Жахаба менен күн сайын кызматташалы
«Биз Кудайдын кызматташтарыбыз» (1 КОР. 3:9).
1. Жахаба менен кызматташуунун кандай жолдору бар?
ЖАРАТКАНЫБЫЗ өзүнүн эркин ишке ашырууда жеткилең адамдардын аны менен кызматташышын каалаган. Бирок алар жеткилеңсиз болуп калышкан. Ошого карабай ишенимдүү эркек-аялдар Жахаба менен күн сайын кызматташа алат. Алсак, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратуу жана шакирт даярдоо ишине катышуу менен «Кудайдын кызматташтары» боло алабыз (1 Кор. 3:5—9). Ааламдын Жаратканы маанилүү деп эсептеген ишти аны менен чогуу аткарууга татыктуу деп табылганыбыз кандай гана зор сыймык экени жөнүндө ойлонуп көрсөңөр! Бирок кабар айтуу жана шакирт даярдоо иши Жахаба менен кызматташуунун жалгыз жолу эмес. Ушул макаладан аны менен кызматташуунун дагы башка жолдору: үй-бүлөбүзгө жана ишенимдештерибизге кам көрүү, меймандос болуу, теократиялык иштерди аткаруу, ыйык кызматыбызга көбүрөөк катышуу жөнүндө билебиз (Кол. 3:23).
2. Жахабанын эркин аткарууда кылып жаткан нерселерибизди башкалардыкы менен салыштыруу эмне үчүн туура эмес?
2 Бул макаланы талкуулап жатканда Жахаба үчүн кылып жаткан нерселериңерди башкалардыкы менен салыштырбагыла. Ар кимибиздин курагыбыз, ден соолугубуз, жагдай-шартыбыз, жөндөмдүүлүгүбүз ар башка экенин эстен чыгарбагыла. Элчи Гал. 6:4).
Пабыл рухтун жетеги менен: «Ар ким өзүнүн иштерин текшерсин, ошондо ал өзүн башкаларга салыштырбай, өз иштерине кубанат»,— деп жазган (ҮЙ-БҮЛӨБҮЗГӨ ЖАНА ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗГЕ ЖАРДАМ БЕРЕЛИ
3. Үй-бүлөсүнө кам көргөндөр Кудай менен кызматташат деп эмне үчүн айта алабыз?
3 Жахаба кызматчыларынын үй-бүлөсүнө кам көрүшүн күтөт. Маселен, жакындарыңарды камсыз кылыш үчүн иштешиңер керек болот. Энелердин көбү ымыркайын карап үйдө отурат. Айрымдар болсо бейкаруу ата-энелерине кам көрүп жатышат. Булардын баары абдан маанилүү. Кудайдын Сөзүндө: «Ким жакындарына, айрыкча, өз үйүндөгүлөрүнө кам көрбөсө, ал ишенимден баш тарткан болот. Андай адам ишенбегендерден да жаман»,— делет (1 Тим. 5:8). Эгер жогорудагыдай милдеттериңер бар болсо, балким, теократиялык иштерге өзүңөр каалагандай деңгээлде катыша албай жаткандырсыңар. Бирок көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Үй-бүлөңөргө кам көрүп жатканыңар Жахабанын жүрөгүн сүйүнтөт (1 Кор. 10:31).
4. Ата-энелер канткенде теократиялык иштерди өз кызыкчылыгынан жогору коё алат жана мунун натыйжасы кандай болот?
4 Чындык жолундагы ата-энелер балдарына рухий максаттарды коюуга жардам берсе, Жахаба менен кызматташкан болот. Андай ата-энелердин көбүнүн балдары кийинчерээк үйүнөн алыс жерде толук убакыт кызмат кыла баштаган. Айрымдары миссионер болсо, башкалары жарчыларга муктаждык көп жерде, дагы бирөөлөрү Бейтелде кызмат кылууда. Балдары алыста жүргөндө, ата-энелер алар менен өздөрү каалагандай көп көрүшө албай калышы мүмкүн. Ошентсе да жан аябас ата-энелер балдарын кызматын уланта берүүгө үндөшөт. Эмне үчүн? Себеби алардын Падышалыкты биринчи орунга коюп жатканын билгендиктен зор кубаныч, канааттануу алышат (3 Жкн. 4). Көптөгөн андай ата-энелер уулу Шемуелди Жахабага «карызга берип» жатканын айткан Аннаныкындай сезимде болот. Алар Жахаба менен ушундайча кызматташууну баа жеткис сыймык деп эсептейт (1 Шем. 1:28, шилт.).
