25–БӨЛҮМ
Жакыптын үйбүлөсү Мисирге көчүп келет
СЕЗИМДЕРИН жашырууга Жусуптун алы келбей калат. Ал кызматчыларына бөлмөдөн чыгып кетүүнү буюрат. Биртуугандары менен жалгыз калганда Жусуп ыйлай баштайт. Анын эмне үчүн ыйлап жатканын түшүнбөгөн биртуугандарынын кандай таң калып жатышканын элестетсең. Акыры ал: «Мен Жусупмун. Деги атам тирүүбү?» — деп сурайт.
Биртуугандары таң калып, эмне дешти билбей калышат. Алардын үрөйү учат. Бирок Жусуп: «Мага жакын келгилечи»,— дейт. Алар жакындаганда: «Мен Жусупмун, силер Мисирге сатып жиберген биртууганыңармын»,— деп айтат.
Анан аларга мээримдүүлүк менен кайрылып: «Мени сатып жибергениңер үчүн кейибегиле. Адамдардын өмүрүн сактап калсын деп, мени Мисирге Кудай алып келди. Фараон мени бүткүл Мисир жергесине башчы кылып койду. Тезинен атама баргыла да, ушуларды айткыла. Келип, биякта жашасын»,— дейт.
Анан биртуугандарын кучактап, бооруна кысып, баарын өбөт. Жусуптун биртуугандары келгенин фараонго айтышканда, ал Жусупка: «Биртуугандарың ат арабаларды алышсын да, атаңды, өздөрүнүн үйбүлөсүн алып, бул жерге келишсин. Мен аларга Мисирдин эң жакшы жерин берем»,— деп айтат.
Алар фараон айткандай кылышат. Бул сүрөттө Жусуп Мисирге бүт үйбүлөсү менен көчүп келген атасы менен көрүшкөн учур тартылган.
Жакыптын үйбүлөсү абдан чоң эле. Анын өзүн, балдары менен неберелерин чогуу эсептегенде, Мисирге 70 адам көчүп келет. Жакыптын үйбүлөсүнө көптөгөн аялдар, мүмкүн, кызматчылар да кирсе керек. Алардын баары Мисирге отурукташат. Аларды ысрайылдыктар деп аташат, себеби Жакыптын атын Кудай Ысрайыл деп өзгөрткөн. Кандайча ысрайыл эли Кудай үчүн өзгөчө эл болуп калганын кийинчерээк билебиз.