Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-САБАК

Жакып менен Эйсап элдешет

Жакып менен Эйсап элдешет

Жахаба Ыбрайымды жана Ыскакты коргогондой эле, Жакыпты да коргой турганын убада кылган. Жакып Харан деген жерде жашап, ошол жактан үйлөнгөн. Анын үй-бүлөсү чоң болгон. Ал абдан байыган.

Жахаба бир күнү Жакыпка: «Туулган жериңе кайтып бар»,— деген. Ошентип, Жакып үй-бүлөсү менен узак жолго аттанган. Жолдон кызматчылары ага: «Агаң Эйсап 400 кишиси менен сени көздөй келатат»,— деп айтып келишкен. Ошондо Жакып үй-бүлөсүн ойлоп, корко баштаган. Ал Жахабага: «Мени агамдын колунан куткара көр»,— деп жалбарган. Жакып эртеси Эйсапка белек катары көп кой, эчки, уй, төө, эшек жөнөтүп жиберген.

Ошол түнү Жакып жалгыз калганда, периште келген. Анан экөө күрөшө баштаган. Алар таң аткыча күрөшүшкөн. Жакыптын жамбашы кокустап калса да, тырышып күрөшө берген. Периште ага: «Мени коё бер»,— деген. Ошондо Жакып: «Мага батаңды бермейинче, коё бербейм»,— деп айткан.

Акырында периште Жакыпка батасын берген. Ошондо Жакып Жахабанын аны Эйсаптан коргой турганын түшүнгөн.

Ошол күнү эртең менен Жакып алыстан Эйсаптын 400 кишиси менен келатканын көргөн. Ал үй-бүлөсүнүн алдына түшүп, агасына жеткиче жети жолу жерге чейин ийилип таазим кылган. Эйсап болсо чуркап келип, аны кучактап калган. Анан экөө тең ыйлап, элдешишкен. Жакып ушинткенде, Жахаба кандай сезимде болгон деп ойлойсуң?

Андан соң Эйсап өз үйүнө кайткан. Жакып болсо жолун андан ары улаган. Анын 12 уулу болгон. Алар: Рубейин, Шымон, Леби, Жүйүт, Дан, Напталы, Гат, Ашыр, Исахар, Забулун, Жусуп, Бенжемин. Жахаба анын Жусуп деген уулу аркылуу өз элин сактап калган. Кантип сактап калганын билесиңби? Бул жөнүндө кийинки бөлүмдөн окуйбуз.

«Душманыңарды сүйгүлө, силерди куугунтуктагандар үчүн Кудайдан тилене бергиле. Ошондо асмандагы Атаңардын балдары болосуңар» (Матай 5:44, 45)