Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

99-ЫР: Миң сандаган бир туугандар

Биз эч качан жалгыз калбайбыз

Биз эч качан жалгыз калбайбыз

«Мен сага. . . жардам берем» (ЫШ. 41:10).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макалада Жахабанын бизге кайсы төрт жактан кам көрөрү жөнүндө сөз жүрөт.

1, 2. а) Кыйын кезеңде эмне үчүн жалгыз калбайбыз деп айта алабыз? б) Бул макалада эмнени талкуулайбыз?

 ЖАШООДО чоң кыйынчылыктарга туш болгондо өзүбүздү алай-дүлөй түшкөн деңизде кичинекей кайыкта жалгыз сүзүп бараткандай сезишибиз мүмкүн. Бирок Жахаба бизди эч качан жалгыз калтырып койбойт. Асмандагы мээримдүү Атабыз Жахаба биздин кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканыбызды көрүп эле тим болбой, аларды көтөрүп кеткенге жардам берем деп убада кылат. Ал өзүнө берилген кызматчыларын: «Мен сага. . . жардам берем»,— деп ынандырат (Ыш. 41:10).

2 Бул макалада Жахаба бизди 1) кантип жетектей турганын, 2) бизге кантип кам көрөрүн, 3) бизди кантип коргоорун жана 4) кантип жубатарын талкуулайбыз. Жашоодо кандай гана кыйынчылыктар болбосун, Жахаба бизди эч убакта унутуп койбойт. Ал бизди эч качан таштабайт, ошондуктан эч качан жалгыз калбайбыз.

ЖАХАБА БИЗДИ ЖЕТЕКТЕЙТ

3, 4. Жахаба бизди кантип жетектейт? (Забур 48:14).

3 Окугула: Забур 48:14. Жахаба биздин өз кадамыбызга багыт бере албай турганыбызды, анын жетекчилигине муктаж экенибизди билет. Анда ал бизди кантип жетектейт? Мисалы, Ыйык Китеп аркылуу жетектейт (Заб. 119:105). Ыйык Китепте жазылгандарды аткарсак, туура чечимдерди чыгара алабыз, жакшы сапаттарды өрчүтө алабыз. Мунун аркасында азыртадан эле бактылуу болобуз, ал эми келечекте түбөлүк өмүр сүрө алабыз a. Алсак, Жахаба бизди кечиримдүү болуп, кек сактабаганга, бардык жагынан чынчыл болгонго, башкаларды чын жүрөктөн сүйгөнгө үйрөтөт (Заб. 37:8; Евр. 13:18; Пет. 1-к. 1:22). Эгер бизде ушундай сапаттар болсо, анда жакшы ата-эне, жакшы жубай, жакшы дос боло алабыз.

4 Мындан тышкары, Жахаба Ыйык Китепке биздикиндей эле сезимдерди туйган, башынан биздикиндей эле кыйынчылыктарды кечирген адамдардын окуяларын жаздырып койгон (Кор. 1-к. 10:13; Жкп. 5:17). Алар жөнүндө окуп, алардан эмнелерге үйрөнсөк болорун ойлонсок, мунун, жок эле дегенде, эки жагынан пайдасы бар. Биринчиден, башкалар деле биздикиндей эле кыйынчылыктар менен күрөшүп, Жахабанын жардамы менен аларды көтөрүп кете алганын билебиз (Пет. 1-к. 5:9). Экинчиден, кыйынчылыктарды кантип жеңе аларыбызды билебиз (Рим. 15:4).

5. Жахаба бизди кимдер аркылуу жетектейт?