5. Жыйналышыңардагы бир туугандарга кандай жолдор менен жардам берсеңер болот? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)
5 Эгер үй-бүлөлүк милдеттериңер азыраак болсо, ден соолугу начар, бейкаруу же жакындарын карап жаткан же дагы башка жактан жардамга муктаж ишенимдештериңерге колдоо көрсөтө аласыңарбы? Жыйналышыңардагы бир туугандарга көңүл буруп, кимисине жардам керек экенин байкап көрсөңөр болот. Балким, кары ата-энесине кам көрүп жаткан ишенимдешибиз кайсы бир ишин бүтүрүп келиши үчүн, ата-энесин карап тураттырбыз. Же өзү жалгыз эки жакка чыга албаган бир тууганга жыйналышка, дүкөнгө, ооруканада жаткан бирөөгө барып келүү үчүн жардамыбызды сунуштайттырбыз. Ошентсек, Жахаба кимдир бирөөнүн тиленүүсүнө жооп бериш үчүн бизди колдонушу мүмкүн. Ушундайча аны менен кызматташкан болобуз. (Оку: 1 Корунттуктар 10:24.)
МЕЙМАНДОС БОЛОЛУ
6. Меймандостук көрсөтүү өз ичине эмнени камтыйт?
6 Кудайдын кызматташтары меймандостугу менен өзгөчөлөнөт. Грек Жазмаларында «меймандостук» деп берилген сөз «чоочундарга боорукердик көрсөтүү» деген маанини туюнтат (Евр. 13:2). Ыйык Китепте бизди меймандос болууга үйрөткөн көптөгөн билдирүүлөр камтылат (Башт. 18:1—5). Биз башкаларга, алар ишенимдештерибиз болобу же жокпу, ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп жардам бере алабыз жана ошентишибиз керек (Гал. 6:10).
7. Толук убакыт кызмат кылгандарга меймандостук көрсөтүүнүн кандай пайдасы бар?
7 Толук убакыт кызмат кылгандарга меймандостук көрсөтүп Кудай менен кызматташа 3 Жакан 5, 8.) Андай учурларда «бири-бирибизди бекемдөөгө» эң сонун шарт түзүлөт (Рим. 1:11, 12). Олафтын окуясын карап көрөлү. Ондогон жылдар мурун анын жыйналышына бойдок райондук көзөмөлчү келген. Жыйналышындагылардын эч кимиси аны үйүнө конокко ала алган эмес. Ошондо жаш Олаф Жахабанын Күбөсү болбогон ата-энесинен райондук көзөмөлчүнүн алардын үйүнө түнөсө болор-болбосун сураган. Алар макул болгон, бирок Олафка өзүнүн ордуна эмес, башка жерге уктай турганын айтышкан. Ал жер ыңгайсыз болсо да, Олаф сүйүнгөн. «Ошол жума сонун өттү,— деп эскерет ал.— Райондук көзөмөлчү экөөбүз күндө эртең менен туруп, дасторкон үстүндө көптөгөн кызыктуу нерселер жөнүндө сүйлөштүк. Анын аркасында аябай бекемделип, толук убакыт кызмат кылууга болгон каалоом ойгонду». Акыркы 40 жылдан ашуун убакыттын ичинде Олаф ар кайсы өлкөдө миссионер болуп кызмат кылды.
аласыңарбы? (Оку:8. Башкалар баалабаса да, эмне үчүн жакшылык кыла беришибиз керек? Мисал келтиргиле.
8 Чоочундарга, алар башында аракетибизди баалабаса да, ар кандай жолдор менен сүйүү көрсөтө алабыз. Бир мисалга токтололу. Испаниядагы бир ишенимдешибиз Эквадордон болгон Жесика деген келин менен Ыйык Китепти изилдеп жатканда, Жесика токтоно албай ыйлай берген. Бир тууганыбыз андан эмне болгонун сураган. Жесика Испанияга көчүп келгенге чейин аябай жакыр турганын, бир күнү жегенге эчтекеси калбай калганын айтып берген. Кызына бергенге суудан башка эч нерсеси жок болчу экен. Ал кызын уктатып жатып Кудайдан жардам сурап тилениптир. Көп өтпөй эле эки Жахабанын Күбөсү кабар айтып келиптир, бирок Жесика орой мамиле кылып, атүгүл алар сунуштаган журналды айрып салыптыр. Анан: «Эмне, кызыма ушуну тамак кылып берейинби?» — деген экен. Бир туугандар аны сооротконго аракет кылса да, эч майнап чыккан эмес. Бир нече убакыттан кийин алар Жесиканын эшигинин алдына азык-түлүк салынган баштык таштап кетишкен. Ал Ыйык Китепти изилдеп жатканда ошол окуяны эстеп, Кудайдын анын тиленүүсүнө ошол бир туугандар аркылуу жооп бергенин убагында кабыл албай койгонуна жаман болгон. Бир туугандардын жакшылыгы жүрөгүн ушунчалык козгогондуктан, Жесика эми Жахабага кызмат кылууга чечкиндүү болуп калган. Ишенимдештерибиздин берешендиги кандай сонун натыйжа берген! (Нас. 11:1, 6).
