17-БӨЛҮМ
Исанын кандай сапаттары бар?
Исанын жерде жүргөндө айткан сөздөрүнөн, кылган иштеринен анын сапаттары тууралуу биле алабыз. Натыйжада аны менен да, Атасы Жахаба менен да ынак мамиледе болгубуз келе баштайт. Исанын асыл сапаттарынын айрымдары кайсылар? Канткенде аны туурай алабыз?
1. Иса Атасына эмнеси менен окшош?
Ал асманда миллиарддаган жылдар бою Атасы менен чогуу болуп, андан көп нерсени үйрөнгөн. Мунун аркасында ой жүгүртүүсү, сезимдери, иштери Атасыныкына окшош болуп калган. (Оку: Жакан 5:19.) Ал кудум эле Атасындай болгондуктан: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп айта алган (Жакан 14:9). Иса тууралуу көбүрөөк билген сайын, Жахабаны жакшыраак таанып-биле беребиз. Мисалы, анын адамдарга кам көргөнү Жахабанын сага да кам көрөрүн көрсөтүп турат.
2. Жахабаны жакшы көрөрүн кантип көрсөткөн?
Иса: «Дүйнө Атамды жакшы көрөрүмдү билсин үчүн, Атам мага эмнени осуят кылса, ошону аткарам»,— деген (Жакан 14:31). Жерде жүргөндө атүгүл кыйын учурларда да Атасына баш ийип, аны жан-дилден сүйөрүн көрсөткөн. Башкаларга Атасы жөнүндө айтып бергенди да жакшы көрчү. Аларга аны менен ынак мамиле өрчүткөнгө жардам бергиси келчү (Жакан 14:23).
3. Адамзатты жакшы көрөрүн кантип көрсөткөн?
Ыйык Китепте Исанын кубанычы «адам баласына байланыштуу болгону» айтылат (Накыл сөздөр 8:31). Ал адамдарды жакшы көргөндүктөн аларга дем-шык берип, жан аябастык менен жардам берген. Иса кереметтерди өзүнүн күчтүү экенин көрсөтүш үчүн эле эмес, элге боор ооругандыктан да жасаган (Марк 1:40—42). Адамдардын бирин өйдө, бирин төмөн көрбөй, баарына тең караган жана жумшактык менен мамиле кылган. Айткан сөздөрү аны угуп жаткан жүрөгү таза кишилердин баарын жубатып, үмүт берген. Иса бүт адамзатты жакшы көргөндүктөн алар үчүн азап тартканга, атүгүл өлгөнгө да даяр болгон. Бирок ал, өзгөчө, анын айткандарына ылайык жашагандарды жакшы көрөт. (Оку: Жакан 15:13, 14.)
ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ
Исанын сапаттары тууралуу көбүрөөк бил. Ага окшоп, кантип сүйүү көрсөтө аларыңды, берешен боло аларыңды окуп көр.
4. Атасын жакшы көрөт
Исадан Кудайды сүйөрүбүздү кантип көрсөтсөк болорун үйрөнө алабыз. Окугула: Лука 6:12 жана Жакан 15:10; 17:26. Ар бир аятты окугандан кийин бул суроону талкуулагыла:
-
Исадай болуп, Жахабаны жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?
5. Жардамга муктаждарга кам көрөт
Иса башкалардын кызыкчылыгын өзүнүкүнөн жогору койгон. Жадагалса, чарчап турган учурларда да убактысы менен күчүн элден аяган эмес. Окугула: Марк 6:30—44. Анан бул суроолорду талкуулагыла:
-
Бул аяттардан окуганыбыздай, Иса башкаларга кам көрөрүн кантип көрсөткөн? (31, 34, 41, 42-аяттарды кара.)
-
Элге жардам бергенге Исага эмне түрткү берген? (34-аятты кара.)
-
Иса Жахабага бардык жагынан окшош болгондуктан, анын ушул иштеринен Жахаба жөнүндө эмнени биле алабыз?
-
Исага окшоп, башкалардын камын ойлоорубузду кандай жолдор менен көрсөтө алабыз?
6. Берешен
Исанын көп деле нерсеси болгон эмес, бирок ал берешен болгон жана бизди да берешендикке үндөгөн. Окугула: Элчилер 20:35. Анан бул суроону талкуулагыла:
-
Исанын айткандарына ылайык, канткенде бактылуу боло алабыз?
ВИДЕОНУ көрүп, төмөнкү суроону талкуулагыла:
-
Колубузда жок болсо да, кантип берешен боло алабыз?
Билесиңби?
Ыйык Китепте Жахабадан Иса аркылуу тиленишибиз керектиги айтылат. (Оку: Жакан 16:23, 24.) Эгер ошондой кылсак, Исанын Жахаба менен дос болушубуз үчүн кылган иштерине ыраазы экенибизди көрсөтөбүз.
АЙРЫМДАР МЫНДАЙ ДЕЙТ: «Биздин кыйналып жатканыбыз менен Кудайдын иши деле жок».
-
Иса Атасына окшош болгондуктан, анын иштери Жахабанын бизге кам көрөрүн кандайча көрсөтүп турат?
НЕГИЗГИ ОЙ
Иса Жахабаны жана адамдарды жакшы көрөт. Ал Атасына окшош болгондуктан, аны жакшыраак билген сайын, Жахабаны да жакшыраак таанып-биле бересиң.
Кайталоо
-
Исага окшоп, Жахабаны жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?
-
Исадай болуп, адамдарды жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?
-
Сага Исанын кайсы сапаты өзгөчө жакты?
КӨБҮРӨӨК БИЛ
Биз Исаныкындай сапаттарды өрчүтүшүбүз керек. Алардын айрымдарын окуп көр.
«Иса Машаяктан үлгү ал» («Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр», 317-бет)
Кудайдан эмне үчүн Иса аркылуу тиленишибиз керектигин окуп көр.
«Кудайга эмне үчүн Иса аркылуу кайрылышыбыз керек?» («Күзөт мунарасы», 1-февраль, 2008)
Ыйык Китепте Иса пайгамбардын келбети тууралуу айтылабы?
«Иса пайгамбардын сырткы көрүнүшү кандай болгон?» (jw.org/ky сайтындагы макала)
Исанын аялзатына кылган мамилесинен эмнени биле алабыз?
«Кудай аялзатынын кадыр-баркын сыйлайт» («Күзөт мунарасы», 1-сентябрь, 2012)