Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

13-ЫР: Машаяк бизге үлгү

Чөмүлгөндөн кийин да Исанын жолун жолдой бер

Чөмүлгөндөн кийин да Исанын жолун жолдой бер

«Ким менин артымдан ээрчигиси келсе, өзүнөн баш тартып, жаза устунун күн сайын көтөрүп жүрсүн жана дайыма менин жолумду жолдосун» (ЛК. 9:23).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Бул макаладан өзүбүздү Жахабага арнаганыбыз жашообузга кандай таасир этиши керектигин карап чыгабыз. Ошондой эле, өзгөчө, жаңы чөмүлгөндөргө ишениминен жазбаганга эмне жардам берерине токтолобуз.

1, 2. Чөмүлгөндөн кийин кандай бата алабыз?

 ЧӨМҮЛҮП, Жахабанын үй-бүлөсүнө кошулуу — чоң бакыт. Ушундай сыймыкка ээ болгондор Дөөтүнүн сөздөрүнө кошулары шексиз. Ал: «Короолоруңда жашашы үчүн, өзүң тандап алган, өзүңө жакындаткан адам бактылуу»,— деген (Заб. 65:4).

2 Жахаба «короолоруна» көрүнгөн адамдын баарын эле киргизе бербейт. Мурунку макаладан билгенибиздей, ал аны менен ынак мамиледе болгусу келгендерди гана өзүнө жакындатат (Жкп. 4:8). Өмүрүңдү Жахабага арнап, чөмүлгөндө ага өзгөчө ынак болуп каласың. Чөмүлгөнүңдөн кийин, ал сага «эч нерсеге муктаж болбой калганыңча» батасын төгөрүнөн шектенбесең болот (Мал. 3:10; Жер. 17:7, 8).

3. Өзүн Кудайга арнап, чөмүлгөндөргө кандай чоң жоопкерчилик артылат? (Насаатчы 5:4, 5).

3 Чөмүлгөнүң Жахабага кылган кызматыңдын башталышы гана. Ушул кадамды таштагандан кийин ишенимиңди сынаган кыйынчылыктарга же азгырыктарга карабай убадаңа бек турганга бүт күчүңдү жумшагың келе баштайт. (Окугула: Насаатчы 5:4, 5.) Ошондой эле Исанын шакирти катары ал баскан жолду улап, анын осуяттарына мүмкүн болушунча так карманганга аракет кыласың (Мт. 28:19, 20; 1 Пет. 2:21). Бул макала так ушундай кылганга жардам берет.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРГА, АЗГЫРЫКТАРГА КАРАБАЙ ИСАНЫН ЖОЛУН ЖОЛДОЙ БЕР

4. Исанын жолдоочулары кандай мааниде «жаза устунун» көтөрүп жүрүшөт? (Лука 9:23).

4 Чөмүлгөндөн кийин эч кайгы-капасыз жашап калбайбыз. Тескерисинче, Иса шакирттерине ачык айткандай, «күн сайын» «жаза устунун» көтөрүп жүрүшүбүз керек болот. (Окугула: Лука 9:23.) Муну менен Иса азаптан башыбыз чыкпай турганын айткысы келди беле? Андай деле эмес. Ал тек гана Кудайдан бата алгандан тышкары, кыйынчылыктарга да кабыларыбызды айткысы келген. Ал кыйынчылыктардын айрымдары бир топ эле оор болушу мүмкүн (2 Тим. 3:12).

5. Иса Жахаба үчүн айрым нерселерден баш тарткандардын кандай бата аларын убада кылган?

5 Балким, сага буга чейин эле үйүңдөгүлөр каршы болуп келаткандыр. Же жашооңдо Кудайга кызмат кылууну биринчи орунга коюш үчүн материалдык нерселерден баш тарткандырсың (Мт. 6:33). Эгер ошондой болсо, бир нерседен шектенбе: Жахаба ал үчүн кылган иштериңдин бирин да көз жаздымында калтырбайт (Евр. 6:10). Балким, сен Исанын төмөнкү сөздөрүнүн калетсиз экенин өз жон териң менен сезип жаткандырсың. Ал мындай деген: «Ким мен үчүн жана жакшы кабар үчүн үй-жайын, ага-инилерин же эже-карындаштарын, энесин же атасын, балдарын же жерин калтырса, ал азыр, ушул убакта, куугунтуктоолор менен бирге жүз эсе көп үй-жайга, ага-иниге, эже-карындашка, энеге, балага жана жерге, ал эми келечектеги дүйнө түзүлүшүндө түбөлүк өмүргө ээ болот» (Мр. 10:29, 30). Ооба, алып жаткан баталарың баш тарткан нерселериңен алда канча ашып түшөт (Заб. 37:4).

