Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Берешен киши бактылуу

Берешен киши бактылуу

«Алганга караганда берген бактылуу» (ЭЛЧ. 20:35).

ЫРЛАР: 76, 110

1. Жахабанын берешен экени эмнеден көрүнүп турат?

ЖАХАБА жаратуу ишин баштаганга чейин жалгыз болсо да, өзүн эле ойлогон эмес. Тескерисинче, ал аң-сезимдүү жаратууларга: периштелерге да, адамдарга да өмүр белегин берген. «Бактылуу Кудай» Жахаба башкаларга сонун нерселерди бергенди жакшы көрөт (1 Тим. 1:11; Жкп. 1:17). Ал биздин да бактылуу болушубузду каалагандыктан берешен болууга үйрөтөт (Рим. 1:20).

2, 3. а) Берешен болсок, эмне үчүн бактылуу болобуз? б) Бул макалада эмнелерди карап чыгабыз?

2 Кудай адамдарды өзүнө окшош кылып жараткан (Башт. 1:27). Тагыраак айтканда, аныкындай сапаттарды чагылдырууга жөндөмдүүлүк берген. Андыктан бактылуу болуп, жашоодон канааттануу алыш үчүн, Жахабадан үлгү алып, башкаларга чын дилден көңүл бурууга жана берешен болууга умтулушубуз керек (Флп. 2:3, 4; Жкп. 1:5). Эмне үчүн? Жөнөкөй сөз менен айтканда, ал сүйүүсүнөн улам бизди ошондой кылып жараткан. Жеткилеңсиз болсок да, Жахабадай берешен боло алабыз.

3 Ыйык Китептен канткенде берешен боло аларыбызды билүүгө болот. Анда, келгиле, буга байланыштуу Ыйык Китептеги айрым нерселерге токтололу. Бул макалада берешен болгонубуздун аркасында кандайча Кудайга жага аларыбызды жана бул сапатты өрчүтүү ал тапшырган ишти аткарууга кандай жардам берерин карап чыгабыз. Ошондой эле берешендик кандайча бактылуу кыларына жана эмне үчүн ал сапатты өрчүтө беришибиз керектигине токтолобуз.

КАНТКЕНДЕ КУДАЙГА ЖАГА АЛАБЫЗ?

4, 5. Берешен болуу жагынан Жахаба менен Иса кандай үлгү көрсөтөт?

4 Жахаба адамдардын андан үлгү алышын каалайт. Ошол себептен берешен болгонубузда, ал абдан сүйүнөт (Эф. 5:1). Анын бактылуу болушубузду каалаары бизди кантип жаратканынан жана табияттын кооздугунан, көп түрдүүлүгүнөн айкын көрүнүп турат (Заб. 104:24; 139:13—16). Ошондуктан башкалардын бактылуу болушуна өбөлгө түзгөн иштерди кылганыбызда, аны даңктайбыз.

5 Кудайдын чыныгы кызматчылары Иса Машаяктан да үлгү алышат. Анткени ал бизге берешен болуу жагынан эң сонун үлгү калтырган. Иса: «Адам Уулу да өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, тескерисинче, өзү кызмат кылып, көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн келген»,— деген (Мт. 20:28). Ошон үчүн элчи Пабыл ишенимдештерине: «Ой жүгүртүүңөр Машаяк Исаныкындай болсун... Ал бардык нерсесин калтырып келген жана... кулдун кейпин кийген»,— деп айткан (Флп. 2:5, 7). Ар бирибиз: «Исаны азыркыдан да жакшыраак туурай аламбы?» — деп ойлонуп көрсөк болот. (Оку: 1 Петир 2:21.)

6. Боорукер самариялык киши жөнүндө аңгеме айтуу менен Иса бизди эмнеге үйрөткөн? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

6 Жахаба менен Исадан үлгү алып, башкалардын жыргалчылыгын көздөсөк, муктаждыктарына кам көрүүнүн жолун издесек, Жахабага жага алабыз. Иса жолдоочуларынын адамдарга, атүгүл тек-жайы бөлөктөргө жардам бериш үчүн өз кызыкчылыгынан баш тартышын күтөт. Бул анын боорукер самариялык киши жөнүндөгү аңгемесинен көрүнүп турат. (Оку: Лука 10:29—37.) Кайсы суроо Исага ошол аңгемени айтууга түрткү бергени эсиңердеби? Бир жүйүт киши андан: «Менин жакыным ким?» — деп сураган. Исанын жообунан көрүнүп тургандай, Кудайга жаккыбыз келсе, самариялык кишиге окшоп, берешен болушубуз керек.

