12-бөлүккө кириш сөз
Иса Машаяк элге асмандагы Падышалык жөнүндө айтып берген. Ошондой эле Кудайдын ысмынын ыйыкталышы, Падышалыгынын келиши, эркинин жерде да аткарылышы жөнүндө тиленгенди үйрөткөн. Ата-энелер, балаңарга Иса үйрөткөн тиленүүнүн маанисин түшүндүрүп бергиле. Бул бөлүктө булар жөнүндө билесиңер: Иса Шайтандын азгырыктарына карабай Кудайга берилгендигин сактаган. Элчилерин тандаган. Алар аны менен асмандан башкара тургандардын алгачкылары болушкан. Иса таза сыйынууну ынталуулук менен колдогон. Ал башкаларга жан-дили менен жардам берген, оорулууларды айыктырган, ачкаларды тойгузган, жадагалса өлгөндөрдү тирилткен. Ушундайча Падышалыктын адамзат үчүн эмнелерди кыларын көрсөткөн.
БУЛ БӨЛҮКТӨ
74-САБАК
Исанын Машаяк болушу
Жакан Иса жөнүндө: «Мына, Кудайдын Козусу!» — дегенде эмнени айткысы келген?
76-САБАК
Иса ибадатканадан соодагерлерди кууп чыгат
Эмне үчүн Иса ибадатканадан койлорду, уйларды кууп чыккан жана акча алмаштыруучулардын үстөлдөрүн көңтөрүп салган?
77-САБАК
Кудукка келген аял
Самариялык аял Исанын аны менен сүйлөшкөнүнө таң калган. Эмне үчүн? Иса ага башка эч кимге айта элек эмнени айткан?
78-САБАК
Исанын Падышалык жөнүндө кабар айтышы
Иса Машаяк айрым жолдоочуларын «адам уулоочу» болгонго чакырган. Кийинчерээк ал 70 шакиртин жакшы кабар айтууга үйрөткөн.
79-САБАК
Иса жасаган көптөгөн кереметтер
Иса Машаяк каякка барбасын, оорулуулар ага жардам сурап келишчү. Иса аларды айыктырчу. Атүгүл ал кичинекей кызды тирилткен.
Иса 12 элчисин тандайт
Иса элчилерин эмне максат менен тандап алган? Алардын аттары эсиңдеби?
82-САБАК
Иса шакирттерине тиленгенди үйрөтөт
Ал шакирттерине: «Сураганыңарды токтотпогула»,— дегенде эмнелер жөнүндө айткан?
83-САБАК
Иса миңдеген кишилерди тойгузат
Бул кереметтен Иса Машаяк менен Жахаба жөнүндө эмнени биле алабыз?
84-САБАК
Иса суунун үстүнөн басат
Бул кереметти көргөндө элчилердин кандай сезимде болгонун элестете аласыңбы?
85-САБАК
Исанын Дем алыш күнү айыктырышы
Исанын керемет жасаганына эмне үчүн баары эле кубана берген эмес?
86-САБАК
Иса Лазарды тирилтет
Мариямдын ыйлап жатканын көргөндө Иса да ыйлаган. Бирок көп өтпөй алардын кайгысы кубанычка айланган.