Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
«Акыркы күндөрдө» жашап жатабызбы?
Эмне деп жооп берет элеңер?
Ооба
Жок
Балким
Ыйык Китепте эмне делет?
«Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил» (2 Тиметей 3:1). Ыйык Китептеги пайгамбарлык сөзгө ылайык, учурда болуп жаткан окуялар «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызды билдирет.
Ыйык Китептен дагы эмнелерди билүүгө болот?
Акыркы күндөрдө согуш, ачарчылык, жер титирөө, айыккыс жугуштуу оорулардын көп болору жазылган (Матай 24:3, 7; Лука 21:11).
Адамдардын адеп-ахлактыгы абдан төмөндөп, Кудайдан алыстап кетери жазылган (2 Тиметей 3:2—5).
Адамзаттын келечеги кандай болот?
Айрымдар эмнеге ишенишет? Айрымдар жер жана адамдар акыры жок болуп кетет десе, башкалары жашоо оңолот деп үмүттөнүшөт. Силер кандай деп ойлойсуңар?
Ыйык Китепте эмне делет?
«Адил адамдар жерди мураска алып, Жер бетинде түбөлүк жашашат» (Забур 37:29).
Ыйык Китептен дагы эмнелерди билүүгө болот?
«Акыркы күндөрдүн» соңунда ыймансыздар жок кылынат (1 Жакан 2:17).
Жер бети бейишке айланат (Ышая 35:1, 6).