Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

41-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Силер чындап бактылуу боло аласыңар

Силер чындап бактылуу боло аласыңар

«Жахабадан корккон, анын жолдорунда жүргөн ар бир адам бактылуу» (ЗАБ. 128:1).

110-ЫР: Жахабанын кубанычы

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Рухий муктаждык деген эмне жана анын бакыт менен кандай байланышы бар?

 БАКЫТ бул заматта пайда болуп, тез эле жоголуп кеткен тек гана жыргал сезим эмес. Ал — адамды өмүр бою коштоп жүргөн кубаныч. Эмне үчүн ушинтип айтсак болот? Иса муну тоодо айткан насаатында: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу»,— деп түшүндүргөн (Мт. 5:3). Иса адам баласынын Жараткан Жахаба Кудайын таанып-билип, ага сыйынгысы келерин жана андай каалоо күчтүү болорун жакшы билген. Андай каалоону «рухий муктаждык» деп койсок болот. Жахаба «бактылуу Кудай» болгондуктан ага сыйынгандар да бактылуу боло алат (1 Тим. 1:11).

«Адилдик үчүн куугунтукталгандар бактылуу» (Мт. 5:10) (2, 3-абзацтарды карагыла) *

2, 3. а) Исанын сөздөрүнө ылайык, дагы кимдер бактылуу боло алат? б) Бул макалада эмнени карап чыгабыз жана бул эмне үчүн маанилүү?

2 Бактылуу болуш үчүн жашообуз сөзсүз эле телегейи тегиз болушу керекпи? Жок. Тоодогу насаатында Иса буга байланыштуу таң калыштуу нерселерди айткан. Ал: «Кайгыргандар бактылуу»,— деген. Андай адамдарга күнөө кетирип алып кайгыргандар же ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип кайгыргандар кирет. Иса «адилдик үчүн куугунтукталгандардын» же анын жолдоочусу болгону үчүн «кордук көргөндөрдүн» да бактылуу болорун айткан (Мт. 5:4, 10, 11). Бирок ушундай оор жагдайларга карабай кантип бактылуу боло алабыз?

3 Иса бактылуу болорубуз жашообуздун ойдогудай болгонунан эмес, рухий муктаждыгыбызды канааттандырганыбыздан, Кудай менен ынак болгонубуздан көз каранды экенин баса белгилеген (Жкп. 4:8). Анда канткенде ошенткен болобуз? Бул макалада чыныгы бакытка жол ачкан үч ачкычты карап чыгабыз.

РУХИЙ ТАМАК МЕНЕН АЗЫКТАНГЫЛА

4. Чыныгы бакыттын биринчи ачкычы кайсы? (Забур 1:1—3)

4 1-АЧКЫЧ: Чындап бактылуу болуш үчүн рухий тамак менен азыктанышыбыз керек. Жан сакташ үчүн адам баласы да, жаныбарлар да кадимки тамак-ашка муктаж. Бирок адам баласы гана рухий тамак менен азыктана алат. Бул бизге чындап эле керек. Иса: «Адам нан менен гана эмес, Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт»,— деп айткан (Мт. 4:4). Ошондуктан бир да күн рухий тамак менен азыктанбай калбашыбыз, тагыраак айтканда, Кудайдын Сөзүн окубай калбашыбыз керек. Забурчу ошондой адамдын бактылуу болорун айтып, мындай деген: «Ал Жахабанын мыйзамынан ырахат алат, анын мыйзамын күнү-түнү ой жүгүртүп окуйт»,— деген. (Окугула: Забур 1:1—3.)

5, 6. а) Ыйык Китептен эмнелерди биле алабыз? б) Ыйык Китепти окуганыбыз бактылуу болгонго кантип жардам берет?

5 Мээримдүү Кудайыбыз Жахаба Ыйык Китепке бактылуу болуш үчүн эмне кылышыбыз керектигин жаздырып койгон. Ал китептен Кудайдын өмүрүбүздү кантип өткөрүшүбүздү каалаарын биле алабыз. Ыйык Китептен канткенде ага жакындай аларыбызды, күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн эмне кылышыбыз керектигин да билебиз. Анда Кудайдын келечегибиздин жаркын болору жөнүндө убада бергени да жазылган (Жер. 29:11). Ыйык Китептен билген ушул нерселер бизди чындап кубанычка бөлөйт.

6 Биз билгендей, Ыйык Китепте күнүмдүк турмушта колдонорлук сонун кеңештер да камтылган. Ал кеңештерди колдонсок, бакытка бөлөнүп жашайбыз. Ошондуктан турмуштун санаасы баскан сайын, Жахабанын Сөзүн окуганга, окугандарыңар жөнүндө ой жүгүрткөнгө ошончолук көбүрөөк убакыт бөлгүлө. Иса: «Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» — деп айткан (Лк. 11:28).

