Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУТУЧА (16Б)

Үшкүрүнүп, онтоо, белги коюу, кыруу. Качан жана кантип?

Үшкүрүнүп, онтоо, белги коюу, кыруу. Качан жана кантип?

Жезекиел китебинин 9-бөлүмүндө жазылган аян бүгүнкү күндө да аткарылууда. Окуялардын кандай өрчүй турганын түшүнгөнүбүз бул дүйнө түзүлүшүнүн акырына ишенимдүү түрдө даярданганга жардам берет.

«Үшкүрүнүп, онтоо»

КАЧАН? Акыркы күндөрдө, улуу алааматка чейин

КАНТИП? Жүрөгү таза адамдар бул дүйнөдөгү ыймансыздыктан жийиркенерин сөздөрү жана иштери менен көрсөтүшөт. Алар жакшы кабарга кулак кагып, Машаякка мүнөздүү сапаттарды чагылдырууда, ошондой эле өмүрүн Жахабага арнаганынын белгиси катары чөмүлүп, Машаяктын бир туугандарын берилгендик менен колдоп жатышат

«Белги коюу»

КАЧАН? Улуу алаамат учурунда

КАНТИП? Катчынын сыя кутусу бар киши бардык улуттарды соттой турган Сот катары келе турган Иса Машаякты билдирет. Эбегейсиз көп адамдар койлор деп белгиленет. Бул алардын Армагедондон аман өтөрүн билдирет

«Кыруу»

КАЧАН? Армагедондо

КАНТИП? Өкүмдү ишке ашыра турган ыйык периштелерден, 144 000 кошо башкаруучудан турган асман күчтөрүн жетектеген Иса бул ыймансыз дүйнөгө каршы аттанып, аны жок кылат да, Жахабага таза сыйынгандарды адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнөгө аман алып өтөт