ТҮШТҮК КОРЕЯ

Ишеними үчүн түрмөдө отургандар. Түштүк Корея

Ишеними үчүн түрмөдө отургандар. Түштүк Корея

2020-жылдын 26-октябрында Түштүк Кореянын өкмөтү өлкөнүн тарыхында биринчи жолу абийири жол бербегендиктен аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткандар үчүн альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө шарт түзүп берген. Анткен менен адам укуктарынын корголушун көзөмөлдөгөндөр Түштүк Кореянын өкмөтү сунуш кылган альтернативалык кызмат жазалоо иретинде ишке ашырылып жатканын жана ал кызматты тандагандарды басынтып жатканын баса белгилеген. Анткени альтернативалык жарандык кызматтын мөөнөтү өтө эле узак болгондон тышкары, шарттары да катаал. Алсак, альтернативалык кызмат 36 айга созулат. Бул аскер кызматына салыштырмалуу эки эсе узак болуп эсептелет жана эл аралык стандарттарга каршы келет. Ошол стандарттарга ылайык, альтернативалык кызматтын мөөнөтү, эгер кандайдыр бир зарыл себептер болбосо эле, аскердик кызматтыкынан бир жарым эсе узак болбошу керек. Түштүк Кореядагы айрым Жахабанын Күбөлөрү (эркектер) өкмөт сунуштаган альтернативалык кызматтан баш тартышкан. Кээ бирлери сотторго доо арыз менен кайрылышкан. 2024-жылдын 30-майында Түштүк Кореянын Конституциялык соту альтернативалык кызматка байланыштуу берилген доо арыздардын баарын четке каккан. Доо арыздарды караган 9 соттун ичинен 5и Жахабанын Күбөлөрүнө каршы добуш берген. Ал эми бул чечимди колдобогон 4 сот альтернативалык кызматтын жазалоо чарасындай эле болуп жатканын баса белгилеп: «Ушундай альтернативалык кызмат диний ишениминен улам аскер кызматынан баш тарткандардын абийир эркиндигин бузган жазалоо чарасынын бир түрү эле болуп калды»,— деген.

Аялы бар 29-жаштагы Уджин Бён Түштүк Кореядагы өкмөт сунуштаган альтернативалык кызматтан баш тартканы үчүн түрмөгө камалгандардын биринчиси болду. Ал өкмөт сунуштаган альтернативалык кызматты өтөөдөн баш тартууну чечкен. Бул — анын жекече чечими. Эгер өкмөт жазалоо чарасы катары колдонулбаган альтернативалык кызматтын түрүн сунуш кылса, аны өтөгөнгө даяр экенин билдиргенине карабай, 2024-жылдын 24-июлунда сот Уджинди бир жарым жылга кесип жиберген.

Ушул күнгө чейин 12 Жахабанын Күбөсү өкмөт сунуштаган альтернативалык кызматтан баш тартты. Уджин Бёндун жана башка 11 кишинин иши сотто каралып жатат. Сот ишинин жыйынтыгына жараша, алар да кылмышкер катары жазаланып, түрмөгө камалышы мүмкүн. Учурда абийири жол бербегендиктен аскер кызматын өтөөдөн баш тарткандардын көбү, альтернативалык кызмат жазалоо чарасы катары ишке ашырылып жатса да, аны өтөп жатышат.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2024-жыл, 24-июль

    Уджин Бён альтернативалык кызматтан баш тартканы үчүн 18 айга эркинен ажыратылган.

  2. 2022-жыл, 10-ноябрь

    Уджин Бён аскерге чакыруу кагазын алгандан кийин абийири жол бербегендиктен аскердик кызматты өтөй албай турганын жана альтернативалык кызматтан баш тартарын билдирип, аскердик комиссариатка кат жөнөткөн.

  3. 2020-жыл, 26-октябрь

    Түштүк Кореянын өкмөтү абийири жол бербегендиктен аскердик кызматты өтөй албагандарга альтернативалык кызматты сунуштаган.

  4. 2018-жыл, 1-ноябрь

    Түштүк Кореянын Жогорку соту абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандар кылмышкер катары эсептелбесин деген чечим чыгарган. Бул чечимди 9 сот колдоп, 4 сот каршы болгон.

  5. 2018-жыл, 28-июнь

    Түштүк Кореянын Конституциялык соту абийири жол бербегендиктен аскердик кызматынан баш тарткандарга альтернативалык кызмат сунушталбагандыктан, аскердик кызматка тиешелүү мыйзамдын бөлүгү конституцияга каршы келет деп тапкан.

  6. 2016-жыл, 18-октябрь

    Кванжу аппеляциялык соту абийири жол бербегендиктен аскер кызматын өтөөдөн баш тарткан үч кишинин доо арызын биринчи жолу канааттандырып, аларды күнөөлүү эмес деп тапкан.

  7. 2011-жыл, 30-август

    Конституциялык сот диний ишениминен улам аскердик кызматтан баш тарткандарды жазалаш керек деген мыйзамды күчүндө калтырып койгон.

  8. 2004-жыл, 26-август

    Конституциялык сот абийири жол бербегендиктен аскердик кызматтан баш тарткандарды жазалаш керек деген мыйзам конституцияга ылайык келет деп тапкан.

  9. 1975-жыл

    Өкмөт аскердик кызматты милдеттүү түрдө өтөөнү киргизип, жарандардан аны 100 пайыз колдоону талап кылган.

  10. 1973-жыл

    Өкмөт түрмөгө камалган Жахабанын Күбөлөрүн ырайымсыздык менен кыйнаган. Бул 1990-жылдардын ортосуна чейин уланган.

  11. 1953-жыл

    Өкмөт абийири жол бербегендиктен аскердик кызматтан баш тарткан биринчи Жахабанын Күбөсүн түрмөгө камаган.