Достук кыйын кезеңде сыналат
Жанни менен Маурицио 50 жылдай убактан бери дос болуп келатышат. Бирок бир кезде алардын достугу солгундай түшкөн. «Кыйын учурда мен бир катар олуттуу каталарды кетирип алып, ошонун айынан экөөбүз алыстап кеттик»,— дейт Маурицио. Жанни мындай деп кошумчалайт: «Маурицио мени менен Ыйык Китепти изилдегендиктен рухий насаатчым болуп калган. Ошондуктан анын кылганы үч уктаса, түшкө киргис нерсе болду. Экөөбүздүн жолубуз эки башка болорун ойлогонумда асманым жерге түшкөндөй эле болдум. Өзүмдү четке кагылгандай сездим».
ЖАКШЫ дос — баа жеткис байлык. Узакка созулган бекем достук кокустуктан болуп калбайт. Эгер достукка коркунуч туулса, аны сактап калууга эмне жардам берет? Ыйык Китепте чыныгы достордон болгон, бирок бир учурда достугу сыналган инсандар жөнүндө жазылган. Биз алардан көп нерсеге үйрөнө алабыз.
ДОСУҢ ЖАЗА БАСКАНДА
Койчу жана кийинчерээк падыша болгон Дөөтүнүн жан кыйышпас достору болгон. Алардын бири Жонатан эле (1 Шем. 18:1). Бирок анын Натан пайгамбар сыяктуу башка да достору болгон. Ыйык Китепте Дөөтү менен Натандын достугу качан башталганы так айтылбайт. Анткен менен, жакын достор сырдашкандай эле, Дөөтү бир жолу ага сырын ачып бергени баяндалат. Дөөтү Жахабага арнап үй кургусу келген. Натан досу жана Жахабанын рухуна жетектелген киши болгондуктан, Дөөтү анын оюн жогору баалаган көрүнөт (2 Шем. 7:2, 3).
Бирок алардын достугу чоң сыноого кабылган учур болгон. Дөөтү падыша Батшеба менен ойноштук кылган, ал эле эмес, анын күйөөсү Урийдин көзүн тазалаган (2 Шем. 11:2—21). Көптөгөн жылдар бою Жахабага берилгендик сактап, адилеттүүлүк менен иш кылып келсе да, ал ошондой үрөй учурарлык ишке барган! Буга эмне себеп болгон? Ал кылган ишинин канчалык олуттуу экенин баамдаган эмеспи? Же кыңыр ишин Кудайдан жашыра алам деп ойлогонбу?
Ошондо Натан пайгамбар эмне кылган? Падышаны ашкерелегени башка бирөөнү жөнөтүп койду беле? Дөөтүнүн Урийди кантип өлтүрткөнүн билгендер деле болгон. Анда Натан пайгамбарга анын айыбын ачам деп, узактан бери келаткан достугун тобокелге салуунун кереги бар беле? Падышаны ашкерелейм деп ал атүгүл өмүрүнөн айрылышы мүмкүн эле. Анткени Дөөтү жакында эле бейкүнөө Урийдин канын төккөн.
Бирок Натан пайгамбар Кудайдын өкүлү болчу. Ал унчукпай коё турган болсо, досу экөөнүн мамилеси мурункудай болбой каларын жана абийири кыйнаарын билген. Досу Кудайга жакпаган иштерди кылып алгандыктан кайра анын ырайымына ээ болуш үчүн жардамга аябай муктаж болгон. Ооба, Дөөтүгө чыныгы достун колдоосу керек эле. Натан пайгамбар так ошондой дос болгон. Ал сөзүн кезинде койчу болгон досунун жүрөгүн козгой турган мисал менен баштаган. Ал Кудайдын кабарын Дөөтү күнөөсүнүн канчалык оор экенин түшүнүп, иш-аракет кылууга түрткү алгыдай кылып жеткирген (2 Шем. 12:1—14).
Досуң чоң ката кетирсе же олуттуу күнөө кылса, эмне кылат элең? Анын күнөө кылганын бетине айтсам, достугубузга доо кетет деп коркот белең? Же ал тууралуу ага рухий жактан жардам бере ала турган аксакалдарга билдирсем, аны сатып кеткен болом деп ойлойт белең?
