындай кызматка жарабайм деп барбай деле коё алмак. (Салыштыргыла: Корунттуктарга 1-кат 16:10, 11 жана Тиметейге 1-кат 4:12.) Бирок ал Пабылдын сунушун кабыл алган жана ошонун аркасында Кудайдан көп бата алган (Элч. 16:3—5).

3. а) Пабыл Марк менен Тиметейди канчалык жакшы көргөн? (Тиметейге 2-кат 4:6, 9, 11). (Сүрөттөрдү да карагыла.) б) Бул макалада кайсы суроолорго жооп алабыз?

3 Марк менен Тиметей жаштайынан эле жыйналышта ар кандай милдеттерди аркалап көп тажрыйба топтогон жана көп нерсеге үйрөнгөн. Пабыл ал экөөнү аябай жакшы көргөн. Ошондуктан кийин өлөрүнө аз калганын билгенде алардын анын жанында болушун каалаган. (Окугула: Тиметейге 2-кат 4:6, 9, 11.) Пабыл Марк менен Тиметейди кайсы сапаттары үчүн ушунчалык жактырып калган? Жигиттер, силер алардан кантип үлгү ала аласыңар? Пабылдын атадай болуп аларга берген кеп-кеңеши силерге кандайча жардам берет?

Пабыл Марк менен Тиметейди жаш болсо да, жоопкерчиликтүү болгону үчүн абдан жакшы көргөн (3-абзацты карагыла) b


МАРКТАЙ БОЛУП, БАШКАЛАРГА КЫЗМАТ КЫЛГАНГА ДИЛГИР БОЛГУЛА

4, 5. Марктын башкаларга кызмат кылганга дилгирлиги эмнеден көрүнгөн?

4 Бир эмгекке ылайык, «кызмат кылуу» деген сөз башкаларга «жан-жигерин төшөп, талыкпай» жардам берүүнү билдирет. Бул жагынан Марк мыкты үлгү калтырган. Пабыл аны 2-миссионердик сапарына албай койгондо, Марк аябай жаман болуп, көңүлү чөксө керек (Элч. 15:37, 38). Бирок ошондон улам боордошторуна жардам бергенин токтотуп койгон эмес.

5 Ал тууганы Барнаба менен башка жакка кызмат кылганы кеткен. Ошондон 11 жылдай өткөндөн кийин Пабыл биринчи жолу Римде камакта отурганда, Марк ага жөлөк-таяк болгондордун арасында болгон (Флм. 23, 24). Пабыл анын жардамын аябай баалагандыктан ал тууралуу «мага жөлөк болду» деп жазган (Кол. 4:10, 11).

6. Машаяктын жетилген жолдоочулары менен көп убакыт өткөргөнү Маркка кандай таасир эткен? (Шилтемени карагыла.)

6 Марк Машаяктын жетилген жолдоочулары менен көп убакыт өткөрүп, көп нерсени үйрөнгөн. Пабыл менен Римде бир канча убакыт болгондон кийин Марк Бабылда кызмат кылып жүргөн элчи Петирге барган. Экөө абдан ынак болуп калгандыктан, Петир аны «уулум Марк» деп айткан (Пет. 1-к. 5:13). Экөө чогуу жүргөн кезде Петир ал жаш досуна Исанын жашоосу, кызматы жөнүндө көптөгөн кызыктуу нерселерди айтып берсе керек. Кийин Марк ошолорду өзүнүн Инжилине жазган a.

7. Сэнву Марктан үлгү алып эмне кылган? (Сүрөттү да карагыла.)

7 Марк дайыма жигердүү кызмат кылып, жетилген боордошторун жандап жүргөн. Андан кантип үлгү алсаңар болот? Эгер силерге азырынча сыймыктуу жоопкерчиликтер артыла элек болсо, көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Анын ордуна, Жахабага жана жыйналыштагыларга көбүрөөк кызмат кылуунун башка жолдорун издей бергиле. Учурда аксакал болуп кызмат кылып жаткан Сэнвуну мисалга алалы. Жашыраак кезинде ал өзүн жыйналышындагы башка балдар менен салыштыра берчү. Анткени алардын айрымдарына ага артыла элек милдеттер артылган болчу. Ошондон улам Сэнву жаман болуп көңүлү чөккөн. Анан бир күнү кандай сезимде болуп жатканын аксакалдарга айткан. Ошондо бир аксакал аны, башкалар байкашпаса да, жыйналыштагыларга колунан келген жардамын бере бергенге үндөгөн. Ошондон тартып Сэнву кары-картаңдарга жана жыйналышка өз алдынча бара албагандарга жыйналышка барганга көмөк кылууну чечкен. Ошол күндөрдү эскерип ал мындай дейт: «Мен башкаларга кызмат кылуу деген эмнени билдирерин көбүрөөк түшүндүм. Башкаларга жардам берген чоң кубаныч тартуулайт экен».