5 Жахаба бизди жыйналыштагы бир туугандарыбыз аркылуу да жетектейт b. Мисалы, райондук көзөмөлчүлөр жыйналыштарды кыдырып, бизге дем-күч берип турушат. Алардын баяндамалары ишенимибизди бекемдейт, биримдигибизди чыңдайт (Элч. 15:40—16:5). Жыйналыштагы аксакалдар да ар бир жарчыга жекече көңүл бурганга аракет кылышат (Пет. 1-к. 5:2, 3). Ата-энелер болсо балдарына туура ой жүгүрткөндү, жакшы адаттарды өрчүткөндү үйрөтүп, Кудай менен болгон мамилесин бекемдегенге жардам беришет (Накыл 22:6). Ал эми улуураак эжелерибиз менен апаларыбыз кыз-келиндерге жакшы үлгү көрсөтүп, кеп-кеңешин айтып, дем-шык берип турушат (Тит 2:3—5).

6. Жахаба бизди жетектеш үчүн эмне кылышыбыз керек?

6 Ооба, Жахаба бизге зарыл жетекчиликтин баарын берип келет. Бирок биз ошону баалаарыбызды кантип көрсөтө алабыз? Накыл сөздөр 3:5, 6да: «Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө таянба»,— деп жазылган. Эгер ушинтсек, ал бизди «туура жолго салат», тагыраак айтканда, көптөгөн көйгөйлөрдөн качканга жана бактылуу болгонго жардам берет. Жахабанын бизди жакшы көрүп, ар бирибизге назарын салып, акыл-насаатын айтып жатканына кандай гана ыраазыбыз! (Заб. 32:8).

ЖАХАБА БИЗГЕ КАМ КӨРӨТ

7. Жахаба бизге кайсы жактардан кам көрөт? (Филипиликтерге 4:19).

7 Окугула: Филипиликтерге 4:19. Жахаба бизге рухий жактан жардам бергенден тышкары, тамак-ашыбыз, кийим-кечебиз, баш калкалаар жайыбыз болушуна да кам көрөт (Мт. 6:33; Тес. 2-к. 3:12). Албетте, күнүмдүк жашоого керектүү нерселерибиз болуп турса экен деп ойлонгонубуз кадимки эле нерсе. Бирок Жахаба буга өтө эле тынчсыздана бербегенге үндөйт (Мт. 6:25). Себеби ал өзүнө берилген кызматчыларын эч качан калтырбайт (Мт. 6:8; Евр. 13:5). Биз анын өз убадасына турарына толук ишенсек болот.

8. Жахаба Дөөтүгө кантип жардам берген?

8 Жахаба Дөөтү пайгамбарга кантип жардам бергенине көңүл бурсаңар. Качкын болуп жүргөн кезде Жахаба Дөөтү менен анын жанындагы кишилерди зарыл нерселерден өксүткөн эмес. Ошол жылдарды эскерип Дөөтү: «Мен жаш элем, эми карып калдым, бирок Кудайдын адил кишини таштап койгонун, же анын балдарынын нан сурап калганын көргөн жокмун»,— деген (Заб. 37:25). Силер да Жахабанын жеке силерге жана башка бир туугандарыбызга зарыл нерселерди берип келатканын далай жолу көргөн чыгарсыңар.

9. Кырсык-каргаша болгон учурда Жахаба элин кантип сооротот? (Сүрөттөрдү да карагыла.)

9 Жахаба өз элин кандайдыр бир кыйынчылыкка туш болгондо да зарыл нерселерден өксүтпөйт. Мисалы, 1-кылымда Жүйүт жеринде катуу ачарчылык болгондо, Исанын башка жактагы жолдоочулары боордошторуна тартуу чогултуп берген (Элч. 11:27—30; Рим. 15:25, 26). Бүгүнкү күндө деле Кудайдын эли ошентет. Маселен, кырсык-каргаша болгондо, Жахаба элине бири-бирине жардам бергенге түрткү берет. Андайда кырсыктан жапа чеккендерге тамак-аш, суу, кийим жана дары-дармектер жөнөтүлөт. Курулуш топтору болсо бузулган үйлөрдү, Падышалык залдарын оңдоп-түзөгөнгө жардам берет. Андан тышкары, боордошторубуз ар кандай жоготууга учурагандарды кайраттандырып, сооротуп-жубатат c.