6. Эмне үчүн чөмүлгөндөн кийин да «дене кумарына» алдырбаш үчүн күрөшө бериш керек болот?

6 Чөмүлгөндөн кийин да «дене кумары», башкача айтканда, жаман каалоолор менен күрөшүшүбүз керек болот (1 Жкн. 2:16). Анткени Адам атанын урпагы болгондуктан алардан толугу менен арыла албайбыз. Кээде элчи Пабылдыкындай сезимде болушубуз мүмкүн. Ал мындай деп жазган: «Жүрөгүмдө Кудайдын мыйзамынан ырахат алам, ал эми денемде башка мыйзам бар экенин көрүп турам. Бул мыйзам акылымдагы мыйзамга каршы күрөшүп, мени денемдеги күнөөнүн мыйзамына туткун кылып келет» (Рим. 7:22, 23). Туура эмес каалоолор менен күрөшүш оңой эмес экенин билгенде жаман болбой койбойсуң. Бирок Жахабага өзүңдү арнаганда берген убадаң жөнүндө ой жүгүртсөң, бул сага азгырыктарга алдырбаганга күч берет. Ооба, чөмүлгөндө берген антың азгырыктарга кабылганда жашооңду жеңилдетет. Кандайча?

7. Жахабага өмүрүңдү арнаганың кандайча ага ишенимдүү болгонго жардам берет?

7 Өмүрүңдү Жахабага арнаганда өзүмдөн баш тартам деп убада бергенсиң. Бул Жахабага жакпаган жеке максаттардан, каалоолордон баш тартарыңды билдирет (Мт. 16:24). Ошол себептен кыйынчылыктарга, азгырыктарга кабылганда эмне кылсам деп ойлонуп калбайсың. Анткени буга чейин эле Жахабага берилген бойдон калам деп чечип алгансың. Ушунун аркасында Жахабага гана жаккан иштерди кылганга чечкиндүү болосуң. Ошентсең, Аюптан үлгү аласың. Ал башынан жан чыдагыс азапты кечирсе да, эч олку-солку болбой: «Кынтыксыздыгыман жазбаймын!» — деген (Аюп 27:5).

8. Жахабага өмүрүңдү арнаганда берген убадаң жөнүндө ой жүгүрткөнүң азгырыкты четке какканга кантип жардам берет?

8 Жахабага өмүрүңдү арнаганда эмне деп сөз бергениң жөнүндө ой жүгүртсөң, кандай азгырык болбосун, аны четке кага аласың. Мисал үчүн, башка бирөөнүн өмүрлүк жарына орунсуз мамиле кылып, тийишет белең? Албетте, жок! Анткени сен Жахабага антпейм деп мурун эле убада бергенсиң. Ошентип, туура эмес каалоолор жүрөгүңдө тамырлаганга чейин эле, аны жулуп таштаган болосуң. Ушундайча «ыймансыздардын жолуна түшпөй», «андан бурулуп» кетесиң (Накыл 4:14, 15).

9. Жахабага берген убадаң жөнүндө ой жүгүрткөнүң аныкын биринчи орунга койгонго кантип жардам берет?

9 Кимдир бирөө сага жыйналыш жолугушууларына үзбөй барып турганга тоскоол кылган жумуш сунуштаса, эмне кыласың? Ойлонбой эле жок дейсиң. Анткени сен мурун эле Жахабага андай жумуштарга орношпойм деп убада бергенсиң. Ошентип, туура эмес чечим чыгарып алып, Жахабаныкын биринчи орунга коё албай кыйналбайсың. Исанын Атасына жакканды кылганга чечкиндүү болгонун эсиңден чыгарба. Сен да ошондой кылсаң, Кудайга берген убадаңды аткарууга тоскоолдук кылган нерселерди ойлонбой туруп, дароо четке кага аласың (Мт. 4:10; Жкн. 8:29).

10. Жахаба сага чөмүлгөндөн кийин да Исаны жолдой бергенге кантип жардам берет?

10 Кыйынчылыктар менен азгырыктар сага Исанын жолун дайым жолдогонго канчалык чечкиндүү экениңди көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк берет. Жахаба болсо сага ошенткенге жардам береринен шектенбесең болот. Ыйык Китепте мындай делет: «Кудай ишенимдүү; ал силердин алыңар жеткис азгырыктарга кабылышыңарга жол бербейт. Тескерисинче, азгырыкка дуушар болгонуңарда, туруштук бере алышыңар үчүн, жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөт» (1 Кор. 10:13).