Кудайга берилген аталары же агалары менен дайыма сүйлөшүп турганы улан-жигиттерге кандай пайдасын тийгизет? (7-абзацты карагыла)


ТИМЕТЕЙДЕЙ БОЛУП, БАШКАЛАРДЫН ЖЫРГАЛЧЫЛЫГЫН КӨЗДӨГҮЛӨ

8. Пабыл шерик кылып эмне үчүн Тиметейди тандап алган? (Филипиликтерге 2:19—22).

8 Мурда куугунтукталган шаарларга кайра барыш үчүн Пабылга кайраттуу шериктер керек болгон. Ал башында өзүн коштоп жүргөнгө тажрыйбалуу Сылас деген жигитти тандаган (Элч. 15:22, 40). Кийинчерээк болсо Тиметейди да шериги кылып алган. Пабыл Тиметейдин эмнесин жактырган? Эң алды, Тиметейди башкалар көп макташкан (Элч. 16:1, 2). Андан тышкары, ал башкалардын жыргалчылыгын чындап ойлогон жигит болгон. (Окугула: Филипиликтерге 2:19—22.)

9. Тиметейдин боордошторунун чындап камын ойлой турганы эмнеден көрүнгөн?

9 Пабыл менен кызматташа баштагандан тартып эле Тиметейдин өзүнөн да өзгөнүн камын көбүрөөк ойлой турганы байкалган. Ошондуктан Пабыл эч ойлонбой эле, жаңы шакирттерге дем-күч берсин деп, аны Берояга калтырып кеткен (Элч. 17:13, 14). Тиметей ал жакта калган Сылас менен кызматташып көп нерсеге үйрөнсө керек. Кийинчерээк болсо Пабыл Тесалоникадагы боордошторун кайраттандырыш үчүн Тиметейди ал жакка жалгыз эле жөнөткөн (Тес. 1-к. 3:2). Кийинки 15 жылдын ичинде Тиметей «ыйлагандар менен ыйлап», азап чеккендерге боор ооруганды үйрөнгөн (Рим. 12:15; Тим. 2-к. 1:4). Жигиттер, силер Тиметейден эмнеге үйрөнө аласыңар?

10. Вужэ башкаларга көңүл бурганды кантип үйрөнгөн?

10 Вужэ деген бир жигит башкаларга көңүл бурганды үйрөнгөн. Ал өспүрүм кезинде жыйналышындагы улуураак бир туугандар менен көп сүйлөшө алчу эмес. Жыйналышка барганда алар менен учурашып эле кетип калчу. Бирок бир аксакал аны алар менен сүйлөшүп, жакшы жактарын айтканга үндөгөн. Ошондой эле башкаларга эмнелер кызыктуу болушу мүмкүн экени жөнүндө ойлонуп көргөнгө чакырган. Вужэ аксакалдын кеңешине кулак кагып, башкалар менен көбүрөөк сүйлөшө баштаган. «Мен азыр ар кайсы курактагы адамдар менен оңой эле тил табышып сүйлөшүп кетем. Мунун аркасында алардын башынан кандай кыйынчылыктарды кечирип жатканын билем. Ошон үчүн аларга колуман келген жардамды көрсөтө алам»,— дейт учурда аксакал болуп кызмат кылып жаткан Вужэ.

11. Жыйналышыңардагыларга кантип көңүл бура аласыңар? (Сүрөттү карагыла.)

11 Анын сыңарындай, силер да башкаларды ойлоп, аларга көңүл бөлгөндү үйрөнө аласыңар. Жыйналышка барганда жаш-курагы, тек жайы ар кандай адамдар менен сүйлөшкөнгө аракет кылгыла. Кандай жүргөнүн сурап, анан кунт коюп уккула. Ошондо аларга кайсы жактан жардам керек болуп жатканын билесиңер. Балким, жыйналышыңардагы улуураак бирөөлөр JW Library® тиркемесин жакшы колдоно албай жатканын байкаган чыгарсыңар. Же мүмкүн, аларга кызматташканга шерик керек болуп жаткандыр. Анда электрондук каражатын колдонгонду үйрөтсөңөр болот же чогуу кабар айтып келсеңер болот. Башкаларга жардам берүүдө ушинтип демилгени колго алсаңар, баарына жакшы үлгү боло ала аласыңар.