Башыбызга мүшкүл түшкөндө Жахаба бизди кантип сооротот? (9-абзацты карагыла) e


10, 11. Бористин окуясынан эмнени билдиңер?

10 Жахаба ага сыйынбагандарга да жардам бергенге даяр. Биз да Жахабага кызмат кылбагандарга жакшы мамиле кылышыбыз керек (Гал. 6:10). Ошондо алар Жахаба жөнүндө көбүрөөк билгенге түрткү алышы мүмкүн. Украинада мектептин директору болуп иштеген Бористин окуясын мисалга алалы. Өзү Жахабага сыйынбаса да ал Жахабанын Күбөсү болгон окуучуларга дайыма жакшы мамиле кылып, алардын көз карашын сыйлачу. Бир күнү ага согуш болуп жаткан жерден өлкөнүн коопсузураак жерине качканга туура келген. Ошондо боордошторубуз ага жардам берген. Кийинчерээк Борис Иса Машаяктын өлүмүн эскерүү кечесине барган. Жахабанын Күбөлөрүнүн кылган жакшылыгы жөнүндө ал: «Жахабанын Күбөлөрүнө абдан ыраазымын. Алар мага жакшы кам көрүп, мага аябай жакшы мамиле кылышты»,— деген.

11 Биз да асмандагы боорукер Атабыздан үлгү алып, муктаж болгондордон, алар ага сыйынбаса да, жардамыбызды аябайбыз (Лк. 6:31, 36). Кылган жакшылыктарыбызды көрүп алар да Исанын жолдоочусу болгонго түрткү алат деп үмүттөнөбүз (Пет. 1-к. 2:12). Бирок, натыйжасы кандай болбосун, башкаларга жардам берсек, өзүбүз да сүйүнүп калабыз (Элч. 20:35).

ЖАХАБА БИЗДИ КОРГОЙТ

12. Жахаба бүгүнкү күндө өз элин кантип коргойм деп убада берген? (Забур 91:1, 2, 14).

12 Окугула: Забур 91:1, 2, 14. Жахаба өз элин рухий жактан коргой турганын убада кылган. Ал Шайтандын чыныгы сыйынууну жоюп жиберишине эч качан жол бербейт (Жкн. 17:15). Ал эми «улуу алаамат» учурунда убадасына туруп, элинин ишенимин эле эмес, элинин өзүн да сөздүн түз маанисинде сактап калат деп толук ишенсек болот (Аян 7:9, 14).

13. Жахаба жеке ар бирибизди кантип коргойт?

13 Ал эми жеке ар бирибизди Жахаба кантип коргойт? Ал бизге Ыйык Китеп аркылуу жаман менен жакшыны ажырата билгенге жардам берет (Евр. 5:14). Эгер Ыйык Китептеги принциптер боюнча жашасак, Кудай менен болгон мамилебизге да, ден соолугубузга да зыян келтире турган нерселерден алыс болобуз (Заб. 91:4). Андан тышкары, Жахаба бизди жыйналыш аркылуу да коргойт (Ыш. 32:1, 2). Себеби Жахабаны сүйгөндөрдүн, анын принциптери боюнча жашагандардын арасында жүргөндүктөн зыяндуу иштерге азгырылып кетпегенге күч-кайратыбыз жетет (Накыл 13:20).

14. а) Кудай эмне үчүн бизди бардык кыйынчылыктан калкалай бербейт? б) Забур 9:10до жазылгандар бизди эмнеге ынандырат? (Шилтемени да карагыла.)

