«Бүт жер жүзүнүн Соту» дайыма туура иш кылат
«Ал — Аска, анын иштери жеткилең, жолдорунун баары адилет» (МЫЙЗ. 32:4).
1. Ыбрайым пайгамбар Жахабанын адилеттүүлүк менен иш кыларына ишенерин кантип көрсөткөн? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)
«БҮТ жер жүзүнүн Соту адилетсиздик кылмак беле?» (Башт. 18:25). Бул суроону берүү менен Ыбрайым пайгамбар Жахабанын Содом жана Амор шаарларына адилеттүүлүк менен сот жүргүзөрүнө ишенерин көрсөткөн. Ал анын «адил кишини ыймансыз менен бирге жок кылып», адилетсиздик кылбай турганына шектенген эмес. Жахабанын андай кылышы «мүмкүн эмес» болчу. Ошондон 400 жылдай өткөндөн кийин Жахаба Муса пайгамбар аркылуу өзү жөнүндө: «Ал — Аска, анын иштери жеткилең, жолдорунун баары адилет. Ал — ишенимдүү Кудай, эч качан адилетсиздик кылбайт, ал адил, чынчыл»,— деп айткан (Мыйз. 31:19; 32:4).
2. Жахаба адилетсиздик кылышы мүмкүн эмес деп эмне үчүн айта алабыз?
2 Ыбрайым пайгамбар Жахабанын дайыма адилеттүү өкүм чыгарарына эмне себептен бекем ишенген? Анткени Жахаба — адилеттүүлүктүн жана адилдиктин эң мыкты үлгүсү. «Адилеттүүлүк», «адилдик» деп которулган еврей сөздөрү Еврей Жазмаларында көп учурда чогуу кездешет. Себеби алар мааниси жагынан бири-бирине жакын. Жахаба Заб. 33:5).
адилдикти эң жогорку деңгээлде чагылдырат, ошондуктан бардык ишти адилеттүүлүк менен карайт. Андан тышкары, өзүнүн Сөзүндө айтылгандай, «ал адилдик менен акыйкаттыкты сүйөт» (3. Бул дүйнөдө айрымдар кандай адилетсиздикке кабылууда? Мисал келтир.
3 Жахабанын дайыма адилеттүүлүк менен иш кыларын билүү жүрөгү таза адамдарды сооротот, анткени азыркы дүйнө адилетсиздикке жаткан иштерге жык толгон. Ошондуктан адамдар ак жерден күйгөн учурлар көп кезигет. Мисалы, кимдир бирөөгө адилетсиз түрдө өкүм чыгарылып, түрмөгө камалат. Ал өзү кылбаган кылмыш үчүн ондогон жылдар бою темир тордун артында отургандан кийин гана ДНК иликтөөсүнүн негизинде акталып чыгышы мүмкүн. Мындай акыйкатсыздыкка кабылгандардын күйбөгөн жери күл болуп, ызаланары айтпаса да түшүнүктүү. Бирок Кудайдын кызматчылары кээде адилетсиздиктин көтөрүүгө оңой болбогон түрүнө дуушар болушат.
ЖЫЙНАЛЫШТА
4. Ишенимибиз кантип сыналышы мүмкүн?
4 Жахабанын Күбөсү болбогондордун бизге адилетсиз мамиле кылганына таң калбайбыз деле. Ал эми жыйналыштан адилетсиздиктей көрүнгөн иштерди байкаганда же ага өзүбүз кабылганда, ишенимибиз сыналышы мүмкүн. Эгер жыйналыштан кимдир бирөө сага туура эмес мамиле кылса же дагы башка жол менен адилетсиздикке кабылсаң, эмне кыласың? Ошонун айынан мүдүрүлүп каласыңбы?
5. Жыйналыштан адилетсиздиктей көрүнгөн иштерди байкаганда же өзүбүз адилетсиздикке кабылганда эмне үчүн таң калбашыбыз керек?
5 Баарыбызга жеткилеңсиздик жана күнөө тукум кууп өткөндүктөн, башкалар бизге же тескерисинче, биз башкаларга адилетсиз мамиле кылып коюшубуз толук ыктымал (1 Жкн. 1:8). Албетте, мындай жагдайлар сейрек кездешет. Кудайдын ишенимдүү кызматчылары андайда таң калбайт же мүдүрүлүп калбайт. Жахабанын өз Сөзүнө көптөгөн пайдалуу кеңештерди жаздырып койгону бекеринен эмес. Алар бизге атүгүл ишенимдештерибиз туура эмес мамиле кылганда да кынтыксыз бойдон калууга жардам берет (Заб. 55:12—14).
