7-бөлүккө кириш сөз
Бул бөлүктө Шабул падыша менен Дөөтү падышанын жашоосунда болгон окуялар баяндалат. Ал окуялар 80 жылдай убакытты камтыйт. Шабул башында момун, Кудайдан корккон киши болгон. Бирок көп өтпөй эле өзгөрүп, Жахабаны укпай калган. Жахаба аны четке кагып, убакыттын өтүшү менен Шемуел пайгамбарга Ысрайылдын кийинки падышасы кылып Дөөтүнү дайындашы керектигин айткан. Дөөтүнү көрө албагандыктан Шабул аны өлтүргөнгө көп жолу аракет кылган. Бирок Дөөтү эч качан андан өч алганга умтулган эмес. Шабулдун уулу Жонатан Дөөтүнү падыша кылып Жахаба тандаганын жакшы билген. Ошондуктан Дөөтүгө берилгендик сактаган. Дөөтү олуттуу күнөөлөрдү кетирген. Бирок Жахаба аны оңдоп-ашкерелегенде, мойнуна алган. Ата-энелер, балаңарга дайыма
Жахабанын тилин алганыбыз, ага берилгендик сактаганыбыз жана анын өкүлдөрүнө ишенгенибиз абдан маанилүү экенин түшүнгөнгө жардам бергиле.БУЛ БӨЛҮКТӨ
39-САБАК
Ысрайылдын биринчи падышасы
Кудай ысрайыл элине бийлерди дайындаган. Бирок эл падыша талап кылган. Ошондо Шемуел Шабулду Ысрайылдын биринчи падышасы кылып майлаган. Кийин Жахаба Шабулду четке каккан. Эмне үчүн?
40-САБАК
Дөөтү менен Голиат
Жахаба Дөөтүнү Ысрайылдын кийинки падышасы кылып дайындаган. Дөөтүнүн жашоосунан Жахабанын аны тандаганы эң туура болгону көрүнгөн.
41-САБАК
Дөөтү менен Шабул
Бул кишилердин бири эмне үчүн экинчисин жек көргөн? Жек көрүндү болгон киши кандай иш кылган?