7. Берешен же өзүмчүл болгонубуздун Шайтан көтөргөн маселеге кандай тиешеси бар?

7 Берешен болушубузга көптөгөн орчундуу себептер бар. Мисалы, бул сапаттын Шайтан Эйден багында көтөргөн маселеге байланышы бар. Кандайча? Шайтан Адам ата менен Обо эненин, дегеле бүт адамзаттын, эгер өздөрүнө көңүл топтоп, жеке кызыкчылыктарын Кудайга тил алуудан жогору койсо, көбүрөөк бактылуу болорун айткан. Обо эне өзүмчүлдүгүнөн улам Кудайдай болгусу келген. Адам ата да өз кызыкчылыгын көздөп, Обо энеге жаккысы келген (Башт. 3:4—6). Алардын кылган ишинин кесепети абдан кейиштүү болгон. Ырас, өзүмчүлдүк бактылуу болууга өбөлгө түзбөйт, тескерисинче, бөгөт коёт. Ал эми берешен болуу менен биз Кудай айткандай кылуунун эң туура экенине ишенерибизди айгинелейбиз.

КУДАЙ ӨЗ ЭЛИНЕ ТАПШЫРГАН ИШТИ АТКАРУУ

8. Эмне үчүн түпкү ата-энебиз башкаларды ойлошу керек эле?

8 Эйден багында Адам ата менен Обо эне экөө эле болсо да, Кудайдын көрсөтмөлөрү аларга башкалардын кызыкчылыгын ойлоого түрткү бермек. Ал аларга: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула, аны иштеткиле»,— деп батасын берген (Башт. 1:28). Жахаба жаратууларынын жыргалчылыгына абдан кызыкдар болгондой эле, түпкү ата-энебиз жарык дүйнөгө келе элек балдарынын кызыкчылыгын ойлошу керек болчу. Адам атанын урпактары жакшы жашашы үчүн, жер бетин толугу менен бейишке айлантуу зарыл эле. Бул чоң иш болгондуктан, анын бардык урпактарынан эриш-аркак эмгектенүү талап кылынмак.

9. Бейишти кеңейтүү бактылуу болууга кандайча шарт түзмөк?

9 Жеткилең адамдар Бейишти кеңейтип, Жахабанын эркин аткаруу үчүн аны менен толук кызматташышы керек болчу. Натыйжада алар анын бейпилдигине киришмек (Евр. 4:11). Мунун аркасында алардын канчалык кубаныч, бата алмактыгын элестетсеңер! Ооба, өздөрүнүн эмес, башкалардын кызыкчылыгын ойлогону зор батага ээ болууга, терең канааттануу алууга шарт түзмөк.

10, 11. Канткенде кабар айтууга, шакирт даярдоого байланыштуу жоопкерчилигибизди аткара алабыз?

10 Бүгүнкү күндө Жахаба өзүнүн элине кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин тапшырган. Аны аткаруу үчүн чын жүрөктөн башкалардын камын ойлошубуз керек. Ниетибиз туура болгондо гана, башкача айтканда, Кудайды жана жакындарыбызды сүйгөндө гана ал ишти туруктуулук менен аткара алабыз.

11 Б.з. 1-кылымында элчи Пабыл өзүн жана башка ишенимдештерин «Кудайдын кызматташтары» деп атаган. Себеби алар Падышалык жөнүндөгү чындыктын үрөнүн себүүгө, аны сугарууга катышышкан (1 Кор. 3:6, 9). Убактыбызды, каражатыбызды, күчүбүздү Кудай тапшырган кабар айтуу ишине толугу менен жумшасак, биз да анын кызматташтары боло алабыз. Бул кандай зор сыймык!

Жүрөгү таза адамдарга чындыкты түшүнүүгө жардам берүү зор кубаныч тартуулайт (12-абзацты карагыла)

12, 13. Шакирт даярдоо иши силерге эмнеси менен кубаныч тартуулайт?