7. Канткенде Кудайдын Сөзүн окугандын пайдасын көрөбүз?

7 Кудайдын Сөзүн окуганда анын даамын таткыдай кылып окугула. Бир мисал карап көрөлү. Кимдир бирөө силерге жакшы көргөн тамагыңарды жасап берди дейли. Бир жакка шашкан үчүн же катуу ойго баткан үчүн тамакты бүкүлү эле жутуп даамын сезбей калган учурларыңар болду беле? Андайда артыман бирөө кууп келаткансыбай тамакты шашпай эле рахаттанып жесем болмок экен деген болушуңар керек. Ыйык Китепти окуп жатканда да аны шаша-буша окуп, даамын татпай калган, башкача айтканда, анда жазылгандардын маанисин аңдабай калган учуруңар болду беле? Мындай болбош үчүн Кудайдын Сөзүн шашпай ырахат алып окугула. Окуяларды көз алдыңарга тартып элестеткиле, үн-дабыштарды укканга аракет кылгыла. Ошондой эле окугандарыңар жөнүндө ой жүгүрткүлө. Ошондо бактыңарга бакыт кошулат.

8. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» өзүнүн милдетин кантип аткарып жатат? (Шилтемени да карагыла.)

8 Иса бизге өз убагында рухий тамак берилип турушу үчүн «ишенимдүү жана акылдуу кулду» дайындаган *. Ошон үчүн биз рухий тамактан өксүбөйбүз (Мт. 24:45). Ишенимдүү кул чыгарып жаткан рухий тамактын негизги курамын ыйык рухтун жетеги менен жазылган Ыйык Китеп түзөт (1 Тес. 2:13). Демек, рухий тамак менен азыктангандын аркасында Жахабанын көз карашын биле алабыз. «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарынын жана jw.org сайтына чыккан макалаларды окуганыбыздын себеби так ушунда. Иш күндөрүндөгү жана дем алыш күндөрүндөгү жолугушууларга да ошол себептен даярданабыз. JW телеберүүсүн да ай сайын калтырбай көрөбүз. Мол рухий тамактан даам сызып турганыбыз чыныгы бакытка жол ачкан экинчи ачкычты тапканга жардам берет.

ЖАХАБАНЫН ТАЛАПТАРЫНА ЫЛАЙЫК ЖАШАГЫЛА

9. Чыныгы бакытка жеткирген экинчи ачкыч кайсы?

9 2-АЧКЫЧ: Чындап бактылуу болуш үчүн Жахабанын талаптары боюнча жашашыбыз керек. Забурчу: «Жахабадан корккон, анын жолдорунда жүргөн ар бир адам бактылуу»,— деп жазган (Заб. 128:1). Жахабадан коркуу деген аны кастарлоону билдирет. Биз Жахабаны терең кастарлагандыктан ага жакпаган иштерден оолак болобуз (Накыл 16:6). Ошондуктан Жахабанын жаман-жакшыга байланыштуу талаптарына ылайык жашаганга бүт күчүбүздү жумшап келебиз. Анын талаптары болсо Ыйык Китепте жазылган (2 Кор. 7:1). Кудайга жаккан иштерди кылып, ал жек көргөн иштерди кылбасак, чыныгы бакытка жетебиз (Заб. 37:27; 97:10; Рим. 12:9).

10. Римдиктер 12:2ге ылайык, бизден эмне күтүлөт?

10 Окугула: Римдиктер 12:2. Кимдир бирөө Жахабанын эмне туура, эмне туура эмес экенин чечкенге акысы бар экенин билиши мүмкүн. Бирок ал Кудайдын талаптарына баш ийиши да керек. Мисалы, кайсы бир айдоочу чоң жолдо канча ылдамдык менен жүрүшү керектигин аныктаганга өкмөт укуктуу экенин билиши мүмкүн. Бирок ал ошол эрежелерге баш ийбеши мүмкүн. Ошон үчүн машинени катуу айдай берет. Демек, Жахабанын талаптарына карманып жашагандан өтөр эч нерсе жок экенине ишенерибиз жүрүм-турумубуздан көрүнөт (Накыл 12:28). Дөөтү Жахабанын мыйзам-талаптарына карата так ушундай көз карашта болгон. Ал: «Мага өмүр жолун үйрөтөсүң. Көз алдыңда мени кубанычка бөлөйсүң; оң жагыңда болуу түбөлүккө жагымдуу»,— деген (Заб. 16:11).