КАНТКЕНДЕ ИСАНЫ ДАЙЫМА ЖОЛДОЙ БЕРЕСИҢ?

11. Исанын изи менен жазбай басуунун эң мыкты жолдорунун бири кайсы? (Сүрөттү да карагыла.)

11 Иса Жахабага бүт күчү менен кызмат кылган. Ошондой эле Атасынан дайыма тиленгендиктен аны менен ынак мамиледе болгон (Лк.6:12). Демек, сен да Жахабага жакындаганга жардам берген иштерди кыла беришиң керек. Бул — чөмүлгөндөн кийин да Исанын изи менен так басуунун мыкты жолдорунун бири. Ыйык Китепте: «Эмнеге жеткен болсок, ошого карманып, багытыбыздан жазбайлы»,— делет (Флп. 3:16). Кээде Жахабага көбүрөөк кызмат кылууну чечкен ишенимдештериң жөнүндө угуп каласың. Мисалы, алар Падышалыктын жарчыларынын мектебинде окушу же муктаждык бар жерге көчүп барышы мүмкүн. Жагдайың жол берсе, сен да ушундай максаттарга умтулсаң болот. Жахабанын эли ага кызмат кылганга мүмкүнчүлүктөрдү издеп турат (Элч. 16:9). Бирок азырынча анте албасаң, эмне кылсаң болот? Анда өзүңдү көбүрөөк кызмат кылып жаткандардан төмөн көрбө. Биз үчүн маанилүү нерсе — аягына чейин туруктуулугубуздан жазбоо (Мт. 10:22). Бир нерсени эсиңден чыгарба: Жахабаны жагдайыңа жараша колуңдан келгендин баарын кылганың кубантат. Бул — Исаны чөмүлгөндөн кийин да жолдой берүүнүн маанилүү жолу (Заб. 26:1).

Чөмүлгөндөн кийин да Жахабага жакындаганга жардам берген иштерди кыла бергенге максат кой (11-абзацты карагыла)


12, 13. Жахабага мурункудай кубанычтуу кызмат кыла албай жатсаң, эмне кылсаң болот? (1 Корунттуктар 9:16, 17). (« Акырына чейин чуркай бер» деген кутучаны да карагыла.)

12 Тилениш керек деп эле тиленип калсаң, кызматка чыкканда мурункудай кубанбай калсаң, эмне кылсаң болот? Ыйык Китепти да мурункудай рахаттанып окубай калсаңчы? Чөмүлгөндөн кийин сенде да ушундай болуп жатса, Жахабанын рухунан айрылып калдым деп ойлобо. Пенде болгондуктан сезимдериң өйдө-ылдый боло бериши мүмкүн. Мурдагыдай ынталуу болбой баштасаң, элчи Пабылдын үлгүсү тууралуу ой жүгүртүп көр. Ал Исаны туураганга аракет кылса да, кээде кызматын өзүн күчкө салып аткарганга туура келерин жакшы билген. (Окугула: 1 Корунттуктар 9:16,17.) Пабыл: «Эркиме каршы аткарсам, баары бир деле өзүмө тапшырылган жоопкерчиликти аткарган болом»,— деген. Башкача айтканда, Пабыл өзүн кандай сезбесин, кызматын аткара бергенге чечкиндүү болгон.

13 Сен да андан үлгү алып, андай сезимдерге алданба. Каалооң жок болсо да, туура иштерди кылганга чечкиндүү бол. Ошенте берсең, бара-бара кайра каалооң пайда болушу мүмкүн. Ага чейин рухий иштер менен алек боло бергениң Исаны чөмүлгөндөн кийин да жолдой бергенге жардам берет. Багынбаганың ишенимдештериңе да дем-шык берет (1 Тес. 5:11).

ӨЗҮҢДҮ ТЕКШЕРИП, СЫНАП ТУР

14. Дайыма эмнени талдап турушуң керек жана эмне үчүн? (2 Корунттуктар 13:5).

14 Чөмүлгөндөн кийин өзүңдү дайыма текшерип турганың да маанилүү. (Окугула: 2 Корунттуктар 13:5.) Маал-маалы менен кандай жашап жатканыңды жана адаттарыңды талдап тур. Алсак, дайыма тиленесиңби? Ыйык Китепти окуп-изилдейсиңби? Жолугушууларга калтырбай барып, кызматка үзбөй катышасыңбы? Ушул иштер дагы көбүрөөк кубаныч тартуулаш үчүн эмне кылсаң болору жөнүндө ойлон. Мисалы, мындай деп ой жүгүртүп көр: «Ыйык Китептеги негизги окууларды башкаларга түшүндүрүп бере аламбы? Кызматтан көбүрөөк кубаныч алыш үчүн дагы эмнелерди кыла алам? Жүрөгүмдү өйүгөн нерселерди так-айкын айтып тиленемби? Тиленгенде айткан сөздөрүмөн Жахабага толук таянарым көрүнүп турабы? Жыйналышты калтырбаймбы? Канткенде жыйналышта айтылгандарды бүт дитимди коюп угуп, жакшы катыша алам?»