12 Кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинен убактыбызды, күчүбүздү такыр аябасак, чоң кубаныч алабыз. Муну башкаларга Ыйык Китепти изилдеп, ийгилик кылууга жардам берген көптөгөн ишенимдештерибиз ырастай алат. Кудайдын Сөзүн баалагандардын анда камтылган чындыкты терең түшүнүп, көздөрү жайнай түшкөнүн, ишеними өскөнүн, өзгөрүүлөрдү кылып жатканын жана окуп-билгендерин башкалар менен бөлүшө баштаганын көргөндө өзгөчө сүйүнөбүз. Кабар айтууга жөнөтүлгөн 70 шакирти жакшы натыйжага жетип, «кубанычтуу кайтып келгенде», Иса Машаяк да кубанычка бөлөнгөн (Лк. 10:17—21).

13 Дүйнө жүзүндөгү жарчылар жакшы кабардын адамдардын жашоосуна оң таасир этип жатканына күбө болуп, терең канааттануу алууда. Мисалга Анна деген карындашыбызды алалы *. Көбүрөөк кызмат кылыш үчүн ал Чыгыш Европанын жарчыларга муктаждык чоң жерине көчүп барган. Ал мындай деп бөлүшөт: «Бул жакта көптөр менен Ыйык Китепти изилдей аласың. Мага бул аябай жагат. Кызматтан зор кубаныч алам. Үйгө барганда өзүмдүн көйгөйлөрүмдү ойлогонго убактым да болбойт. Анын ордуна, Ыйык Китепти изилдеп жаткандар жөнүндө, алардын кыйынчылыктары, тынчсыздандырган нерселери тууралуу ойлоном. Аларды бекемдөөнүн, иш жүзүндө жардам көрсөтүүнүн жолдорун издейм. Мен „алганга караганда берген бактылуу“ экенине ынанып келем» (Элч. 20:35).

Аймагыбыздагы ар бир үйгө кабар айтсак, анын тургундарына Падышалык жөнүндөгү кабарга жооп кайтарууга мүмкүнчүлүк беребиз (14-абзацты карагыла)

14. Жакшы кабарга аз эле киши кулак какса да, эмне үчүн кызматтан кубаныч алабыз?

14 Адамдар кабарыбызга кулак какпаса да, аларга мүмкүнчүлүк бергенибизге сүйүнсөк болот. Биздин бүгүнкү күндөгү кызматыбыз Жезекиел пайгамбардыкына окшош. Жахаба ага: «Угабы же укпайбы, аларга менин сөздөрүмдү айт»,— деген (Жез. 2:7; Ыш. 43:10). Башкалар айткан кабарыбызды кандай кабыл албасын, Жахаба аракетибизди жогору баалайт. (Оку: Еврейлер 6:10.) Буга байланыштуу кандай маанайда болушубуз керектиги бир ишенимдешибиздин үлгүсүнөн көрүнүп турат. Кызматы тууралуу ал: «Биз тигебиз, сугарабыз жана Жахабанын пайда болгон кызыгууну өстүрөрүнө үмүттөнүп, андан тиленебиз»,— деп жазган (1 Кор. 3:6).

КАНТКЕНДЕ БАКТЫЛУУ БОЛО АЛАБЫЗ?

15. Көптөр берешендикке кандай карайт жана бул бизге таасир этиши керекпи?

15 Иса пайгамбар биздин башкаларга берүүдөн кубаныч алышыбызды каалайт. Берешендик көрсөткөнүбүздө, көптөр жакшы жооп кайтарат. Иса: «Бергиле, ошондо силерге да берилет: жакшы ченем менен койнуңарга шыкай салып, ыкшап, ашыра толтуруп беришет. Анткени кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет»,— деген (Лк. 6:38). Албетте, берешендигибизди баары эле баалай бербейт. Бирок айрымдар баалап, өздөрү да берешен болууга түрткү алышы мүмкүн. Ошондуктан башкалар баалайбы же жокпу, бергенге умтулалы. Берешендик менен кылган бир эле ишибиз канчалык зор натыйжа бериши мүмкүн экенин дайыма эле биле бербейбиз.

16. Берешен болууга эмне түрткү бериши керек?