Жогоруда айтылган Жанни мындай деп эскерет: «Бир нерсе өзгөргөнүн түшүндүм. Маурицио мени менен мурункудай ачык сүйлөшпөй калган. Ошондо ушунчалык кыйын болсо да, аны менен бул жөнүндө сүйлөшөйүн деп чечтим. „Мен ал билбеген эмнени айтып бере алам? Сөздөрүмдү туура эмес кабыл алсачы?“ — деп сарсанаа болдум. Бирок экөөбүз чогуу окуп-билгендерди эсиме салгандан кийин кайраттанып, аны менен сүйлөшүүгө бел байладым. Мурун муктаж болуп турганымда, Маурицио дайыма жардамга келчү. Аны менен болгон достугумду үзгүм келген жок, бирок мен ага анын жыргалчылыгын ойлогондуктан жардам бергим келди».
Маурицио мындай дейт: «Жанни мага чын ыкластан жардам бергиси келди; анын айткандары туура болчу. Туура эмес чечимдеримдин кесепеттери үчүн ал да, Жахаба да күнөөлүү эмес экенин билгем. Ошондуктан аксакалдардын кеңешин кабыл алып, убакыттын өтүшү менен рухий жактан бутума турдум».
БАШЫНА КЫЙЫНЧЫЛЫК ТҮШКӨНДӨ
Дөөтүнүн тайгак кечүү, тар жолдо жөлөп-таяган башка да берилген достору болгон. Мисалы, Ыйык Китепте «Дөөтүнүн досу... Хушай» жөнүндө айтылат (2 Шем. 16:16; 1 Жылн. 27:33). Кыязы, ал ак сарайда кызмат кылган жана падышанын айрым учурларда купуя иштер тапшырылган досу, ишенген кишиси болгон.
Дөөтүнүн уулу Абышалом атасынан тактыны тартып алганда, көптөгөн ысрайылдыктар анын тарабына өтүп кетишкен, бирок Хушай өткөн эмес. Дөөтү качып баратканда, Хушай ага жолуккан. Өз канынан жаралган уулу жана ишенген кишилери чыккынчылык кылганда, Дөөтүнүн жүрөгүнө канжар сайылгандай эле болгон. Бирок Хушай берилгендигинен жазбай, чыккынчылардын амалын бузуш үчүн өмүрүн тобокелге салууга даяр болгон. Ал ак сарай кызматчысы катары өзүн милдеттүү сезгендиктен эле эмес, Дөөтүнүн берилген досу болгондуктан ошенткен (2 Шем. 15:13—17, 32—37; 16:15—17:16).
Бүгүнкү күндө ага-инилердин жана эже-карындаштардын жыйналыштагы жоопкерчиликтерине, дайындоолоруна карап эмес, бири-бирин чындап жакшы көргөндүктөн биримдикте кызмат кылып жатканын көрүү жүрөктү жылытпай койбойт. Иш-аракеттери менен алар, мындайча айтканда: «Өзүмдү милдеттүү сезгендиктен эмес, сени аябай
баалагандыктан мен сенин досуңмун»,— деп жатышат.Федерико деген бир туугандын башынан өткөргөнүн карап көрөлү. Ал Антонио деген жан досунун жардамы менен турмуштун ысык-суугун көтөрүп кеткен. Федерико мындай дейт: «Антонио жыйналышыбызга которулуп келгенде, биз тез эле достошуп кеттик. Экөөбүз тең кызмат жардамчысы болчубуз жана чогуу кызматташкандан кубаныч алчубуз. Көп өтпөй эле ал аксакал болуп дайындалды. Жакын досум болгондон тышкары, ал рухий жактан мен үчүн мыкты үлгү болчу». Кийинчерээк Федерико жаза басып алган. Ал дароо аксакалдарга кайрылып, рухий жактан жардам алган, бирок пионер жана кызмат жардамчысы болбой калган. Ошондо Антонио эмне кылган?