6, 7. Бир ишенимдешибиз кандай адилетсиздикке кабылган жана ага көйгөйдү туура жол менен чечүүгө кайсы сапаттар жардам берген?
6 Вилли Диль бир туугандын окуясына токтололу. Ал 1931-жылдан тартып Швейцариянын борбор шаары Бернде жайгашкан Бейтелде ишенимдүүлүк менен кызмат кылган. 1946-жылы болсо Нью-Йоркто (АКШ) өткөрүлгөн Гилат мектебинин 8-классына чакырылган. Мектепти бүтүргөндөн кийин Швейцарияга райондук көзөмөлчү болуп дайындалган. Вилли бир тууган өмүр баянында: «1949-жылы май айында үйлөнөйүн деп жатканымды Берндеги филиалга билдирдим»,— деп жазган. Филиалдан кандай жооп келген? Ага пионердик кызматтан башка сыймыктуу жоопкерчиликтер берилбей турганын билдиришкен. Вилли бир тууган андан ары: «Мага баяндама айтууга да уруксат берилбей калган... Көптөр биз менен учурашпай, жыйналыштан чыгарылгандардай мамиле кылышчу»,— деп кошумчалаган.
7 Ал ошондо эмне кылган? «Биз үй-бүлө куруу Ыйык Китепке каршы келбей турганын билчүбүз. Ошондуктан тиленип, Жахабага таяна бердик»,— дейт Вилли бир тууган. Адилетсиздикке себеп болгон жана турмуш курууга байланышкан жаңылыш көз караш акыры оңдолуп, Вилли бир тууган мурунку сыймыктуу жоопкерчиликтерине кайрадан ээ болгон. Ошентип, анын *. Ар бирибиз: «Ушул сыяктуу адилетсиздикке кабылсам, мен да жагдайга карата Жахабаныкындай көз карашта боломбу? Чыдамдуу болуп, Жахабаны күтөмбү же көйгөйдү өзүм билгендей чечип киремби?» — деп ойлонуп көрсөк болот (Накыл 11:2; оку: Микей 7:7).
Жахабага берилгендик сактаганынын акыбети кайткан8. Эмне үчүн кээде сага же жыйналыштагы кимдир бирөөгө адилетсиз мамиле кылынды деп жаңылыш ойлоп алышың мүмкүн?
8 Өзүбүз же жыйналыштагы кимдир бирөө адилетсиздикке кабылгандай сезилгенде жаңылып калышыбыз ыктымал. Себеби биз жеткилеңсиз болгондуктан бир нерсени туура эмес түшүнүп алышыбыз же иштин чоо-жайын толук билбешибиз мүмкүн. Кандай болбосун, тиленүү аркылуу Жахабага таянып, берилгендик сактасак, «Жахабага каардануудан» алыс болобуз. (Оку: Накыл сөздөр 19:3.)
9. Ушул жана кийинки макалада эмнелерди талкуулайбыз?
9 Эмесе, Жахабанын байыркы убактагы кызматчылары да адилетсиздикке кабылганын көрсөткөн үч окуя жөнүндө ой жүгүртүп көрөлү. Бул макалада Ыбрайым пайгамбардын чөбөрөлөрүнөн болгон жана бир туугандарынын айынан азап тарткан Жусуптун окуясын карап чыгабыз. Ал эми кийинки макалада Жахабанын Ахап падышага кылган мамилеси, ошондой эле Петирдин Сириядагы Антиохияда жүргөндө кандай жагдайга кабылганы жөнүндө талкуулайбыз. Аларды изилдеп жатканда ар кандай учурларда, өзгөчө, адилетсиздикке кабылгандай сезилгенде рухийликке көңүл топтогонго жана Жахаба менен болгон мамилеңди сактаганга жардам бере турган ойлорду байкаганга аракет кыл.
ЖУСУП АДИЛЕТСИЗДИККЕ КАБЫЛГАН
10, 11. а) Жусуп кандай адилетсиздикке кабылган? б) Жусуп түрмөдө отурганда кандай мүмкүнчүлүк түзүлгөн?