16 Чыныгы берешен киши башкалардан бир нерсе алыш үчүн бербейт. Иса ушу ойду баса белгилеп: «Той бергениңде жакырларды, мунжуларды, аксактарды, сокурларды чакыр. Ошондо бактылуу болосуң, анткени алар сага сый көрсөтө алышпайт»,— деп айткан (Лк. 14:13, 14). Ыйык Китепти жазууга катышкан бир киши: «Көзү кайрымдуу адам бата алат»,— деген. Кудайдын дагы бир кызматчысы: «Бей-бечарага жардам берген адам бактылуу»,— деп жазган (Накыл 22:9; Заб. 41:1). Ырас, башкаларга жардам берүү бизге ырахат тартуулагандыктан берешен болушубуз керек.

17. Канткенде башкаларга берүүдөн кубаныч алабыз?

17 Исанын: «Алганга караганда берген бактылуу»,— деген сөздөрүн цитата кылганда элчи Пабыл материалдык жактан жардам берүүнү эле айткан эмес. Ал муктаж болгондорду бекемдешибиз, аларга жетекчилик беришибиз, колдоо көрсөтүшүбүз керектигин да айткан (Элч. 20:31—35). Пабыл бизди башкаларга өзүбүздү толугу менен берүүгө, тактап айтканда, аларга чын жүрөктөн көңүл бурууга, сүйүү көрсөтүүгө, убактыбызды, күчүбүздү арноого сөзү менен да, иши менен да үйрөткөн.

18. Көптөгөн окумуштуулар берешендикке байланыштуу кандай жыйынтыкка келишкен?

18 Социалдык изилдөөлөрдү жүргүзгөндөр да адамдардын башкаларга берүүдөн кубаныч аларын байкашкан. Бир макалада жазылгандарга ылайык, кимдир бирөөгө жакшылык кылгандар өздөрүн көбүрөөк бактылуу сезип калганын айтышкан. Изилдөөчүлөр белгилегендей, башкаларга көмөк көрсөтүүнүн аркасында жашообуз маңыздуураак болот, себеби ошенткенде негизги муктаждыктарыбыз канааттандырылат. Ошондуктан адистер көптөрдү ден соолугун жакшыртып, өздөрүн бактылуу сезиш үчүн коомдук иштерге өз ыктыяры менен катышууга үндөшөт. Ыйык Китепти адамзатты жараткан мээримдүү Жахабанын Сөзү катары кабыл алгандар буга таң калбайт (2 Тим. 3:16, 17).

БЕРЕШЕН БОЛУУГА УМТУЛА БЕРЕЛИ

19, 20. Эмне үчүн берешен болгуңар келет?

19 Керт башынын кызыкчылыгын көздөгөн адамдардын курчоосунда жашап жаткандыктан, берешен болуу дайыма эле оңойго тура бербейт. Бирок Иса Жахабаны бүт жүрөгүбүз, жаныбыз, акылыбыз жана күчүбүз менен сүйүү, ошондой эле жакыныбызды өзүбүздү сүйгөндөй сүйүү эң маанилүү осуяттар экенин айткан (Мр. 12:28—31). Бул макалада айтылгандай, Жахабаны сүйгөндөр аны туурашат. Жахаба башкаларга дайыма берип келет, Иса да ошентет. Алар биздин да ошондой кылышыбызды каалайт, анткени бул бизди чындап бактылуу кылат. Эгер Кудайга жана жакыныбызга берешендик көрсөтсөк, Кудайды даңктайбыз. Андан сырткары, өзүбүз да, башкалар да пайда алат.

20 Силердин башкаларга, өзгөчө, ишенимдештериңерге жардам берүүгө өзүңөрдү толук арнап жатканыңарга шек жок (Гал. 6:10). Мындан ары да ушунуңардан жазбасаңар, алардын сүйүүсүн, ыраазы экенин сезип, бактылуу болосуңар. Накыл сөздөр 11:25те: «Берешен жан тоюнат, башкалардын суусунун кандырган адамдын өзүнүн да суусуну канат»,— деп жазылган. Ооба, башкаларга чын жүрөктөн берүүнүн, жакшылык кылуунун, берешендик көрсөтүүнүн ар кандай жолдору бар жана анын акыбети сөзсүз кайтат. Кийинки макалада ошол жолдордун айрымдарын талкуулайбыз.

^ 13-абз. Ысмы өзгөртүлдү.