14 Байыркы учурда Жахаба кээде өзүнүн кызматчыларын ар кандай каргашадан сөздүн түз маанисинде сактап-коргоп калчу. Бирок дайыма эле андай боло берчү эмес. Кээде биз да «күтүлбөгөн жагдайга» туш болуп, зыян тартып калышыбыз мүмкүн (Нас. 9:11). Тарых көрсөтүп тургандай, Шайтандын жалганчы экени далилдениши үчүн Жахаба кызматчыларынын куугунтукка дуушар болушуна, ал тургай өлүм менен беттешишине да жол берген учурлар болгон (Аюп 2:4—6; Мт. 23:34). Бүгүн деле ошондой. Жахаба бизди кыйынчылыктарыбыздын баарынан калкалап калбаса да, аны сүйгөндөрдү эч качан таштап салбай турганына шектенбесек болот d (Заб. 9:10).

ЖАХАБА БИЗДИ ЖУБАТАТ

15. Жахаба бизди кантип жубатат? (Корунттуктарга 2-кат 1:3, 4).

15 Окугула: Корунттуктарга 2-кат 1:3, 4. Кээде күйүт тартып, санаага батып же дагы башка кыйынчылыктан улам кыйналышыбыз мүмкүн. Балким, силер азыр ушундай нерсени башыңардан кечирип, өзүңөрдү жалгыз калгандай сезип жаткандырсыңар. Ушундайда силерди түшүнө турган бирөө барбы? Ооба бар, ал — Жахаба Кудай. Ал биздин канчалык кыйналып жатканыбызды түшүнүп эле койбой, бизди сооротуп-жубатат. Ал кантип сооротот? Жахабага жалбарып кайрылганыбызда, ал бизге «адам баласынын ой-түшүнүгүнөн жогору турган тынчтыгын» берет (Флп. 4:6, 7). Ошондой эле Ыйык Китепти окуганда ал жакта жазылган анын сөздөрү бизди сооротот. Ал жактан Жахабанын бизди канчалык сүйөрүн, анын канчалык акылман экенин, бизге кандай үмүт берип жатканын билебиз. Бул кадимкидей дем-күч берет. Жыйналышка барганда да ал жакта айтылгандарды угуп, боордошторубузду көрүп кайраттанып калабыз.

16. Натан менен Прискиланын окуясынан эмнени билдиңер?

16 Жахаба өзүнүн Сөзү аркылуу бизди кантип жубатарын Кошмо Штаттарда жашаган Натан менен Прискиланын окуясынан билсек болот. Бир нече жыл мурун алар жарчыларга муктаждык көп жакка көчүп барышкан. Натан: «Жахаба бизге батасын берип, баары жакшы болот деп ишенгенбиз»,— дейт. Бирок ал жакка баргандан кийин экөөнүн тең ден соолугу начарлап кеткен, акча жагынан да кыйналышкан. Акыры, үйүнө кайтып барганга аргасыз болушкан. Бирок ал жактан да акчасы тартыш болуп, кыйнала беришкен. Натан: «Жахаба эмне үчүн бизге батасын берген жок деп бушайман болдум. Атүгүл бир нерсени туура эмес кылдымбы деп ойлой баштагам»,— дейт. Убакыттын өтүшү менен Натан менен Прискила Кудай аларды башына кыйынчылык түшкөндө таштап салбаганын түшүнүшкөн. «Ошол кыйын кезеңде Ыйык Китеп акылдуу дос сыяктуу бизди жетектеп, күч-кайрат берип жатты. Көрсө, кыйынчылыктын өзүнө эмес, Жахаба ошол кыйынчылыкты көтөрүп кеткенге кантип жардам бергенине көңүл топтогон маанилүү экен. Ошонун аркасында, кандай кыйынчылык болбосун, Жахаба бизге жардам берерине ынандык».

17. Жахаба Хельганы кантип жубаткан? (Сүрөттү да карагыла.)