15, 16. Роберттин окуясынан азгырыкты четке какканга байланыштуу эмнени үйрөндүң?

15 Ошондой эле кандай алсыздыктарыбыз бар экенин чынчылдык менен текшергенибиз маанилүү. Роберт деген ишенимдешибиздин башынан өткөн бир окуя ушундай кылганыбыз туура экенин тастыктайт. Ал мындай деген: «20 жаштарымда бир жумушта иштечүмүн. Бир күнү жумуштан кийин мени менен иштеген бир келин үйүнө чакырды. Анан: „Үйдө өзүм эле болом, келбейсиңби, кечти чогуу өткөрөлү“,— деди. Башында шылтоо издемиш болдум. Бирок, акыры, бара албай турганымды айтып, себебин түшүндүрдүм». Ошентип, Роберт азгырыкты четке кага алган. Мунусу чынында эле мактоого татырлык болгон. Кийинчерээк ал ошол окуя тууралуу ой жүгүртүп, башкачараак кылганда андан да жакшыраак болмоктугун түшүнгөн. Роберт мындай деп ачык айткан: «Мен Потипардын аялынан артын карабай качкан Жусуптай болуп, тиги келиндин сунушун ойлонбой туруп дароо четке кагышым керек болчу (Башт. 39:7—9). Ошондон кийин эмнеге анын сунушун кыйылып жатып четке кактым деп ойлонуп калдым. Ошол окуя мага Жахаба менен болгон достугумду бекемдешим керектигин түшүнгөнгө жардам берди».

16 Роберттей болуп, өзүңдү текшерип көргөнүң сен үчүн да пайдалуу болушу ыктымал. Атүгүл азгырыкты четке каккандан кийин да: «Дароо эле четке кактымбы же ойлонуп калдымбы?» — деп ойлонуп көр. Эгер кемчилигиңди байкасаң, көңүлүңдү чөгөрбө. Тескерисинче, аны байкаганыңа сүйүн. Жахабадан ошол тууралуу тилен жана анын талаптарына карманып жашаганга ого бетер чечкиндүү кылган нерселерди кыл (Заб. 139:23, 24).

17. Роберттин ишенимдүү болгону Жахабанын ысымына кандай таасир эткен?

17 Роберттин окуясынан дагы бир нерсени үйрөнө алабыз. Ал мындай деп сөзүн улайт: «Ал келиндин сунушун четке каккандан кийин, ал мага: „Сен сынактан өттүң!“ — деди. Ошондо андан эмне болгон сынак экенин сурадым. Көрсө, ага мурун Жахабанын Күбөсү болгон досу Жахабанын Күбөсү болгон жаштардын баары мүмкүнчүлүк боло калса эле, тымызын жаман иш кыларын айткан экен. Ошон үчүн ал келин ага мени сынап көрөрүн айтыптыр. Ошондо Жахабанын атына тил тийгизип албаганыма аябай сүйүндүм».

18. Чөмүлгөндөн кийин эмне кылганга чечкиндүүсүң? (« Сага жага турган макалалар» деген кутучаны да карагыла.)

18 Өзүңдү Жахабага арнап чөмүлгөндө, алдыда кандай жагдайга кабылба, анын ысмын даңктагың келерин көрсөтөсүң. Ошондой эле Жахабанын сенин кандай кыйынчылыктарга кабылып жатканыңды, кандай азгырыктарды четке кагып жатканыңды билеринен шектенбесең болот. Ал ишенимдүү бойдон калыш үчүн кылып жаткан иш-аракетиңе сөзсүз батасын берет. Жахаба ыйык рух аркылуу сага ошенткенге күч береринен күмөн санаба (Лк. 11:11—13). Чөмүлгөндөн кийин да Жахабанын жардамы менен Исанын жолун жолдой аласың!

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?

  • Кандай мааниде Исанын жолдоочулары «жаза устунун күн сайын» көтөрүп жүрүшөт?

  • Чөмүлгөндөн кийин да Исаны жолдой бериш үчүн эмне кылсаң болот?

  • Өзүңдү Кудайга арнаганда берген убадаң тууралуу ой жүгүрткөнүң ишенимдүү бойдон калганга кандайча жардам берет?

89-ЫР: Ук, аткар, бата ал