68-САБАК
Элизабет уул төрөйт
Иерусалимдин дубалы кайра тургузулгандан бери 400 жылдан ашуун убакыт өтүп калган. Иерусалимдин жанында Закарыя деген дин кызматчы менен аялы Элизабет жашачу. Экөөнүн баш кошконуна көп жыл болсо да, баласы жок болчу. Бир жолу Закарыя ибадаткананын ыйык жайында жыпарзат түтөтүп жатканда, Жебирейил периште пайда болгон. Аны көргөндө Закарыя коркуп кеткен. Бирок периште ага: «Коркпо. Мен Жахабадан жакшы кабар алып келдим. Аялың Элизабет уул төрөп, атын Жакан коёсуң. Жахаба ага өзгөчө иш тапшырат»,— деген. Закарыя: «Кантип эле ушундай болсун? Аялым экөөбүз тең карып калбадыкпы»,— деп айткан. Периште: «Кудай мени ушул жакшы кабарды айтышым үчүн жиберди. Бирок сен мага ишенбей койдуң. Ошон үчүн тилден калып, балаң төрөлгөнгө чейин сүйлөбөйсүң»,— деген.
Закарыя ыйык жайда демейдегиден көбүрөөк кармалган. Ошондуктан сыртка чыкканда, күтүп турган эл эмне болгонун билгиси келген. Бирок Закарыя сүйлөй албай койгон. Ал эмне болгонун жаңсап түшүндүрүп берген. Ошондо эл анын ибадатканадан табияттан тыш бир нерсе көргөнүн түшүнгөн.
Убакыттын өтүшү менен Элизабеттин боюна бүтүп, периште айткандай, уул төрөгөн. Достору менен туугандары баланы көргөнү келип, алар менен чогуу кубанышкан. Элизабет: «Уулубуздун атын Жакан коёбуз»,— дегенде, алар: «Туугандарыңдын арасында мындай аты бар эч ким жок го. Ага атасы Закарыянын атын койбойсуңбу»,— дешкен. Бирок Закарыя тактайчага: «Аты Жакан болот»,— деп жазган. Ошол замат ал кайрадан сүйлөй баштаган. Алардын баласы жөнүндө бүт Жүйүт жериндегилер угушкан. Уккандардын баары: «Бул бала ким болот болду экен?» — деп ойлонушкан.
Закарыя ыйык рухка толуп, мындай деп пайгамбарлык кылган: «Жахаба даңкталсын! Ал бизди куткарыш үчүн
Машаякты жиберерин Ыбрайымга убада кылган. Уулум Жакан пайгамбар болот жана Машаякка жол даярдайт».Ошол убакта Элизабеттин тууганы Мариямдын жашоосунда да бир өзгөчө окуя болгон. Бул жөнүндө кийинки бөлүмдөн билебиз.
«Бул адам баласынын колунан келбейт, ал эми Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок» (Матай 19:26)