ТЕОКРАТИЯЛЫК ДОЛБООРЛОРГО КАТЫШАЛЫ
9, 10. а) Байыркы Ысрайылда ыктыярдуу кызматчылар талап кылынган кандай жагдайлар болгон? б) Жыйналыштагы ага-инилер башкаларга кандай жолдор менен жардам бере алышат?
9 Байыркы Ысрайылда ыктыярдуу кызматчылар талап кылынган учурлар болгон (Чыг. 36:2; 1 Жылн. 29:5; Нек. 11:2). Бүгүнкү күндө да убактыбызды, каражатыбызды, жөндөмдүүлүктөрүбүздү ишенимдештерибиз үчүн колдонууга шарт түзгөн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Эгер жардамыбызды аябасак, кубанычка бөлөнүп, мол бата алабыз.
10 Кудайдын Сөзүндө жыйналыштагы ага-инилер сыймыктуу жоопкерчиликтерге умтулууга чакырылат. Алар ошондойчо Жахаба менен кызматташа алышат (1 Тим. 3:1, 8, 9; 1 Пет. 5:2, 3). Андай ага-инилер башкаларга көп жагынан, анын ичинде рухий жактан да жардам берүүнү каалашат (Элч. 6:1—4). Аксакал силерден тескөөчү болууну, адабиятка же аймакка жооптуу болууну, оңдоп-түзөө иштерине же дагы башка иштерге катышууну суранды беле? Мындай милдеттерди аткаргандар башкаларга жардам берүү ырахат тартуулай турганын ырастай алышат.
11. Бир ишенимдешибизге теократиялык долбоорлорго катышып жүргөндө тапкан достору кандай көмөк көрсөткөн?
11 Теократиялык долбоорлорго катышкан ыктыярдуу кызматчылар адатта көп Рим. 1:12). Жашоосунун оор учурларында Маржиге курулуш убагында тапкан достору дем-күч берген. Силер ушул сыяктуу долбоорлорго катыштыңар беле? Шык-жөндөмүңөр барбы же жокпу, андай иштерге силер да катыша аласыңар.
досторду табышат. Падышалык залдарын куруу ишине 18 жыл катышкан Маржи деген ишенимдешибизди мисалга алалы. Ошол жылдар аралыгында ал бир канча рухий сиңдисине чын дилден көңүл буруп, ишти аткаруунун жолдорун үйрөткөн. Маржи курулуш иши ыктыярдуу кызматчыларга бири-бирин рухий жактан бекемдөөгө эң сонун шарт түзөрүн байкаган (12. Кырсыктан жабыр тарткандарга кантип жардам берсеңер болот?
12 Табигый кырсык болгондо да Кудай менен кызматташууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Андайда ишенимдештерибизге ар кандай жолдор менен колдоо көрсөтө алабыз. Мисалы, акча жагынан жардам берсек болот (Жкн. 13:34, 35; Элч. 11:27—30). Аларга көмөк кылуунун дагы бир жолу — тазалоо жана калыбына келтирүү иштерине катышуу. Суу ташкындан улам үйү талкаланып калган Габриела деген польшалык бир тууганыбыз, жакын жердеги жыйналыштагы ишенимдештери жардамга келгенде, аябай бекемделген. Ал мындай деп бөлүшөт: «Мен эмнелерден айрылып калганымды айткым келбейт, анткени алар тек гана материалдык нерселер. Анын ордуна, эмнелерге ээ болгонум жөнүндө айткым келет. Бул окуядан кийин жыйналыштын мүчөсү болуу чындап эле зор сыймык экенине, кубаныч, бакыт тартуулай турганына ынандым». Кырсыктан кийин жардам алгандардын көбү рухий жактан байып калганын айтышкан. Ал эми ушундай бир туугандарга колдоо көрсөткөндөр Жахаба менен кызматташып, терең канааттануу алышкан. (Оку: Элчилер 20:35; 2 Корунттуктар 9:6, 7.)
13. Жардам берүү ишине катышканыбызда, Жахаба менен болгон мамилебиз кандайча бекемделет? Мисал келтиргиле.