11, 12. а) Түйшүгүбүз түмөн болгондо же санаа басканда эмнеден сак болушубуз керек? б) Филипиликтер 4:8де жазылгандар көңүл ачууну туура тандаганга кантип жардам берет?

11 Түйшүгүбүз түмөн болгондо же санаа тартканда андан арылыш үчүн өзүбүздү алаксыткыбыз келет. Бул табигый эле нерсе. Бирок андайда сак болбосок, Жахаба жек көргөн бир нерсе кылып алышыбыз мүмкүн (Эф. 5:10—12, 15—17).

12 Элчи Пабыл Филипиликтерге жолдогон катында ишенимдештерин «эмне адил,.. эмне таза болсо, эмне сүйүүгө татыса,.. эмне жакшылык деп эсептелсе», ошолор жөнүндө ой жүгүрткөнгө үндөгөн. (Окугула: Филипиликтер 4:8.) Ал көңүл ачуу жөнүндө сөз кылбаса да, көңүл ачканда эмнелерди эске алышыбыз керектигин айткысы келген. Аяттагы «эмне» деген сөз кездешкен жердин баарына «музыка», «кино», «китеп» же «видео» дегенди коюп окуп көргүлө. Бул кайсылары Кудайга жагаарын, кайсылары жакпай турганын аныктаганга жардам берет. Биз Жахабанын бийик талаптарына ылайык жашагыбыз келет (Заб. 119:1—3). Ошентсек, Кудайдын алдында жүзүбүз жарык болот жана бакытка жол ачкан үчүнчү ачкычты табабыз (Элч. 23:1).

ЖАХАБАГА СЫЙЫНУУНУ БИРИНЧИ ОРУНГА КОЙГУЛА

13. Чыныгы бакытка жол ачкан үчүнчү ачкыч кайсы? (Жакан 4:23, 24)

13 3-АЧКЫЧ: Жахабага сыйынууну жашооңордо дайыма алдыңкы орунга койгула. Жахаба Жаратканыбыз болгондуктан ага гана сыйынышыбыз керек (Аян 4:11; 14:6, 7). Ошондуктан ага жаккандай, тагыраак айтканда, «ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйынып», аны жашообузда башкы орунга коюшубуз зарыл. (Окугула: Жакан 4:23, 24.) Сыйынуубуз Кудайдын Сөзүнө шайкеш келиши үчүн биз Кудайдын ыйык рухуна жетектелишибиз керек. Ишибизге чектөө коюлган же тыюу салынган өлкөдө жашасак да, Жахабага сыйынууну биринчи орунга коёлу. Азыркы тапта Жахабанын Күбөсү болгону үчүн эле жүздөн ашык ишенимдешибиз темир тордун артында отурат *. Ошентсе да кубанычын кемитпей, колунан келгендин баарын кылып тиленгенге, изилдегенге, башкаларга Кудай жана анын Падышалыгы жөнүндө кабар айтканга аракет кылып жатышат. Кордолгондо же куугунтукталганда сүйүнөлү, анткени бул Жахабанын биз тарапта экенин көрсөтүп турат. Жахаба ошон үчүн бизге сөзсүз сыйлык берет (Жкп. 1:12; 1 Пет. 4:14).

ТУРМУШТАН АЛЫНГАН ОКУЯ

14. Жовидон эмнени баштан кечирген жана эмне үчүн?

14 Жогоруда карап өткөн үч ачкыч, жагдай-шартыбыз кандай болбосун, бактылуу болгонго жардам берет. Муну ырастаган окуялар арбын. Мисалга Тажикстанда жашаган 19 жашар Жовидон Бобожоновду алалы. Ал аскер кызматынан баш тартканы үчүн эмнелерди баштан кечирген? 2019-жылдын 4-октябрында аны үйүнөн күчкө салып алып кетип, бир нече айга тергөө камак жайына камап коюшкан. Ага кылмышкерге мамиле кылгандай мамиле кылышкан. Анын адилетсиздикке кабылганы бир нече өлкөнүн маалымат каражаттарында айтылган. Жаңылыктарда айтылгандай, аны аскер антын бергенге, аскер кийимин кийгенге мажбурлашып, ур-токмокко алышкан. Андан кийин аны күнөөлүү деп таап, түзөтүү абагына жөнөтүшкөн. Бирок кийин президент мунапыс жарыялап, ал боштондукка чыккан. Ошондой оор кырдаалга карабай Жовидон акырына чейин берилгендигинен жазган эмес, кубанычын да бөксөрткөн эмес. Кантип? Ал рухий муктаждыгын дайыма канааттандырып турган.