10 Жахабанын ишенимдүү кызматчысы Жусуп бөтөн адамдардын эле эмес, кандаш туугандарынын да адилетсиз мамилесине дуушар болгон. 17 жаштарында аны бир туугандары кулчулукка сатып жиберишкен. Анан соодагерлер аны Мисирге алып кетишкен (Башт. 37:23—28; 42:21). Башка өлкөдө жүргөнүнө бир канча убакыт болуп калганда ага мырзасынын аялын зордуктаганга аракет кылды деген жалаа жабылып, сурак-сотсуз эле түрмөгө камалган (Башт. 39:17—20). Ал кулчулукта жана түрмөдө 13 жылдай азап тарткан. Эгер ишенимдешибиздин айынан адилетсиздикке кабылсак, Жусуптун башынан өткөндөрдөн эмнеге үйрөнсөк болот?
11 Түрмөдө Жусуп өзү менен чогуу отурган кишиге кандайча камакка түшүп калганын айтып берген. Ал киши фараондун шарап сунуучусу эле. Түрмөдө жаткан күндөрдүн биринде ал түш көрүп, Жусуп аны жоруп берген. Жусуп ага кайрадан фараондун ак сарайындагы мурунку ордуна коюларын айткан. Ал Жахабанын жардамы менен анын түшүн жоруп берип жатканда, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ага өзүнүн жагдайын айтып берген. Биз Жусуптун эмнелерди айтканынан эле эмес, эмнени айтпаганынан да маанилүү нерсеге үйрөнө алабыз (Башт. 40:5—13).
12, 13. а) Жусуптун сөздөрүнөн анын жагдайына моюн сунуп отуруп калбаганы кандайча көрүнүп турат? б) Шарап сунуучу менен сүйлөшүп жатканда Жусуп, сыягы, эмне тууралуу айткан эмес?
12 Оку: Башталыш 40:14, 15. Жусуптун аны «зордоп алып келишкенин» айтканына көңүл бурсаң. «Зордоо» деп берилген сөз түп нускада түзмө-түз «уурдоо» деген маанини туюнтат. Ооба, Жусуп адилетсиздиктин курманы болгон. Ал шарап сунуучуга өзүнүн түрмөгө камалгыдай кылмыш кылбаганын айткан. Анан андан өзү жөнүндө фараонго билдиришин суранган. Эмне үчүн? Мунун себебин түшүндүрүп, Жусуп: «Бул жактан чыгышым үчүн»,— деген.
13 Жусуптун сөздөрү анын жагдайына моюн сунуп, кол куушуруп отуруп калганын көрсөтүп турабы? Жок. Ал көп жолу адилетсиздикке кабылганын жакшы билген. Ошол себептен шарап сунуучунун жардамы тийиши мүмкүн деген үмүттө ага башынан өткөндөрдү айтып берген. Бирок, көңүлгө аларлык нерсе, ал кимдир бирөөгө, атүгүл фараонго да аны өз бир туугандары сатып жибергенин айткан эмес. Бул тууралуу Ыйык Китептин эч жеринде сөз кылынбайт. Айта кетчү нерсе, кийинчерээк Жусуптун бир туугандары Мисирге келип, аны менен элдешкенден кийин, фараон аларды жылуу тосуп алган жана «Мисир жериндеги эң жакшы нерселерден» ырахат алып, ошол жакта жашай берүүнү сунуш кылган (Башт. 45:16—20).
14. Жыйналыштан адилетсиздикке кабылганда жаман сөз таратпаганга эмне жардам берет?
14 Кудайдын кызматчысы, жыйналыштан кимдир бирөө ага адилетсиз мамиле кылгандай сезилгенде, ал тууралуу башкаларга жаюудан сак болушу кажет. Албетте, эгер ишенимдеши олуттуу күнөө кетирсе, ал муну аксакалдарга билдирип, алардан жардам сурашы керек (Леб. 5:1). Бирок көп учурда көйгөй олуттуу күнөөгө байланыштуу болбойт. Андайда эч кимди, ал тургай, аксакалдарды аралаштырбай эле чечсек болот. (Оку: Матай 5:23, 24; 18:15.) Ошондой эле берилгендик сактап, Ыйык Китептеги принциптерге ылайык иш кылганыбыз дурус. Айрым учурларда бизге эч кандай деле адилетсиз мамиле кылынбаганын түшүнүшүбүз ыктымал. Андайда ишенимдешибизди ушактап, жагдайды ого бетер оордотуп жибербегенибизге кандай гана кубанабыз! Биздики туурабы же туура эмеспи, башкалар жөнүндө жаман сөз таратканыбыз жагдайды жакшыртпайт. Эгер Жахабага жана бир туугандарыбызга берилгендик сактасак, мындай ката кетирип алуудан алыс болобуз. Забурчу «кынтыксыз жүргөн» киши тууралуу сөз кылып: «Тили менен эч кимге жалаа жаппайт, жакынына кыянаттык кылбайт, досун жамандабайт»,— деген (Заб. 15:2, 3; Жкп. 3:5).
