Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат
Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат
Жүргүзгөн ишинде ийгиликке жеткен шотландиялык киши мансаптан да баалуу эмне тапкан? Адеп-ахлаксыздыкка белчесинен баткан бразилиялык кишиге оңолгонго, баңгизатты таштаганга эмне жардам берген? Словенияда жашаган киши ичкилигин кантип таштаган? Келгиле, алардын айтып бергендерин окуп көрөлү.
«Жашоом ойдогудай деп ойлочумун» ЖОН РИКЕТС
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1958
ӨЛКӨСҮ: ШОТЛАНДИЯ
МУРУН: ИШКЕР
МУРУНКУ ЖАШООМ. Биз жакшы турчубуз. Атам Улуу Британия аскеринин офицери болгондуктан көчүп-конуп, ар кайсы өлкөдө жашадык. Шотландияны кошпогондо, алты өлкөдө: Англияда, Германияда, Кенияда, Малайзияда, Ирландияда, Кипрде жашадык. Сегиз жашыман тартып Шотландиядагы интернатта окудум. Кийин Кембриж университетин бүтүрдүм.
Жыйырма жашымда мунай зат өнөр жайында иштей баштадым. Ал жерде 8 жыл иштедим. Башында Түштүк Америкада, андан соң Африкада, Австралияда иштеп жүрдүм. Австралияга көчүп баргандан кийин бир ишкана ачып, кийин кайра сатып жибергем.
Ишканамды саткандан кийин 40 жашымда эле ардактуу эс алууга чыктым. Бош болуп калгандыктан жер кыдыра баштадым. Дүйнө жүзүн бир жолу кыдырып, Австралияны мотоцикл менен эки жолу айланып чыктым. Жашоом ойдогудай деп ойлочумун.
ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Ардактуу эс алууга чыкканга чейин эле жашоомдун жакшы болгону үчүн Кудайга кантип ыраазычылык билдирсем деп ойлонуп жүрчүмүн. Ошон үчүн бала кезимде барып жүргөн Англикан чиркөөсүнө бара баштадым. Бирок диний жетекчилер Ыйык Китепке ылайык окутушчу эмес. Кийинчерээк Ыйык Китепти Мормондор (диний агымдын мүчөлөрү) менен изилдеп жүрдүм, бирок айткандарын Ыйык Китепке негиздебегендиктен, аларга да ишенбей калдым.
Бир күнү үйүмө Жахабанын Күбөлөрү келип калышты. Алар айткандарынын баарын Ыйык Китепке негиздешерин шак эле байкадым. Алар Ыйык Китептен окуп берген аяттардын ичинен мени, өзгөчө, 1 Тиметей 2:3, 4тө жазылган сөздөр таң калтырды. Ал жерде Кудайдын «ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалай» турганы айтылган. Жахабанын Күбөлөрүнүн Ыйык Китептен жөн эле билим алууга эмес, так билим алууга басым жасаганы ойлондурду.
Ошентип, алар менен Ыйык Китепти изилдеп, так билим ала баштадым. Мисалы, Кудай менен Иса Машаяк бир эмес экенин, Троица жөнүндөгү окуу жалган экенин билдим (Жакан 14:28; 1 Корунттуктар 11:3). Ушул чындыкты билгенде аябай кубандым. Анткени ага чейин Троица жөнүндөгү окууну түшүнө албай башым маң боло берчү. Ал окууну түшүнөм деп бекер эле аракет кылыптырмын.
Убакыттын өтүшү менен Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына бара баштадым. Жыйналыштагылардын меймандостугун, адептүүлүгүн көргөндө аябай таасирлендим. Мага алар ыйык кишилердей көрүнгөн. Алардын бири-бирине сүйүү менен мамиле кылганын көрүп, чыныгы дин ушул экенине көзүм жетти (Жакан 13:35).
КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Жахабанын Күбөсү болгондон кийин Дайан деген кыз менен таанышып калдым. Ал Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңоюптур. Мен анын көп жакшы сапаттарын көрүп, жактырып калгам. Кийин экөөбүз баш коштук. Ал ушул убакка чейин мага жөлөк-таяк болуп келет. Жубайым — Жахаба Кудайдын мага берген белеги.
Дайан экөөбүз Жахабанын Күбөлөрү аз болгон жерлерге барып, адамдарга Ыйык Китептеги жакшы кабарды айткыбыз келчү. Ошондуктан 2010-жылы Борбордук Америкадагы Белиз деген өлкөгө көчүп бардык. Учурда ушул өлкөдөгү Кудайдан корккон, Ыйык Китептен билим алгысы келген жүрөгү таза адамдарга жакшы кабар айтып жатабыз.