Жовидон рухий тамак менен азыктанып турган, Кудайдын талаптары боюнча жашаган жана жашоосунда Жахабага сыйынууну биринчи орунга койгон (15—17-абзацтарды карагыла)

15. Жовидон түрмөдө отурганда рухий тамак менен кантип азыктанган?

15 Камакта отурганда Жовидон Ыйык Китеби да, адабияттардын бири да жок болгонуна карабай рухий тамак менен азыктанып турган. Кантип? Ошол жактагы ишенимдештерибиз тамак-аш салынган баштыктарга күндөлүк аятты жазып коюшчу. Ошонун аркасында ал Ыйык Китепти күн сайын окуп, ой жүгүртө алган. Эркиндикке чыккандан кийин ал оор сыноого туш боло электерге мындай деп кеңеш берген: «Эркиндигиңерди мүмкүн болушунча туура колдонуп, Жахаба жөнүндөгү билимиңерди тереңдете бергиле. Ал үчүн Ыйык Китепти, адабияттарыбызды жакшы изилдегиле».

16. Жовидон бүт көңүлүн эмнелерге бурган?

16 Жовидон Жахабанын талаптарына ылайык жашаган. Ал терс ойлорго чырмалып же жаман иштерге азгырылып кеткен эмес. Анын ордуна, бүт көңүлүн Жахабага жана ал баалаган нерселерге бурган. Жовидон Жахабанын колунан бүткөн кооз табиятка суктанчу. Күндө эртең менен кубулжуп сайраган чымчыктардын үнүн тыңшачу. Түнкүсүн болсо жымыңдаган жылдыздарга, айга көз чаптырчу. Ал: «Жахаба бизге белек кылып берген табият мени кубанычка бөлөп, кадимкидей күч берчү»,— дейт. Ооба, Жахаба берген рухий тамакка, анын колунан бүткөн нерселерге ыраазы болсок, жүрөгүбүз кубанычка толот. Андай кубаныч болсо туруктуу болгонго күч берет.

17. Жовидондукундай жагдайга кабылгандар 1 Петир 1:6, 7деги сөздөрдү кантип колдоно алышат?

17 Жовидон Жахабага сыйынууну да биринчи орунга койгон. Ал Жахабага берилгендик сактаганы маанилүү экенин жакшы түшүнгөн. Себеби Иса бул тууралуу: «Кудайың Жахабага сыйын, ага гана ыйык кызмат кыл»,— деп айткан (Лк. 4:8). Аскер башчылар, жоокерлер Жовидонду дининен баш тарттыргысы келген. Бирок ал багынбай күндүзү да, түнкүсүн да Жахабадан жалынып-жалбарып, ишенимден тайбаганга жардам беришин өтүнгөн. Адилетсиздикке туш болсо да, Жовидон ишенимдүү бойдон калган. Азыр ал ошонун баарына чыдаганына аябай сүйүнөт. Анткени жоокерлер аны күчкө салып алып кетип, ур-токмокко алып, түрмөгө камагандан кийин, ишеними мурункудан да күчтүү болуп калган. Азыркы ишенимин сыналган ишеним десек болот. (Окугула: 1 Петир 1:6, 7.)

18. Канткенде бактылуу боло аласыңар?

18 Чындап бактылуу болуш үчүн бизге эмне керек экенин Жахаба жакшы билет. Эгер чыныгы бакыттын үч ачкычын колдонсоңор, кыйын-кысталыш учурларда да бактылуу боло аласыңар. Ошондо силер да: «Кайсы элдин Кудайы Жахаба болсо, ошол эл бактылуу!» — деген сөздөргө ортоктош болосуңар (Заб. 144:15).

89-ЫР: Ук, аткар, бата ал

^ Көптөр чыныгы бакытты издеп таппай келишет. Себеби аны туура эмес жактардан издешет. Алар рахатка батып жашасам, байлыкка тунсам, атак-даңкка, бийликке ээ болсом, бактылуу болом деп ойлошот. Бирок Иса пайгамбар жерде жүргөндө чыныгы бакыттын сыры эмнеде экенин айткан. Бул макалада чындап бактылуу болгонго жардам берген үч нерсеге токтолобуз.

^ Бул макаланы карагыла: «Рухий тамак „өз убагында“ берилип жатат», «Күзөт мунарасы», 2014-ж., 15-авг.

^ Алар тууралуу көбүрөөк билиш үчүн jw.org сайтындагы издөө тилкесине «Ишеними үчүн түрмөдө отургандар» деп жазгыла.

^ СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Камакка алынган ишенимдешибизди сот залына алып кирип баратышат. Тегерегинде аны колдогону келген боордоштору турат (ойдон чыгарылган жагдай).