Жаш жигиттер жыйналыштагыларга көп жагынан жардам бере алышат (11-абзацты карагыла)


ПАБЫЛДЫН КЕП-КЕҢЕШИНЕ КУЛАК КАККЫЛА

12. Уландар, Пабылдын Тиметейге айткандарынын канткенде силерге да пайдасы тиет?

12 Пабыл Тиметейге бактылуу болушу үчүн, кызматын ийгиликтүү аткарыш үчүн жакшы кеңештерин айткан (Тим. 1-к. 1:18; Тим. 2-к. 4:5). Уландар, Пабыл айткан насааттын силерге да пайдасы чоң. Ошон үчүн Пабылдын Тиметейге жазган эки катын силерге жолдогондой кылып окуп, ал жактагы кеңештерди кантип колдонсоңор болорун ойлонуп көргүлө. Эмесе, ошол кеңештердин айрымдарына токтололу.

13. Жахабага болгон берилгендикти өрчүтүш үчүн эмне кылыш керек?

13 «Кудайга берилгендигиңди сактаганга машыга бер» (Тим. 1-к. 4:7б). Жахаба Кудайга берилгендик деген эмне? Бул Жахабага абдан ынак болуп, ага жаккандай иш кылганга умтулууну билдирет. Биз андай сапат менен төрөлбөйбүз, аны өрчүтүшүбүз керек. Кудайга болгон берилгендикти кантип өрчүтсөк болот? Грек тилиндеги «машыга бер» деген сөз жарышка даярданган жөө күлүктүн жанын аябай машыкканын сүрөттөш үчүн колдонулган. Андай жөө күлүктөр өзүн көп жактан тыйып, башкара билиши керек болгон. Биз да Жахабага жакындата турган адаттарды өрчүтүш үчүн өзүбүздү башкара билишибиз керек.

14. Ыйык Китепти окуганда кандай максатты көздөшүңөр керек? Мисал келтиргиле.

14 Ыйык Китепти күн сайын окууну адат кылып алганыңар абдан маанилүү. Аны окуп жатканда негизги максатыңар Жахабага жакындоо экенин унутпагыла. Исанын бир бай жаш жигит менен сүйлөшкөнүн мисалга алалы (Мр. 10:17—22). Андан эмнеге үйрөнсөңөр болот? Ал жигит Исанын Машаяк экенине ишенсе да, ишеними аны жолдогонго даяр болгончолук күчтүү эмес болчу. Ошентсе да Иса айткандарын угуп, аны жакшы көрүп кеткен. Исанын ага кылган мамилеси жөнүндө окуганда жүрөгүңөр козголдубу? Иса анын туура чечим чыгарышын аябай каалаган. Ушундай мамиле кылып, ал Атасынын ошол жаш жигитке болгон сүйүүсүн чагылдырган (Жкн. 14:9). Ушул окуя менен өзүңөрдүн жагдайыңар жөнүндө ойлонгондо: «Жахабага дагы көбүрөөк жакындаш үчүн эмне кылышым керек?» — деп ойлонуп көргүлө.

15. Жигиттер, кайсы бир жактан кандай үлгү болуп жатканыңарга эмне үчүн көңүл бурушуңар керек? Мисал келтиргиле. (Тиметейге 1-кат 4:12, 13).

15 «Кудайдын берилген кызматчыларына. . . үлгү бол». (Окугула: Тиметейге 1-кат 4:12, 13.) Пабыл Тиметейди жакшы окуганга жана мыкты окутуучу болгонго эле эмес, сүйүү, ишеним, адеп-ахлактуулук сыяктуу сапаттарды да өрчүткөнгө үндөгөн. Эмне үчүн? Себеби сөздөргө караганда иштер таасирдүүрөөк болот. Мисалы, кабар айтуу кызматында канткенде көбүрөөк ынталуу болуш керектиги жөнүндө сөз сүйлөгөнү жатасыңар дейли. Эгер өзүңөр ынталуу кызмат кылсаңар, бул тууралуу эч тартынбай эркин айтып бере аласыңар. Бул жагынан өзүңөр жакшы үлгү болгондуктан, сөзүңөр салмактуу болот (Тим. 1-к. 3:13).

16. а) Уландар кайсы беш жактан үлгү болушу керек? б) Канткенде сөзүңөр менен үлгү боло аласыңар?