Кудай жөнүндө чындыкты билип, Ыйык Китептен билим алгандыктан жан дүйнөм тынч. Азыр убактымдын көбүн Кудайга арнап, көп кишилерге Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип жатам. Бул мага чоң кубаныч тартуулайт. Ыйык Китептеги чындыктын адамдардын жашоосун өзгөртүп жатканын көргөндөн өткөн кубаныч жок. Ыйык Китеп менин да жашоомду өзгөрттү. Акыры, жакшы жашоом үчүн Кудайга ыраазычылык билдирүүнүн эң мыкты жолун таптым!
«Алар мага аябай жакшы мамиле кылышты» МАУРИСИО АРАУЖУ
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1967
ӨЛКӨСҮ: БРАЗИЛИЯ
МУРУН: АДЕП-АХЛАКСЫЗ КИШИ БОЛГОН
МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Сан-Паулудагы Аваре деген чакан шаарда чоңоюп-өскөм. Ал жерде көбүнчө карапайым кишилер жашайт.
Атам мен төрөлгөнгө чейин эле каза болуп калыптыр. Бала кезимде үйдө эч ким жокто апамдын кийимдерин кийип алчумун. Кыздардай сүйлөгөндүктөн, кыймыл-аракетим, жүрүш-турушум да кыздардыкындай болгондуктан, элдер мени гомосексуал деп эсептешчү. Кийин балдар менен да, чоң кишилер менен да жыныстык катнашта боло баштагам.
Өспүрүм кезден өтүп калганда балдар менен да, кыздар менен да жыныстык катнашта боло берчүмүн. Аларды көбүнчө түнкү клубдардан, кафе-барлардан, атүгүл чиркөөлөрдөн жолуктурчумун. Карнавал болгондо кыздарча кийинип алып, самба бийлечүмүн. Элге аябай таанымал болчумун.
Досторумдун арасында гомосексуалдар, сойкулар, баңгизат колдонгондор бар болчу. Алардын таасирине алдырып, мен да кокаин чеге баштадым. Көп өтпөй ага кул болуп калдым. Түнү менен чегип чыккан учурларыбыз болчу. Кээде өзүмчө отуруп алып, бир күн кечке кокаин чекчүмүн. Жаак этим шылынып, арыктап кеткендиктен,
мен жөнүндө ЖИКС болуп ооруйт экен деген ушак тарап кетиптир.ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Ошол убактарда Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп калдым. Алар мага аябай жакшы мамиле кылып, Ыйык Китептен Римдиктер 10:13тү окуп беришти. Ал жерде: «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат»,— делет. Ошондо Кудайга ысмын айтып кайрылуу маанилүү экенин билдим. Түнү бою кокаин чегип чыккан күндөрү терезени ачып алып, асманды карап, Жахабадан жардам сурап ыйлачумун.
Баңгизаттын айынан ден соолугуман ажыраганымды көрүп, апамдын зээни кейичү. Ошон үчүн баңгизатты таштайын деп чечтим. Көп өтпөй Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Алар Ыйык Китептеги кеңештерге ылайык иш кылсам, баңгизатты таштай аларымды айтышты. Анан чын эле таштадым!
Убакыттын өтүшү менен башка жаман иштеримди да ташташым керектигин түшүндүм. Көп жылдан бери гомосексуал болгондуктан жашоомду өзгөртүш аябай кыйын болду. Бирок досторумдун чөйрөсүнөн чыкпасам, андай иштерди таштай албасыма көзүм жетти. Ошон үчүн эски досторум менен жолукканымды токтотуп, түнкү клубдарга, кафе-барларга барбай калдым.
Мунун баары мага оңойго турган жок. Бирок Жахаба Кудайдын мага кам көрөрүн, алсыздыктарым менен күрөшүп, кыйналып жатканымды түшүнөрүн билүү мени жубатчу (1 Жакан 3:19, 20). Ошентип, 2002-жылы жийиркеничтүү иштерден биротоло арылып, Жахабанын Күбөсү болдум.
КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Апам менин аябай өзгөргөнүмдү көрүп, Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ал инсульт болуп калгандыктан оорунун азабын тартып келет. Ошого карабай Жахаба Кудайга жана Ыйык Китептеги чындыкка болгон сүйүүсүн өрчүтүп жатат.
Акыркы 8 жылдан бери убактымдын көбүн Кудайга кызмат кылууга арнап, адамдарга Ыйык Китептеги чындыкты билүүгө жардам берип келем. Ачыгын айтсам, кээде туура эмес каалоолорум менен күрөшкөнгө туура келет. Бирок каалоолорумду ооздуктоо менен Жахаба Кудайды кубанта аларымды билүү күч берет.
Кудай менен ынак мамиледе болуп, ага жаккыдай жашоонун аркасында өзүмдү ишенимдүү сезем. Азыр бактылуумун деп айта алам.