17 Бир туугандарыбыз да бизди сооротуп-жубата алат. Венгрияда жашаган Хельганы мисалга алалы. Бир топ жыл бою башынан ар кандай кыйынчылыктарды кечиргенден кийин ал аягында эмне кыларын билбей, колунан эч нерсе келбей калгандай сезген. Бирок өткөндү ойлогондо Жахабанын жыйналыштагылар аркылуу аны кантип жубатып-сооротконун түшүнгөн. Ал мындай деп жазган: «Жумушка да барып, оорукчан баламды да карап, башка кыйынчылыктар менен да алпурушуп жүрүп күчүм калбай калганда, Жахаба мага дайыма жардам берчү. Ошол 30 жылдын ичинде ал мени жубатпаган бир да күн болгон жок. Ал мени көбүнчө боордошторум аркылуу колдочу. Алар мени жакшы көрөрүн, баалай турганын айтып, күч-кайрат беришчү. Так керектүү учурда кимдир бирөө жазып калчу, открытка берчү же мактачу. Ушундай учурлар көп болчу».

Жахаба сен аркылуу башкаларды кантип сооротушу мүмкүн? (17-абзацты карагыла)


18. Башкаларды кантип соорото алабыз?

18 Биз да Жахабадан үлгү алып, башкаларды сооротуп, күч-кайрат бере алабыз. Мисалы, башкаларды кунт коюп угуп, жылуу-жумшак сүйлөп, колубуздан келген жардамыбызды берсек болот (Накыл 3:27). Ошондой эле кыйналып жаткандарды, алар Жахабага сыйынбаса да, сооротуп-жубатканга умтулушубуз керек. Күйүттөн, оорудан кыйналышканда же санаа тартышканда аларга барабыз. Аларды кунт коюп угабыз жана Ыйык Китепте айтылгандар менен бөлүшөбүз. «Ар кандай жагдайда сооротуп-жубата турган Кудайыбыз» Жахабадан үлгү алсак, боордошторубузга кыйынчылыктарын көтөргөнгө жардам бере алабыз. Ал эле эмес, башкаларга да Жахаба жөнүндө көбүрөөк билгенге түрткү беребиз (Мт. 5:16).

ЖАХАБА БИЗГЕ ЖАРДАМ БЕРГЕНГЕ ДАЙЫМА ДАЯР

19. Жахаба бизге эмнелерди кылат жана биз андан кантип үлгү ала алабыз?

19 Жахаба аны сүйгөндөр үчүн чындап күйүп-бышат. Башыбызга кыйынчылык түшкөндө ал бизди калтырып койбойт. Ата-эне баласына кам көргөндөй эле, Жахаба да ага берилип кызмат кылгандарга кам көрөт. Ал бизди жетектейт, камыбызды ойлойт, бизди коргойт жана жубатат. Эгер кыйналгандарга жөлөк-таяк болуп, аларга дем-күч берсек, асмандагы мээримдүү Атабыздан үлгү алган болобуз. Башыбызга кандай мүшкүл түшпөсүн, Жахабанын бизди колдой турганына эч качан шектенбейли. Себеби ал: «Коркпо, анткени мен сенин жаныңдамын»,— деп убада берген (Ыш. 41:10). Анын бул убадасына толук ишене алабыз. Ал бизди эч качан жалгыз калтырбайт!

100-ЫР: Меймандос бололу

a Бул макаланы карагыла: «Чыгарган чечимдериң Кудайга даңк алып келгидей болсун» («Күзөт мунарасы», 2011-жыл, 15-апрель).

b Бул макаланы карагыла: «Жахабанын жетекчилигине дайыма баш ийгиле» («Күзөт мунарасы», 2024-жыл, февраль, 11—14-абзацтар).

c Бул тууралуу акыркы жаңылыктарды билиш үчүн jw.org сайтына кирип, «Издөө» деген жерге «табигый кырсыктар» деп жазгыла.

d Карагыла: «Күзөт мунарасы», 2017-жыл, февраль, «Окурмандардын суроолору».

e СҮРӨТТӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Малавидеги табигый кырсыктан кийин боордошторубузга тамак-аш жана башка зарыл нерселер жеткирилип, жардам көрсөтүлүп жатат. Ошондой эле аксакалдар аларды жубатып жатышат.