16 Тиметейге 1-кат 4:12де Пабыл жаш уландар кайсы беш жактан үлгү боло аларын айтып өткөн. Ушулардын ар бирин өз алдыңарча изилдеп көргүлө. Мисалы, сүйлөгөн сөзүңөр менен үлгү болгуңар келип жатат дейли. Анда башкаларга канткенде дем-күч бере аларыңар жөнүндө ойлонуп көргүлө. Алсак, ата-энеңерге силерге кылган жакшылыктары үчүн көбүрөөк ыраазычылык билдире аласыңарбы? Жыйналыштан кийин тапшырмасын аткаргандарды мактап, эмнеси жакканын айтып рахмат айта аласыңарбы? Ошондой эле жыйналыштан өз сөзүңөр менен жооп бергенге аракет кылсаңар болот. Сөзүңөр менен үлгү болгонго аракет кыла берсеңер, ийгилигиңер баарына айкын болот (Тим. 1-к. 4:15).

17. Жахабага жаккан максаттарга жеткенге эмне жардам берет? (Тиметейге 2-кат 2:22).

17 «Жаштыкка мүнөздүү каалоолордон кач,.. адилдикке. . . умтул». (Окугула: Тиметейге 2-кат 2:22.) Пабыл Тиметейди алдына койгон максаттарынан алаксыта турган жана Жахаба менен болгон мамилесине доо кетире турган каалоолор менен күрөшкөнгө үндөгөн. Балким, айрым нерселер жаман болбосо да убактыңарды уурдай турганын байкаган чыгарсыңар. Мисалы, спорт оюндарына, Интернетке же видеооюндарына канча убакыт коротуп жатканыңарды ойлонуп көргүлө. Ошолорго кетирген убактыңардын кайсы бир бөлүгүн рухий иштерге арнай аласыңарбы? Мүмкүн убактыңарды Падышалык залын оңдоп-түзөө иштерине кол кабыш кылганга же көбүрөөк кабар айтканга жумшайттырсыңар. Ошентсеңер, жакшы максаттарды коюп, аларга жеткенге жардам бере турган досторду таба аласыңар.

БАШКАЛАРГА КЫЗМАТ КЫЛСАҢАР, ЖАШООҢОР МАҢЫЗДУУ БОЛОТ

18. Марк менен Тиметейдин жашоосу кызыктуу, маңыздуу болгон деп эмне үчүн айта алабыз?

18 Марк да, Тиметей да башкаларга көбүрөөк кызмат кылыш үчүн көп нерседен кечишкен, бирок алардын жашоосу кызыктуу өткөн (Элч. 20:35). Боордошторуна кызмат кылыш үчүн Марк алыскы көп жерлерди кыдырган. Ошондой эле Исанын жашоосу, кызматы жөнүндө кызыктуу китеп жазган. Тиметей болсо Пабылга көптөгөн жыйналыштарды уюштурганга жардам берип, боордошторунун ишенимин бекемдеген. Жахаба Марк менен Тиметейдин жан аябастыгын көрүп аябай ыраазы болгону шексиз.

19. Жигиттер, Пабылдын насаатын эмне үчүн жүрөгүңөргө түйүп алышыңар керек жана анын натыйжасы кандай болот?

19 Пабыл Тиметей деген жаш досун абдан жакшы көргөнүн ага жазган каттарынан айкын көрсө болот. Жигиттер, ыйык рухтун жетеги менен жазылган ал каттардан Жахабанын силерди да аябай жакшы көрөрүн биле аласыңар. Ал ага кызмат кылып, бактылуу болушуңарды каалайт. Ошондуктан Пабылдын аталык насаатын жүрөгүңөргө түйүп, башкаларга көбүрөөк кызмат кылганга болгон каалооңорду өстүрө бергиле. Ошентсеңер, жашооңор азыртадан эле кызыктуу болот жана чыныгы жашоого болгон үмүтүңөрдү бекем сактай аласыңар (Тим. 1-к. 6:18, 19).

80-ЫР: Жахабанын жакшы экенин татып көрөлү

a Петир сезимдери күчтүү киши болгондуктан, Маркка Исанын ар кандай жагдайда өзүн кандай сезгенин, эмне дегенин, кандай иш кылганын аябай сүрөттөп айтып берген көрүнөт. Ошол себептен Марктын Инжилинде көбүнчө Исанын сезимдери, иштери баяндалат (Мр. 3:5; 7:34; 8:12).

b СҮРӨТТӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Марк Пабыл менен Барнабага алардын миссионердик сапарында кызмат кылып жардам берип жатат. Тиметей бир жыйналышка барып, боордошторуна дем-күч берип жатат.