«Мени түбү жок челек дешчү» ЛУКА ШУТС
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1975
ӨЛКӨСҮ: СЛОВЕНИЯ
МУРУН: ИЧКИЛИККЕ БЕРИЛИП КЕТКЕН
МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Словениянын борбор шаары Люблянада төрөлгөм. Атам өз өмүрүн кыйганга чейин жакшы жашачубуз. Ал каргашалуу окуя төрт жашымда болуптур. Апам агам экөөбүздүн курсагыбызды тойгузуш үчүн кара жанын карч уруп иштечү.
Он бешке чыкканда тай энем менен жашай баштадым. Тай энемдикинде жашаган аябай жакчу, себеби ал жакта досторум көп болчу.
Ал жерде үйдө жүргөнгө караганда эркин болчумун. Он алты жашымда дем алыш күндөрү чогулуп алып ичкилик ичкен балдарга кошулуп кеттим. Анан чачымды узун кылып өстүрүп, тамеки тарта баштадым. Сырткы көрүнүшүм адамдарды чочута тургандай болчу.Баңгизаттын түрүн колдонуп көрдүм, бирок ичкилик көбүрөөк жаккандыктан ага аябай берилип кеттим. Башында бир-эки стакан шарап ичсем, кийинчерээк бөтөлкөлөп ичип калдым. Көп ичсем да мас болгонумду билдирчү эмесмин. Ичкенимди башкалар оозуман жыттанганынан гана билишчү. Бирок менин төрт-беш бөтөлкө шарап же сыра ичкенимди, атүгүл аларга арак аралаштырып ичкенимди билишчү эмес.
Досторум менен түнкү клубдарга барганда аларга караганда эки эсе көп ичсем да, мас болчу эмесмин, досторум болсо бутунан тура албай калышчу. Ошон үчүн аларды мен эле сүйрөп жүрчүмүн. Бир жолу досторумдун бири мени түбү жок челек деп жамандаганын кулагым чалып калды. Ошондо аябай жаман болгом.
Ошондон кийин өмүрүмдү кантип өткөрүп жатканым жөнүндө ойлоно баштадым. Жашоомдо жарытып деле эч нерсе жасабаганымды түшүндүм. Ошол убакта өзүмдү эч нерсеге татыксыз сезчүмүн.
ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Менин мүнөзү жаман бир классташым бар болчу. Анын аябай өзгөрүп, мүнөзү жумшарып калганын байкадым. Эмнеден улам өзгөргөнүн билгим келип, аны кафеге чакырдым. Ал мага Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганын айтты. Ыйык Китептен билген нерселери жөнүндө да кобурап берди. Кудайга ишенген үй-бүлөдө чоңойсом да, ал айтып берген нерселерди өмүрүмдө биринчи жолу уктум. Ошондон кийин Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына бара баштадым, алар менен Ыйык Китепти изилдегенге да макул болдум.
Ыйык Китептен жүрөктү козгогон көптөгөн чындыктарды билгенде көзүм ачылгандай эле болду. Мисалы, биз «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызды билдим (2 Тиметей 3:1—5). Андан сырткары, Ыйык Китептен Кудайдын жакында ыймансыз адамдарды жок кылып, ал эми андан корккон адамдарга жер бетинде боло турган бейиште түбөлүк жашаганга мүмкүнчүлүк берерин да окудум (Забур 37:29). Бул мага ошол адамдардын арасында болуш үчүн жашоомду өзгөрткөнгө түрткү берди.
Окуп-билгендеримди досторума айта баштадым. Менин айткандарымды угуп, алардын көбү шылдыңдашты. Бирок мен капа болгон жокмун, тескерисинче, бул мага бир маанилүү нерсени түшүнгөнгө жардам берди. Алардын чыныгы дос эмес экенине көзүм жетти. Ошондой эле менин ичкиликти ченемсиз ичкениме досторум да себеп болуп жатканын түшүндүм. Алар ичмейин тура алышчу эмес, ошондуктан дем алыш күндөрүн чыдамсыздык менен күтүшчү.
Алар менен жолукканымды токтотуп, Жахабанын Күбөлөрүнүн арасынан жакшы досторду таптым. Алар — Кудайды сүйгөн, анын осуяттарына ылайык жашаганга аракет кылган адамдар. Алар менен мамилелешкендин аркасында көп жакшы нерселерге үйрөндүм. Ошентип, бара-бара ичкиликти таштадым.
КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Жахаба Кудайга ичкиликти таштаганга жардам бергени үчүн миң мертебе ыраазымын. Азыр көңүл ачыш үчүн сөзсүз эле ичиш керек деп ойлобойм. Ичкиликти таштабасам эмне болмоктугумду билбейм. Азыр жашоом мурункуга караганда алда канча кызыктуу, маңыздуу өтүп жатат деп айта алам.
Жети жылдан бери Жахабанын Күбөлөрүнүн Словениядагы филиалында кызмат кылып жатам. Жахаба Кудайга кызмат кылуу жашоомду маңызга толтурду!