БААРЫНАН МААНИЛҮҮ НЕРСЕНИ УНУТПА
15. Жахабага болгон берилгендигинен жазбагандыктан Жусуп кандай бата алган?
15 Жусуптун Жахаба менен болгон мамилесинен абдан маанилүү нерсеге үйрөнө алабыз. 13 жылга созулган оор сыноолордо ал бардык нерсеге карата Жахабаныкындай көз карашта экенин көрсөткөн (Башт. 45:5—8). Жусуп башына түшкөн мүшкүлгө Жахабаны күнөөлөгөн эмес. Азаптуу күндөрүн унутпаса да, ал ошондон улам катаалданып кеткен эмес. Баарынан маанилүүсү, башкалардын жеткилеңсиздигинин жана туура эмес иштеринин таасирине алдырбай, Жахаба менен болгон мамилесин бекем сактаган. Берилгендигинен жазбагандыктан ал Жахабанын жагдайды кантип оңдогонун көргөн жана өзү да, үй-бүлөсү да андан бата алган.
16. Ишенимдешибиз адилетсиз мамиле кылса, эмне үчүн Жахабага мурдагыдан да жакындай беришибиз керек?
16 Жусуптай болуп, биз да Жахаба менен болгон мамилебизди бекем сактап, аны жогору баалаганыбыз маанилүү. Ишенимдештерибиздин жеткилеңсиздигинин айынан өзүбүз сыйынган жана жакшы көргөн Кудайдан алыстап кетпешибиз керек (Рим. 8:38, 39). Эгер ишенимдешибиз адилетсиз мамиле кылса, Жусуптан үлгү алып, Жахабага мурдагыдан да жакындап, жагдайга карата аныкындай көз карашта болууга аракет кылалы. Ыйык Китептеги принциптерди колдонуп, абалды оңдош үчүн колубуздан келгендин баарын кылгандан кийин калганын Жахабага тапшырып, убагы келгенде баарын өз ордуна коёруна бекем ишенишибиз зарыл.
«БҮТ ЖЕР ЖҮЗҮНҮН СОТУНА» ТАЯН
17. «Бүт жер жүзүнүн Сотуна» таянарыбызды кантип көрсөтө алабыз?
17 Бул дүйнөдө жашап жаткандыктан адилетсиздикке кабыларыбыз турган иш. Кээде жыйналыштан да адилетсиздиктей сезилген жагдайга кабылышыбыз же ага күбө болушубуз мүмкүн. Андайда мүдүрүлүп калбайлы (Заб. 119:165). Андан көрө, Кудайдын ишенимдүү кызматчысы катары ага берилгендигибизди сактап, толугу менен таяналы. Ошол эле учурда баарын майда-чүйдөсүнө чейин билбей турганыбызды момундук менен моюнга алышыбыз керек. Ошондой эле жеткилеңсиз болгондуктан жагдайды туура эмес түшүнүп алышыбыз мүмкүн. Жусуп жөнүндөгү билдирүүдөн үйрөнгөнүбүздөй, башкалар жөнүндө жаман сөз таратуудан качканыбыз абзел. Себеби бул абалды ого бетер оордотот. Андан тышкары, көйгөйдү өзүбүз билгендей чечип кирбестен, берилгендигибизден жазбоого жана чыдамдуу болуп, Жахаба жагдайды оңдой турган убакты күтүүгө чечкиндүү бололу. Ошентсек, Жусуптай болуп, Жахабанын жактыруусуна жана батасына ээ болорубуз шексиз. Ооба, биз «бүт жер жүзүнүн Сотунун» дайыма туура иш кыларына эч күмөн санабасак болот, себеби анын «жолдорунун баары адилет» (Башт. 18:25; Мыйз. 32:4).
18. Кийинки макалада эмнени карап чыгабыз?
18 Кийинки макалада Жахабанын байыркы убактагы кызматчыларынын адилетсиздикке кабылганын көрсөткөн дагы эки окуяны карап чыгабыз. Бул бизге момундук менен кечиримдүүлүктүн Жахабанын адилеттүүлүгү менен кандай байланышы бар экенин түшүнүүгө жардам берет.
^ 7-абз. Вилли Диль бир туугандын өмүр баяны төмөнкү журналга жарыяланган: «Күзөт мунарасы», 1991-жыл, 1-ноябрь, 25—29-б., ор.