13 Стефани жана башка бир туугандар Кошмо Штаттарга келген качкын ишенимдештерибизге жардам берүүнүн аркасында Кудай менен кызматташып, кубаныч алышкан. Алар согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдөн жер которуп келген үй-бүлөлөргө жашай турган жай табууга, аны жасалгалоого көмөк көрсөтүшкөн. «Алардын бүткүл дүйнө жүзүндөгү бир туугандардын сүйүүсүн сезип, кубанганын,
ыраазы болгонун көргөндө, жүрөгүбүз козголду»,— дейт Стефани. Ошондой эле мындай деп кошумчалайт: «Ал үй-бүлөлөр бизди аларга жардам берди деп ойлоп жатышат, бирок чынында алар бизге көбүрөөк жардам беришти. Бир туугандардын сүйүүсүнө, биримдигине, ишенимине, Жахабага таянганына күбө болуп, Жахабага болгон сүйүүбүз тереңдеди. Бул бизге анын уюму аркылуу алып жаткан нерселердин баары үчүн ого бетер ыраазы болууга түрткү берди».КӨБҮРӨӨК КЫЗМАТ КЫЛАЛЫ
14, 15. а) Ышая пайгамбар кандай маанай чагылдырган? б) Бүгүнкү күндөгү Падышалыктын жарчылары аны кантип туурай алышат?
14 Жахаба менен дагы көбүрөөк кызматташкыңар келеби? Ага кызмат кылыш үчүн жарчыларга муктаждык чоң жерге көчүп кетүүгө даярсыңарбы? Албетте, Кудайдын кызматчыларынан берешендик көрсөтүү үчүн сөзсүз эле үйүнөн ыраак жакка баруу талап кылынбайт. Бирок жагдай-шарты жол берген кээ бир ишенимдештерибиз алыскы аймактарга көчүп барышат. Алар Ышая пайгамбардыкындай маанай чагылдырышат. Жахаба: «Кимди жиберсем? Биз үчүн ким барат?» — деп сураганда, ал: «Мен барам! Мени жибер»,— деген (Ыш. 6:8). Жахабанын уюмундагы иштерге колдоо көрсөтүүгө силердин да каалооңор, мүмкүнчүлүгүңөр барбы? Кайсы жактардан жардам берсеңер болот?
15 Кабар айтуу жана шакирт даярдоого байланыштуу Иса Машаяк: «Түшүм көп, ал эми жумушчулар аз. Ошондуктан, оруп-жыюуга жумушчуларды жибериши үчүн, оруп-жыюу ишинин Кожоюнуна жалынгыла»,— деген (Мт. 9:37, 38). Жарчыларга муктаждык чоң жерде пионер болуп кызмат кыла аласыңарбы? Же башка бирөөгө ошентүүгө көмөк көрсөтө аласыңарбы? Көптөгөн бир туугандар жарчылар аз аймактарда пионер болуп кызмат кылуу Кудайга жана жакыныбызга болгон сүйүүбүздү көрсөтүүнүн эң жакшы жолу экенин айтышат. Силер көбүрөөк кызмат кылуунун дагы кандай жолдорун билесиңер? Эгер кызматка бүт күчүңөрдү жумшасаңар, зор кубаныч аласыңар.
16, 17. Жахабага көбүрөөк кызмат кылууга дагы кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
16 Убактылуу же келип-кетип кызмат кылган кызматчы катары Бейтелде же теократиялык имараттарды куруу ишинде жардам бере аласыңарбы? Уюм дайындаган жакка бара алган жана кандай иш тапшырылбасын, аны аткара алган бир туугандарга болгон муктаждык дайыма бар. Андай бир туугандар кайсы бир ишти аткарууга жөндөмдүү жана ошол тармак боюнча тажрыйбалуу болсо да, уюм аларды өзгөчө зарыл болгон башка ишке дайындашы мүмкүн. Муктаждык бар жерде кызмат кылууга даяр болгон жан аябас бир туугандарды Жахаба жогору баалайт (Заб. 110:3).
17 Ыйык кызматыңарды мындан да жакшыраак аткарууну үйрөнгүңөр келеби? Эгер ошондой болсо, Падышалыктын жарчылары үчүн мектепке барууга арыз толтурсаңар болот. Ал мектептен рухий жактан жетилген, толук убакыт кызмат кылган бир туугандар Падышалык үчүн дагы көп иштерди аткарууга үйрөтүлүшөт. Мектептен билим алгандар, уюм аларды каякка дайындабасын, ошол жакка барууга даяр болушу керек. Силер ушул мүмкүнчүлүктү колдонуп, дагы көбүрөөк кызмат кылууга дилгирсиңерби? (1 Кор. 9:23).
18. Жахаба менен күн сайын кызматташуунун кандай пайдасы бар?
18 Жахабанын эли болгондуктан биз берешен болууга аракет кылабыз. Бул башкаларга кам көрүү үчүн күн сайын жакшылык кылганыбыздан, боорукердик, сүйүү көрсөткөнүбүздөн байкалат. Андай иштерди кылуу менен кубанычка, бакытка бөлөнүп, тынчтыкка ээ болобуз (Гал. 5:22, 23). Жагдай-шартыңар кандай болбосун, Жахабадан үлгү алып, берешендик көрсөтсөңөр жана дайыма анын баалуу кызматташы болсоңор, сөзсүз кубаныч аласыңар (Накыл 3:9, 10).