Федерико мындай деп эскерет: «Антонионун канчалык кыйналганымды түшүнүп жатканы көрүнүп турду. Ал мага чөгүп кетпегенге аябай жардам берди. Рухий жактан бутума турушума абдан кызыкдар болуп жатты, эч качан мени четке каккан жок. Ошондой эле рухий жактан бекемделгенге, багынбаганга түрткү берип турду». Антонио: «Федерико менен көп убакыт өткөрүп жаттым. Мени менен каалаган нерсесин, атүгүл кайгысын бөлүшө алгыдай өзүн эркин сезишин кааладым»,— дейт. Бактыга жараша, Федерико кайрадан мурунку калыбына келип, пионер жана кызмат жардамчысы болгон. Антонио сөзүн: «Азыр эки башка жыйналышта болсок да, мурдагыдан да ынак достордонбуз»,— деп жыйынтыктайт.
СЕНИ САТЫП КЕТКЕНДЕЙ СЕЗЕСИҢБИ?
Колдоосуна муктаж болуп турганыңда, жакын досуң сенден жүзүн буруп кетсе, кандай сезимде болот элең? Бул жан дүйнөңө бүлүк салмактыгы айтпаса да түшүнүктүү. Аны кечире алат белең? Мамилеңер кайрадан баштагыдай бекем болот беле?
Иса Машаяктын жердеги жашоосунун акыркы күндөрүндө эмне болгону жөнүндө ойлонуп көрсөң. Ал ишенимдүү элчилери менен көп убакыт өткөргөн жана алар менен өзгөчө ынак болгон. Ошондуктан аларды досторум деп атаган (Жкн. 15:15). Анткен менен душмандар аны кармап кеткенде, эмне болгон? Элчилер качып кетишкен. Мырзасынан эч качан баш тартпай турганын ишенимдүү түрдө айткан Петир болсо так ошол түнү аны тааныбайм деп танып койгон! (Мт. 26:31—33, 56, 69—75).
Иса Машаяк акыркы сыноого дуушар болгондо жалгыз каларын мурун эле билген. Ошентсе да анын элчилеринен көңүлү калышына, атүгүл жүрөгү оорушуна негиз бар болчу. Бирок тирилгенинен бир нече күн өткөндөн кийин шакирттери менен сүйлөшкөндөгү сөзүнөн көңүл кайттыктын, ачуулануунун же өкүнүчтүн кыпындай да белгиси көрүнгөн эмес. Себеби ал шакирттеринин кемчиликтерин, анын ичинде ошол акыркы түндө кылган каталарын эсептеп, көңүлүндө сактаган эмес.
Тескерисинче, Иса Машаяк Петирди жана башка элчилерин жубаткан. Элчилерине адамзат тарыхындагы эң маанилүү билим берүү ишине байланыштуу көрсөтмөлөрдү берип, аларга ишенерин көрсөткөн. Ал элчилерин дагы эле досум деп эсептеген. Анын сүйүүсү аларга эстен кеткис таасир калтырган. Алар Мырзасынын көңүлүн экинчи калтырбаш үчүн колунан келгендин баарын кылганы шексиз. Ырас, элчилер ал тапшырган ишти ийгиликтүү аткарышкан (Элч. 1:8; Кол. 1:23).
Элвира деген ишенимдешибиз сүйүктүү досу Жулиана менен түшүнбөстүктөр болуп кеткенин эскерип, мындай деген: «Ал кылган ишимдин ага катуу тийгенин айтканда, аябай жаман болгом. Анын ачууланганынын жөнү бар болчу. Бирок баарынан да менин жыргалчылыгымды, иштеримдин кесепети кандай болорун ойлоп тынчсызданып жатканын көргөндө өзгөчө таасирленгем. Ага кылган туура эмес ишиме эмес, өзүмө кандай зыян келтирип жатканыма көңүл топтогону үчүн дайыма ыраазы болом. Менин жыргалчылыгымды өз сезимдеринен жогору койгон досумдун болгону үчүн Жахабага ыраазычылык билдиргем».
Жыйынтыктай турган болсок, достугу сыналганда, жакшы дос эмне кылат? Зарыл болгондо сылык, бирок ачык сүйлөшкөнгө умтулат. Ошондой эле, Натан пайгамбар менен Хушайга окшоп, оор учурда да берилгендигинен жазбайт жана Иса Машаяктай кечиримдүү болот. Сен ушундай доссуңбу?